Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга карата улуттук энергетика программасы жана отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясы жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 13-февралы № 47
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга
карата улуттук энергетика программасы жана
отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн
2025-жылга чейинки стратегиясы жөнүндө
Отун-энергетика комплексинин натыйжалуу иштешин камсыздоо жана
республиканын энергетика тармагын өнүктүрүү максатында, "Энергетика
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга карата улуттук энер-
гетика программасынын жана отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн
2025-жылга чейинки стратегиясынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга карата улуттук энер-
гетика программасынын жана отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн
2025-жылга чейинки стратегиясынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешине жактырууга жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-
ры министри Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга карата улуттук
энергетика программасынын жана отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн
2025-жылга чейинки стратегиясынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий
өкүлү болууга дайындалсын.
4. Күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-июлундагы № 353
"2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетикалык програм-
масынын долбоору жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-февралындагы №
71-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-июнундагы №
310-б буйругу.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө
тапшырылсын.
Премьер-министр И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 13-февралындагы
№ 47 токтому менен
жактырылган
Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга карата
улуттук энергетика программасы жана отун-энергетика
комплексин өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки
СТРАТЕГИЯСЫ
Кыргыз Республикасында энергетикалык ресурстардын запастары жетиштүү. Ошондой болсо да, отун-энергетика комплексинин (мындан ары -
ОЭК) потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү ишке ашырылбай, тармак айрым
финансылык-экономикалык кыйынчылыктарга учуроодо. Республиканын энергия
булактарын импорттоого көз карандылыгы, анын үлүшү жалпы керектелүүчү
энергиянын 50%ин түзөт, ОЭКтин жана экономиканын башка тармактарынын
абалына терс таасир тийгизүүдө.
ОЭКтин натыйжалуулугун арттыруу, энергетика тармагын техникалык
жактан кайра жабдуу жана энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга карата
улуттук энергетика программасын жана отун-энергетика комплексин
өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясын" (мындан ары - УЭК) иштеп
чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган.
ОЭК Кыргыз Республикасынын өлкөнүн ОЭК ишин жөнгө салуучу мыйзам-
дарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-февра-
лындагы № 71-б жана 2006-жылдын 10-июнундагы № 310-б буйруктарынын не-
гизинде иштелип чыкты жана өздүк энергетика базасын көтөрүүнүн негизин-
де керектөөчүлөрдү энергия менен толук жана ишенимдүү камсыздоону, ин-
новациялык технологияларды киргизүүнү, ОЭКтин ишинин натыйжалуулугун
орчундуу жогорулатууну жана сапаттык жањы абалга жеткирүүнү көздөйт.
УЭК мамлекеттин орто мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк энергетика сая-
сатынын максаттарын, милдеттерин жана негизги багыттарын аныктоочу жана
аны ишке ашыруунун механизмдерин белгилөөчү документ болуп эсептелет.
УЭКтин максаттык багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- УЭКтин натыйжалуу, коопсуз жана туруктуу иштеши үчүн жолдорду
илимий негиздөө жана шарттарды түзүү;
- рыноктук мамилелердин калыптануусундагы реалдуу шарттарда УЭК
субъекттеринин, керектөөчүлөрдүн жана мамлекеттин өз ара мамиле систе-
масын түзүү;
- өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө жана коомду социалдык
туруктуулуктун жолуна алып чыгуу үчүн шарттарды түзүүдө энергетиканын
ролун жана ордун дайындоо.
УЭКтин башкы максаттарын ишке ашыруу өлкөнүн ресурстук жана техно-
логиялык мүмкүндүктөрүн, долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүн болуучу
терс натыйжаларын, мамлекеттик бийлик органдарынын, финансылык жана
чарбалык структуралардын өз ара мамилелерине таасир этүүчү макроэконо-
микалык жана геосаясий факторлорду эске алуу менен экономиканын бардык
тармактарына байлаштырып ишке ашырылууга тийиш.
УЭКтин максаттарына жетүүнүн жана артыкчылыктуу милдеттерин ишке
ашыруунун башкы каражаты нормативдик укуктук базаны өркүндөтүүнүн неги-
зинде цивилизациялуу энергетикалык рынок түзүү жана анын субъекттеринин
экономикалык мамилелерин түзүү болуп эсептелет.
1. УЭКти стратегиялык өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана
мамлекеттик энергетика программасынын негиздери
Кыргыз Республикасынын экономикалык стратегиясынын эњ башкы артык-
чылыгы табигый отун-энергетикалык ресурстарды, ОЭКтин колдо болгон тех-
никалык, илимий жана кадрлык потенциалын өлкөнүн энергетикалык коопсуз-
дугун, экономиканын туруктуу өнүгүүсүн жана элдин жашоо-турмушунун са-
патын жогорулатууну камсыздоо үчүн сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдала-
нуу болуп эсептелет.
Артыкчылыктуу милдеттерди аткаруу орто мөөнөттүк жана узак
мөөнөттүк мамлекеттик энергетика саясатына негизделүүгө тийиш.
Орто мөөнөттүк энергетика саясатынын негизги максаты - ОЭКти (фи-
нансылык жактан жакшыртуу жана техникалык жактан кайра жабдуу.
2008-2010-жылдарга карата энергетика саясатынын негизги
түзүүчүлөрү болуп төмөнкүдөй биринчи кезектеги маселелер блогу болууга
тийиш:
- энергияны баарынан мурда ички керектөөчүлөргө ишенимдүү жана
үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо;
- керектүү институттук алкактарды жана нормативдик укуктук база
түзүү жолу менен башкаруу системасын түп-тамырынан реформалоо, ошондой
эле ОЭКте структуралык реформаларды аяктоо;
- энергетика компанияларынын чыныгы чыгымдарын жабууну камсыздоочу
жана керектөөчүлөрдү кайчылаш субсидиялоону болтурбоочу тењ салмактуу
тарифтик жана баа саясатын ишке ашырууну камсыздоо;
- энергиянын коромжулугун азайтууга жана уурдалышын болтурбоого
жетишүү;
- энергиянын альтернативдүү булактарынан алынчу энергиянын тармак-
тарына жеткиликтүүлүктүн жана сатуунун эрежелерин жана аларды субсидия-
лоонун механизмдерин иштеп чыгуу;
- ОЭКти финансылык жана корпоративдик башкарууну жакшыртуу, ком-
мерциялык жана финансылык тартипти жакшыртуу жана тармактын субъектте-
ринин рентабелдүүлүгүнө жетишүү;
- тармакты техникалык жактан кайра жабдуу программасын иштеп чы-
гуу;
- ОЭКти өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу шарттарын
өркүндөтүү;
- электр энергиясынын региондук рыногунда Кыргыз Республикасынын
атаандаштык артыкчылыгын өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашыруу;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер
менен макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди эске алуу менен энергетика-
лык натыйжалуулук жана энергияны үнөмдөө боюнча программаны иштеп чы-
гуу;
- импорттолчу энергиялык ресурстарга көз карандылыкты азайтуу жана
парник газдардын чыгарылышын кыскартуу максатында углеводород отунду
энергиянын жергиликтүү альтернативдүү булактарына алмаштыруу программа-
сын иштеп чыгуу;
- электр энергия секторунда квазифискалдык тартыштыктын (мындан
ары - КФТ) максаттык көрсөткүчүн жыл сайын ички дүњ продуктунун (мындан
ары - ИДП) 1-2%инче азайтуу максатында электр энергетикасындагы финан-
сылык абалга мониторингди камсыздоо.
Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүк мамлекеттик энергетика сая-
саты жарандардын жана чарбакер субъекттердин укуктарын жана мыйзамдуу
кызыкчылыктарын коргоого, мамлекеттин коргонуусун жана коопсуздугун
камсыздоого, мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкарууга, ОЭКтин сапат-
тык жањы абалына жетишүүгө багытталган жана мамлекеттин энергетиканы
өнүктүрүүнүн маанилүү стратегиялык багыттарын жана энергетика объектте-
рин менчиктештирүү боюнча аракеттеринин ырааттуулугу принциптеринде иш-
ке ашырылат.
Энергетика саясатын ишке ашыруунун башкы каражаты болуп мамлекет-
тик экономикалык жөнгө салуунун: баалык (тарифтик), салыктык, бажылык
жана монополияга каршы чаралардын комплекси кирет.
Мамлекет энергетика саясатын жүргүзүүдө өзүнүн жер казынасына жана
ОЭКтин активдерине менчик ээси катары укуктарын толук көлөмдө пайдала-
нууга, ошол эле учурда ОЭКтин система түзүүчү секторлорунда жана опур-
талдуулук жогору объекттеринде (гидроэнергетика ж.б.) иштиктүү мамле-
кеттик контролду сактоо менен мамлекеттик менчиктин реструктуралоого
тийиш.
Энергетикалык коопсуздук - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуз-
дугунун маанилүү курамдык бөлүгү, ал ишенимдүү отун-энергетикалык жаб-
дууну камсыздоого тийиш.
ОЭКте пайда болгон абал бул коркунучтар реалдуу экенин далилдеп
турат. Отун алуучу секторлордо орчундуу техникалык жана технологиялык
артта калуу бар, ал көмүр, нефть жана газ казып алуу кескин азайганы,
углеводород сырьену импорттоого туруктуу көз карандылык менен коштолуу-
да. Электрдик энергетикада генерациялоочу кубаттуулуктардын структура-
сында жана жайгашуусунда диспропорция, система түзүүчү электрдик тар-
мактардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн чектеген жана керектөөчүлөргө опуртал-
ды көбөйтүүчү жетишсиз өнүккөндүк байкалат. Абал электр энергиясы үчүн
төлөбөөгө жана уурдоого, тармактын натыйжасыз башкарылышына, ошондой
эле жылуулук жана энергия менен камсыздоонун учурдагы практикасына аль-
тернативанын жоктугуна байланышкан финансылык-экономикалык кризис менен
татаалдашууда.
Энергетикалык коопсуздук саясатынын максаты анын төмөнкүдөй негиз-
ги касиеттерин ырааттуу жакшыртуу болуп эсептелет:
- ОЭКтин тышкы жана ички керектөөнү тийиштүү сапаттагы жана алгы-
лыктуу баадагы энергия булактары менен экономикалык жактан негиздүү
ишенимдүү камсыздоого жарактуулугу;
- экономиканын керектөөчү секторунун коомдун өзүн энергия менен
камсыздоо үчүн сарамжалсыз чыгымдарга учуроосун болтурбастан энергия
ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жарактуулугу;
- энергетика секторунун тышкы жана ички экономикалык, техногендик
жана табигый коркунучтурга туруктуулугу, ошондой эле ар кандай
бүлүнтүүчү факторлордон улам болгон зыянды минималдаштырууга жарактуу-
лугу.
Энергетикалык коопсуздукту камсыздоонун эњ маанилүү принциптери
төмөнкүлөр болот:
- өлкөнүн экономикасын жана калкын кадимки шарттарда энергия менен
толук көлөмдө жана ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жаралуу корку-
нучу болгондо минимум керектүү көлөмдө камсыздоонун гарантиялуулугу жа-
на ишенимдүүлүгү;
- мамлекет жана жергиликтүү башкаруу органдары тараптан мамлекет-
тин коопсуздугун камсыздоочу объекттердин энергия менен ишенимдүү кам-
сыздалышын контролдоо;
- отундун жана энергиянын пайдаланылчу түрлөрүн диверсификациялоо;
- экологиялык коопсуздуктун, айлана-чөйрөнү коргоонун жана энерги-
янын кайра калыбына келүүчү булактарын (мындан ары - ЭККБ) пайдалануу-
нун талаптарын эске алуу;
- энергия ресурстарын сарамжалсыз пайдаланууну болтурбоо (энерге-
тикалык натыйжалуулук саясаты менен өз ара байланыш);
- тышкы жана ички рынокторго энергия ресурстарын бирдей берүүнү
жана экспорттун структурасын рационалдаштырууну камсыздоочу экономика-
лык шарттарды түзүү (баарыдан мурда салыктык жана бажылык чаралардын
эсебинен);
- атаандаштыкка жарактуу ата мекендик энергетикалык жабдууларды
түзүү жана өндүрүү, ОЭКке экологиялык коопсуз жана экономикалык натый-
жалуу технологияларды тартуу.
Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн ОЭКтин көп жагынан мо-
ралдык жана физикалык жактан эскирген технологиялык базасын модерниза-
циялоо жана анын иштеп чыгаруучу ресурстук базасын жањылоо, ошондой эле
отун-энергетикалык ресурстарды керектөөнүн жана жумшоонун структурасын
өзгөртүү зарыл. Мында гидроэнергетикалык ресурстарды жана энергиянын
кайра калыбына келүүчү булактарын пайдаланууну көбөйтүү каралууда.
Бюджеттин майнаптуулугунда мамлекеттик энергетика саясатынын не-
гизги принциптери төмөнкүдөй:
- энергетика секторунун уюмдарынан бюджетке тике киреше алууда
мамлекеттин керектүү божомолдук көлөмдөрдү аныктоосунун туруктуу келе-
чеги;
- мамлекеттик менчиктин (ОЭКтеги мамлекеттик активдердин) структу-
расы жана наркы өзгөргөндө учурдагы жана келечек натыйжаларды комп-
лекстүү баалоо;
- энергетика секторун капиталдаштыруунун өсүшүндөгү жана аны менен
камсыздалуучу бюджеттик түшүүлөрдүн көлөмүндөгү баланстуулук;
- мамлекеттик каражаттарды, ошондой эле мамлекеттин контролунда
ишке ашырылчу инвестицияларды пайдалануудагы ырааттуулук жана да-
ректүүлүк.
Мамлекеттик энергетика саясаты жана аны ишке ашыруунун механизмде-
ри социалдык багыттардын талаптарына ылайык болууга жана төмөнкүдөй не-
гизги принциптерде ишке ашырылууга тийиш:
- керектөөчүлөр үчүн энергия булактарынын бирден жеткиликтүүлүгүн
камсыздоо;
- баа реформасын жүргүзүүдө энергия булактарына баалардын (тариф-
тердин) керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүү дењгээлдеги паритетин кармоо;
- баалар (тарифтик ставкалар) кымбаттатылганда калктын аз камсыз
катмарлары үчүн даректүү колдоо көрсөтүү;
- ишканаларды реформалоодо (ишканаларды жабууда, санын кыскартуу-
да) ОЭКтин кызматкерлерин социалдык коргоону камсыздоо;
- калктын энергия объекттерин курууга байланыштуу зыяндарын Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык компенсациялоо.
2. Кыргыз Республикасынын ОЭК тармактарынын
абалы жана келечекте өнүктүрүүнүн негизги багыттары
2.1. Электр энергетика
ОЭКтин электр энергетика сектору (ЭЭС) структуралык жактан акция-
ларында мамлекеттин контролдук пакети бар жети, анын ичинде бир генера-
циялоочу ("Электр станциялары" ААК), бир электр берүүчү ("Кыргызстандын
улуттук электр тармагы" ААК), төрт электр бөлүштүрүүчү ("Түндүк электр"
ААК, "Чыгыш электр" ААК, "Ош электр" ААК жана "Жалалабат электр" ААК)
жана бир жылуулук тармактык акционердик коомдон ("Бишкектеплосеть"
ААК), ошондой эле жеке капиталдуу акционердик коомдордон - "Чакан ГЭС"
ААКдан, Быстровка жана Калинин ГЭСтеринен турат.
ЭЭСтин өндүрүштүк базасына суммалык белгиленген кубаттуулугу 3680
МВт 17 электр станция, анын ичинде 15 ГЭС (2950 МВт жана кубаттуулугу
эки ТЭЦ (730 МВт), чыњалуусу 0,4-500 кВ 70 мињ км ашык электр өткөрүү
линиялары кирет, анын ичинде 546 км - 500 кВ линия, 1714 км - 220 кВ
линия жана 4380 км - 110 кВ линия, ошондой эле чыњалуусу 35-500 кВ,
суммалык кубаттуулугу 8000 МВА ашык 490дой трансформатордук подстанция
бар.
Азыркы учурда өндүрүү, өткөрүү жана бөлүштүрүү системасы бар ЭЭС
электр энергиясын өндүрүүнүн туруктуу көлөмүн сактоо менен 2006-жылы
14,486 млрд. кВтс жана 2007-жылы 14,601 млрд. кВтс чейин дењгээлде
энергия өндүрүп, өлкөнүн электр энергияга жана Бишкек, Ош шаарларынын
борбордоштурулган жылытууга болгон керектөөсүн жалпысынан камсыздап жа-
тат.
ЭЭС улуттук экономиканын абалына жана өнүгүү келечегине аныктоочу
таасир этет; анын үлүшүнө ИДПнын 3,9%и жана өнөр жайлык өндүрүштүн
көлөмүнүн 16%и, республикалык бюджетке түшкөн кирешенин 10%и туура ке-
лет. Өнүккөн электр энергиялык тармак калктын дээрлик басымдуу
көпчүлүгүнүн электр энергияга жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Ошол эле
учурда республика калктын адам санына карата электр энергиясын пайдала-
нуу (1351 кВт.с) боюнча жалпы дүйнөлүк көрсөткүчтөн (бир адамга 2343
кВт/адам), ошондой эле коњшу мамлекеттерден артта турат: Казакстанда
(3312 кВт/адам), Тажикстанда (2172 кВт/адам) жана Өзбекстандан (1796
кВт/адам).
Кийинки жылдарда ички магистралдык электр тармактарын жана генера-
циялачу булактарды өнүктүрүүнүн эсебинен өлкөнүн энергетикалык көз ка-
ранды эместигин чыњдоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Электр энергиянын ком-
мерциялык эсебин алуу системасын техникалык жактан кайра жабдуу жана
өнүктүрүү боюнча электр кубаттуулугунун жана энергиянын дүњ рыногун
түзүүнү камсыздоочу орчундуу көлөмдөгү жумуштар аткарылды. Чарба
жүргүзүүнүн рыноктук методдоруна ыњгайлаштыруу максатында ЭЭСтин
өндүрүштүк структураларына функциялык негизде реформа жүргүзүлдү, ишка-
наларда акциялаштыруу жана айрымдарына менчиктештирүү жүргүзүлдү. Акци-
онердик коомдорду корпоративдик башкаруу функциясын Кыргыз Республика-
сынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүү
жана жөнгө салуучу органды - 2007-жылдан тартып Өнөр жай, энергетика
жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплек-
син жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент түзүү менен ЭЭСтин ишин
мамлекеттик жөнгө салуунун рычагдары, рыноктук экономикага тийиштүү
шарттар түзүлдү.
ЭЭСтеги өз ара мамилелерди жөнгө салуучу бир катар маанилүү мый-
замдык жана нормативдик укуктук актылар кабыл алынды, энергия үнөмдөө
саясатын ишке ашыруу үчүн нормативдик укуктук базаны түзүү башталды.
Бирок бул иштер жетишсиз болуп, тармак төмөнкүдөй кыйынчылыктарга
учурап жатат:
- 2001-жылы жүргүзүлгөн монополиялуу электрэнергиялык компанияны
функциялык негизде вертикаль-интеграциялуу реструктуралоо керектүү ры-
ноктук механизмдердин жана тийиштүү мыйзамдык базанын жоктугуна байла-
ныштуу күтүлгөн жакшы натыйжаларды берген жок;
- энергетикалык компаниялардын, айрыкча бөлүштүрүүчү компаниялар-
дын финансылык абалы кыйын бойдон калууда; керектелген энергия үчүн ко-
юлган эсептер боюнча акыларды чогултуу 2007-жылы 85,7%ти түздү; ке-
ректөөчүлөрдүн РЭКке дебитордук береселери 3528 млн. сомго жетти, бул
энергетикалык компаниялардын иштерин жана алардын башка субъекттер ме-
нен өз ара мамилелерин солгундатып, республиканын бюджетинин алдындагы
кредиттик жана салыктык милдеттенмелерди жөнгө салууда проблемаларды
жаратууда;
- бөлүштүрүүчү тармактарда электр энергиянын системадагы коромжу-
лугун азайтуу камсыздалбай жатат, бул кийинки жылдарда өндүрүлгөн
электр энергиянын 40% дењгээлинен туруктуу ашууда, мында бөлүштүрүүчү
компаниялар орчундуу чыгымга учуроодо, 2007-жылы коромжулуктар РЭКке
келген энергиянын 36,2%ин түзгөн;
- коммерциялык эсепке алуу системасына менеджментти жакшыртуу жана
механикалык жабдуу боюнча чечкиндүү чара көрүлбөйт, электр энергиясын
коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын (АСКУЭ)
түзүүгө жетиштүү көњүл бурулбайт;
- мамлекеттик органдар жана энергетикалык компаниялар энергетика-
лык рынокту түзүү жана рыноктук механизмдерди киргизүү боюнча максаттуу
жана ырааттуу иш жүргүзүшпөйт;
- абал электр энергиясына тарифтер арзандыгы менен татаалдашууда,
алар электр энергиясын өндүрүүгө, өткөрүүгө жана бөлүштүрүүгө кеткен
чыгымдарды жаппайт;
- электр энергиясынын реалдуу керектелишин эсепке алуунун жетик
эместиги жана "Электр станциялары" ААКны кайчылаш субсидиялоо практика-
сы энергетикалык тармакка инвестиция тартууну жана атаандаштыктын
өнүгүүсүн татаалдатууда;
- арзан тарифтер шартында электр энергиясын керектөө такай көбөйүп
жатканы бөлүштүрүүчү тармакка нагрузкаларга жана жабдуулар бузулушуна
алып келүүдө; электр энергиясын иштеп чыгаруу боюнча тартыштык 10 млн.
кВтс жакын, мында республиканын түндүгү боюнча эле - 200-300 МВт;
- кийинки 15 жылда тармакты модернизациялоо жана техникалык жактан
кайра жабдуу үчүн Кыргыз Республикасынын энергетикасын каржылоо көлөмү
такай азайып келгени менен мүнөздөлөт; азыркы учурда электр станцияла-
рынын жана тармактарынын негизги жабдууларынын эскириши 50%ке жетти;
- инвестиция жоктугунан мындан 15 жыл мурда башталган келечектик
генерациялоочу булактардын (Камбарата ГЭСтери, Бишкек шаарындагы ТЭЦ-2)
эмгиче бүтүрүлө элек;
- энергетикалык компаниялардын финансылык-экономикалык иштеринде
болуп жаткан стабилсиздик жалпы өлкөнүн макроэкономикалык коопсуздугуна
терс таасир тийгизүүдө;
- энергетикалык коопсуздукту бузган ички негизги себептер: финан-
сылык менеджменттин жана коммерциялык эсепке алууну прибордук камсыздо-
онун төмөн дењгээли; электр энергиясын уурдоолор; электр энергиясын ке-
ректөөчүлөрдө төлөм тартиби начарлыгы; жабдууларды калыбына келтирүү
жана реконструкциялоо үчүн чыгымдарды жабууга ишенимдүү финансылык бу-
лактардын жоктугу болууда;
- мамлекеттер аралык энергетикалык байланыштарды өнүктүрүү жана
өлкөнүн ЭЭСин Борбордук Азия (БРА) регионундагы мамлекеттердин түзүлүп
жаткан бириктирилген электрдик кубаттуулук рыногуна интеграциялоо тар-
магындагы саясатта тењ-салмактуулуктун жетишсиздиги региондо суу жана
злектр энергетикалык ресурстардын компромиссиз бөлүштүрүлүшүн камсызда-
бай жатат жана бул Кыргыз Республикасын электр энергиясын экспорттонун
региондук рыногунан сүрүп чыгарышы мүмкүн;
- жањы кубаттуулуктарды ишке киргизүү үчүн электр энергетикасына
инвестицияларды тартуу аракеттери мамлекеттик инвестициялар программа-
сынын алкагындагы чоњ эмес көлөмдөгү капиталдык салымдардан жана компа-
ниялардын өндүрүштү өнүктүрүүгө өздүк каражаттарынан башка каалагандай
натыйжа бербей жатат.
