Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-01-16.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-декабры № 681 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 223, 2019-жылдын 16-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти жөнүндө жободо:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик жаратылыш парктары жана коруктары" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктундагы ", ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды (мындан ары - ӨКЖА) туруктуу иштетүү, тармагын кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын биологиялык түрлөрүн сактоо" деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын;
- 8-пунктунда:
төртүнчү абзацындагы "жана ӨКЖАга" деген сөз жана аббревиатура алып салынсын; бешинчи абзацындагы "биологиялык түрлөрдү сактоого" деген сөздөр алып салынсын; алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы ", биологиялык түрлөрдү сактоо" деген сөздөр алып салынсын; төртүнчү абзацындагы "жана биологиялык түрлөрдү коргоо,", "ошондой эле ӨКЖА тармагынын туруктуу иштеши жана өнүктүрүү" деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "- токой фондун эсепке алат, токой кадастрын, токойдун мониторингин жүргүзөт;"; тогузунчу, он биринчи-он үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын; он төртүнчү абзацындагы ", ӨКЖА жөнүндө мыйзамдарды" деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын; он алтынчы жана он сегизинчи абзацындагы "жана ӨКЖАларды" деген сөз жана аббревиатура алып салынсын;
- 10-пунктунда:
экинчи абзацындагы ", мамлекеттик жаратылыш парктарынын, коруктардын" жана "биологиялык түрлөрдү жана ӨКЖАны сактоо," деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын; үчүнчү, төртүнчү абзацтарындагы "жана ӨКЖАнын" жана сегизинчи абзацындагы "жана ӨКЖАны" деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын; тогузунчу абзацындагы "биологиялык түрлөрүн сактоо," деген сөздөр алып салынсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаментинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине караштуу Токой-аңчылык жайгаштыруу департаментинин 4 штаттык бирдиги жана эмгек акы төлөө фонду менен кошо токой фондун эсепке алуу, токой кадастрын, токойдун мониторингин жүргүзүү функцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментине;
- "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын Башкы дирекциясынын 6 штаттык бирдигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу борборуна.
- "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын дирекциясынын 7 штаттык бирдигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүнүштөрүнө.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 223 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Башкы дирекция" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Дирекция" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемесине кайра уюштурулсун.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды белгиленген тартипте көрсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
1-тиркеме "2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ ".
2-тиркеме "2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ ".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 1
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Обобщение судебной практики по рассмотрению гражданских, экономических дел, связанных с охраной окружающей среды, (нарушения в сфере природоохранного законодательства), за период…Сот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 06.12.2024
Цитата келтиргендер (13)
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2021 · № 11
- Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 24.01.2000 · № 40
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти…Положение · 06.02.2015 · № 40 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык…Постановление · 19.03.2014 · № 173 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой…Постановление · 19.03.2014 · № 173 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 123 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик…Постановление · 16.01.2019 · № 11 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш…Постановление · 06.02.2015 · № 40 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 223 токтомуПостановление · 19.04.2017 · № 223
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 токтомуПостановление · 29.03.2017 · № 183
- Обобщение судебной практики по рассмотрению гражданских, экономических дел, связанных с охраной окружающей среды, (нарушения в сфере природоохранного законодательства), за период…Обзор судебной практики · 06.12.2024
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 223" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.04.2017 · № 223 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү…Постановление · 29.03.2017 · № 183 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 24.01.2000 · № 40
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 123 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой…Постановление · 19.03.2014 · № 173 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик…Постановление · 16.01.2019 · № 11 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.