КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 „Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына коэффициент белгилөө жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 11-июлу № 345 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына коэффициент белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына коэффициент белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышындагы "коэффициент" деген сөздүн алдында "райондук" деген сөз менен толукталсын;
2) токтомдун преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Квалификациялуу кадрларды тартуу жана бекитүү, оор жаратылыш-климаттык шартта, бийик тоолуу, алыскы, жетүүгө кыйын жана шарты жок зоналарда жайгашкан Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармактарынын ишканаларынын геологиялык чалгындоочу, курулуш жана эксплуатациялоочу иштеринде алектенген адистердин жана жумушчулардын социалдык жактан корголгондугунун деңгээлин жогорулатуу максатында, "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
3) экинчи абзацта:
- "коэффициенттер" деген сөздүн алдында "райондук" деген сөз менен толукталсын;
- "жетүүгө кыйын" деген сөздөрдүн алдында "бийик тоолуу шартта" деген сөздөр менен толукталсын;
4) үчүнчү абзацта "коэффициенттерди" деген сөздүн алдында "райондук" деген сөз менен толукталсын;
5) жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- аталышындагы "коэффициенттеринин" деген сөздүн алдында "райондук" деген сөз менен толукталсын;
- үчүнчү графасынын аталышындагы "коэффициенттеринин" деген сөздүн алдында "райондук" деген сөз менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 2 · байланышкандар: 1
Документке шилтеме берген актылар (2)
- Постановление Правительства КР от 30 мая 1995 года №203 "Об установлении коэффициентов к заработной плате работников предприятий золотодобывающей отрасли и Сары-Джазского…Постановление · 30.05.1995 · № 203
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-ноябрындагы № 770 «Алтын казуучу ишканалардын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча…Постановление · 19.11.2026 · № 770 · Күчүнө кире элек
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Постановление Правительства КР от 30 мая 1995 года №203 "Об установлении коэффициентов к заработной плате работников предприятий золотодобывающей отрасли и Сары-Джазского…Постановление · 30.05.1995 · № 203
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.