2025-жылга чейинки мезгилде электр энергетикасын өнүктүрүүнүн баш-
кы максаттары:
- Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жана энергия
ресурстары менен өзүн өзү камсыздоосун гарантиялай турган генерациялоо-
чу кубаттуулуктардын жана өткөрүүчү магистралдык электр тармактарынын
структурасын түзүү жана жайгаштыруу;
- экономиканын жана өлкөнүн калкынын ички керектөөлөрүн электрдик
жана жылуулук энергия менен ишенимдүү жабдууну камсыздоо;
- зарыл мыйзамдык жана нормативдик укуктук актыларды кабыл алуу
менен энергетикалык саясаттын жањы жоболоруна ылайык ЭЭСтерди рыноктук
экономиканын толук баалуу элементи катары реформалоону аяктоо;
- электрдик жана жылуулук энергияларды өндүрүүнүн, өткөрүүнүн жана
бөлүштүрүүнүн, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирдин негизги индикаторлорун
дүйнөлүк көрсөткүчтөргө жакын дењгээлге жеткирүү;
- жањы технологияларды пайдалануунун, башкаруунун автоматташтырыл-
ган системаларын киргизүүнүн жана күч келүү графиктерин оптималдуу
жөнгө салуунун негизинде ЭЭСтердин өндүрүштүк потенциалын модернизация-
лоо жана майнаптуулугун арттыруу;
- гидроэнергетикалык ресурстарды жана өлкөнүн көмүр кендерин пай-
далануунун базасында көбүнчө электр энергиясын экспорттоого жана энер-
гияны көп талап кылуучу ири өндүрүштөрдү электр менен камсыздоого ба-
гытталган, тармактын натыйжалуулугу жогорулашына жана Кыргыз Республи-
касынын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу генерациялоо-
чу кубаттуулуктардын жана өткөрүүчү линиялардын комплексин түзүү;
- ЕврАзЭстин алкагында жана эки тараптуу негизде электр энергети-
касы тармагында интеграциянын электр энергиясынын бирдиктүү атаандаштык
рыногун даярдоо жана түзүү боюнча мамлекеттер аралык процесстерине ак-
тивдүү катышуу.
ЭЭСте стратегиялык максаттарды ишке ашыруунун темптери жана ага
байланыштуу маселелерди чечүү жалпы өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү,
болгон инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, сектордо 2025-жылга чейин болуучу
диспропорцияларды жоюунун натыйжалуулугу жана энергетикадагы процесс-
тердин салыштырмалуу жогору инерциялуулугу жана капитал сыйымдуулугу
менен аныкталат.
Биринчи этапта (болжол менен 2008-2010-жылдар) структуралык рефор-
малар терењдетилет жана финансылык-экономикалык иште сектордун туруктуу
өнүгүүсүн калыптандыруучу рыноктук негиздер чыњдалат. Бул мезгил энер-
гия булактарына тењ салмактуу баалык жана тарифтик саясаттын
жүргүзүлүшү, чектелген инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, колдо бар
өндүрүштүк, технологиялык жана кадрлык потенциалды пайдалануу зарылдыгы
жана структуралык кайра куруунун салыштырмалуу жай темпи жана натыйжа-
луулуктун көрсөткүчтөрү жогорулашы менен мүнөздөлөт. Бул мезгилдин
ичинде жеке капиталдын катышуусунун эсебинен инвестиция тартуудагы жана
бөлүштүрүүчү энергиялык компанияларды башкаруучулук "ноу-хау" проблема-
лары негизинен чечилүүгө тийиш.
Кийинки жылдарда (2011-жылдан 2025-жылдарга чейин) акционердик
энергия компанияларында структуралык жана рыноктук реформалар аякташы
менен инвестициялык потенциал түзүү мүмкүндүгү жаралат, ал өндүрүштү
техникалык кайра жабдууга жана реконструкциялоого, ошондой эле секторду
өнүктүрүүгө жумшалат.
ЭЭСтердин өндүрүштүк базасын өнүктүрүү темптеринин кескин өзгөрүшү
тышкы ири инвесторлордун келиши менен байланыштуу болот жана биринчи
этапта да, кийинки мезгилдерде да болушу ыктымал.
2008-2010-жылдардагы мезгилде экономиканын ЭЭСтеги биринчи кезек-
теги милдеттери:
- энергетика секторунда башкаруу системасын ресформалоо, керектүү
институттук алкактарды жана нормативдик укуктук базаны түзүү, сектордо
структуралык реформаны аяктоо;
- энергетика компанияларынын электрдик жана жылуулук энергияларды
өндүрүүгө, өткөрүүгө жана бөлүштүрүүгө кеткен иш жүзүндөгү чыгымдарын
жабууну камсыздоочу, керектөөчүлөрдү кайчылаш субсидиялоону болтурбоочу
жана экономиканын реалдуу секторунун өнүгүшүнө шарт түзүүчү баланстуу
тарифтик саясат жүргүзүү; энергияны уурдоону жана коромжулугун болтур-
боочу иштиктүү чараларды иштеп чыгуу жана жүргүзүү;
- энергетика секторунун субъекттерин финансылык жана корпоративдик
башкарууну жакшыртуу, сектордо коммерциялык жана финансылык тартипти
күчөтүү жана тармактын субъекттеринин рентабелдүүлүгүнө жетишүү; энер-
гетикадагы квазифискалдык тартыштыкты жыл сайын ИДПга карат 1,3% азай-
туу жолу менен ЭЭСте финансылык абалды чыњдоо;
- АСКУЭ түзүүгө өтүү менен коммерциялык эсепке алуу системаларынын
менеджментин жана техникалык жабдылышын түп тамырынан бери жакшыртуу;
- 2009-жылдын аягына чейин пландаштырылган 3,5 млрд. көлөмдөгү
бюджеттик ассигнование бөлүү менен Камбарата ГЭС-2 курулушун бүтүрүү;
- чакан ГЭСтерди жана башка альтернативдүү энергия булактарын ку-
руу жолу менен электр энергиясын иштеп чыгаруу жана сатуу тармагында
атаандаш чөйрөнү камсыздоо менен толук мүмкүнчүлүктүү энергетикалык ры-
нокту түзүү;
- электр энергиясынын региондук экспорттук рыногунда Кыргызстандын
атаандаштык артыкчылыгын сактоо жана региондук энергетикалык ачык ры-
нокту түзүүнүн негизинде экспорттук потенциалды өнүктүрүү боюнча чара-
ларды көрүү;
- тармакты өнүктүрүүнүн илимий-техникалык негиздерин иштеп чыгуу
жана электр энергетикасынын келечектүү объекттеринин техникалык-эконо-
микалык негиздемелеринин (ТЭН) маалыматтык базасын түзүү;
- секторду өнүктүрүүгө жеке инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды
өркүндөтүү.
Азыр иштеп жаткан генерациялоочу кубаттуулуктарды реабилитациялоо,
биринчи кезекте, Бишкек ТЭЦ-1, Үчкоргон ГЭСин жана Атбашы ГЭСин реконс-
трукциялоо, 3,08 млрд. сом же 75 млн. АКШ долл. көлөмүндө инвестиция
тартуу жолу менен электр энергиясын иштеп чыгуунун көбөйтүлүшүн бул ма-
селелерди чечүүгө негиз катары эсептөө керек. 2008-2012-жылдар мезги-
линде белгиленген кубаттуулугу 360 МВт Камбарата ГЭС-2 куруу, 2009-жыл-
дын аягында биринчи агрегатын ишке киргизүү, 2012-2020-жылдарда Камба-
рата ГЭС-1 - 1900 МВг, 2010-2020-жылдарда ГЭСтердин Нарындын баш жагын-
дагы каскадын куруу, ошондой эле Бишкек ТЭЦинде кубаттуулукту жана
электр энергиясын иштеп чыгарууну көбөйтүү жолу менен Нарын дарыясынын
гидроэнергетикалык потенциалын өздөштүрүү каралууда. Белгиленип жаткан
объекттер, кубаттуулуктарды ишке киргизүүнүн жана электр энергиясын чы-
гара баштоонун белгиленген мөөнөттөрү 2.1 жана 2.2-таблицаларда берил-
ди. Мындан тышкары, болжолдонгон мезгилде чакан гидроэнергетика объект-
тери курулуп, алардын энергия иштеп чыгаруусу 85тен 1,6 млрд. кВтс че-
йин көбөйөт.
2.1-таблица
2025-жылга чейинки мезгилде
генерациялоочу булактрды ишке киргизүү
БОЖОМОЛУ
| Аталышы | Белг. | Куруу | 2009-ж. | 2015-ж. | 2020-ж. | 2025-ж. |
| кубаты | мөөнөтү | |||||
| МВт | (жылдар) | |||||
| Камбарата ГЭС | 1900 | 2013-2023 | 475 | 1425 | ||
| № 1, № 2 | ------ | ---------- | ------- | ------- | ------- | ------- |
| 360 | 2007-2011 | 120 | 240 | |||
| Жогорку-Нарын | 180 | 2012-2020 | 180 | |||
| ГЭСтер № 1, 2, 3 | ||||||
| Акбулуњ | 200 | 2016-2024 | 200 | |||
| Сары-Жаз ГЭСтери | 1200 | 2012-2025 | ||||
| Кара-Кече ТЭС | 1200 | 2016-2015 | ||||
| Бардыгы | 120 | 240 | 655 | 1625 |
2.2-таблица
Кыргыз Республикасында 2025-жылга чейинки
мезгилде иштеп жаткан жана келечектеги электр
станциялардын электр энергиясын иштеп чыгуусуна
БОЖОМОЛ
(млрд. кВт.с)
| 2000-ж. | 2005-ж. | 2006-ж. | 2010-ж. | 2015-ж. | 2020-ж. | 2025-ж. | |
| Жогорку Нарын | 13,557 | 13,88 | 13,642 | 12,294 | 14,547 | 14,547 | 14,547 |
| ГЭСтер | |||||||
| каскады | |||||||
| ТЭЦ | 1,164 | 1,367 | 0,890 | 1,077 | 2,350 | 2,350 | 2,350 |
| Чакан ГЭСтер | 0,0846 | 0,0846 | 0,18 | 0,78 | 1,1 | 1,6 | |
| Энергиянын | 0,015 | 0,015 | 0,02 | 0,025 | 0,03 | 0,045 | |
| кайра | |||||||
| калыбына | |||||||
| келчү | |||||||
| булактары | |||||||
| Камбарата ГЭС | 1,2 | 5,6 | |||||
| № 1 | |||||||
| № 2 | 0,7 | 1,1 | 1,1 | 1,1 | |||
| Жогорку Нарын | 0,75 | 0,75 | |||||
| № 1, 2, 3 | |||||||
| Ак-Булуњ | 0,75 | ||||||
| Бардык | 14,721 | 15,3466 | 14,6316 | 14,271 | 18,60 | 21,075 | 26,742 |
| чыгарылчу | |||||||
| энергия |
Инвестициялык шарттар жакшы болсо 2020-2025-жылдарга карата белги-
ленген суммалык кубаттуулугу 1200 МВт болгон Сары-Жаз ГЭСтерин курууга
мүмкүн. Энергия системасынын базалык кубаттуулугун күчтөндүрүү үчүн
альтернативдүү варианттар: кубаттуулугу 400 МВт Бишкек ТЭЦ-2 жана Ка-
ра-Кече көмүр кенинде кубаттуулугу 1200 МВт болгон жылуулук Каракече
жылуулук электр станциясын куруу болмокчу.
