39-статья. Пенсиялардын эң төмөнкү өлчөмү
Күчүндө · 14.06.2017 редакциясы
Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын үй-бүлөлөрүнө баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялар үй-бүлөнүн ар бир эмгекке жарамсыз мүчөсүнө карата эсептегенде төмөндөгүлөрдөн аз болбоого тийиш:
а) ушул Мыйзамдын 38-статьясынын "а" пунктуна ылайык пенсияларды эсептеп чыгарууда мөөнөттүү кызмат өтөгөн солдаттардын жана матростордун үй-бүлөлөрүнө эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 процентинен; мөөнөттүү кызмат өтөгөн сержанттардын, старшиналардын, ефрейторлордун жана улук матростордун үйбүлөлөрүнө - 110 процентинен, прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын кенже башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарынын үй-бүлөлөрү үчүн - 120 процентинен, ал эми офицердик курамдын жана ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу (кенже башкаруучудан башка) курамындагы адамдардын үй-бүлөлөрүнө - 130 процентинен кем болбоого тийиш;
б) ушул Мыйзамдын "б" пунктуна ылайык пенсияларды эсептеп чыгарууда ушул статьянын "а" пунктунда аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн тиешелүү категорияларынын, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын үй-бүлөлөрү үчүн каралган өлчөмдөрдүн 75 процентинен кем болбоого тийиш;
в) аскер кызматын өтөп жүргөндө же Чернобыль АЭСиндеги жана башка жарандык же аскердик маанидеги атомдук объектилерде болгон кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланышкан иштерди аткарууда жүргөн мезгилде же согуштук аракеттерди жүргүзүп жаткан башка өлкөлөрдө интернационалдык милдет аткарууда каза болгон мөөнөттүү аскердик кызматтагы солдаттардын жана матростордун үй-бүлөлөрү үчүн - ушул Мыйзамдын 23-статьясынын "в" пунктуна ылайык чектелген, багуучунун божомолдонгон пенсиясынын 50 пайызы.
(КР 2008-жылдын 19-мартындагы № 30, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" МыйзамыРедакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 марта 2008 года № 30 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/690/st-39" title="39-статья - Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>