Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 15-июлу № 380
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
"2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар
өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 509 Жарлыгына ылайык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүн-
дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-
йындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун
өзгөчөлүктөрү жөнүндө
Бул Мыйзам өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрүн
белгилейт жана аны жүргүзүүнүн укуктук, финансылык жана уюштуруучулук
негиздерин жөнгө салат.
1-статья. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1) Агент - өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну колдоо үчүн
бөлүнгөн каражаттарды башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-
рабынан аныктала турган, мамлекеттин жүз пайыздагы катышуусундагы юри-
дикалык жак;
2) баалоочу (көз карандысыз эксперт) - баалоо ишмердигин ишке ашы-
рууга лицензиясы бар юридикалык же жеке жак;
3) эгилген жердин толук зыянга учурашы - жагымсыз табигый кубулуш-
тардын айдоолорго тийгизген терс таасиринен эгилген өсүмдүктөрдү
өстүрүүгө жана оруп-жыйноого кете турган чыгымдын түшүмдөн түшө турган
болжолдуу кирешеден ашып кетиши;
4) түшүмдөн түшө турган болжолдуу киреше - өсүмдүктөрдү өстүрүү
тармагында ыйгарым укуктуу орган бекиткен методикага ылайык комиссия
аныктаган киреше;
5) жагымсыз табигый кубулуш - эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
жок болушуна же зыянга учурашына алып келген табигый кубулуштар (суу
ташкыны, сел, мөндүр уруу, нөшөрлөгөн жаан, үшүк);
6) өсүмдүк өстүрүүчүлүк - юридикалык же жеке жак тарабынан өсүмдүк
өстүрүүнү өзүнө камтыган айыл чарбасынын негизги тармагынын бири;
7) өсүмдүк өстүрүүдө камсыздандыруу келишими (мындан ары - камсыз-
дандыруу келишими) - ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Граждандык
кодекси аныктаган шарттарда камсыздандыруучу менен камсыздалуучунун ор-
тосунда түзүлгөн келишим;
8) өсүмдүк продукциялары - айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө алын-
ган продукция (кылкандуу дан эгин, дан жүгөрүсү, төө бурчак, кант кы-
зылчасы, пахта, тамеки);
9) өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик
орган - өсүмдүк өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө
салуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик орган;
10) камсыздандыруу учуру - камсыздандыруу келишиминде каралган
камсыздандыруу төлөмүн ишке ашыруу учуру;
11) камсыздандыруу наркы - камсыздалуучу менен камсыздандыруучунун
ортосунда түзүлүүчү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсызданды-
рылган мүлктүн наркы;
12) камсыздандыруу төлөмдөрү - камсыздандыруу келишиминин шартта-
рына ылайык камсыздалуучу тарабынан камсыздандыруучуга мезгил-мезгили
менен төлөнүүчү камсыздандыруу акысы;
13) камсыздандыруу чыгымынын ордун толтуруу - камсыздандыруу учуру
келгенде зыянды жабууга камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу
төлөп бере турган сумма;
14) камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген тартипте өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну жүргүзүү укугу-
на лицензия алган, камсыздандыруу учуру келгенде келишимде көрсөтүлгөн
сумманын чегинде (камсыздандыруу суммасы) камсыздандыруу төлөмүн кам-
сыздалуучуга же келишимдеги бөлөк жактын (пайда алуучунун) пайдасына
милдеттүү төлөй турган юридикалык жак;
15) камсыздалуучу - камсыздандыруучу менен камсыздандыруу келиши-
мин түзгөн жана жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү
ишин жүргүзүүчү жак;
16) чыгымдардын нормативи - өндүрүүдө өзүнчө технологиялык про-
цесстер, жумуштун түрлөрү жана чыгымдардын статьялары боюнча өсүмдүк
продукцияларын өндүрүүдө бир гектарга сом менен эсептелген чыгымдар;
17) франшиза - аныкталган көлөмдөн ашпаган зыяндын ордун толтуруу-
дан камсыздандыруучуну бошотуу.
2-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү
жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясы-
на негизденет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, "Кыр-
гыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын бөлөк
укуктук-ченемдик актыларынан турат.
2. Бул Мыйзамдын күчү айыл чарба багытына кирбеген жерде
өстүрүлгөн өсүмдүк азыктарына жайылтылбайт.
3-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу объектиси
Камсыздандыруу учуру келгенде, ушул Мыйзамга ылайык белгиленген
өлчөмдө камсыздалуучунун зыянын айрым же толук ордун толтурууга байла-
ныштуу камсыздалуучунун материалдык-акчалай кызыкчылыгы өсүмдүк
өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу объектиси болуп эсептелет.
4-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун максаты
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун максаты төмөнкүлөр болуп
саналат:
1) табигый кубулуштун залакасынан жабыр тарткан өсүмдүктөрдү кам-
сыздандыруу учурунда ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн көлөмдө жана тартипте
камсыздандыруу төлөмүн төлөө аркылуу азык өндүрүүчүлөрдүн материал-
дык-акчалай кызыкчылыгын коргоону камсыз кылуу;
2) өсүмдүк өстүрүүчүлүктү мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун
жогорулатууга көмөк көрсөтүүнүн эсебинен өндүрүүчүнүн кирешесинин чукул
төмөндөшүнө жол бербөө.