Келечекте кубаттуулук жана энергия берүү өлкөнүн 500 кВ
Түштүк-Түндүк энергия системасынын байланышын күчөтүү проблемасын
чечүүнүн эсебинен 220-500 кВ магистралдык электрдик тармактарды ти-
йиштүү өнүктүрүүнү талап кылат. Республиканын түндүгүнө электр энергия-
сын берүүнү көбөйтүү үчүн келечекте Камбарата ГЭСтеринин кубаттуулугуна
кошууга жана энергиясын берүүгө мүмкүндүк түзүүчү жањы 500 кВ азыктан-
дыруучу борбор - 500/220 кВ "Кемин" подстанциясын, 500 кВ Түндүк-Түштүк
ЛЭП куруу зарыл. Республиканын түштүгүнүн магистралдык электр тармакта-
рын өнүктүрүү жана коњшу өлкөлөргө энергиядан көз карандылыкты жоюу
үчүн 500/220 кВ "Датка" подстанциясын куруу белгиленип жатат. "Датка"
подстанциясын куруу менен жалпы узундугу 360 км болгон 220 кВ тармакты
реконструкциялоо белгиленүүдө. 2008-2010-жылдарда "Баткен облусун энер-
гия менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун аяктоо белгиленди (ЖвЛ-110 кВ
"Айгүлташ-Самат" подстанциясын куруу). Мындан тышкары Түштүк Азия
өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоо үчүн ЛЭП-500 кВ "Датка-Худжанд"
(Тажикстан) куруу зарыл.
Энергияны керектөөчүгө жеткирүү бөлүштүрүүчү тармактарды реконс-
трукциялоону жана жањыларын курууну талап кылат, бул үчүн биринчи ке-
зекте электр энергиясына акы төлөбөгөндүккө жана коромжулугуна байла-
ныштуу жаралган финансылык-экономикалык абалдан чыгууну камсыздоо за-
рыл. Бул жеке секторду жана инвестицияларды тартуу менен толук масштаб-
дуу реструктуралоо жана менчиктештирүү аркылуу бөлүштүрүүчү компания-
ларды тезинен оњоого арналган кечиктирилгис чараларды талап кылат, бул
натыйжада алардын иштеринде башкаруучулук потенциалдын дењгээли жана
натыйжалуулугу жогорулашына алып келүүгө тийиш.
2008-2010-жылдарга жана 2025-жылга чейинки электрдик баланстын
болжолдуу баасы (3.2-таблица) электр энергетикасын өнүктүрүүнүн белги-
ленген стратегиясы экономика тармактарынын энергия керектөөсүнүн келе-
чектеги өсүшүн жабууну камсыздаарын көрсөтүүдө, ал өлкөнү стратегиялык
өнүктүрүүнүн программасына ылайык келет жана тармактын экспорттук по-
тенциалын 2025-жылга карата 4,2 млрд. кВтс көлөмдө көбөйтүүгө мүмкүндүк
берет.
Өлкөнүн электр энергетикалык экспорттук потенциалын арттыруу реал-
дуу мүмкүн экенине жана келечекте Афганистанга жана Пакистанга Тажикс-
тандан жана Кыргыз Республикасынан электр энергиясын импорттоонун ин-
вестициялык долбоорун ишке ашыруу белгиленгенине байланыштуу "Электр
станциялары" ААК жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК бул
долбоорго катышуу боюнча конкреттүү чараларды көрүшү зарыл.
2.2. Көмүр өнөр жайы
Кыргыз Республикасында негизги 70 көмүр кенинин болжолдуу запасы
2,2 млрд. тоннадан ашат, ал эми баланстык запастар - 1317 млн. тонна.
Көмүр өнөр жайынын азыркы структурасында ачык типтеги акционердик
коом болуп эсептелген 23 көмүр компаниясы бар ("Көмүр" мамлекеттик иш-
канасынын башкаруусуна бириктирилген), ошондой эле күз-кыш мезгилдерде
көмүр казуу боюнча сезондук жумуштарды жүргүзүүчү 7 чакан ишкана бар,
алардын өндүрүштүк иштерин лицензиялык аянттын чегинде казуу иштерин
жүргүзүү укугуна лицензия берүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-
раштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик
жана Улуттук статистика комитети контролдойт.
Көмүр өнөр жайындагы эксплуатациялык жумуштардын убагында эњ көп
казууга 1979-жылы жетишилген - 4508 мињ т. 1980-жылдан баштап көмүр ка-
зуу бара-бара азая баштап, 1991-жылы 3148 мињ т. түшкөн. 1992-жылдан
тартып өндүрүш кескин төмөндөп, 1942 мињ тоннадан 2006-жылы 321,1 мињ
тоннага түшкөн, ал эми казуунун күтүлгөн көлөмү 2009-жылы 402,5 мињ т.
өсүүгө тийиш. Ошол эле убакта, 1991-2006-жылдарда көмүрдүн импортунун
көлөмү 3 эсе азайып, 2006-жылы 907,4 мињ тоннаны түзгөн.
Мындай абал көмүр ташууга чыгымдар көптүгү, казуу технологиясынын
артта калгандыгы, негизги өндүрүштүк фонддордун 95%ке жеткен абдан эс-
киргендиги, көмүргө суроо-талап азайып жаткан шартта көмүр компанияла-
рынын көпчүлүгүнүн майнапсыздыгы жана керектөөчүлөр өз убагында
төлөбөгөндүгү менен байланыштуу. Мындан 40-50 жыл мурда ачылган
көптөгөн көмүр шахталары жана разрездер дүйнөдө жалпы таанылган крите-
рийлер боюнча технологиялык эмес деп таанылган көмүр запастарын иштети-
шет (табы аз, тик, күлү көп ж.у.с). Шахталык фонд эскирген, пайдаланы-
лып жаткан жабдуулар негизинен бүгүнкү күндүн технологиялык талаптарына
ылайык эмес. Темир жол тарифтеринин кескин кымбатташы жана көмүргө су-
роо-талаптын азайышы көмүр казуу азайышына, аны өндүрүүгө жалпы чыгым-
дын көбөйүшүнө алып келди.
Көмүр өнөр жайындагы кризистин түпкү себеби майнаптуу менчик ээси
жоктугунда жана менеджмент дењгээли төмөндүгүндө.
Экономиканын тармактары жана калк үчүн көмүргө муктаждыкты казууну
2010-жылы - 460 мињ тоннага чейин көбөйтүп, 2025-жылга карата 1700 мињ
тоннага чейин жеткирүүнүн эсебинен камсыздоо белгиленип жатат. Кара-Ке-
че ТЭСи ишке киргизилсе көмүр казуу 2025-жылга карата 3 млн. тоннага
чейин жетет (3.3-таблица).
Көмүр өнөр жайын реформалоонун негизги максаттары төмөнкүдөй:
- атаандаштыкка жарактуу, алыскы келечекте өзүн өзү каржылоону
камсыздоочу көмүр ишканаларын түзүү;
- атаандаш көмүр рыногун түзүү;
- көмүр өнөр жайындагы эмгек шарттарын жана иштин коопсуздугун
жакшыртуу;
- көмүр казуучу региондорду социалдык-экономикалык жана экология-
лык жактан оњдоо.
Тармакты андан ары өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй шарттар бар:
- көмүрдүн өнөр жайлык запастары орчундуу;
- кендерди иштетүү үчүн даяр база бар;
- өндүрүштүк персонал бар;
- "Кара-Кече" кенинин көмүрүн пайдаланып жылуулук электр станция-
ларда электр энергиясын чыгарууну көбөйтүү;
- көмүрдү өндүрүштүк, коммуналдык керектөөлөр жана эл үчүн кенени-
рээк пайдалануу.
Көмүр казуу көлөмүн "Кара-Кече", "Беш-Бурхан", "Жыргалањ",
"Сүлүктү" жана "Таш-Көмүр" күрөњ көмүр ишканаларында ачык казуу ыкмасын
кењейтүүнүн эсебинен жетишүү белгиленүүдө.
Узак мөөнөттүк келечекте "Кара-Кече" разрезинин кубаттуулугун
1500дөн 3000 мињ тонна көмүргө чейин көбөйтүү курулушу белгиленип жат-
кан Кара-Кече ТЭСин отун менен камсыздоого, ошону менен республиканын
түндүгүн базалык электр энергиясы менен камсыздоого, Бишкек шаарынын
ТЭЦинде электрдик күч келүүнү азайтууга жана кымбат газ жана мазут им-
порттоону чектөөгө мүмкүндүк берет. Бул жумуштарды чет өлкөлүк инвести-
цияларды тартуу менен ишке ашырса болот.
Кубаттуулугу 1200 МВт Кара-Кече ТЭСин Нарын облусунун Жумгал райо-
нунда, Кабак күрөњ көмүр бассейнин иштетүүчү көмүр казуучу ишканалардын
жанына куруу пландалып жатат.
Кабак бассейнинде көмүрдүн толук чалгындалган запасы 279,3 млн.
тоннаны түзөт, анын ичинде ачык казуу үчүн "Кара-Кече" кенинде - 192,5
млн. тонна бар.
Кара-Кече ТЭСин камсыздоо жылына 2,5 млн. тоннадан кем эмес көмүр
казууну талап кылат. Калдыктарды төгүү, кендин чектеринде карьердик
жолдорду салуу жана селден-суудан тосуучу тосмолорду куруу, рекультива-
циялык жана жаратылышты коргоочу чараларды жүргүзүү маселелери
2015-жылга чейинки мезгилге карата көмүр өнөр жайын өнүктүрүү програм-
масынын алкагында чечилет. Ушуну менен катар эле азыркы учурда "Ка-
ра-Кече" кенин иштетип жатышкан көмүр ишканаларынын базасында бирдиктүү
көмүр казуучу ишкана түзүү маселеси каралып жатат. Көмүр казуучу ишка-
налар Нарын, Ысыккөл, Талас жана Чүй облустарынын элине, өнөр жай ишка-
наларына жана уюмдарына көмүр берүүгө тийиштигин эске алганда, казуунун
жалпы көлөмү жылына 3 млн. тоннадан кем болбоого тийиш.
Биринчи кезекте иштеп жаткан көмүр казуучу ишканаларда казууну
көбөйтүп, деталдуу чалгындоо жүргүзүлгөндөн кийин башка кендерди да иш-
тетүүгө киришүү пландалууда.
Кара-Кече ТЭСи толук өндүрүштүк кубаттуулугуна чыккан учурда көмүр
казуунун көлөмүн бөлүштүрүү төмөнкүдөй болмокчу: "Кара-Кече"" кени - 2
млн. тонна, "Мињ-Куш" кени - 900 мињ тонна, калган кендер - 300 мињ
тонна.
Кавак кенинде көмүр казуу көлөмүн көбөйтүү үчүн азыркы 39 км узун-
дуктагы "Дыйкан-Кара-Кече" автожолун, Арал айылынан Мињ-Куш поселогуна
чейинки 35 км жолду, ошондой эле поселоктордон ачык жумуштардын учас-
токторуна чейинки технологиялык баруучу жолдорду реконструкциялоо боюн-
ча жумуштарды аткаруу зарыл. Жумуштардын болжолдуу наркы - 139,43 млн.
сом (3,4 млн. АКШ долл).
2.3. Нефти-газ казуу өнөр жайы жана нефтигаз менен камсыздоо
Божомол баа берүүлөр боюнча боюнча Кыргыз Республикасында нефтинин
жана газдын чалгындала элек ресурстары 289 т.у.т. жакынды түзөт. Жала-
лабат, Ош жана Баткен облустарынын аймактарында 15 нефтигаз кендери
бар, аларда 11,6 млн. тонна нефтинин жана 4,9 млрд. куб.м газдын өнөр
жайлык запастары иштетилип жатат. Нефти жана табигый газ казуунун
көлөмдөрү көп эмес жана 1991-2007-жылдарда нефти боюнча 2,2 эсе жана
газ боюнча 6,4 эсе азайды.
Кыргыз Республикасынын нефти-газ тармагын "Кыргызнефтегаз" акцио-
нердик коому (мындан ары - "Кыргызнефтегаз" АК) камтыйт.
Бардык нефти-газ кендери 70 жыл мурда ачылган, иштетүүнүн акыркы
стадиясында турат жана дээрлик 70%и иштетилип бүткөн. Нефтинин калган
80% запасын казып алуу кыйын. Аларды иштетүү үчүн кошумча чыгым жана
атайын технологияларды талап кылак "Кыргызнефтегаз" АКнын эксплуатация-
лык скважиналар фонду негизинен 60-70-жылдардагы бургуланган скважина-
лардан куралган. 1992-жылы бургуланган эњ жањы нефти скважиналарынын
амортизациясы 30%ке жетип калды. Мына ушул факторлордун натыйжасында
казуу көлөмүнүн табигый азайышы жыл сайын 5 мињ тонна нефтини түзөт.
