Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УӨ «Электр жана жылуулук энергиясына тарифтер женунде» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 июня 2014 года № 336 "О среднесрочной тарифной политике на электрическую и тепловую энергию на 2014-2017 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-06-17.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 20-апрели № 7 Электр жана жылуулук энергиясына тарифтер жөнундө
Туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
-акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергияга тарифтер (салыктарды кошпогондо); -"Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун керектөөчүлөрү жана "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун түзүмдүк бөлүмчөлөрү үчүн, ошондой эле "Кыргыз турак жай коммун союз" мамлекеттик ишканасынын, "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасынын жана башка ишканалардын от казандарынан жылуулук энергиясын жана ысык сууну алган калк үчүн жылуулук энергия жана ысык сууга тарифтер.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2010-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө:
-акыркы керектөочүлөр үчүн ушул токтомго ылайык электр жана жылуулук энергияга тарифтерди бекитсин; -ушул токтомдун 1-пунктунда аталбаган жылуулук энергия жана ысык суу берүучү башка от казан ишканалары боюнча жьшуулук энергияга жана ысык сууга тарифтерди бекитсин; -энергетика компанияларынын алынбай калган кирешелеринин көлөмүн эсептесин.
3.Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган электр, жылуулук энергияга жана ысык сууга болгон тарифтер 2010-жылдын 1-апрелинен тартып колдонулары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө:
-Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен бирдикте 2010-жылга республикалык бюджеттин эсебинен ушул токтомго ылайык тарифтердин төмөндөшү менен байланышкан энергетика компанияларынын алынбай калган кирешелерин компенсациялоо механизмин иштеп чыксын; -Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетин түзөтүү боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 699 "2010-2012-жылдар мезгилине электр жана жылуулук энергияга Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүу тарифтик саясаты жөнүндө" токтому кучун жоготгу деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басарына жуктөлсүн.
7. Бул токтом кол коюлган кундөн тартып кучунө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу вкметунун Тврагасы
Р. Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтунун 2010-жылдын 20- апрелиндеги УӨ № -7 токтому менен бекитилген
Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергияга тарифтер (салыктарды кошпогондо)
№ Керектөөчүлөрдүн тобу өлчөө бирдиги Тарифтер: 1 Калк тыйын/кВтс 70,0 2 Насос станциялары тыйын/кВтс 70,0 3 Токтогул районунун, Кара көл шаарынын жана Жазы-Кечүү айылынын калкы тыйын/кВтс 4,5 4 Токтогул районунун насос станциялары тыйын/кВтс 8,9 5 өнөр жай керектөөчүлөр тыйын/кВтс 132,7 6 Бюджеттик керектөөчүлөр тыйын/кВтс 132,7 7 Айыл чарба керектөөчүлөр тыйын/кВтс 132,7 8 Башка керектөөчүлөр тыйын/кВтс 132,7
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20- апрелиндеги УӨ №-7 токтому менен бекитилген
"Бишкек жылуулук тармагы" ачык акциоиердик коомунун Керектөөчүлөрү жана "Электр станциялары" ачык акциоинердик коомунун түзүмдүк бөлүмчөлөрү учун, ошондой эле "Кыргыз туракжай коммун союз" мамлекеттик ишканасынын, "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасынын жана башка ишканалардын от казандарынан жылуулук энергиясын жана ысык сууну алган калк үчүн жылуулук энергия жана ысык сууга тарифтер (салыктарды кошпогондо)
№ Керектөөчүлөрдүн тобу Өлчөө бирдиги Тарифтер 1 Жылуулук энергиясына тарифтер
1.1 Калк сом/ Гкал 715,0
1.2 Бюджеттик керектөөчүлөр сом/ Гкал 929,2
1.3 өнөр жай керектөөчүлөр сом/ Гкал 929,2
1.4 Башка керектөөчулөр сом/ Гкал 929,2
Ысык сууга тарифтер
2.1 Калк сом/м3 41,1
2.2 Бюджеттик керектөөчүлөр сом/м3 60,0
2.3 өнөр жай керектөөчүлөр сом/м 60,0
2.4 Башка керектөөчүлөр сом/м3 60,0
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (11)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы №202 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндөПостановление · 09.09.2010 · № 202
- 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча ПрограммаПрограмма · 30.04.2013 · № 218
- Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы 177 "2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 26.08.2010 · № 177
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2013 года № 241 "Об итогах аудита Счетной палатой Кыргызской Республики отчета об исполнении республиканского бюджета Кыргызской…Постановление · 06.05.2013 · № 241 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 336 "2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2014 · № 336 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 октября 2012 года № 726 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2013 год и прогнозе на…Постановление · 18.10.2012 · № 726 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 23-апрелинин №163 ТескемесиРаспоряжение · 23.04.2010 · № 163 · Күчүн жоготкон
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-апрелиндеги № 163 (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик…Распоряжение · 23.04.2010 · № 163-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №333 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 17.12.2010 · № 333 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы №699 "2010-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын электр жана жылуулук энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө"…Постановление · 12.11.2009 · № 699
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 336 "2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2014 · № 336 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56