5-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциялары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) жыл сайын өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагында мамлекеттик програм-
маны иштеп чыгат жана бекитет, анын негизинде камсыздандырууга бюджет-
тик каражат каралат;
2) төмөнкүдөй келишимдердин типтүү формаларын бекитет:
өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу жөнүндө;
камсыздандыруу взносунун жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ордун
айрым толтуруунун тартиби жана шарттары жөнүндө;
3) камсыздандырууга тийиш болгон бир гектар эгилген жерге өсүмдүк
продукцияларынын түрлөрүн өндүрүүгө кеткен чыгымдардын нормативин беки-
тет;
4) Республикалык айыл чарба камсыздандыруу фондусу жөнүндөгү жобо-
ну бекитет;
5) өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну колдоо үчүн бөлүнгөн
каражаттарды пайдалануу тартибин жана агенттин кызматына төлөө өлчөмүн
бекитет;
6) өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
ганды аныктайт;
7) гидрометеорология кызматы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдын жана өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
гандын сунушу боюнча жагымсыз табигый кубулуштардын критерийлерин жана
мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле гидрометеорология кызмат органынын жана
(же) өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жа-
гымсыз табигый кубулуштун болуу фактысын тастыктаган маалымкатынын
типтүү формасын бекитет;
8) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-
ча башкаруу органдары тарабынан жагымсыз табигый кубулуштун таасиринен
жабыр тарткан эгилген аянттын өлчөмүн аныктоо боюнча комиссияларды
түзүү жана алардын иштерин уюштуруу тартибин, жагымсыз табигый кубулуш-
тун фактысы боюнча текшерүү актыларынын формасын бекитет;
6-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну уюштуруу
1. Ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба
өсүмдүктөрүн камсыздандыруу мамлекеттин катышуусу менен ыктыярдуу болуп
саналат. Эгерде айылдык товар өндүрүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн башка
түрүн камсыздандырууну көздөсө, анда ал камсыздандыруучу менен мамилени
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөгү" Кыргыз
Республикасынын мыйзамына ылайык ишке ашырууга укуктуу. Камсыздандыруу-
чу уюмдар ушул Мыйзамга ылайык өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагында камсыз-
дандыруу келишимин түзөт. Ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик орган жана анын аймактык органдары жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрациялар менен биргеликте өсүмдүк продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн
арасында камсыздандыруу акысын айрым төлөө жана зыяндын ордуна толтуру-
уга катышуу жөнүндө мамлекеттик колдоону түшүндүрүү боюнча практикалык
иштерди жүргүзөт.
2. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик
орган:
1) өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашы-
рат;
2) өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагында программаларды иштеп чыгат жана
ишке ашырууга катышат;
3) өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагында Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарынын сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзөт;
4) өсүмдүк өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү үчүн укуктук жана экономикалык
шарттарды иштеп чыгат жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
5) республикада өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагынын абалын иликтейт;
6) агенттин ишмердигин координациялоону, өсүмдүк өстүрүүчүлүк тар-
магын камсыздандыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын агент
тарабынан сакталышын ишке ашырат;
7) өзүнүн контролдук функцияларын аткарууга керек маалыматты жана
документтерди камсыздандыруучудан, камсыздалуучудан, агенттен белгилен-
ген тартипте сурайт жана алат;
8) ага жүктөлгөн функцияларды аткарууга керектүү болгон документ-
терди жана маалыматтарды камсыздандыруучунун, камсыздалуучунун жана
агенттин берүү формасын, мөөнөтүн белгилейт;
9) зыянга учураган эгүү аянтын аныктоо методикасын иштеп чыгат жа-
на бекитет.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-
ча башкаруу органдары:
1) чарбалык субъектилер менен өсүмдүк продукцияларын камсызданды-
рууну уюштурат;
2) өзүнүн функцияларын аткарууга керек маалыматты жана документ-
терди камсыздандыруучудан, камсыздалуучудан, агенттен белгиленген тар-
типте сурайт жана алат;
3) өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууга тийиш болгон өсүмдүк
продукцияларынын табигый-климаттык зоналарга карата тиешелүү аймактарда
себүү иштерин баштоонун жана аяктоонун оптималдуу мөөнөтүн аныктайт;
4) Ушул Мыйзамдын 11-статьясына ылайык комиссия түзөт.
4. Камсыздандыруучу уюмдардын ишине мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык рынокту жана финансылык
уюмдарды көзөмөлдөөнү жөнгө салууну ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик орган жүргүзөт.
7-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу тармагына
мамлекеттик органдардын катышуу тартиби
Мамлекеттик контроль жүргүзүү максатында өсүмдүк өстүрүүчүлүк тар-
магындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы:
1) өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырылган өсүмдүк продукциялары-
нын түрүн көрсөтүү менен камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздалуучу-
лардын тизмесин аймактар боюнча агенттен белгиленген тартипте сурайт;
2) өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишимин түзүүнү уюшту-
рууга мамлекеттик жардам өндүрүүчүлөр арасында жылына бир жолу
түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.
Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү мөөнөтү жыйып-терүү иштери бүткөндөн
жазгы талаачылык жумуштары башталганга чейин календардык 30 күндү
түзөт. Мында камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн айыл
чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүчүлөрдүн тизмеси түзүлөт.