Казуунун көлөмү 1991-жылы 142,7 мињ тонна болсо, 2007-жылы 68,2 мињ
тоннага чейин азайган. Нефти казуунун андан ары азайышын токтотуу үчүн
күчөтүлгөн технологиялык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Жыл сайын 5ке че-
йин жањы скважинаны ишке киргизүү пландалууда, бул нефти казууда жањы
технологияларды пайдалануу менен катар нефти казуунун көлөмүн
көбөйтүүгө жана жылына 80 мињ тонна дењгээлде турукташтыруу менен
2010-жылдан кийин 95 мињ тоннага жеткирүү келечеги бар.
Табигый газды казып алуу дењгээли кендер иштетилип бүткөндүктөн,
жабдуулар эскиргендиктен, ошондой эле каржылоо жоктуктан азаюуда.
2006-жылы 19,4 млн. куб.м газ алынса, 2007-жылы - 14,9 млн. куб.м алын-
ган. Божомол боюнча 2010-жылга жана андан кийинки мезгилге карата жыл
сайын 25 млн. куб.м газ казып алуу пландаштырылып жатат.
Узак мөөнөттүк келечекте андан аркы өсүштү жањы кендерди чалгындо-
онун эсебинен гана көбөйтүүгө мүмкүн, алардын болжолдуу запастары Фер-
гана өрөөнүндө 109 млн. тонна шарттуу отун (мындан ары - т.у.т), Алай
өрөөнүндө - 50 млн. т.у.т., Нарын ойдуњунда - 75 млн. т.у.т., Ысыккөл
ойдуњунда - 25 млн. т.у.т., Чыгыш-Чүй ойдуњунда - 30 млн. т.у.т. бар.
2010-жылга чейинки мезгилге карата терењдетип казуу менен жањы эксплуа-
тациялык скважиналарды казуу белгиленген.
Нефти жана газ казып алууну пландаштырылган көлөмдөргө чейин
көбөйтүү үчүн 868,7 млн. сом керек. Бул жумуштарды чет өлкөлүк инвести-
цияларды тартуу менен аткаруу белгиленген, мында "Кыргызнефтегаз" АКнын
өздүк каражаттарынын эсебинен жыл сайын 120 млн. сом капиталдык салым
бөлүү белгиленген.
1991-2006-жылдарда нефтипродуктуларды жалпы пайдалануу 2,2 эсе
азайып, 2778 мињ тоннадан 1156 мињ тоннага түшкөн, бул мезгил ичинде
табигый газды пайдалануу 2,08 млрд. куб.метрден 648 млн. куб.м чейин,
же 3 эседен ашык азайган. Жалпысынан республиканын нефти продуктулар
жана табигый газ менен өзүн өзү камсыздоосу 5%тен ашпайт жана нефти
продуктуларды жана табигый газды тыштан алууга толугу менен көз каран-
ды.
Нефти иштетүү тармагында иш жүзүндө жалгыз эле "Кыргыз Петролеум
Компани" биргелешкен ишканасы (НПЗ) иштеп жатат, ал негизинен "Кыргыз-
нефтигаз" АК казып алуучу Кыргызстандын нефтисин заводдун өндүрүштүк
кубаттуулугун камсыздай албаган көлөмдө иштетет.
Кийинки үч жылда 84 мињ т бензин, 76,1 мињ тонна дизелдик отун жа-
на 122,8 мињ тонна мазут өндүрүлгөн, бензин өндүрүү жылына 4% жана ма-
зут өндүрүү 3% азаюуда. Дизелдик отун өндүрүү кыйла стабилдүүрөөк.
Нефти продуктуларды Кыргыз Республикасынын рыногунун керектөөлөрүн
камсыздагыдай туруктуу өндүрүш үчүн, импорттук сырье жана компоненттер
колдонулат, аларды алып келүүдө нефтиге, газконденсатка жана бензинге
акциздердин ставкасы жогору. Бул Кыргыз Республикасында нефти продукту-
ларды өндүрүүнү проблемалуу жана сапаты, баасы жагынан атаандаштыкка
жараксыз кылууда. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында
нефти-газдуу аянттарды геологиялык иликтөө үчүн 2007-жылдын 14-майында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ААКнын (Россия Федерация-
сы) ортосунда "Кыргыз Республикасында геологиялык чалгындоо жумуштарын
жүргүзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө" макулдашууга кол коюлган.
Азыркы учурда "Зарубежнефтегаз" ЖАКнын ("Газпром" ААКнын Кыргыз
Республикасындагы ыйгарым укуктуу өкүлү) тапшыруусу боюнча "Всероссийс-
кий научно-исследовательский институт "Газ" жоопкерчилиги чектелген ко-
ом Кыргыз Республикасында нефти жана газ боюнча келечектүү аянттардын
жер казынасын геологиялык иликтөөнүн техникалык-экономикалык баалоосун
жана геологиялык чалгындоо жумуштарынын этаптуу программасын даярдаган.
"Всероссийскпй научно-исследовательский институт "Газ"" жоопкерчилиги
чектелген коом тапшырган материалдарды изилдегенден кийин Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюн-
ча мамлекеттик агенттик "Газпром" ААКга "Көгарт" жана "Майлису IV" кен-
деринде геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүүгө лицензия берген.
Нефтигаз тармагындагы структуралык саясат көп жагынан жер казына-
сын пайдаланууну жөнгө салуу боюнча салык саясатын өркүндөтүүгө, нефти-
нин жана газдын жањы кендерин иштетүү жана казуу үчүн тике инвестиция-
ларды тартууга, республикадагы нефти иштетүүчү ишканаларды толук кубат-
туулугунда иштетүүгө байланыштуу. Нефти иштетүүдө "Кыргыз Петролиум
Компани" биргелешкен ишканасынын өндүрүшү 500 мињ т. чейин толук ишке
киришин жана "Восток" БИ жылына 180 мињ т. чейин продукция өндүрүүгө
жеткиришин камсыздоочу чаралар зарыл.
Газ менен камсыздоочу өнүктүрүү стратегиясы газ менен ишенимдүү
камсыздоо, өлкөнүн газ чарбасын мамлекеттен ажыратуу жана менчиктеш-
тирүү, газ өткөрүүчү тармактарды реконструкциялоо жана өнүктүрүү үчүн
шарттарды түзүүгө багытталат.
Кыргыз Республикасындагы керектөөчүлөргө жылына 500 млн куб.м та-
бигый газ берүү жана казакстандын табигый газын Чүй өрөөнүндө жайгашкан
транзит магистралдык газ өткөрүүчү түтүк аркылуу өткөрүү боюнча кызмат
көрсөтүүнү "Кыргызгаз" АК ишке ашырат. Республиканын түштүк бөлүгү ар-
кылуу өтүүчү газ өткөрүүчү түтүктөр аркылуу Өзбекстан Республикасынын
Фергана өрөөнүндөгү керектөөчүлөргө табигый газды транзит өткөрүү ишке
ашырылат. Түз келишимдер боюнча Кыргыз Республикасына 300 млн. куб.м
жакын табигый газ келет.
"Кыргызгаз" АК республиканын керектөөчүлөрүн табигый жана суюлтул-
ган газ менен камсыздоо боюнча милдеттердин комплексин аткаруучу таби-
гый монополист болуп эсептелет, ал 708,7 км магистралдык газ түтүктөрүн
(МГ); 590,8 км орто басымдагы газ түтүктөрүн; 1624,3 км аз басымдагы
газ түтүктөрдү; 13,9 км жогорку басымдагы газ түтүктөрдү; 203 газ
бөлүштүрүүчү пунктту (ГБП) жана 717 шкафтык газ бөлүштүрүүчү пункттарды
(ШГБП) эксплуатациялайт.
Өлкөнүн түндүгүндө азыр эксплуатацияланып жаткан магистралдык газ
түтүктүн бөлүгү 720 мм диаметр менен бир жана эки салаа болуп жасалган.
МГ эки салаа участогунун техникалык абалы начар болгондуктан иш жүзүндө
112 км газ түтүгүнүн бир салаасы гана эксплуатацияланууда. Магистралдык
газ түтүктөрдүн милдеттүү түрдө эки салаа болушу талап кылынган эксплу-
атация талаптарына ылайык бүткүл трасса боюнча экинчи өткөрүүчү түтүктү
төшөө жана абаттоо зарыл.
"Кыргызгаз" АКнын негизги активдери 30-35 жылдан бери эксплуатаци-
яланып келатат жана болушунча эскирген (70%тен ашык). Газ түтүктөрдүн
абалына анализ жана алардын бузулушунун мүнөзү алардын көпчүлүк бөлүгү
кайра калыбына келбестигин жана алмаштыруу зарылдыгын көрсөтүүдө. Газ
түтүктөрдүн техникалык абалынын төмөндүгү табигый газдын жыл сайын рес-
публикага келүүчү көлөмдүн 14-15%и коромжу болушуна алып келүүдө.
"Кыргызгаз" АКнын финансылык-экономикалык абалы табигый газ
берүүчүлөргө (Өзбекстан, Казакстан) дебитордук карызы, ошол эле учурда
"Электр станциялары" ААК, бюджеттик уюмдар жана калк тарабынан алуучу
кредитордук аласасы да көптүгү менен мүнөздөлөт. Ошондуктан магистрал-
дык газ түтүк, орто жана аз басымдагы бөлүштүрүүчү тармактар толук жак-
шы иштеши үчүн калыбына келтирүүгө каражаты жок, калыбына келтирүү үчүн
орчундуу инвестиция зарыл. Табигый газдын азыркы баасы жана анын такай
кымбаттап жатканы оњдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын толук көлөмдө
жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей жатат. Модернизация жана оњдоо-калыбына
келтирүү жумуштары, ошондой эле жабдууларды толук алмаштыруу үчүн ин-
вестициянын зарыл көлөмү 24,4 млрд. сомду (595 млн. АКШ долл.) түзөт.
Керектелген газга коммерциялык эсепке алууну уюштуруу максатында
газ эсептегичтер коюлуп жатат. Эсептегич менен биринчи кезекте табигый
газды баарынан көп керектеген категориялар жабдылууда, булар - борбор-
дук жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо жок жеке сектордогу үйлөр жа-
на көп квартиралуу үйлөр. Азыркы учурда республикада элдин 80%ине жакы-
нында эсептегичтер орнотулган.
Газ өткөрүүчү системада тезинен оњдоо-калыбына келтирүү жумуштарын
жана модернизация жүргүзүү, өлкөнүн аймагында газ өткөрүүчү жањы кубат-
туулуктарды түзүүгө каражаттарды инвестициялоо жана республиканын
түндүгүн газ менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоо үчүн Кыргыз Республи-
касынын аймагында жайгашкан Ташкент-Бишкек-Алматы (БГР-ТБА) Бухара газ-
дуу районунун магистралдык газ өткөргүчүнүн активдери "КырКазГаз" кыр-
гызстандык-казакстандык биргелешкен ишканага ишенимдүү башкарууга
өткөрүлгөн. Бул 2008-жылга чейинки мезгилде газ өткөрүүчү системаны оњ-
доо жана модернизациялоо үчүн "КазТрансГаз" АК тарабынан биргелешкен
ишканага 717,68 млн. сом (17,5 млн. АКШ долл.) суммада процентсиз ин-
вестициялардын келишин камсыздайт, алынган кредиттер 2008-2025-жылдар
ичинде кайтарылат.
