Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Мыйзамы
Бишкек шаары 1996-жылдын 28-июну № 33
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 21-июлундагы № 57, 1998-жылдын 27-июнундагы № 86, (2005-жылдын 4-июлундагы № 93, 2006-жылдын 31-июлундагы № 134, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 57, 2012-жылдын 15-июнундагы № 84, 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I Бөлүм. Жалпы жоболор
II Бөлүм. Эмгектик мамилелерди жөнгө салуу. Эмгек акы төлөө
III Бөлүм. Өргүүгө чыгуунун узактыгы
IV Бөлүм. Калктын айрым категориялары үчүн жењилдиктер
V Бөлүм. Социалдык камсыздандыруу. Пенсия менен камсыз кылуу
VI Бөлүм. Материалдык жактан камсыз кылуунун жана транспорттук
чыгымдардын гарантиялары жана компенсациялары
Бул Мыйзам бийик тоонун жана алыскы барууга кыйын зоналарда экст- ремалдуу табигый-климаттык шарттарында жашагандыгына жана иштегендигине байланыштуу граждандар тарткан кошумча материалдык жана физиологиялык чыгымдардын ордун толтуруу боюнча мамлекеттик гарантияларды жана ком- пенсацияларды белгилейт.
I Бөлүм. Жалпы жоболор
1-статья. Бул Мыйзамдын колдонулушу Бул Мыйзамдын күчү бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жашаган адамдарга жана аталган шарттарда жайгашкан ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда иштеген адамдарга карата колдонулат. Бул Мыйзамда каралган учурларда, мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар иштебеген пенсионерлерге, курагы боюнча же кыскартууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн бошотулган аскер кызматкерлерине, башталгыч кесиптик жана кесиптик орто техникалык окуу жайлары менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларына, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгашкан калк жашаган пункттарга баккан адамы менен чогуу келген үй - бүлө мүчөлөрүнө берилет. (КР 1998-жылдын 27-июнундагы № 86, 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Статья 2. Порядок определения перечня населенных пунктов,
расположенных в условиях высокогорья и отдаленных труднодоступных зонах Перечень населенных пунктов, расположенных в условиях высокогорья и отдаленных труднодоступных зонах, утверждается Правительством Кыргызской Республики по согласованию с Жогорку Кенешем Кыргызской Республики. (КР 2006-жылдын 31-июлундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-1-статья. Калктуу конуштарды бийик тоолуу жана барууга кыйын зоналарга таандык кылуунун критерийлери
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана барууга кыйын зоналарында жашаган адамдар үчүн эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөрүнө ко- шумчалардын коэффициенттеринин төмөнкүдөй критерийлери жана өлчөмдөрү белгиленсин: бийик тоо боюнча критерийлер:
Топ Бийиктиктин диапазону Коэффициенттин өлчөмү 1 1800-1900 1,1 2 1901-2000 1,2 3 2001-2200 1,3 4 2201-2400 1,4 5 2401-2600 1,5 6 2601-2800 1,6 7 2801-3000 1,7 8 3001 жана андан бийик 1,8
барууга кыйындыгы боюнча критерийлер:
Категория Баруунун критерийлери Коэффициенттин өлчөмү
1 Барыш салыштырмалуу кыйын 1,20 2 Барыш кыйын 1,30 3 Барыш абдан кыйын 1,40 (КР 2006-жылдын 31-июлундагы N 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мыйзам актылары тарабынан белгиленет. Кошумча гарантиялар жана компенсациялар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгашкан административдик аймактык түзүлүштөрдүн бюджеттеринин каражаттарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (жумуш берүүчүлөрдүн) каражаттарынын эсебинен берилиши мүм- күн.