8-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктү камсыздандыруудагы камсыздандыруу
учурунун түрлөрү
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу учурларына жагымсыз табигый
кубулуштун же алардын бирге болгонунун себебинен өсүмдүк продукциялары-
нын кыйрашынан же зыянга учурашынан камсыздалуучунун зыян тартышы ки-
рет.
9-статья. Камсыздандыруу суммасынын өлчөмүн жана чыгымдардын
нормативдеринин түрүн аныктоо
1. Камсыздандыруу суммасынын өлчөмү өсүмдүк продукциясынын ар бир
түрү боюнча өзүнчө чыгашаларды камсыздалуучу ишке ашыра турган бардык
аянтка көбөйтүлгөн бир гектар жерге эсептелген чыгымдын нормативине
ылайык ушул Мыйзамда аныкталган камсыздандыруу өзгөчөлүктөрүн эске алуу
менен түзүлгөн келишимде белгиленет.
2. Камсыздандыруу суммасын эсептөө төмөндөгү түрлөрдүн бири боюнча
чыгымдардын нормативинен жүргүзүлөт:
1) илимий негизделген агротехнология;
2) жөнөкөйлөтүлгөн агротехнология;
3) илимий негизделген же жөнөкөйлөтүлгөн агротехнологиянын чыгым-
дарынын беш түрү боюнча:
күйүүчү-майлоочу материалдар;
үрөн;
минералдык жер семирткичтер;
сырттан келген механизациялаштырылган жумуштун кызмат акысын
төлөө;
жалданып иштегендерге эмгек акы.
10-статья. Камсыздандыруу акысынын өлчөмүн аныктоо жана аны
төлөөнүн тартиби
1. Өсүмдүк продукцияларынын ар бир түрү боюнча камсыздандыруу акы-
сынын өлчөмү камсыздандыруу келишими менен аныкталат, бирок ушул Мый-
замда белгиленген жана тиешелүү камсыздандыруу суммасына көбөйтүлгөн
камсыздандыруу тарифинин өлчөмүнөн көп болбоого тийиш.
Камсыздандыруу төлөмдөрүн мамлекеттик субсидиялоону эсепке алуу
менен камсыздандыруу келишиминде белгиленген өсүмдүк продукцияларынын
түрү боюнча камсыздандыруу суммасынан процент менен эсептелген камсыз-
дандыруу тарифтеринин төмөнкү максималдуу өлчөмдөрү аныкталат:
| Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталышы | Камсыздандыруу суммасынан |
| процент менен | |
| Кылкандуу дан эгин | 2,0 |
| Дандык жүгөрү | 1,0 |
| Төө буурчак | 1,3 |
| Кант кызылчасы | 0,8 |
| Пахта | 0,5 |
| Тамеки | 1,5 |
2. Айыл чарба өсүмдүктөрүн камсыздандырганда айылдык товар
өндүрүүчүлөр өздүк каражаттарынын эсебинен камсыздандыруу акысынын 50%,
калган 50% - республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төлөнөт. Кам-
сыздандыруу акысы камсыздандырылган өсүмдүк продукцияларынын түрүнүн
чыгымына (өздүк наркына) киргизилет.
3. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу акысын камсыздалуучу кам-
сыздандыруучуга бир жолу же камсыздандыруу келишими менен аныкталган
мөөнөттө жана тартипте узартып төлөйт.
Бир жолу төлөө шартында түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча
камсыздалуучу камсыздандыруу акысын убагында төлөбөгөн учурда камсыз-
дандыруу келишими түзүлбөгөн болуп саналат.
Камсыздандыруу келишиминде узартып төлөө шарттарында белгиленген
камсыздандыруу акысын убагында төлөбөсө камсыздандыруучу Кыргыз Респуб-
ликасынын Граждандык кодексинде көрсөтүлгөн тартипте жана өлчөмдө кам-
сыздалуучу үстөк айып төлөөгө милдеттүү.
Эгерде камсыздандыруу учуру кезектеги камсыздандыруу акысын төлөй
электе келсе же төлөө мөөнөтүнөн өтүп кетсе, камсыздандыруучу төлөбөй
калган камсыздандыруу акысынын суммасына чегерип, аны азайтып коюга
акылуу.
11-статья. Камсыздандыруу төлөм ченемин жана аны ишке ашыруу
тартибин аныктоо
1. Камсыздандыруу төлөмү франшизди колдонбостон камсыздалуучу
тарткан зыяндын өлчөмүндө берилет.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууда (шарттуу же шартсыз) фран-
шизди белгилөөгө камсыздалуучуга жол берилбейт, аны белгилеген учурда
ал жараксыз деп эсептелет.
2. Зыяндын өлчөмү камсыздандыруу келишими түзүлүп жаткан мезгилин-
де аныкталган өсүмдүк продукциясынын түрүн өндүрүү бир гектарга кеткен
чыгымдын нормативинин өлчөмү менен жагымсыз табигый кубулуштун таасири-
не дуушар болгон өсүмдүк продукциясын өндүргөн бир гектардан алына тур-
ган кирешенин ортосундагы оњ айырма катары аныкталат.