"КазТрансГаз" АК биргелешкен ишканасынын долбоору менен кошо
"Газпром" ААК менен кызматташуу келечеги каралууда, Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү аны менен "Кыргыз Республикасынын нефти-газ келечектүү
аянттарында жер казынасын геологиялык изилдөөнүн жалпы принциптери
жөнүндө" макулдашууга кол коюп, анда Кыргыз Республикасына табигый газ
жана суюлтулган газ берүү боюнча кыргыз-россиялык биргелешкен ишкана
түзүү, ошондой эле "Кыргызнефтегаз" АКга 3280,8 млн. сом (80 млн. АКШ
долл.) акча каражат инвестициялоо мүмкүндүгү каралган. Кыргыз тараптан
биргелешкен ишкананын уставдык капиталына "Кыргызнефтегаз" АКнын акция-
ларынын мамлекеттик пакети түрүндө уюштуруучу салым же 82,02 млн. сом
(2 млн. АКШ долл.) суммада акча каражат салуу маселеси каралган.
Казак тарап түркмөнстандын жана өзбекстандын 10 млрд. куб.м газын
Алматы аркылуу иштеп жаткан магистралдык БГР-ТБА газ өткөргүчтөр менен
Кытай Эл Республикасына өткөрүү маселеси боюнча долбоорду даярдап жа-
тат. Газ өткөргүч Кыргыз Республикасынын түндүк аймагы аркылуу өтүп
калса Кыргызстан бул долбоорго катышып, транзит үчүн жылына 615,15 млн.
сом (15 млн. АКШ долл.) алууга мүмкүндүк алат.
"Кыргызгаз" АКнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бир ка-
тар иш-чараларды иштеп чыгып жана жүргүзүү зарыл, алар:
- ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестициялардын жана алдыњкы тех-
нологиялардын максимум көлөмүн тартуу үчүн шарттарды түзүү;
- калктын аз камсыз катмарларын энергия булактарынын баалары кым-
баттап жаткан шартта мамлекеттик коргоо программасы менен натыйжалуу
тарифтик саясатты иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу газ өткөргүчтөрдү куруунун
техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу; "Кыргызгаз" АКнын
тармактарын кайрадан жабдуунун стабилизациялык фондун түзүү.
Чалдовар ст. Чүй суусуна чейинки участокто магистралдык газ
өткөргүчтүн экинчи салаасын курууну бүтүрүү республиканын түндүгүндөгү
жана Казакстан Республикасынын түштүк облустарындагы керектөөчүлөргө
табигый газдын ишенимдүү берилишин жыл сайын транзиттен 135,34-143,54
млн. сом (3,3-3,5 млн. АКШ долл.) чейин суммада киреше алуу менен кам-
сыздайт; эл арасында да, өнөр жайлык керектөөчүлөр арасында да табигый
газ керектөөчүлөрдүн санын көбөйтүп, газ менен камсыздоо тармагын
кењейтет; техникалык прибордук каражаттарды такай жањыртуу жолу менен
эсепке алуу системасын өркүндөтөт. Айрыкча Кыргыз Республикасы аркылуу
Кытай Эл Республикасына магистралдык газ өткөргүч куруу долбоору келе-
чектүү боло алат, бул газдын транзити үчүн орчундуу валюта келишин кам-
сыздайт.
Табигый газ үчүн акылардын алынуу дењгээли бийик эместиги жана
Өзбекстандын табигый газ үчүн акы төлөөгө койгон катуу шарты оњдоо-ка-
лыбына келтирүү жумуштары үчүн, ошондой эле негизги өндүрүш каражаттар-
ды модернизациялоо үчүн "Кыргызгаз" АКнын каражаттарынын тартыштыгына
жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү чектелишине алып келүүдө. Ушуга байла-
ныштуу "Кыргызгаз" ААК магистралдык жана бөлүштүрүүчү газ өткөргүчтөрдү
алмаштыруу жана модернизациялоо, газ бөлүштүрүүчү станцияларды, өлчөөчү
түйүлдөрдү, газды жөнгө салуучу пункттарды жана калкты эсепке алуунун
заманбап приборлору менен жабдуу, көчмө лабораторияларды жана тек-
шерүүчү түзүлүштөрдү, ошондой эле башка приборлорду сатып алуу боюнча
бир катар инвестициялык долбоорлорду даярдап, аларды потенциалдуу ин-
весторлорго жиберген. Ал долбоорлор боюнча жалпы сумма 295,3 млн. сомду
(7,2 млн. АКШ долл.) түзөт.
Экономиканын газды экспортко алууга абдан көз карандылыгы айрыкча
айыл жеринде биогаздык жабдууларды кењири киргизүү жолу менен углеводо-
род эмес өз газыбызды алуу жана тийиштүү программа иштеп чыгуу маселе-
син коюуда.
2.4. Жылуулук менен камсыздоо
Жыл сайын республикада жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо мак-
сатында 2,5 млн. Гкал. ашык жылуулук энергиясы, анын ичинде "Электр
станциялары" ААК системасында иштеп чыгуунун жалпы көлөмүнүн 60%ине че-
йин иштеп чыгарылат. 2006-жылы жылуулук энергияны иштеп чыгаруу
1990-жылга салыштырганда 3,1 эсе азайып, 2,794 млн. Гкал. түзгөн жана
2007-жылы 2162 млн. Гкал чейин болгон, бул өнөр жайлык котельныйлар жа-
былышынан жана Бишкек шаарынын ТЭЦинде жылуулук жана электрдик кубатту-
улук азайышынан улам келип чыккан.
Жылуулук энергия иштеп чыгаруу үчүн жылуулук чыгаруучу бардык бу-
лактар 600 мињ т.у.т. жакын сарпташат, анын ичинде табигый газ - 53%,
көмүр - 29%, отундук мазут - 18%. Жылуулук керектөөнүн калыптанган
структурасында 80%ке жакыны дүйнөлүк бааларга жакын баада сатып алынчу
импорт отун болгондуктан анын чыгымы көп жана экономикалык жактан өзүн
актабайт.
Азыркы учурда борбордоштурулган жылуулук менен камсыздоо республи-
канын 4 шаарында бар, Бишкек ш. боюнча турак жай фондунун 85%и, Ош ш.
боюнча - 35-40%и, Кызыл-Кыяда - 60%и жана Караколдо - 26%.
Шаардык жылытуу тармактары жылытуучу кубаттуулуктар менен парал-
лель курулуп жана ишке киргизилген, азыркы учурда өткөргүч түтүктөрдүн
көпчүлүгү нормативдик мөөнөтүн иштеп бүткөн жана алмаштырууга муктаж.
Алардын эскириши иштин ишеничтүүлүгү азайышына алып келип, тармакта жы-
луулуктун жана ысык суунун коромжулуктары болууда.
Өнөр жайда, коммуналдык-тиричиликтик сектордо жана элде жылуулук
энергияны керектөө структурасынын өзгөрүшү керектөөчүлөрдүн саны азайы-
шынан, ошондой эле жылуулук энергияга тарифтердин кымбаттаганда алардын
айрымдары электр энергиясына өтүшүнөн улам болду.
Жылуулук энергияны (негизинен жылытууга) жылуулук берүүчү станция-
лардын тышкары ведомстволук котельныйлар жана өнөр жай ишканаларынын
котельныйлары, ошондой эле 6 облустук башкарма структурасына кирген
Кыргызжилкоммунсоюз башкармасынын котельныйлары иштеп чыгарат.
Котельныйлар иштеп чыгаруучу 1 Гкал жылуулук энергиянын өздүк нар-
кы 800-1000 сом тегерегинде (отундун түрүнө жараша). Жылуулук энергияга
сатык баанын арзандыгы менен аны иштеп чыгарууга чыгымдын көптүгүнүн
ортосундагы айырма Кыргызжилкоммунсоюздун котельныйлары үчүн мамлекет
тарабынан дотациялар менен жабылат.
Жылуулук энергияны иштеп чыгарууда электр котельныйлар орчундуу
орунду ээлешет (3000ге жакын), алардын суммалык жылытуу кубаттуулугу
4200 гкал/саат, бул Бишкек-1 ТЭЦтин жылытуу кубатынан 3,5 эсе көп.
Электр котельныйда жылуулук энергияны иштеп чыгууга орточо өздүк нарк
700-800 сом/Гкал түзөт.
Өз убагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган электр ко-
тельныйларды жергиликтүү органикалык отунга которуу жөнүндө чечим эрте
жана экономикалык жактан жетиштүү негизделбеген болуп чыкты, анткени
керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздоодогу татаалдыктар жана жерги-
ликтүү көмүр өнөр жайында өндүрүштүн төмөндөөсү эске алынган эмес.
Жылуулук энергиясына азыркы тарифтер аны иштеп чыгарууга иш
жүзүндөгү чыгымдан 2-4 эсе аз. Негизги жабдуучу "Электр станциялары"
ААК элдин жылуулук энергияны керектөөсүндөгү чыгымдарды электр энергия-
сын экспортко чыгаруудан алынган кирешелерди кайчылаш субсидиялоонун
жана айрым бөлүгүн бюджеттик каражаттын эсебинен жабат.
Республиканын котельный чарбасы жылуулук энергияны эсепке алуунун
приборлору менен жетиштүү камсыздалган эмес. Жылуулук энергияны эсепке
алуу жылуулук энергиянын керектелиши боюнча жана аны өндүрүүгө кеткен
отундун саны боюнча эсептөө жолу менен чыгарылат, бул чоњ айырмаларга
алып келет. Жылуулук энергияны эсепке алуу приборлору менен камсыздык
20%тен ашпайт, бул өнөр жайы өнүккөн өлкөлөргө караганда бир нече эсе
аз. "Бишкектеплосеть" ААКда гана керектөөчүлөрдө жылуулук энергияны
эсепке алуучу приборлорду орнотуу боюнча пландуу иш, ошондой эле эскир-
ген приборлорду жањыраактарына алмаштыруу жүргүзүлүүдө.
Жылытууга арналган жылуулук энергиянын жана ысык суунун наркы кым-
батташы керектөөчүлөрдүн 80%ке жакыны (негизинен калк жана бюджеттик
уюмдар) төлөөгө жөндөмсүз болушуна алып келди. Жылуулук энергияны ке-
ректөөчүлөрдүн көбү мунун натыйжасында кышында жылытуудан баш тартышып,
бул борбордоштурулган жылытуу системасын өзгөртүп жөнгө салууга алып
келүүдө.
Кырдаалды татаалдаткан олуттуу факторлордун бири энергиялык ре-
сурстарды региондор боюнча тењ салмаксыз пайдалануу болуп эсептелет
(мисалы, жергиликтүү арзан көмүр бар жерлерде электр менен жылытууну
киргизүү). Эгер рынокко өтүү мезгилинде (1990-1995-жылдар) электр энер-
гиясын кењири пайдалануу өзүн актаса, азыр андай ыкма техникалык жактан
да, экономикалык жактан да максатка ылайыксыз, анткени электр энергия-
сынын эсебинен жылуулук алуу органикалык отун пайдаланганга караганда
бир нече эсе кымбатка түшөт жана республикада электр энергиясынын тар-
тыштыгына алып келет.
Кыргыз Республикасында жылуулук менен камсыздоо чоњ социалдык маа-
ниге ээ. Элди жана башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздоодогу
бардык үзгүлтүктөр өлкөнүн экономикасына терс таасир тийгизет жана со-
циалдык чыњалууну күчөтөт.
Республикада жылуулук энергияны өндүрүүнүн 2005-жылга карата бол-
жолдуу өсүшү: 2010-жылы - 9-13% жана 2020-жылы -22-34% болот. Мында жы-
луулук энергияны реалдуу керектөө коромжулуктарды азайтуунун жана энер-
гетиканын бул секторунда энергия үнөмдөөнүн жогорку потенциалынын эсе-
бинен 1,4-1,5 эсе көбөйүшү белгиленүүдө.
Бул максаттарга жетишүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- жылуулук менен камсыздоо системасынын ишенимдүү иштешин камсыз-
доочу уюштуруучу жана экономикалык механизмдерди аныктоо менен регион-
дор үчүн жылуулук менен камсыздоону башкаруу системасын түзүү;
- жылуулук менен камсыздоодо нормативдик укуктук базаны кењейтүү.