4-статья. Мамлекеттик гарантияларга жана компенсацияларга чыгымдардын булактары жана финансылоонун тартиби
Ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктерге жана компенсация- ларга чыгымдарды каржылоонун булагы Кыргыз Республикасынын республика- лык бюджети болуп саналат. Мамлекеттик гарантияларга жана компенсацияларга чыгымдардын ордун Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен компенсациялоонун тар- тиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми райондор менен об- ласттардын бюджеттеринен толтуруунун тартиби - бул түзүлүштөрдүн тие- шелүү органдары тарабынан бекитилет. (Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 27-июнундагы N 86 Мыйзамынын, 2006-жылдын 31-июлундагы N 134 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
5-статья
5-статья. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгашкан ишканалар, уюмдар үчүн салыктык жењилдиктер (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
II Бөлүм. Эмгектик мамилелерди жөнгө салуу. Эмгек акы төлөө
6-статья. Калкты иш менен камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик гарантиялар
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгаш- кан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан алардын кайра уюштурулушуна же жоюлушуна байланыштуу бошотулган адамдарга алар ишке орношконго чей- инки, бирок төрт айдан ашпаган мезгилге иштен бошоо учурундагы айлык по- собиени эсепке алуу менен орточо акы сакталат. Иштен бошоо учурундагы айлык пособиени жана сакталган орточо акыны төлөп берүү мурунку иштеген орду боюнча жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 27-июнундагы N 86, 2010-жылдын 2-апрелиндеги №57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Эмгек акы төлөө
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгаш- кан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы тө- лөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Кызматкерлерге эмгек акыга райондук коэффициент жана кызмат- тык маянага пайыздык үстөк акы төлөө гарантияланат. (КР 2010-жылдын 2-апрелиндеги №57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья
8-статья. Акчалай кирешелерди индекстештирүү (КР 2010-жылдын 2-апрелиндеги №57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9-статья. Жумушсуз граждандарга компенсациялар
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда турук- туу жашаган жана белгиленген тартипте жумушсуз деп таанылган адамдарга жумушсуздук боюнча пособие райондук коэффициентти эсепке алуу менен тө- лөнөт. Жумушунан жана айлык акысынан (эмгек кирешесинен) айрылган жана калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматында жумуш издегендер катары катталган адамдарга калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматынын жолдомосу боюнча кесиптик жагынан даярдоо, квалификациясын жогорулатуу же кайра даярдоо мезгилинде стипендия райондук коэффициент- ти эске алуу менен төлөнөт.
10-статья. Айлык акыга карата райондук коэффициент
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда иштеген адамдарга айлык акысына карата райондук коэффициент жана аны төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда иштеген адамдарга эмгек акыга карата бардык өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес тармактар боюнча бардыгы үчүн бирдей болгон райондук коэффициент белги- ленет. Райондук коэффициент камсыздандыруу салымдары эсептелген эмгек акынын бардык түрлөрүнө карата анын эњ жогорку өлчөмүн чектебестен эсептелет. Эмгек акыга карата райондук коэффициент төлөө орточо айлык акыны эсептөөнүн бардык учурларында эсепке алынат.
11-статья. Кызматтык маянага акыга карата проценттик кошумча акы төлөө
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгаш- кан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлерине кызматтык маянага карата проценттик кошумча акы аталган жердеги иш стажына ылайык төлөнөт. Проценттик кошумча акыны төлөөнүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Жаштарга (28 жашка чейинки курактагы адамдарга) кызматтык маянага карата проценттик кошумча акы бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда райондордо иштеген биринчи күнүнөн тартып толук өлчөмдө төлөнөт. (КР 2010-жылдын 2-апрелиндеги №57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Кызматтык маянага карата проценттик кошумча акы алуу үчүн эмгек стажы
Кызматтык маянага карата проценттик кошумча акы алуу үчүн эмгек стажын белгилөөнүн жана эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2010-жылдын 2-апрелиндеги №57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III Бөлүм. Өргүүгө чыгуунун узактыгы
13-статья. Жыл сайын акы төлөнүүчү өргүүгө чыгуу
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда иштеген адамдарга жыл сайын акы төлөнүүчү өргүүгө чыгуу 28 календардык күнүнөн кем эмес узактыкта берилет. (КР 2010-жылдын 2-апрелиндеги №57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья.