Жагымсыз табигый кубулуштан жабырланган аянттын өлчөмүн, камсызда-
луучунун арызы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өз ал-
дынча башкаруу органдары милдеттүү түрдө камсыздалуучу арыз берген
күндөн тартып беш күндүн ичинде түзүлгөн комиссия аныкташы керек.
Комиссиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өсүмдүк өстүрүүчүлүк тар-
магындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, статистика боюнча
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, гидрометеорологиялык кызмат орга-
нынын жана/же өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
гандын, агенттин, камсыздандыруучунун жана камсыздалуучунун өкүлдөрү
киришет.
Текшерүүнүн натыйжалары боюнча комиссия текшерүү жүргөн күнү
ыњгайсыз табигый кубулуштардын же алардын жыйындысынын ар бир фактысы
жана ыњгайсыз табигый кубулуштардын терс таасирине чалдыккан же кором-
жулукка, зыянга дуушар болгон өсүмдүк продукцияларынын түрү боюнча 3
нускада тиешелүү акты түзөт (мындан ары - текшерүү актысы). Текшерүү
актысына комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюп, андан соњ агенттин, кам-
сыздандыруучунун жана камсыздалуучунун өкүлдөрүнө берилет. Эгерде ко-
миссия мүчөлөрүнүн бири кабыл алынган чечимге макул болбосо жана тек-
шерүү актысына кол койбосо ал өзүнүн баш тартуу себептерин жазуу
жүзүндө комиссияга берет жана ал текшерүү актысына тиркелет.
Ыњгайсыз табигый кубулуштардын терс таасирине чалдыккан, себүү
аянттарынын айрым бөлүгү зыянга учураган аянттардан жыйналып алынган
продукциянын көлөмү түшүм жыйноодо сөзсүз түрдө бааланууга тийиш. Себүү
аянттары толук зыянга учураганда тарткан зыян өсүмдүк өстүрүүчүдө кам-
сыздандыруу келишимин түзгөн учурга белгиленген өсүмдүк продукциялары-
нын түрүн 1 гектарга өндүрүү чыгымдарынын ыњгайсыз табигый кубулуштар-
дын таасирине чалдыккан продукциянын ошол түрү өндүрүлгөн аянтка
көбөйтүлгөн чыгымдарынын нормативинин өлчөмү катары аныкталат.
3. Киреше ыњгайсыз табигый кубулуштун таасирине чалдыккан өсүмдүк
продукцияларынын түрүнүн бардык көлөмүн саткандан кийин эсептелүүчү иш
жүзүндөгү болушу мүмкүн.
4. Киреше түшүмдү жыйнап алгандан кийин эсептелүүчү жана ыњгайсыз
табигый кубулуштун таасирине чалдыккан өсүмдүк продукцияларынын түрүнүн
бардык көлөмүн сатканга чейин бааланышы мүмкүн.
Камсыздалуучунун же анын өкүлүнүн арызы боюнча баалануучу кирешени
камсыздандыруучу аныктайт. Макул болбогон учурда баалануучу киреше баа-
лоочу (көз карандысыз эксперт) тарабынан аныкталат. Баалоонун натыйжа-
ларына макул болбогондо тараптар башкача далилдөөгө укуктуу.
Себүү аянттары толук зыянга учураганда баалоо кирешесин аныктоо
камсыздалуучу тарабынан жүргүзүлбөйт.
5. Өсүмдүк продукцияларынын түшүмү жарым-жартылай коромжулукка
учураса камсыздандыруу төлөмү бир айдан кийин, бирок түшүм жыйноо
бүткөн күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
Мында киреше төмөнкүдөй тартипте эсептелет:
1) эгерде алынган түшүм сатылса ушул статьянын 3-пунктуна ылайык;
2) эгерде алынган түшүм сатылбаса ушул статьянын 4-пунктуна ыла-
йык;
3) эгерде алынган түшүмдүн айрым бөлүгү сатылса ушул статьянын
3-пунктуна ылайык, ал эми түшүмдүн сатылбаган бөлүгүнө киреше ушул
статьянын 4-пунктуна ылайык эсептелет.
6. Себилген үрөн толук зыянга учураса камсыздандыруучу комиссиянын
корутундусунан кийин он жумушчу күнүнүн ичинде камсыздалуучуга камсыз-
дандыруу төлөмдөрүн толук көлөмүндө төлөп берүүгө милдеттүү.
Себүү аянты толук зыянга учураганын комиссия тиешелүү текшерүү ак-
тысын милдеттүү түрдө түзүү менен белгилейт.
12-статья. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруунун жалпы шарттары
1. Камсыздандыруучуга камсыздандыруу төлөмү жөнүндө талап камсыз-
дандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн зарыл документтерди тиркөө менен
камсыздалуучу тарабынан жазуу жүзүндө берилет.
2. Камсыздандыруу төлөмү жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер
тиркелет:
- камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
- талаанын жайгашуу картасынын (схемасынын) көчүрмөсү;
- ыњгайсыз табигый кубулуштардын болуу фактысын тастыктаган гидро-
метеорологиялык кызмат органынын жана (же) өзгөчө кырдаалдар боюнча ый-
гарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты;
- ыњгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттарды
белгилөө боюнча комиссия түзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрацияга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына камсыздалуучу-
нун арызынын көчүрмөсү, арызды кабыл алуу жөнүндө белги болушу керек;
- тизмеси камсыздандыруу келишиминде белгилене турган иш жүзүндө
алынган кирешени тастыктоочу документтер, алар жок болсо - себүү аянты-
нын айрым зыянга учурашы менен алынган кирешени баалоо жөнүндө баалоо-
чунун (көз карандысыз эксперттин) отчету.
