5471-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоо
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 37-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоого төмөнкүлөр себеп болуп саналат:
1) администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү жетиштүү маалыматтарды администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу адамдар түздөн-түз тапканда;
2) администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган, укук коргоо органдарынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден келип түшкөн материалдар;
3) администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган, жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарындагы (анын ичинде интернеттеги) билдирүүлөр;
4) автоматтык тартипте иштеп жаткан, фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары, же фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу каражаттары бар атайын техникалык жабдуулар жол кыймылы жагында администрациялык укук бузууну каттаганда;
5) ушул пункттун 4-пунктчасында каралган учурларда, транспорт каражаты башка адамдын ээлигинде же пайдалануусунда турганы жөнүндө, транспорт каражатынын менчик ээсинин (ээсинин) билдирүүсүндө же арызында камтылган маалыматтар бышыкталганда.
2. Администрациялык укук бузуу тууралуу иш, ушул статьянын 1-пунктунда каралган себептердин бири жана администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү жетиштүү маалыматтар болгондо, администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан козголушу мүмкүн.
3. Төмөнкү учурлардан тартып администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш козголгон болуп эсептелет:
1) администрациялык укук бузуу жасалган ордун кароо протоколу түзүлгөн;
2) администрациялык укук бузуу иши боюнча өндүрүштү камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө биринчи протокол түзүлгөн;
3) администрациялык укук бузуу тууралуу протокол түзүлгөн же прокурор тарабынан администрациялык укук бузуу ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарылган;
4) администрациялык тергөө жүргүзүү зарыл болгондо, администрациялык укук бузуу ишин козгоо жөнүндө аныктама чыгарылган;
5) ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган учурда, администрациялык укук бузуу иши боюнча токтом чыгарылган.
4. Ушул статьянын 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн материалдар, билдирүүлөр, арыздар болгондо, администрациялык укук бузуу тууралуу иш козгоодон баш тартылган учурда, көрсөтүлгөн материалдарды, билдирүүлөрдү, арыздарды караган кызмат адамы тарабынан администрациялык укук бузуу тууралуу иш козгоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат.
(КР 2011-жылдын 8-августундагы № 151, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5471-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-5471" title="5471-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>