Кошумча өргүүгө чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бел- гиленген ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүдөн башка, ар жылы кошумча акы төлөнүүчү өргүү берилет, анын узактыгы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленет. Өргүүнүн жалпы узактыгы негизги жана кошумча өргүүлөрдүн суммасын кошуу жолу менен аныкталат. (КР 2010-жылдын 2-апрелиндеги №57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыгуу
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыгуунун узактыгы эм- гек стажына карабастан толук айлык акынын өлчөмүндө дарт баракчасы бо- юнча: төрөт ойдогудай болгондо - 140 календарлык күнгө (төрөгөнгө чейин 70 календарлык күнгө жана төрөгөндөн кийин 70 календарлык күнгө); төрөт оор болгон учурда - 156 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күнгө жана төрөттөн кийин 86 календарлык күнгө); төрөткө чейинки өргүүгө чыгуунун иш жүзүндөгү узактыгына карабас- тан эки же андан ашык бала төрөлгөндө - 180 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күнгө жана төрөттөн кийин 110 календарлык күнгө) белгиленет.
IV Бөлүм. Калктын айрым категориялары үчүн жењилдиктер
16-статья. Башталгыч кесиптик жана кесиптик орто окуу жайларында окуган адамдар, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары үчүн компенсациялар
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгаш- кан башталгыч кесиптик жана кесиптик орто окуу жайларында окуп жаткан адамдардын стипендиясына райондук коэффициент жана проценттик кошумча акы кошулуп эсептелет. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгаш- кан башталгыч кесиптик жана кесиптик орто окуу жайларында окуган адам- дар, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары жатып дарыланууга мук- таж болгон учурда, эгерде мындай кызмат көрсөтүүлөр алар жашаган жер- лерде жок болсо, Кыргыз Республикасынын башка региондоруна дарылануу үчүн барган, кайра келген жол акысы төлөнөт. (Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 27-июнундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Кошумча дем алыш күн
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда иште- ген, 16 жашка чейинки балдары бар аялдарга айлык акысын сактабастан ай сайын кошумча бир дем алыш күн алууга укук берилет.
18-статья. Кыскартылган жумуш жумасы
Эгерде аялдардын айрым категориялары үчүн Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында жумуш жумасы мындан төмөн белгиленбесе, бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шартта иштеген аялдар үчүн 36 сааттык жумуш жумасы белгиленет. Мында айлык акы толук жумуш жумасында төлөнгөндөй өлчөмдө эле төлөнөт.
19-статья
19-статья. Мамлекеттик пособиелер (КР 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
19-1-статья. Социалдык пособиелер (КР 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
V Бөлүм. Социалдык камсыздандыруу. Пенсия менен камсыз кылуу
20-статья. Эмгекке убактылуу жараксыздык боюнча пособие
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда иштеген адамдар эмгекке убактылуу жараксыз болгон учурда райондук коэффициентти жана проценттик кошумча акыны эсепке алуу менен толук айлык акынын өл- чөмүндө эмгекке убактылуу жараксыздык боюнча пособие төлөнөт.
21-статья
21-статья. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда иштегендигине байланыштуу пенсиялар (Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 21-июлундагы N 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон)
22-статья
22-статья. Кызматкерлердин айрым категорияларынын пенсия алуу укугун аныктаган шарттар (Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 21-июлундагы N 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон)
23-статья. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жашаган жергиликтүү калкка социалдык пенсиялар (Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 27-июнундагы N 86 Мыйзамынын ылайык күчүн жоготкон)
24-статья. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда пенсия дайындоо үчүн эмгек стажын эсептөө (Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 27-июнундагы N 86 Мыйзамынын ылайык күчүн жоготкон)
25-статья. Айлык акыга карата райондук коэффициент белгиленген шарттарда жашаган граждандарга эмгектик жана социалдык пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу
Айлык акыга карата райондук коэффициент белгиленген шарттарда жа- шаган граждандар үчүн эмгектик пенсиялардын жана социалдык пособиелер- дин өлчөмү эмгек акыга карата тиешелүү райондук коэффициентти колдонуу менен аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 27-июнундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-статья
26-статья. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгашкан калк жашаган пункттардан көчүп кеткен учурда пенсиянын өлчөмүн сактап калуу (Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 21-июлундагы N 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон)
VI Бөлүм. Материалдык жактан камсыз кылуунун жана транспорттук чыгымдардын гарантиялары жана компенсациялары
27-статья. Медициналык жактан тейлөөнүн гарантиялары
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жашаган жана иштеген адамдарга: эгерде алар жашаган жерде мындай кызмат көрсө- түүлөр жок болсо, иштеген мезгилинде медициналык байкоо жүргүзүү, меди- циналык консультациядан өтүү, дарылануу үчүн Кыргыз Республикасынын башка региондоруна барып-келүүнүн жол акысын жарым-жартылай төлөө га- рантияланат. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жашаган жергиликтүү калк үчүн жыл сайын милдеттүү түрдө бир ирет ооруканага жаткыруу уюштурулат. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгаш- кан калк жашаган пункттардан санаториялык-курорттук дарылануу жана эс алуу үчүн кетип жаткан балдарды ташуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмө- тү тарабынан аныкталган жењилдик берүүчү тарифтер белгиленет.