Камсыздалуучудан башка документтерди камсыздандыруучунун кошумча
талап кылышына жол берилбейт.
3. Документтерди кабыл алган камсыздандыруучу камсыздалуучуга до-
кументтердин толук тизмесин жана аларды кабыл алган күндү көрсөтүү ме-
нен маалымкат берүүгө милдеттүү.
13-статья. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруудан
камсыздандыруучуну бошотуунун негиздери
1. Камсыздандыруучу эгерде камсыздандыруу учуру төмөнкүлөрдөн улам
болсо, камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмүнөн толук же айрым баш тар-
тууга укуктуу:
- өтө зарылдыктан улам жасалган иш-аракеттерди кошпогондо камсыз-
дандыруу учурунун келип чыгышына багытталса же болбосо ал учурдун кели-
шине көмөктөшүүчү камсыздалуучунун атайылап жасаган иш-аракетинен;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кам-
сыздандыруу учуруна байланыштуу атайылап кылмыш жасаган же администра-
циялык укук бузуу деп табылган камсыздалуучунун иш-аракетинен.
2. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашырууда камсыздандыруучунун баш
тартышы үчүн төмөнкүлөр да негиз болушу мүмкүн:
- камсыздандыруу объекти, камсыздандыруу тобокелдиги, камсызданды-
руу учуру жана анын кесепеттери жөнүндө камсыздандыруучуга камсыздалуу-
чунун атайын жалган маалыматтарды билдириши;
- камсыздандыруу учуру келген жагдайларды териштирүүдө жана ага
келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоодо камсыздандыруучуга камсыздалуучу-
нун жолтоо кылышы;
- камсыздандыруу учурунун келгендиги тууралуу камсыздандыруучуга
кабар кылбоо, эгерде камсыздандыруучу камсыздандыруу учурунун келгенди-
ги жөнүндө камсыздандыруучунун өз убагында билгени далилденбесе же бол-
босо камсыздандыруучуда бул тууралуу маалыматтын жоктугу камсыздандыруу
төлөмүн ишке ашыруу боюнча анын милдетине таасир этпесе;
- ыњгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттардын
өлчөмүн аныктоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик
администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына арыздар
ушул Мыйзамдын 17-статьясынын 2-пунктунун алтынчы абзацында белгиленген
мөөнөттөрдү бузуу менен берилсе;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган башка
учурлар.
3. Камсыздандыруу төлөмүнөн баш тартуу жөнүндө чечимди камсыздан-
дыруучу кабыл алат жана ушул Мыйзамдын 12-статьясынын 2-пунктунда ка-
ралган бардык документтерди берген күндөн тартып жети календардык
күндүн ичинде баш тартуу себептерин негиздөө менен камсыздалуучуга жа-
зуу жүзүндө билдирилет.
4. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартышы
камсыздалуучу тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.
14-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну мамлекеттик
колдоо
1. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну мамлекеттик колдоо
ыњгайсыз табигый кубулуштардын кесепетинен келип чыккан камсыздандыруу-
чулар боюнча камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 50 процентинин
ордун толтуруу, ошондой эле камсыздандыруучуга түзүлгөн келишим боюнча
камсыздандыруу акысынын 50,0 процентин төлөө үчүн ыйгарым укуктуу мам-
лекеттик органга тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө
мыйзамда аныкталган бюджеттик каражаттарды бөлүү аркылуу ишке ашырылат.
2. Республикалык айыл чарбалык камсыздандыруу фонду айыл чарба
өсүмдүктөрүн камсыздандыруу келишими боюнча түшкөн камсыздандыруу акы-
ларынын жалпы суммасынын 5,0 процент өлчөмүндө камсыздалуучулардын че-
герүүлөрүнүн эсебинен түзүлөт. Бул каражаттардын эсебинен өсүмдүк
өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган агенттин кыз-
мат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнү жүргүзөт.
Агенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө каралган каражат
өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен
агенттин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык коммерциялык банктагы
агенттин учурдагы эсебине которулушу мүмкүн.
3. Агентке өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик орган менен агенттин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде
өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тара-
бынан берилүүчү каражаттарды башкарууну ишке ашыруу үчүн Кыргыз Респуб-
ликасынын Финансы министрлигиндеги Казыначылык системасында белгиленген
тартипте учурдагы эсеп ачылат.
Убактылуу бош каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрли-
гиндеги Казыначылык системасындагы учурдагы эсептен Борбордук казыначы-
лыктын макулдугу менен республиканын банк мекемелериндеги депозиттерде
белгиленген тартипте жайгаштырылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги Казыначылык систе-
масындагы учурдагы эсептин киреше бөлүгү келишимдин негизинде өсүмдүк
өстүрүлүүчү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген бюджет-
тик каражаттардын жана убактылуу бош каражаттарды депозиттерге жайгаш-
тыруудан түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги Казыначылык систе-
масындагы учурдагы эсептин чыгаша бөлүгү депозиттерде жайгаштыруу сум-
масын, камсыздандыруучуга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн жана
түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу акысынын жарымы-
нын ордун толтурууга чыгымдарды камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги Казыначылык систе-
масындагы учурдагы эсепте финансылык жылдын аягындагы каражаттардын
калдыгы Борбордук казыначылыктын алыш-бериш эсебинде эске алынат жана
финансылык жыл аяктаганда бюджетке кайтарылууга тийиш.
