Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 13-февралы № 43-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы N
509 "2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүү-
чүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык, "Айыл
Банк" ачык акционердик коому айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2008-жылы
жазгы талаа жана 2009-жылдын түшүмү үчүн күздүк айдоо жумуштарын жүргү-
зүү үчүн керектүү товардык-материалдык ресурстарды сатып алууга берүүчү
кредиттик ресурстардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону камсыздоо
максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-октябрындагы №
403-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- кириш сөзү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2008-жылы жазгы талаа
жана 2009-жылдын түшүмү үчүн күздүк айдоо жумуштарын өз убагында жүргү-
зүүгө, алардын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттуу үрөндүк мате-
риалдарын, минералдык жер семирткичтерди жана айыл чарба техникасы үчүн
запастык тетиктерди сатып алышына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын-
да, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2007-жылдын
2-октябрындагы N 2045-III "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республи-
калык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө"
токтомун аткаруу үчүн.";
- 2-пунктунун экинчи абзацында:
"Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги берген разнарядкаларга ылайык" деген сөздөр алып салын-
сын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.".
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 17-октябрындагы № 403-б ("Айыл Банк" ачык акционердик коомуна бюджеттик ссуда берүү тууралу) БуйругуРаспоряжение · 17.10.2007 · № 403
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 2-октябрындагы №2045-III "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү…Постановление · 02.10.2007 · № 2045-III
- КР Президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 509 "2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.11.2007 · № 509 · Күчүн жоготкон