30-берене. Шайлоочуларды маалымдар кылуу жана шайлоо алдындагы
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2009 года № 20
30-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 30-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
үгүт иштерин жүргүзүү
1. Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу шайлоочуларга маалымдоону жа-
на шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт, жарандардын ањдап-түшүнүү ме- нен эркбилдирүүсүнө, шайлоонун маалымдуулугуна көмөктөшөт.
2. Шайлоочуларга маалымдоону мамлекеттик бийлик органдары, жерги-
ликтүү өзалдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маа- лымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар ушул Кодекске жана кол- донуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма
менен таратылуучу маалымат материалдарынын мазмуну объективдүү, ише- нимдүү болууга тийиш, талапкерлердин, саясый партиялардын тењдештигин бузууга тийиш эмес, аларда кандайдыр-бир талапкерге, саясый партияга артыкчылык берилүүгө тийиш эмес.
4. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натый-
жаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларга маалымдоонун бир түрү болуп саналат.
5. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натый-
жаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда көрсөтүлгөн жарыялоону (чагылды- рууну) жүзөгө ашырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жа- на уюмдар пикир сурап-билүүнү жүргүзгөн уюмду же жеке жакты, аны жүргү- зүү убактысын, пикири суралгандардын санын (тандамалуу), маалыматты чо- гултуу ыкмасын, пикир сурап-билүү жүргүзүлгөн регионду, суроонун так баяндалышын, мүмкүн болгон каталыктарга статистикалык баа берүүнү, пи- кир сурап-билүүнү жүргүзүүнү буюрган жана аны жарыялоого акы төлөгөн жакты (жактарды) көрсөтүүгө милдеттүү.
6. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы беш күндө, ошондой эле добуш
берүү күнү коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын, шайлоонун на- тыйжаларынын болжолдорун, шайлоо менен байланышкан башка иликтөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого (чагылдырууга) жол берил- бейт.
7. Коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылды-
руу) учурунда ушул берененин 5-, 6-пункттарынын талаптарын сактабаган- дык мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөөчү деп таанууга жана колдонулуп жаткан мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
8. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясый пар-
тияларга шайлоо өткөрүүдө ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын мыйзам- дарына ылайык үгүт иштерин эркин жүргүзүү мамлекет тарабынан камсыз кы- лынат.
9. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясый партиялар
мыйзам жол берген формада жана мыйзамдуу усулдар менен шайлоого катышуу үчүн үгүт жүргүзүүгө, талапкерлердин шайлоо алдындагы программасын, алардын саясый, ишкердик, жекече сапаттарын эркин жана ар тараптан тал- куулоого, чогулуштарда, митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында каалаган талапкерди, талапкерлердин тизмесин "жактап" же ага "каршы" үгүт ишин жүргүзүүгө укуктуу. Шайлоо комиссиялары аткаруу бийлик орган- дары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте мын- дай жолугушууларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт - аларга имарат-жай берет, жолугушуунун убактысы жана орду жөнүндө алдын ала билдирет жана башка зарыл иш-чараларды жүргүзөт. Шайлоо комиссиялары бардык талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын бир учурда уюштурат. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса шайлоо алдындагы үгүт деп, шайлоо кампаниясынын мезгилинде ишке ашырылуучу төмөнкүлөр саналат:
- тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүү-
гө, болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
- талапкерлердин, саясый партиянын кимдир-бирине карата артыкчылык
берүүнү билдирүү, атап айтканда, шайлоочу талапкерлердин кимиси үчүн, талапкерлердин кайсы тизмеси үчүн добуш берет;
- талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабоонун
мүмкүн болгон натыйжаларын сүрөттөө;
- кандайдыр-бир талапкерлер, саясый партиялар жөнүндө маалыматтар
көз көрүнөө басымдуулук кылган маалыматты таратуу. Шайлоо кампаниясынын мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоого катышпаган саясый партиялар финансылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүттү талапкерлер, саясый партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.
10. Талапкерлерге, саясый партияларга жалпыга маалымдоо каражатта-
рына жеткиликтүүлүктүн бирдей шарттары камсыз кылынат.
