Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
36-берене. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү укугун кыянаттык
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
менен пайдаланууга жол берилбестик
1. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн
белгиленген тартибинин сакталышына контролдук кылат.
2. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо ка-
ражаттарынын эркиндиги менен кыянаттык кылууга: социалдык, диний, раса- лык, улуттук жек көрүүнү жана кастыкты козуткан үгүт иштерине, бийликти ээлеп алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамле- кеттин бүтүндүгүн бузууга үндөгөн чакырыктарга, согушту пропагандалоого жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пай- далануунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган башка формаларына жол берилбейт.
3. Талапкерлерге, алардын жакын туугандарына, саясый партияларга,
талапкерлердин, саясый укуктуу партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана ишенимдүү адамдарына шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочу- ларды сатып алууга: аларга акча каражаттарын төлөөгө, белектерди жана башка материалдык байлыктарды тапшырууга, товарларды жењилдетип сатуу- га, басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди жана башка символиканы кошпогондо, ар кандай товарларды акысыз таркатууга, ошондой эле акысыз же жењилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат. Талапкер, саясый партия менен аткаруучунун ортосунда талапкердин, саясый партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнгөн эмгек келишим- деринин алкагында уюштуруу жана башка иштерди (шайлоо участкаларындагы кезметчилик, колтамгаларды чогултуу, үгүт жана башка иштер) аткарууга акы төлөө шайлоочуну сатып алуу деп эсептелбейт.
4. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкерлердин жана сая-
сый партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шай- лоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө, анын ичинде талапкер өзү көрсөтүлгөн шайлоо округунан тышкары жерлерде да жүргүзүүгө укуксуз.
5. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясый партиялардын өкүлдөрү
жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы кампания- ларга катышууда атайылап жалган маалыматтарга негизделген жана талап- керлердин, саясый партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер аброюна зыян келтире турган макалаларды жарыялоого укуксуз. Мындай маалымат жа- рыялоого жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясый партиянын талабы боюнча төгүндөөнү жарыялоого же чындыкка ылайык келбе- ген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмөлөрдү жарыя- лоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө мезгилдүү басылманын кийинки санындагы атайын рубрикада жооп берилип жаткан маалымат басылган ошол эле тилкеде, ошол эле шрифт менен, ал эми телекөрсөтүү же радио аркылуу берилгендерге төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн тартып кийинки чыгарылышта берилет.
6. Талапкерге, саясый партияга шайлоо алдындагы үгүт ишинин мөөнө-
тү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтире турган маалымат жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкердин, саясый парти- янын кадыр-баркын коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмө жарыя- лоого мүмкүнчүлүк бербөө, ошол жалпыга маалымдоо каражатын сот жоопкер- чилигине тартуу үчүн негиз болот.
7. Талапкер, саясый партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга
маалымдоо каражаттары ушул берененин 2-, 5-пункттарын бузган учурда шайлоо комиссиялары, округдун шайлоочулары, талапкер, саясый партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары укукка жат үгүт ишин токтотуу жана күнөөлүү жактарды ушул Кодексте жана колдонулуп жаткан мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга укуктуу. Укук коргоо органдары укукка жат үгүт ишин токтотуу боюнча чара- ларды көрүүгө жана табылган фактылар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө тие- шелүү шайлоо комиссиясына тез арада маалымдоого, ошондой эле шайлоо ал- дындагы жасалма жана мыйзамсыз басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын жасоону четтетүү жана аларды алып коюу боюнча, көрсөтүл- гөн материалдарды жасоочуларды жана аларга акы төлөгөн булактарды анык- тоо боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
8. Талапкер, саясый партия тарабынан ушул Кодекстин 30-36-берене-
леринде белгиленген талаптар бузулган учурда шайлоо комиссиясы талап- керди, саясый партияны эскертүүгө, ал эми талапкер, саясый партия жого- руда көрсөтүлгөн талаптарды кайталап бузган учурда шайлоо комиссиясы ушул Кодексте белгиленген негиздерде жана тартипте талапкерди, талап- керлердин тизмесин каттоо жөнүндөгү чечимин алып салууга укуктуу.
VII глава Добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-36" title="36-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>