Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Президентинин „2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө“ 2007-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-06-27.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 21-декабры № 614
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
"2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө
айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик
колдоо көрсөтүү жөнүндө" 2007-жылдын
27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнү
2008-жылдын 27-июнундагы № 346 токтомунун
редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жумуш-
тарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо
көрсөтүү жөнүндө" 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 509 Жарлыгына ылайык,
2008-жылы жазгы себүүнү жүргүзүүгө материалдык-техникалык жана финансы-
лык ресурстар менен камсыздоо бөлүгүндө республиканын айылдык товар
өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелерин өз убагында
чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан
берилген эсептөөлөргө ылайык 2008-жылдын биринчи кварталында төмөнкү
каражаттарды издеп тапсын жана бөлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигине караштуу "Соода жана маркетинг борбору" мамлекеттик
ишканасына айыл чарба техникаларын бир булактан алуу ыкмасында сатып
алуу жана кийин айылдык товар өндүрүүчүлөргө товардык кредит берүү үчүн
200 млн. сом;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана
карантин боюнча мамлекеттик департаментине "Мамлекеттик сатып алуулар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тендердик негизде ми-
нералдык жер семирткичтерди сатып алуу жана кийин айылдык товар өндү-
рүүчүлөргө товардык кредит берүү үчүн 30 млн. сом.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги:
- айыл чарба техникаларын жана минералдык жер семирткичтерди сатып
алуу боюнча эсептөөлөрдү жана негиздемени 2008-жылдын 15-январына чей-
инки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин;
- төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
кароосуна киргизсин:
бир айлык мөөнөттө - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү
жана соода министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
менен бирдикте азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө жана айыл чарбасындагы
камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорло-
рун;
эки айлык мөөнөттө - бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды натыйжалуу
пайдалануунун мониторингин жана аны баалоо механизмин киргизүү менен
айылдык товар өндүрүүчүлөрдү Мамлекеттик колдоо концепциясынын долбоо-
рун, ошондой эле айыл чарба продукцияларын мамлекеттик сатып алуулар
системасын түзүү жана иштетүү боюнча экономикалык негиздемесинин эсеп-
төөлөр методикасын;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктү-
рүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте "Товардык жана финансылык жар-
дам катарында мамлекет тарабынан алынган же тартылган мамлекеттик кре-
диттердин эсебинен сатып алынган минералдык жер семирткичтер, күйүү-
чү-майлоочу материалдар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана башка ма-
териалдык-техникалык ресурстар түрүндөгү товардык кредиттерди берүү жа-
на бөлүштүрүү тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-ноябрындагы № 670 токтомуна
ылайык сатып алынган айыл чарба техникаларын жана минералдык жер семир-
ткичтерди өз убагында бөлүштүрүүнү жана тариздөөнү камсыз кылсын.
2-1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети айыл чарба
техникасы айылдык товар өндүрүүчүлөргө берилген датадан тартып бажы тө-
лөмдөрүнүн шарттуу түрдө эсептелген суммасын төлөө боюнча милдеттенме
токтотулган деп эсептесин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 346
токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министринин
милдетин аткарып жаткан биринчи
вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-апрелиндеги № 149-б (Сатып алынган айыл чарба техникаларын өз убагында бөлүштүрүүнү камсыздоо максатындагы) буйругуРаспоряжение · 18.04.2008 · № 149-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 33-б (Айыл чарба техникасын бөлүштүрүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 11.02.2013 · № 33-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 221-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 33-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 19.05.2016 · № 221-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы №66 "2008-жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө…Постановление · 27.02.2008 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги №147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана…Постановление · 14.04.2008 · № 147 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №346 "2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө"…Постановление · 27.06.2008 · № 346 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 509 "2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.11.2007 · № 509 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз…Постановление · 13.02.2008 · № 46 · Күчүн жоготкон