Мында шаарларды жана калктуу конуштарды электр, газ жана жылуулук менен
камсыздоонун комплекстүү жањы генералдык пландарын түзүүнүн жана ишке
ашыруунун уюштуруу-укуктук жана экономикалык механизмдери энергия ре-
сурстарынын оптималдуу структурасын, жылуулук менен камсыздоону борбор-
доштуруунун жана жылуулаштыруунун даражасын эске алып түзүлүүгө тийиш;
- жылуулукту иштеп чыгууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдардын жабылы-
шын камсыздоочу тарифтик саясатты иштеп чыгуу жана жылуулук энергияга
тарифтердин жањы системасын керектөө көлөмүнө, жыл мезгилине, максимум
күч келүүчү сааттарда пайдаланылышына жараша дифференциялуу тарифтерди
киргизүү менен, жылуулуктун үнөмдүү эмес булактарын кайчылаш субсидия-
лоону болтурбоо максатында жогорку рентабелдүү булактардын эсебинен ша-
арлар боюнча (балким, бөлөк булактар боюнча да) өз-өзүнчө этаптуу кир-
гизүү;
- жылуулук менен камсыздоого жумшалуучу энергия ресурстарынын ре-
алдуу чыгымдалышын аныктоо үчүн информациялык-аналитикалык маалымат ба-
засын түзүү жана шаарларда, региондордо жана жалпы өлкөдө жылуулук ме-
нен камсыздоону өнүктүрүү багыттарын корректировкалоо;
- тармактын энергиялык майнаптуулугун жогорулатууну жана техника-
лык модернизациялоону камсыздоо.
Аталган маселелерди төмөндөгү иш-чараларды ийгиликтүү жүргүзүү ме-
нен чечүүгө болот:
- суроо-талапты, жылуулук энергиянын өздүк наркынын жана аны
өткөрүүнүн, чарба жүргүзүүнүн рыноктук шарттарынын жана энергия ке-
ректөөчүлөрдүн менчиктик структурасынын өзгөрүшүн эске алуу менен жылу-
улук менен камсыздоо системаларынын борбордоштуруу дењгээлин оптимал-
даштыруу (ТЭЦ, чакан ТЭЦ, борбордук жана райондук котельныйлар);
- жылуулук менен камсыздоо системасынын схемаларын жана жабдуула-
рын өркүндөтүү (атап айтканда жылуулук трассаларда изоляцияланган за-
манбап түтүктөргө бардык жерлерде өтүү);
- жылытуу системаларында бардык жерлерде автоматтык жана кол менен
жөнгө салуу системаларын киргизүү, аларды өлчөөчү жана жөнгө салуучу
приборлор жана арматуралык аппаратура менен жабдуу;
- жалпы эле жылуулук менен камсыздоо системасынын чыгымдарын азай-
туунун, жеке инвестицияларды тартуунун эсебинен энергия булактарынын
жана жылытуу тармактарынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- жылуулук энергияга суроо-талапты керектөөчүлөрдүн (жылуулукту
берүүчүлөрдүн эмес) күч-каражаттары менен башкарууну камсыздоо, ал үчүн
ар кыл булактардан тармакка чыгарылышы (берилиши) мүмкүн болгон жылуу-
лук энергиянын берилишин сандык жана сандык-сапаттык жөнгө салууну кир-
гизүү менен түпкү керектөөчүлөрдү тармакка кошулуунун көз каранды эмес
схемаларына - этаптуу өткөрүү менен жылытуу пункттарында автоматтык
жөнгө салуу системаларын жапырт киргизүү керек;
- жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларында күн энерги-
ясын кењири пайдалануу;
- рыноктук мамилелерди өнүктүрүү жана менчиктин структурасын
өзгөртүү, бул жылуулук энергияны өндүрүү структурасына децентралдашты-
руу жана акционердик энергия компанияларына көз карандылыкты азайтуу
багытында таасир этет.
Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону өнүктүрүү Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 токтому менен бе-
китилген "2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы
жөнүндө" токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 27-апрелиндеги № 300 "Кыргыз Республикасынын борбордук жы-
луулук менен жабдуу тармагында Структуралык кайра түзүүлөргө дүйнөлүк
банктын (СSАС) бириктирилген кредитин андан ары ишке ашыруу боюнча ара-
кеттердин планы жөнүндө токтомуна ылайык ишке ашырылууга тийиш.
2.5. Энергиянын салттуу эмес, кайра калыбына келүүчү булактары
жана чакан ГЭСтер
Кыргыз Республикасында углеводород сырьену өзүбүздө казып алуунун
азайышы, энергия булактарынын импорту чектелиши жана бааларынын кымбат-
ташы энергиянын салттуу эмес, кайра калыбына келүүчү булактарын (ЭККБ)
жана чакан ГЭСтерди өнүктүрүүгө ыњгайлуу шарттарды түзүүдө.
Техниканын жана технологиялардын азыркы өнүккөн дењгээлинде рес-
публиканын ЭККБнын реалдуу болуучу потенциалдуу энергиялык ресурстары
жылына 840 млн. т.у.т. түзөт. Азыркы учурда ЭККБны практикалык пайдала-
нуу анча эмес жана өлкөнүн энергия балансында 0,17%ти гана түзөт.
Практикада кењири пайдалануу үчүн күн радиациясынын жана биогаз
технологиялардын эсебинен, ошондой эле шамалдын, майда өзөндөрдүн жана
күндүк фотоэлектрдик станциялардын энергиясын пайдалануунун негизинде
жылуулук менен камсыздоо боюнча иштеп чыгуулар кењири пайдаланууга тех-
никалык жактан кыйла даяр.
Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү да чакан ГЭСтерди калыбына кел-
тирүү жана куруу жолу менен ишке ашырылууга тийиш. Республиканын айма-
гында изилденген, суунун жүрүшү 0,5 тен 50 куб. м/с чейинки 172 дарыя-
нын жана өзөндөрдүн жалпы гидроэнергетикалык потенциалы жылына 80 млрд.
кВт.с ашат, анын ичинен өздөштүрүү үчүн техникалык жактан алгылыктуула-
ры жылына 5-8 млрд. кВтс түзөт.
Адистердин сунушу боюнча азыр эле суммалык кубаттуулугу 178 МВт
жана жылына орточо 1,0 млрд. кВтс электр энергиясын иштеп чыгаруучу 92
жањы чакан ГЭС курууга мүмкүндүк бар. Мурдагы 39 чакан ГЭСти калыбына
келтирүүгө болот, алардын жалпы кубаттуулугу 22 МВт болот жана жылына
орточо 100 млн. кВтч электр энергиясын чыгарууга жетет. Мындан тышкары
ирригациялык суу сактагычтарда белгиленген кубаттуулугу 75 МВт жана жы-
лына орто эсеп менен 220 млн. кВтс жакын электр энергиясын чыгаруучу 7
ГЭС куруу боюнча сунуштар иштелип чыккан.
Ал станциялар гидрографикалык тармагы өнүккөн, электр өткөрүүчү
ири линияларды куруунун экономикалык жактан натыйжасыз болгон тоолуу
жана айыл жерлердеги чачыранды объекттерди электр энергиясы менен кам-
сыздоо үчүн өзгөчө маанилүү.
Жањы чакан ГЭСтерди курууга дүњ чыгымдар көбүнчө станциянын жана
жабдууларды жасоочулардын жайгашкан ордуна жараша болот жана 32,8-61,5
мињ сомду (800-1500 АКШ долл.) түзөт. Кайра калыбына келтирилчү чакан
ГЭСтерде электр энергиясын иштеп чыгаруунун өздүк наркы 8,1-28,1 ты-
йын/кВтс, ал эми ирригациялык суу сактагычтарда жањы курулчу чакан ГЭС-
терде 22-44,9 тыйын/кВтс түзүшү мүмкүн. Эсептөөлөр боюнча эксплуатация-
лык көрсөткүчтөрү майнаптуу чакан ГЭСтин өзүн актоо мөөнөтү электр
энергиясынын тарифи 41-62 тыйын/кВтс чегинде болсо 7-10 жыл, бул потен-
циалдуу инвесторлорду кызыктырбайт. ЭККБ үчүн өзүн актоо мөөнөтүн кыс-
картуучу жањы тарифтик саясат жүргүзүү зарыл, бул чакан ГЭСтердин ин-
вестициялык кызыктуулугун арттырууга мүмкүндүк берет.
Унификацияланган долбоорлорду пайдалануу жана бир типтеги жабдууга
сериялуу заказ берүү, ошондой эле жергиликтүү курулуш уюмдарын тартуу
чакан ГЭСтердин экономикалык натыйжалуулугун арттыруу жолдорунун бири
боло алат.
Кыргыз Республикасында чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн эконо-
микалык жана техникалык жактардан негизделген масштабдарын белгилөө
үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1. Кыргыз Республикасынын "Энергиянын кайра калыбына келүүчү бу-
лактарын пайдалануу жөнүндө" Мыйзамын кабыл алуу".
2. ЭККБны жана чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү фондун түзүү.
3. ЭККБны пайдалануунун жана чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн
улуттук илимий-техникалык программасын иштеп чыгуу, ага мамлекеттик
колдоо.
Республиканын чакан гидроэнергетикасын өнүктүрүү боюнча белгилен-
ген чараларды ишке ашырууга технологиялык линиялары сакталып калган,
чакан ГЭСтер үчүн электротехникалык жабдууларды жана материалдарды,
комплектилик тетиктерди жасоого болуучу жергиликтүү өндүрүштүк ишкана-
ларды тартуу, ошондой эле тике инвестицияларды жана эл аралык финансы-
лык институттардын гранттарын тартуу зарыл.
Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү энергия системасына күч келүүнү
азайтат, электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү процессин сапаттуу
жана ишенимдүү башкаруу үчүн шарттарды түзөт, ошондой эле айыл чарбалык
ишканаларды жана насостук станцияларды электр энергиясы менен камсыз-
дайт.
3. Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга
карата жана 2025-жылга чейинки узак мөөнөттүү
келечектеги отун-энергетикалык балансы
Отун-энергетикалык баланстын структурасы өз мамлекетибизди курууну
жана рыноктук экономикага өтүүнү коштогон процесстердин таасири астында
болуп өттү (3.1-сүрөт).
3.1-сүрөт. 1990-2006-жылдардагы мезгилде отун-энергетикалык
ресурстардын 1990-жылга салыштырмалуу керектелиши
Келечекте ички керектөөчүлөрдү энергия менен ишеничтүү жана
үзгүлтүксүз жабдуу энергетикалык өндүрүштүн капитал сыйымдуулугун жана
инерциялуулугун жана өлкөнүн орто жана узак мөөнөттүк келечекке карата
социалдык-экономикалык өнүгүү тенденцияларын эске алуу менен энергия
булактарына суроо-талаптын божомолун жана алардын өндүрүш көлөмдөрү бо-
юнча баланстуулугун талап кылат.
Энергия булактарына керектөөнүн божомолун иштеп чыгууда ресурстук
саясаттын абдан маанилүү принциптерине төмөнкүлөр киргизилди:
- органикалык энергия булактарын энергиянын кайра калыбына келүүчү
булактарына (ГЭС жана ЭККБ) алмаштыруунун эсебинен углеводород отундун
импортун азайтуу;
- 2010-жылга карата энергия үнөмдөөнүн активдүү саясатын
жүргүзүүнүн негизинде энергия керектөөнүн өсүш темпин 10% дењгээлде
кармоо жана кийин бул көрсөткүчтү узак мөөнөттүк келечекте энергия
үнөмдөөнүн колдо болгон потенциалынын 45-50% дењгээлде бааланып жаткан
дењгээлине чейин оњдоо;
- энергия ресурстарын керектөөнүн өсүш темптерин 2010-2025-жылдар-
га карата ИДПнын өсүш темпинин 0,5-0,4 дењгээлинде камсыздоо;
- бааларды, тарифтерди оптималдуу жөнгө салуунун жана энергия ре-
сурстарынын рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизинде ички рынокто
энергия булактарын диверсификациялоо.
