Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн пенсияларды эсептөөдө эске алынуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 6-марты № 141 Аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн пенсияларды эсептөөдө эске алынуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө Аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн пенсияларын эсептөөдө эске алынуучу паектук акчаларды эсептөө тартибин жана төлөөнү жөнгө салуу максатында, "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсияларды эсептөөдө бир айлык паектук акчалар эсепке алынаары белгиленсин:
- 2013-жылдын 17-сентябры - 2017-жылдын 31-марты мезгили үчүн - тиркемеге ылайык өлчөмдө;
- 2017-жылдын 1-апрелинен тартып - 1800 сом.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194