Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
37-берене. Добуш берүүчү жай
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
1. Добуш берүүчү жай участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусу-
на аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз берилет.
2. Добуш берүүчү жайда жашыруун добуш берүү үчүн атайын жабдылган,
жарык берүү тутуму менен камсыз кылынган жана карандаштан бөлөк жазма буюмдары менен жабдылган кабиналар же башка орундар жайгаштырылат. Жарык кылуу тутумунда аны алмаштыргыдай жарык берүү булагы болуу керек. Электр жарыгы өчүп калган учурда добуш берүүлөр кайта (негизги же аны алмаштыруучу жарык булагынын эсебинен) жарык болгонго чейин ток- тотула турат. Бул учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натый- жалуу байкоо жүргүзүү үчүн байкоочулар, талапкерлердин, саясый партия- лардын өкүлдөрү добуш берүүчү ящиктерден, добуш берүүчү кабиналардан өз милдеттерин аткарууну камсыздагыдай аралыкта турууга укуктуу.
3. Добуш берилүүчү жайда шайлоо комиссиясы стендди жасалгалайт,
анда талапкерлер, талапкерлердин тизмесин каттаган саясый партиялар жө- нүндө маалымат материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүттөөчү чакырыктар камтылууга тийиш эмес. Стендде ошондой эле толту- рулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, аларда бул шайлоо округунда катталган талапкерлердин фамилиялары, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиялардын аталышы камтылбайт.
4. Добуш берүү үчүн жай шайлоо бюллетендерин берүүчү жер, жашыруун
добуш берүүчү кабиналар жана жайлар жана бир эле учурда добуш берүүчү ящиктер шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясый парти- ялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай түрдө жабды- лууга тийиш.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-37" title="37-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>