Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Айыл чарба техникасын бөлүштүрүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 11-февралы № 33-б (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 221-б буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 614 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" 2007-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна ылайык сатып алынган айыл чарба техникасын (трактор чиркегичтерин) бөлүштүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги "Кыргыз агроазыктүлүк корпорациясы" ачык акционердик коомунун катышуусунда эскирүүнү жана базардын конъюнктурасын эске алуу менен "2 ПТС-4-793А-03А" маркасындагы 16 трактор чиркегичинин наркын аныктоодо көз карандысыз баалоо.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 221-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык 2ПТС-4-793А-03А маркасындагы 16 трактор чиркегичин Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъекттерине төмөнкү шарттарда тиешелүү кредиттик документтерди тариздөө менен товардык кредит катары андан ары берүү үчүн иштеди жүргүзсүн:
- төлөө мөөнөтү - 5 жыл;
- жеңилдетилген мезгил - 6 ай;
- күрөөлүк камсыздоо менен.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 221-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2014 · № 656 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 614 " Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар…Постановление · 21.12.2007 · № 614 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014–жылдын 10-ноябры № 633 "Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.11.2014 · № 633 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656…Постановление · 18.11.2014 · № 656 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 509 "2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.11.2007 · № 509 · Күчүн жоготкон