15-статья. Камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу
жөнүндө талап коюунун тартиби
1. Агентке карата камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу
жөнүндө талап камсыздандыруу акысын төлөө үчүн зарыл документтерди
тиркөө менен камсыздандыруучу тарабынан жазуу жүзүндө арыз берилет.
2. Камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу жөнүндө арызга
төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишиминин нотариалдык
жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- камсыздалуучу тарабынан камсыздандыруу акысынын жарымын
төлөгөндүгүн ырастоочу документтер (төлөм тапшырмасы - түп нускасы,
камсыздандыруучудан камсыздандыруу акысынын жарымын алгандыгы жөнүндө
камсыздалуучунун күбөлөндүргөн мөөрү менен кириш ордеринин дубликаты).
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында белгиленген талаптарга дал келбегендиги аныкталса, кемчиликтерди
четтетүү үчүн документтер камсыздандыруучуга кайтарылып берилет, мында
ордун толтуруу мөөнөтү документтерди кайра алган күндөн тартып эсепте-
лет, бирок ал 10 жумушчу күнүнөн ашпашы керек.
3. Агент камсыздандыруучу тарабынан атайылап жалган маалымат бе-
рилсе, камсыздандыруу акысынын бөлүгүнүн ордун толтуруудан баш тартууга
укуктуу.
4. Камсыздандыруучу берилген маалыматтардын тууралыгы үчүн жооп-
туу.
16-статья. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун
толтуруу жөнүндө талап коюунун тартиби
1. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толту-
руу жөнүндө агентке камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн зарыл
документтерди тиркөө менен камсыздандыруучу тарабынан жазуу жүзүндө
арыз берүү менен талап коюлат.
2. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толту-
руу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишиминин нотариалдык
жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмүн тастыктоочу документтер
(төлөм тапшырмасы - түп нускасы, камсыздандыруучунун мөөрү менен
күбөлөндүрүлгөн, камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмүн бергендиги
жөнүндө чыгаша ордеринин дубликаты);
- соттун чечими боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүргүзгөн учурда
соттун күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсү тиркелет;
- себилген аянттын айрым бөлүгү зыянга учураганда кирешени баалоо
жөнүндө документтин камсыздандыруучу тастыктаган көчүрмөсү.
Ушул статьянын 2-пунктунун биринчи бөлүгүндө каралган документтер
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга дал келбеши
аныкталган учурда документтер кемчиликтерди четтетүү үчүн камсызданды-
руучуга кайтарылып берилет. Мында жүргүзүлгөн камсыздандыруу
төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун камсыздандыруучуга толтуруп берүү мөөнөтү
документтерди кайра алган күндөн тартып эсептелет, бирок жети жумушчу
күнүнөн ашпоого тийиш.
3. Агент камсыздандыруучу ага атайылап жалган маалыматтарды бил-
дирген жана (же) берген учурда камсыздандыруучуга жүргүзүлгөн камсыз-
дандыруу төлөмүнүн бөлүгүнүн ордун толтуруудан баш тартууга укуктуу.
4. Камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн аныктоонун
тууралыгы үчүн жооптуу.
17-статья. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- камсыздандыруу учуру келгенде камсыздалуучу жана баалоочу (көз
карандысыз эксперт) менен бирдикте ыњгайсыз табигый кубулуштардын таа-
сирине чалдыккан өсүмдүк продукцияларынын иш жүзүндөгү жана (же) баалоо
кирешесин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүгө;
- камсыздандыруу учуру келишинин фактысын тастыктоочу документтер-
ди компетенттүү уюмдардан белгиленген тартипте суроого;
- камсыздандыруу учуру келишинин натыйжасында камсыздандыруу
төлөмүнүн өлчөмүн аныктоо үчүн баалоочуну (көз карандысыз экспертти)
ишке тартса, анын отчетун колдонууга;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен агенттен камсыздандыруу
төлөмүнүн бөлүгүнүн ордун толтуртууга;
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну өркүндөтүү боюнча сунуш-
тарды иштеп чыгууга жана аларды агентке киргизүүгө;
- өз алдынча же баалоочуну (көз карандысыз экспертти) тартуу менен
баалоо кирешесин аныктоого.