28-статья. Турак жай аянтын берүүнүн гарантиялары
Жумуш берүүчү жумушчу иштеген жерде анын үй-бүлө мүчөлөрүн аталган жер үчүн белгиленген нормалар боюнча турак жай аянты менен камсыз кылу- уга милдеттүү. Жумуш берүүчү жумушчуну турак жай аянты менен камсыз кы- ла албаса, ал анын турак жайды жалдоо (сатып алуу) боюнча чыгымдарынын ордун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган нормалардын чегинде толтурат.
29-статья. Көчүүгө байланыштуу гарантиялар жана чыгымдарды компенсациялоо
Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгаш- кан жана эмгек келишимин (контракт) түзгөн адамдарга, ошондой эле ту- руктуу жашаган жерине карабастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга келген жаш адистерге төмөндөгүлөр: эки кызматтык маянанын (ставканын) өлчөмүндөгү бир жолку пособие жана кызматтык маянанын (ставканын) жарымынын өлчөмүндө үй-бүлөнүн ар-бир мүчөсүнө бир жолку пособие; кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жол акысын жана жүгүн тартуунун акысын төлөө, бирок фактылай чыгымдар боюнча бир үй-бүлөгө 5 тоннадан ашык эмес; кызматкерге суткалык акы төлөө; жыйналууга жана жањы жерде жайгашууга 7 календарлык күнгө созулган акы төлөнүүчү өргүүгө чыгуу гарантияланат жана компенсацияланат. Күнөөлүү аракеттери үчүн иштен бошотулгандан башка учурларда, эм- гек келишими (контракт) кандай гана негиздер боюнча токтотулгандыгына же бузулгандыгына байланыштуу кызматкер жањы жумуш ордуна көчкөн учур- да, кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жол акысы жана жүгүн та- шууга кеткен чыгымы төлөнөт, бирок ал иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча бир үй-бүлөгө 5 тоннадан ашпоого тийиш.
30-статья. Граждандардын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын укуктарын коргоо жана аларга келтирилген зыяндардын ордун толтуруу
Граждандардын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын бул Мыйзамда белгиленген укуктарын коргоо сот тартибинде жүзөгө ашырылат. Бул Мыйзамды бузуунун натыйжасында граждандарга, ишканаларга, ме- кемелерге, уюмдарга келтирилген зыяндардын орду толук көлөмдө толтуру- лууга тийиш.
31-статья. Контролдукту жүзөгө ашыруучу органдар
Бул Мыйзамдын аткарылышы жана белгиленген гарантиялардын жана ком- пенсациялардын сакталышы үчүн контролдук жергиликтүү мамлекеттик адми- нистрациялар, тиешелүү мамлекеттик органдар жана кесиптик бирликтер та- рабынан жүзөгө ашырылат.
