Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
35-берене. Басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
чыгаруу жана таркатуу
1. Талапкерлер, саясый партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында белгиленген тартипте басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт ма- териалдарын тоскоолдуксуз чыгарууга жана таркатууга укуктуу. Үгүт мате- риалдарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде чыгарууга тыюу салынат. Басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары же алардын көчүрмөлөрү талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган тиешелүү шай- лоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
2. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары ал басылма үгүт ма-
териалдарын даярдоону заказ кылган уюмдун аталышын жана дарегин (адам- дардын фамилиясын, аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин), алардын ти- ражы жөнүндө жана алар чыгарылган дата жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле заказды төлөгөн талапкердин, саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкү- лүнүн фамилиясын, аты-жөнүн камтууга тийиш. Аталган маалыматтарды кам- тыбаган үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар бир шайлоо участ-
касынын аймагында үгүт материалдарын илүү үчүн шайлоо дайындалгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде атайын жайларды кароого милдеттүү. Талапкерлер, саясый партиялар мындай материалдарды илүү үчүн бирдей шарт менен камсыз болууга тийиш.
4. Көрсөтүлгөн материалдарды эстеликтерге, обелисктерге, тарыхый,
маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шай- лоо комиссияларынын жайларына, аларга кире бериш жерлерге жана добуш берүүчү бөлмөлөргө жайгаштырууга тыюу салынат.
5. Жасалма түрдөгү жалган үгүт материалдарын таркатуу же ушул бе-
рененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материал- дарын таркатуу жөнүндө кабар алган шайлоо комиссиясы андай ишке бөгөт коюу үчүн чара көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мый- замсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуш менен тийиштүү укук коргоо жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.
6. Талапкерлер, саясый партиялар ушул берененин талаптарына ылайык
шайлоо фондунан талапкерлерге, саясый партияларга чыгымдалуучу сумманын чегинде шайлоо дайындалганга чейин даярдалган басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын пайдаланууга укуктуу.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-35" title="35-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>