2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- камсыздалуучунун зыян тартышынан улам камсыздандыруу учуру кел-
генде ушул Мыйзамда жана камсыздандыруу келишиминде белгиленген
өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздалуучу өндүргөн өсүмдүк продук-
циясынын түрү боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө;
- ыњгайсыз табигый кубулуштардын кесепетинен келип чыккан камсыз-
дандыруу учуру боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун тол-
туртуп алуу үчүн агент менен камсыздандыруу төлөмдөрүнүн айрым
бөлүгүнүн ордун толтуруунун тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө
келишим түзүүгө;
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу жүргүзүү боюнча статистика
жүргүзүүгө жана топтоого жана агенттин талабы боюнча ага берүүгө;
- финансылык рынокту жана финансылык уюмдарды жөнгө салууну жана
көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган менен алар иштеп чык-
кан өсүмдүк өстүрүүдөгү камсыздандыруу эрежесин макулдашууга;
- камсыздандыруучу менен агенттин ортосунда түзүлгөн типтүү кели-
шимде каралган тартипте камсыздандыруу келишими түзүлгөн айдан кийинки
айдын 5инен кечиктирбестен камсыздандыруунун күчүнө кирген келишимдери
жөнүндө агентке маалымат берүүгө;
- камсыздалуучуну өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу эрежелери
менен тааныштырууга;
- камсыздандыруунун сырын камсыздоого;
- ишке тартылган баалоочунун (көз карандысыз эксперттин) кызмат
көрсөтүүлөрүнө төлөөгө;
- жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнө жана анын өлчөмүнө тие-
шелүү бардык соттук чечимдер жана/же аныктамалар жөнүндө алар чыккан
күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө агентке маалымат берүүгө;
- ыњгайсыз табигый кубулуш келип чыкканда камсыздалуучунун арызы
боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн комиссиянын курамында өз өкүлүн
ыњгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттарды текшерүү
жүргүзүү үчүн жиберүүгө.
3. Камсыздандыруучу айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехно-
логиясын сактоо боюнча талаптарды коюуга укугу жок.
4. Камсыздандыруучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам ак-
тыларында жана камсыздандыруу келишиминде каралган башка укуктарга жана
милдеттерге ээ.
18-статья. Камсыздалуучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздалуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- камсыздандыруу келишиминде белгиленген мөөнөттө камсыздандыруу
төлөмдөрүн алууга;
камсыздандыруу келишими боюнча камсыздалуучудан камсыздандыруу
шарттарын, өзүнүн укуктары менен милдеттерин түшүндүрүүнү талап кылуу-
га;
- келтирилген зыяндар жөнүндө жүргүзүлгөн баалоонун натыйжалары
менен таанышууга;
- камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруудан баш тартуу же анын
өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздалуучунун чечимин Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында жана камсыздандыруу келишиминде каралган тартипте талашу-
уга;
- ыњгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан себүү аянтын-
да өстүрүлгөн өсүмдүк продукциясынын ар бир түрүнөн алынган иш
жүзүндөгү же баалоо кирешесине баа берүүнүн натыйжаларына макул болбо-
гон учурда сотко кайрылууга;
- камсыздандыруу келишимин түзгөн учурда камсыздандыруу суммасын
эсептөө үчүн ушул Мыйзамдын 9-статьясында көрсөтүлгөн чыгымдардын нор-
мативдеринин түрлөрүнүн бирин тандоого.
2. Камсыздалуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 3-пунктунда белгиленген мөөнөттө
камсыздандыруучу менен камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
- милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө, тар-
типте жана мөөнөттө камсыздандыруу акысын төлөөгө;
- камсыздандыруу учурунун пайда болушуна алып келиши мүмкүн болгон
ыњгайсыз табигый кубулуштардын фактысы жөнүндө ага белгилүү болгондо
токтоосуз, бирок 5 жумушчу күнүнөн кечиктирбестен бул тууралуу камсыз-
дандыруучуга жеткиликтүү ыкмада (оозеки, жазуу түрүндө) кабарлоого. Оо-
зеки түрдө кабарлоо кийин (жетимиш эки сааттын ичинде) жазуу жүзүндө
тастыкталууга тийиш. Эгерде камсыздалуучу жүйөлүү себептер боюнча
көрсөтүлгөн аракеттерди аткарууга мүмкүнчүлүгү болбосо, ал муну доку-
менттик түрдө ырастоого тийиш;
- агенттин, камсыздандыруучунун жана баалоочунун (көз карандысыз
эксперттин) өкүлдөрүнө ыњгайсыз жаратылыш кубулушу болгон аймакты кароо
үчүн шарттарды камсыздоого, жыйым-терим иштери аяктаганга чейин себүү
аянтынын абалына байкоо жүргүзүү үчүн аларга тоскоолдук кылбоого;
- ыњгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттарды
аныктоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик админист-
рациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гидрометеорологи-
ялык кызмат органынын жана/же өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдын мындай кырсыктын фактысын тастыктоочу маалымкатта-
ры болгондо себүү аянттарына терс таасир аныкталгандан кийин үч жумушчу
күнүнүн ичинде арыз берүүгө;
- айдап-себүүнүн ар бир өзүнчө талаасына өзүнүн материалдык-акча-
лай кызыкчылыгын камсыздандырууга;
- камсыздандыруу учурларынан зыяндарды азайтууга чараларды
көрүүгө;
- камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу үчүн ушул Мыйзамдын 12-статьясы-
нын 2-пунктунда саналган документтерди камсыздалуучуга берүүгө.
3. Камсыздалуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана камсыз-
дандыруу келишиминде каралган башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
19-статья. Агенттин укуктары жана милдеттери
1. Агент төмөнкүлөргө укуктуу:
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну өркүндөтүү боюнча сунуш-
тарды иштеп чыгууга;
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну жүргүзүү тажрыйбасын
жалпылоого;
- өздөрүнүн укуктарын жана ага жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу
үчүн камсыздандыруунун катышуучуларынан зарыл маалыматты, анын ичинде
камсыздандыруунун жашыруун сырын камтуучу маалыматтарды сурап алууга.
