584-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароонун орду
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 41-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 апреля 2016 года № 39
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш ал жасалган, транспорт каражаты табылган, айып алынуучу атайын токтотмо жайга коюу же транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алып коюу жери боюнча, ал эми өзүнө карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамдын өтүнүчү боюнча иш бул адам жашаган жери боюнча же транспорт каражаты эсепте турган жери боюнча каралышы мүмкүн. Ушул Кодекстин 46-1-статьясында, 224-статьясынын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 228-статьясынын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьясында, 235-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө. 238-статьясынын биринчи-алтынчы, сегизинчи жана тогузунчу бөлүктөрүндө, 241-статьясынын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө, 242-244, 244-1, 248-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер транспорт каражаты айып алынуучу атайын токтотмо жайга коюлган же транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алып койгон жери боюнча каралат. Ушул Кодекстин 247-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жер боюнча каралат. Ушул Кодекстин 223, 224, 226-237, 239-242, 245, 246-1-248-статьяларында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгиленген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча каралат. Ушул Кодекстин 127, 130, 193, 365, 366-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жашаган жери боюнча каралат. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер балдардын иштери боюнча комиссиялар тарабынан укук бузуу жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан жашы жете электин жашаган жери боюнча каралат. Ушул Кодекстин 57-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 65-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 66, 66-9, 120, 132-139, 148, 179, 182, 184, 191-статьяларында, 220-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 221-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 282-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 367, 411, 488, 489, 505-14-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жашаган жери боюнча каралат. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 71 2005-жылдын 25-февралындагы №39, 2008-жылдын 4-августундагы № 185, 2011-жылдын 8-августундагы № 151, 2012-жылдын 16-июлундагы № 115, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2014-жылдын 26-июнундагы № 96, 2015-жылдын 21-июлундагы № 186, 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
584-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 апреля 2016 года № 39 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 июля 2015 года № 186 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2014 года № 96 "О внесении дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 июля 2012 года № 115 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2011 года № 151 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 августа 2008 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 февраля 2005 года №39 "О внесении дополнений и изменения в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 1 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
08.04.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…228-статьясынын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьясында, кошулду: 235-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө. 238-статьясынын биринчи-алтынчы, сегизинчи жана тогузунчу … № 142, 2014-жылдын 26-июнундагы № 96, 2015-жылдын 21-июлундагы № алынып салынды: 186 кошулду: 186, 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-584" title="584-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>