11. Шайлоо өткөрүүдө үгүт иштери:
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
- массалык иш-чараларды (чогулуштарды жана жарандар менен жолугу-
шууларды, митинг, демонстрация, жүрүштөрдү, эл алдында дебаттарды жана дискуссияларды) өткөрүү жолу менен;
- басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана
таркатуу жолу менен;
- мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда жүргүзүлүшү мүмкүн.
12. Талапкер, саясый партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркы-
луу өзүнүн үгүт иштеринин формасын жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
13. Шайлоолорду өткөрүүдөгү үгүт иштерине шайлоо комиссияларынын
мүчөлөрү, байкоочулар, эларалык байкоочулар, судьялар, кайрымдуулук уюмдарынын мүчөлөрү, диний уюмдардын мүчөлөрү жана өкүлдөрү, укук кор- гоо, салык, бажы жана финансы органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчылары катыша алышпайт, анын ичинде ар кандай үгүт материалдарын чыгара жана тарата албайт, буга көрсөтүлгөн адамдар ушул Кодексте ка- ралган учурларда талапкерлер катары, ошондой эле талапкерлердин өкүлдөрү катары катталган учурлар кирбейт. Ошондой эле, жарандар шайло- ону өткөрүү учурунда үгүткө 18 жашка толо элек адамдардын, четөлкөлүк жарандардын, чет мамлекеттердин жана уюмдардын, эларалык уюмдардын, жана эларалык коомдук кыймылдардын катышуусуна жол берилбейт. Мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган адамдар алар кызматтык же иш милдеттерин аткарууда үгүт иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле үгүт ишин жүргүзүүдө мамлекеттик жана муниципалдык ресурстарды пайдаланууга укуксуз.
14. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жал-
пыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
15. Эгерде ушул Кодекске ылайык журналисттер, башка чыгармачыл
кызматкерлер, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияла- рынын кызмат адамдары талапкерлер же алардын ишенимдүү адамдары болсо, алар маалыматтык теле- жана радиопрограммаларды алып барууга, ошол жал- пыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга укуксуз. Бул эреже ушул Кодекстин 32-беренесинде каралган тартипте та- лапкерлер мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын каналдарын- да акысыз эфирдик убакытты пайдаланган учурда аталган адамдардын үгүт иштерине жайылтылбайт.
16. Уюштуруучулары (уюштуруучуларынын бири) мамлекеттик бийлик жа-
на жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга караштуу мекеме- лер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай түрдө республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржы- ланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык төлөөдө жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына ка- раганда жењилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясый партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө бирдей мүм- күнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
17. Ушул берененин 16-пунктуна туура келбеген жалпыга маалымдоо
каражаттары келишимдик негизде талапкерлерге, саясый партияларга теле- радио уюмдарынын каналдарында эфир убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабы- нан бекитилген нускоолорго ылайык талапкерлерге, саясый партияларга эфир убактысын, басма аянтын берүүгө укуктуу. Эфир убактысы жана басма- сөз беттери үчүн талапкерлер, саясый партиялар тарабынан төлөө бирдей шарттарда талапкерлердин, саясый партиялардын тийиштүү шайлоо фондулары аркылуу гана ишке ашырылууга тийиш. Эфир убактысы жана басмасөз басыл- маларында жарыялоо үчүн акынын өлчөмү бардык талапкерлер, саясый парти- ялар үчүн бирдей болууга тийиш.
18. Шайлоолорду өткөрүүдө эфир убактысы жана басмасөз аянты үчүн
акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тийиштүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоо- лорду дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга жана ошол эле мөөнөттө шайлоо алдын- дагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык талапкерлерге, саясый партиялар- га эфир убактысын, басмасөз аянтын берүүгө даяр экендигин билдирүү ме- нен Борбордук шайлоо комиссиясына жана шайлоолорду уюштуруп жаткан шай- лоо комиссиясына берилүүгө тийиш. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2009 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…комиссиясына берилүүгө тийиш.
(КР 2009-жылдын 23-январындагы алынып салынды: N кошулду: № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо…Постановление · 28.07.2015 · № 85
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-августундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо…Постановление · 12.08.2010 · № 153 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз…Закон · 23.01.2009 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-30" title="30-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>