2. Агент төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өсүмдүк продукциясынын белгилүү бир түрүн өндүрүүгө чыгымдардын
бекитилген нормативдери жөнүндө камсыздандыруучуларга жана камсыздалуу-
чуларга маалымат жеткирүүгө;
- ыњгайсыз табигый кубулуш келип чыкканда камсыздалуучунун арызы
боюнча ыњгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан өсүмдүк про-
дукциясын өндүрүү аянтынын өлчөмүн аныктоо боюнча жергиликтүү мамлекет-
тик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабы-
нан түзүлгөн комиссиянын курамында иш жүргүзүүгө;
- ушул Мыйзам менен белгиленген өлчөмдө бул Мыйзамдын 16-статьясы-
нын 2-пунктуна ылайык документтерди алган күндөн тартып жети жумушчу
күнүнүн ичинде жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүн камсыз-
дандыруучуга ордун толтурууга;
- ушул Мыйзамдын 15-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн документ-
терди алган учурдан тартып он жумушчу күнүнүн ичинде камсыздандыруучуга
камсыздандыруу акысынын жарымын төлөөгө;
- ыњгайсыз жаратылыш кубулушунун кесепетинен келип чыккан камсыз-
дандыруу учурлары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун
толтуруу үчүн келишимдердин бекитилген типтүү формаларынын негизинде
камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ордун айрым толтуруунун тартиби жана шарт-
тары жөнүндө камсыздандыруучу менен келишим түзүүгө;
- түзүлгөн камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу акысы-
нын жарымын төлөө жөнүндө камсыздандыруучу менен келишим түзүүгө.
3. Агенттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага жүктөлгөн
башка милдеттери болот.
4. Камсыздандыруучуга акча агент менен келишимдин шарттарын кам-
сыздандыруучу милдеттүү түрдө сактаганда камсыздандыруу төлөмү боюнча
камсыздандыруучу өз милдеттерин толук аткаргандан кийин гана ушул
статьянын 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө бөлүнөт.
5. Агенттин ишмердигин контролдоону Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзөт.
20-статья. Гидрометеорологиялык кызмат органынын жана (же)
өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдын укуктары жана милдеттери
1. Гидрометеорологиялык кызмат органы жана (же) өзгөчө кырдаалдар
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талаш маселелери келип чыккан
учурда ыњгайсыз табигый кубулуштун фактысын тастыктоочу маалымкат даяр-
доого, ыњгайсыз табигый кубулушка болжолдуу чалдыккан жерге баруу менен
текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
2. Гидрометеорологиялык кызмат органы жана (же) өзгөчө кырдаалдар
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыњгайсыз табигый кубулуштун
фактысын тастыктоочу маалымкатты белгиленген тартипте төмөнкүлөргө
берүүгө милдеттүү:
1) камсыздалуучуга - акысыз, беш календардык күндүн ичинде эки
нускада;
2) башка кызыкдар жактарга - белгиленген тартипте расмий жазуу
жүзүндөгү суроо-талап боюнча.
21-статья. Камсыздандыруу келишими
1. Камсыздандыруу келишимин түзүү өсүмдүк продукцияларын
өндүрүүчүлөр (камсыздалуучулар) жана камсыздандыруучулар үчүн ыктыярдуу
болуп саналат.
2. Камсыздандыруу келишими календардык жылдын 10 айлык мөөнөтүнө
кеминде эки нускада жазуу жүзүндө түзүлөт.
3. Өсүмдүк продукцияларынын түрлөрү боюнча камсыздандыруу келиши-
мин түзүү мөөнөтү - айдап-себүү бүткөндөн кийин он беш календардык
күндөн кечиктирбестен.
4. Камсыздандыруу келишими колдонулушун төмөнкү учурларда токто-
тот:
1) келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде орун алган бардык камсыз-
дандыруу учурлары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлгөндө.
5. Камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын Граждандык ко-
дексинде белгиленген учурларда мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.
6. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишими боюнча пайда
алуучу камсыздалуучу же пайдасына келишим түзүлгөн башка жак болуп са-
налат.
22-статья. Талаш-тартыштарды кароо тартиби
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу боюнча мамилелерден келип
чыгуучу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-
ген тартипте каралат.
23-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү
жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы
үчүн жоопкерчилик
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга күнөөлүү жактар Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
24-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Бул Мыйзам баалоочуларды (көз карандысыз эксперттерди) лицензияло-
ого тиешелүү жоболорду кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып 3
ай өткөндө күчүнө кирет, ал жоболор "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына тиешелүү толуктоолор киргизилген учурдан тартып
күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-сентябрындагы № 633-IV ""Өсүмдүк өстүрүүчүлүктөгү камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи…Постановление · 19.09.2008 · № 633-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңшинин 2008-жылдын 12-декабрындагы № 822-IV ""Өсүмдүк өстүрүүчүлүктөгү камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу"…Постановление · 12.12.2008 · № 822-IV
Шилтеме берет (5)
- Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 31
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 509 "2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.11.2007 · № 509 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөЗакон · 23.07.1998 · № 96 · Күчүн жоготкон