32-статья. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
1. Бул Мыйзам 1997-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
өзүнүн нормативдик актыларын бул Мыйзамга ылайык келтирүү; (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 15-июнундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2012-жылдын 15-июнундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
1996-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 41 · байланышкандар: 28
Цитата келтиргендер (41)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- 11-иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик…Административный регламент · 24.07.2023 · № 112
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы…Постановление · 02.04.2010 · № 206
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин бекитүү…Постановление · 23.10.2025 · № 692
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 5-июнундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын алыскы барууга кыйын жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана…Постановление · 05.06.2026 · № 399
- 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча ПрограммаПрограмма · 30.04.2013 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктер жана…Постановление · 05.06.2026 · № 398
- Постановление Правительства КР от 30 мая 1995 года №203 "Об установлении коэффициентов к заработной плате работников предприятий золотодобывающей отрасли и Сары-Джазского…Постановление · 30.05.1995 · № 203
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 345-IV "2008-жылдын 24-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.04.2008 · № 345-IV
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын орточо бийиктик белгилерин аныктоо боюнча методикалык колдонмо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер…Приложение · 23.03.2026 · № 10-1/80
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга…Стандарт · 23.10.2025 · № 291
- 2026-жылга укуктук мониторинг жүргүзүү планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июнундагы № 385-т тескемесине тиркеме)План · 01.06.2026 · № 385-т
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 795-VII "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жарандарга…Постановление · 28.12.2022 · № 795-VII
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 16-июлу № 206 "Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана…Приказ · 16.07.2025 · № 206
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 1888-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-2018-жылдардагы ишинин сессиялык…Постановление · 27.09.2017 · № 1888-VI
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-ноябрындагы № 808 "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана…Постановление · 27.11.2015 · № 808
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 356-IV ""Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана…Постановление · 24.04.2008 · № 356-IV
- КР 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 57 ""Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар…Декрет · 02.05.2010 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 25-октябрындагы № 694 ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик…Распоряжение · 25.10.2022 · № 694
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 569 "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн компенсация маселелери боюнча Кыргыз…Постановление · 18.10.2022 · № 569
41 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (8)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных гарантиях и компенсациях для лиц, проживающих и работающих в условиях высокогорьяЗакон · 27.06.1998 · № 86
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 21.12.2012 · № 202
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 15.06.2012 · № 84
- Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Закон · 02.04.2010 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (28)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө Жобо (К Р Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 18 токтому менен бекитилген)Положение · 15.01.2013 · № 18
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 20-майынын № 46 ""Санвей" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун мамлекеттешттирүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 20.05.2010 · № 46
- Постановление Правительства КР от 8 октября 1997 года №586 "О Перечне населенных пунктов Кыргызской Республики, расположенных в условиях высокогорья, работа в которых дает право…Постановление · 08.10.1997 · № 586
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 749 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 24.10.2012 · № 749
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-февралындагы № 103 "Бийик тоолу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана…Постановление · 17.02.2006 · № 102
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-ноябрындагы № 2483-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы…Постановление · 15.11.2012 · № 2483-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-ноябрындагы № 2484-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы…Постановление · 15.11.2012 · № 2484-V
- КР Жогорку Кенешинин 012-жылдын 15-ноябрындагы № 2485-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы…Постановление · 15.11.2012 · № 2485-V
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июлундагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын…Постановление · 11.07.2019 · № 345
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 2-марты № 1698-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык…Постановление · 02.03.2012 · № 1698-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 24-майындагы № 1937-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мамлекеттик пенсиялык…Постановление · 24.05.2012 · № 1937-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 1578-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мамлекетти пенсиялык социалдык…Постановление · 26.01.2012 · № 1578-V
- Нарын шаардык кеңешинин 2016-жылдын 19-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын 28.06.1996-жылдагы “Бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн…Постановление · 19.01.2016 · № 5
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 355-IV ""Бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар…Постановление · 24.04.2008 · № 355-IV
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 25 июня 1997 года № 377 "Об оказании государственной поддержки лицам, проживающим и работающим в высокогорных и отдаленных зонах Кыргызской…Постановление · 25.06.1997 · № 377 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндөЗакон · 01.11.2002 · № 151 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 августа 2003 года № 547 "О несогласии с постановлением Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 21 января 2003 года…Постановление · 28.08.2003 · № 547 · Күчүн жоготкон
28 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.