Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 509 «2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2007-жылдын 27-ноябры ПЖ № 509 2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө
2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүгө күн мурдатан даярдык көрүү жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселесин чечүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча мониторинг жүргүзүү менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү санала тургандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- төмөнкүлөргө каралган каражаттарды өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын:
республиканын, өзгөчө жаратылыш-климаттык шарттары оор жана жагымсыз райондордун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө товардык кредит берүү үчүн жогорку сапаттагы сорттуу үрөн сатып алууга; кийин брондон бошотуу жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө салынган баасында сатуу үчүн мамлекеттик материалдык резервге 10 миң куб метрлик дизель отунун коюуга;
- бир айлык мөөнөттө төмөнкүдөй финансы каражаттарын издеп тапсын:
айылчарба техникасын сатып алууга жана кийин аларды айылдык товар өндүрүүчүлөргө берүү үчүн 200 миллион сом өлчөмүндө; минералдык жер семирткичтерди сатып алууга жана кийин айылдык товар өндүрүүчүлөргө товардык кредит катары берүү үчүн 30 миллион сом өлчөмүндө;
- товар өндүрүүчүлөрдү кредиттик ресурстар менен камсыз кылуу максатында "Айыл банкы" ачык акционердик коомуна кийин 7%дан ашпаган өлчөм менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө кредит берүү шарты менен жылына 1%дык өлчөм менен 100 миллион сом өлчөмүндө 1 жылдык мөөнөткө ссуда берсин;
- бир айлык мөөнөттө азык-түлүк коопсуздугу жана айылчарбасында камсыздандыруу жөнүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- үч айлык мөөнөттө айылчарба продукцияларын мамлекеттик сатып алуу системасын иштетүү механизмдерин иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат жана уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (12)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 590-бРаспоряжение · 30.12.2007 · № 590-р
- 2008-жылдын 13-февралы № 44-б Кыргыз Республикасынын Окмотунун Буйругу ("Айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча")Распоряжение · 13.02.2008 · № 44
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-апрелиндеги № 149-б (Сатып алынган айыл чарба техникаларын өз убагында бөлүштүрүүнү камсыздоо максатындагы) буйругуРаспоряжение · 18.04.2008 · № 149-р
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 43-б буйругуРаспоряжение · 13.02.2008 · № 43-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 614 " Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар…Постановление · 21.12.2007 · № 614 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 24 июну № 328 "Жазгы-талаа иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыктары жана 2008-жылдын түшүмүн жыйноого даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө".Постановление · 24.06.2008 · № 328 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-июлундагы №380 "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 15.07.2008 · № 380 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы №66 "2008-жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө…Постановление · 27.02.2008 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги №147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана…Постановление · 14.04.2008 · № 147 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 11 февраля 2009 года №115 "Об одобрении Отчета Премьер-министра Кыргызской Республики о работе Правительства Кыргызской Республики за 2008 год"Постановление · 11.02.2009 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №346 "2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө"…Постановление · 27.06.2008 · № 346 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 33-б (Айыл чарба техникасын бөлүштүрүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 11.02.2013 · № 33-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 221-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 33-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 19.05.2016 · № 221-р