Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
45-статья. Пенсияларды эсептеп чыгаруу үчүн эмгек акы (акчалай каражат)
Күчүндө · 14.06.2017 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 марта 2016 года № 19
Ушул Мыйзамга ылайык мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө дайындалуучу пенсиялар белгиленген нормалар боюнча аскер кызматкерлери аскер кызматына чакырылганга чейин же аскер кызматынан бошотулгандан кийин пенсия алуу үчүн кайрылганга чейин алган орточо айлык эмгек акысынан же болбосо аскер кызматкери аскер кызматын өтөгөн мезгилдерде контракт боюнча алган орточо айлык акча каражатына карата проценттик белгиленген нормаларда эсептелип чыгарылат. Мында аларга пенсия эсептеп чыгаруу үчүн орточо айлык эмгек акы (акчалай каражат) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аныкталат. Аскердик кызматка чакырылганга чейин жана аскердик кызматтан бошогондон кийин иштебеген, аскер кызматында контракт боюнча кызмат өтөбөгөн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө ушул Мыйзамдын тиешелүү түрдө 23 жана 39-статьяларында каралган эң төмөнкү өлчөмдөгү пенсиялар дайындалат. Офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын кызматкерлерине, салык полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсиялар бул аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, башкаруучу жана катардагы курамдагы адамдардын акчалай каражаттарынан эсептелип чыгарылат. Мында аларга пенсияларды эсептөө үчүн тиешелүү кызматы боюнча, аскердик же атайын наамы боюнча берилүүчү маяналар, пайлык акчалар жана көп жыл иштегендиги үчүн - (үзгүлтүксүз иштегендиги үчүн) проценттик кошумча төлөөлөр эске алынган тиешелүү маяналар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана өлчөмдөрдө эске алынат. (КР 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" Токтому
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-апреля №263 "Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамынын 45-беренесинин үчүнчү бөлүгүн чечмелөө…Постановление · 28.04.2009 · № 263
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-мартындагы № 141 "Аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн пенсияларды эсептөөдө эске алынуучу паектук…Постановление · 06.03.2017 · № 141
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 755 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу системасын өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.12.2024 · № 755
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-августундагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине…Постановление · 25.08.2026 · № 577
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июнундагы №390 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-статьясынын үчүнчү бөлүгүн колдонууну…Постановление · 22.06.2009 · № 390 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 010-жылдын 9-августундагы №154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.08.2010 · № 154 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-мартындагы № 141 токтомуПостановление · 06.03.2017 · № 141
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- КР Өкмөтүнүн 010-жылдын 9-августундагы №154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.08.2010 · № 154 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/690/st-45" title="45-статья - Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>