Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
589-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 41-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июня 2004 года N 71
1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти караган сот (судья) же орган (кызмат адамы) иш боюнча токтом чыгарат.
2. Токтом: аны чыгарган соттун (судьянын) же органдын (кызмат адамынын) аталышын, ишти кароонун датасын, ага карата иш каралган адам жөнүндө маалыматтарды, ишти кароодо белгиленген жагдайлардын баяндамасын, ушул администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчиликти караган ченемдик актыны көрсөтүүнү, иш боюнча чыгарылган чечимди камтууга тийиш.
3. Администрациялык укук бузуу үчүн ушул Кодекстин 27 жана 48-статьяларында саналган администрациялык жаза чара көрүү жөнүндө маселени чечүүдө сот (судья) же орган (кызмат адамы) тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселе бир мезгилде чечилсе, анда иш боюнча токтомдо өндүрүлүүгө тийиш болгон зыяндын өлчөмү, анын ордун толтуруунун мөөнөтү жана тартиби көрсөтүлөт.
4. Иш боюнча токтомдо алынып коюлган буюмдар жана документтер, ошондой эле камакка алынган дагы башка мүлктөр жөнүндө маселе чечилүүгө тийиш.
5. Коллегиалдуу органдын токтому коллегиалдуу органдын заседаниеге катышып жаткан мүчөлөрүнүн добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
6. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго ишти карап жаткан кызмат адамы, ал эми коллегиалдуу органдын токтомуна төрагалык кылуучу жана катчы кол коет.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган учурларда администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколго жаза чара жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат.
8. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом, эгерде ага даттануу берилбесе, даттануунун мөөнөтү өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет. Даттануу же көрсөтүү берилген учурда токтом, эгерде ал жокко чыгарылбаса, иш ушул Кодекстин 508-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча жогору турган орган, кызмат адамы, судья же жогору турган сот тарабынан каралгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
(КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 июня 2004 года N 71 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
11.06.2004 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом
алынып салынды: 1.Администрациялык кошулду: 1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти караган сот (судья) же орган (кызмат адамы) … көрсөтүлөт.
4. Иш боюнча токтомдо алынып коюлган буюмдар жана алынып салынды: документтер кошулду: документтер, ошондой эле камакка алынган дагы башка мүлктөр жөнүндө маселе чечилүүгө тийиш.
5. Коллегиалдуу органдын токтому … турган сот тарабынан каралгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
кошулду: (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-589" title="589-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>