3.1. 2008-2010-жылдарга жана 2025-жылга чейинки узак мөөнөттүк
келечекке карата энергия булактарына суроо-талаптын божомолу
Энергия булактарына суроо-талаптын божомолу Кыргыз Республикасынын
экономикалык өнүктүрүүнүн кабыл алынган программалык документтеринин
негизинде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин
отчеттук маалыматтарынын негизинде макроэкономикалык индикаторлордун,
энергия керектөөнүн тенденцияларынын жана импорттолчу энергия булакта-
рына (табигый газга жана нефти продуктуларга) баалардын өсүшүнүн аларга
таасирине божомолдун жана ресурстук саясаттын принциптеринин негизинде
ишке ашырылган (3.2-таблица).
УЭПте төмөнкүдөй мезгилдерде өлкөнүн жылдык орточо өсүш темпине
жараша отун-энергетикалык ресурстарга керектөө өсүшүнүн 2 сценарийи ка-
ралды:
- 2008-2010-жылдардагы мезгилге карата - Өлкөнү өнүктүрүүнүн
2О10-жылга чейинки стратегиясына ылайык 108,1% (мындан ары - СРС);
- Экономикалык стратегиялар борборунун (мындан ары - ЭСБ) божомо-
луна ылайык Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода
министрлиги: 2011-2014-жылдарга карата мезгилге - 106% , 2015-2020-жыл-
дар - (I сценарий боюнча 103%, II сценарий боюнча - 104%),
2021-2025-жылдар - (I сценарий боюнча 103%, II сценарий боюнча - 104%).
Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана энергия керектөөнүн тен-
денцияларына анализ 1990-2006-жылдардагы отчеттук мезгилде ИДПнын
2006-жылдагы 82% реалдуу өсүш темпинде (1990-жылдагы баалар боюнча)
дењгээлине карата жана энергия керектөөнүн 45% темпинде ИДПдагы энергия
сыйымдуулук 2006-жылы 55%, энергия керектөө 37%ке чейин азайган. Адам
башына электр керектөө 1990-жылдын дењгээлине карата 105% көбөйгөн, бул
углеводород отунду диверсификациялоо процессин билдирет, анткени алар-
дын 85%и коњшу мамлекеттерден импорттолот.
Биринчи жана экинчи сценарий боюнча энергия ресурстарын керектөө
божомолу 3.1-таблицада көрсөтүлдү, анын негизинде республиканын
отун-энергетика балансынын божомолу иштелип чыкты.
3.2. Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга карата жана
2025-жылга чейинки келечектеги отун-энергетика балансы
Келечекте отун-энергетика балансын калыптандырууга негиз (мындан
ары - ОЭБ) электрдик баланс, көмүр балансы, табигый газ балансы, нефти
жана нефти продуктулар балансы эсептелет.
Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга карата жана 2025-жылга
чейинки мезгилдеги электр балансынын божомолуна ылайык биринчи сценарий
боюнча (3.2-таблица) төмөнкүлөр күтүлөт:
- кийинки жылдардагы климаттык шарттарга жана кургакчылыкка байла-
ныштуу Токтогул суу сактагычында суунун азайышынан улам 2010-жылга ка-
рата электр энергиясын иштеп чыгаруу 13,57 млрд. кВтс чейин азаят, бул
электр энергиясын экспорттоо 1,07 млрд. кВтс чейин азайышына алып ке-
лет;
- Камбарата № 2 ГЭСи толук кубаттуулугуна кириши менен 2015-жылы
электр энергиясын өндүрүү 18,4 млрд. кВтс, Камбарата ГЭС-1 толук кубат-
туулугуна кириши менен 2025-жылы млрд. кВтс өсүшү болжонууда. Мында
электр энергиясын экспорттоо 2015-жылга карата 2,16 млрд. кВтс,
2025-жылга карата - 4,26 млрд. кВтс чейин көбөйүшү мүмкүн;
- тармактарда, анын ичинде "Кыргызстандын улуттук электр тармагы"
ААКнын тармактары боюнча өткөрүүдө электр энергиясынын коромжулугу
2010-2025-жылдарга карата 5,5%ке чейин азаят, бөлүштүрүүчү компаниялар-
дын (мындан ары - РЭК) тармактары боюнча түпкү керектөөчүгө чейин
бөлүштүрүүдө 2010-жылга карата 15%ке чейин жана 2025-жылга карата 12%ке
чейин азаят, коммерциялык коромжулук 2010-жылга карата 3%ке чейин жана
2025-жылга карата 0% болот.
- орто мөөнөттүк стратегияга ылайык, 2010-жылга карата электр
энергиясын керектөө ИДПнын жылдык орточо өсүш темпинен 10,1 млрд. кВтс
чейин жана 2025-жылга карата 18 млрд. кВтс чейин ашат.
Биринчи сценарий боюнча (3.2-табл.) Бишкек шаарынын ТЭЦинде электр
энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү мүмкүндүгүн кароо зарыл, мында 2010-жылы
электр энергиясын 14,8 млрд. кВтс чейин көбөйтүүгө мүмкүн. Кара-Кече
ТЭСи курулуп жана ишке киргизилсе электр энергиясын чыгаруу 19,7 млрд.
кВтс чейин, Жогорку-Нарын ГЭСтер каскады жана Акбулуњ ГЭСи, Камбарата
ГЭС-1, ошондой эле Сары-Жаз суусундагы ГЭС курулса электр энергиясын
чыгаруу 2025-жылга карата 33,89 млрд. кВтс чейин көбөйөт.
Мында электр энергиясынын экспорту 2015-жылга карата 3,3 млрд.
кВтс чейин, 2025-жылга карата 6,4 млрд. кВтс чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
Экинчи сценарий боюнча, электр энергиясын жылына 2ден 4 млрд. кВтс
чейин керектөөчү алюминий өндүрүшүн ишке киргизүү, ошондой эле
Таш-Көмүр шаарында "Кристалл" заводун модернизациялоо жана толук ишке
киргизүү менен боюнча электр энергиясын ички керектөө 2025-жылга карата
22,64 млрд. кВтс чейин көбөйүшү болжолдонууда.
Тармактарда, анын ичинде "Кыргызстандын улуттук электр тармагы"
ААКнын тармактары боюнча өткөрүүдө электр энергиясынын коромжулугу
2010-2025-жылдарга карата 5,0% дењгээлге чейин, РЭК тармактары боюнча
түпкү керектөөчүгө чейин бөлүштүрүүдө техникалык коромжулуктар
2005-жылга карата 15%ке чейин жана 2010-жылга карата 3%ке чейин азаят,
жана 2025-жылга карата нөлгө барабар болот.
2025-жылга чейинки мезгилдеги көмүр балансына ылайык (3.3-таблица)
төмөнкүдөй күтүлүүдө:
- биринчи сценарий боюнча: көмүр казуу 2015-жылга карата 1 млн.т
чейин, 2025-жылга карата 1,7 млн.т чейин көбөйөт;
- экинчи сценарий боюнча: кубаттуулугу 1200 МВт Кара-Кече ТЭСи ку-
рулса "Кара-Кече" кенин ылдамдатып иштетүүгө даярдоо зарылдыгы жаралат,
анын эсебинен көмүр казууну 2025-жылга карата 4,1 млн.т чейин жана
2025-жылга карата 4,7 млн.т чейин жеткирүү болжолдонууда. Мында импорт-
ту 2025-жылга карата 750 мињ т чейин бара-бара азайтуу болжолдонууда;
- Кытайга көмүр экспорттоо 2005-жылга карата 200 мињ тоннага чейин
жана коњшу мамлекеттерге - Тажикстанга жана Өзбекстанга бир аз көбөйтүү
болжолдонууда.
Табигый газдын балансынын 2008-2010-жылдарга карата жана 2025-жыл-
га чейинки божомолуна ылайык (3.5-табл.) биринчи сценарий боюнча
төмөнкүлөр күтүлүүдө:
- табигый газдын 2010-жылга карата 20 млн. куб.м чейин жана
2025-жылга карата 804 млн. куб.м чейин жана 2025-жылга 30 млн. куб.м
чейин казып алынышы;
- табигый газды керектөө (коромжуларды эске албастан) 2025-жылга
карата 804 млн. куб.м жана 2025-жылга карата 880 млн. куб.м чейин
өсүшү;
- импорт 2005-жылга карата 880 млн. куб.м чейин өсүшү.
Экинчи сценарий боюнча табигый газ казып алуу 2010-жылга карата 30
млн. куб.м чейин жана 2025-жылга карата 70 млн. куб.м чейин өсүшү жана
дүйнөлүк баалардын, ошондой эле КМШ рыногундагы баалардын кымбаттоо
тенденцияларына жана табигый газдын импорту 2025-жылга карата 355 млн.
куб.м чейин азайышы болжолдонот.
Нефти балансынын 2008-2010-жылдарга карата божомолуна (3.6-табли-
ца) ылайык төмөнкүлөр күтүлөт:
- нефти казуу 2010-жылга карата 82 мињ.т чейин жана 2025-жылга ка-
рата 90 мињ т чейин өсүшү;
- республиканын ичинде нефти керектөө 2010-жылга карата 82 мињ
тоннага чейин жана 2025-жылга карата 112 мињ т чейин көбөйүшү.
- 2025-жылга карата импортко 17 мињ тоннага чейин келиши.
Нефтини казуунун, импорттоонун жана иштетүүнүн жогоруда айтылган
анча көп эмес көлөмдөрү жүргүнчүлөрдү ташуунун, транспорттун ар кыл
түрлөрүнүн жүктөрдү ташуусу көбөйүп жатканына байланыштуу республиканын
тунук нефти продуктуларга көбөйүп жаткан керектөөсүн канааттандыра ал-
байт, бул нефти продуктуларга керектөөнү шарттайт (3.6; 3.7;
3.8-табл.). Нефти продуктуларга керектөөнү камсыздоо үчүн импорттун
көлөмүн көбөйтүү: автобензинди - 2025-жылга карата 420 мињ т чейин; ди-
зелдик отунду 2025-жылга карата 340 мињ т чейин; мазутту 2025-жылга ка-
рата 25 мињ т чейин көбөйтүү зарыл; ошондой эле республикада нефти ка-
зып алууну жана иштетүүнү көбөйтүү жана автобензинди 2025-жылга карата
35 мињ т чейин жана дизелдик отунду 2025-жылга карата 55 мињ т чейин
көбөйтүү зарыл.
Отун-энергетика балансынын каралган сценарийлерин өздүк ресурстар
менен камсыздалууга карата салыштырууда, биринчи сценарий боюнча энер-
гия ресурстарын ипорттоого муктаждык 2025-жылга карата жалпы ке-
ректөөнүн 45%и дењгээлин түзөөрүн көрсөттү. ОЭКти экинчи сценарий боюн-
ча түзүүдө импорттун үлүшү 2025-жылга карата 30%ке чейин азаят.
Өлкөнүн отун-энергетика балансынын максаттарын ишке ашыруудагы не-
гизги механизмдер төмөнкүлөр болууга тийиш:
- энергия булактарына суроо-талапты энергияны туруктуу пайдалануу-
нун индикаторлорун ОЭК тармактарын ресурстук камсыздоонун
мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле энергия булактарынын импортуна жана экс-
портуна жараша ИДПнын энергия керектөөсүн жана экономиканын реалдуу
секторлорунун энергия керектөөсүнүн нормага салынчу көрсөткүчүн монито-
рингдөө аркылуу мамлекеттик дењгээлде жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын Энергиялык майнаптуулугунун жана туруктуу
өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
- энергетика чөйрөсүндө ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүү, соодадагы
тоскоолдуктарды жоюу, энергетикалык ишканалардын бытырандылыгын жоюу.
Болжолдук отун-энергетика балансын түзүү төмөнкүдөй тоскоолдуктар-
га жана тобокелдерге, максаттын ишке ашпай калуусуна учурашы мүмкүн.
1. Жањы технологиялардын чектелүү болушу, эсепке алуучу приборлор
жоктугу жана энергиянын үнөмдөлүшүн сандык өлчөөдөгү кыйынчылыктар,
түрткү берүүчү экономикалык механизмдер жоктуктан илимий-изилдөө жумуш-
тарына жана ОКРге каражаттар жетишсиз болгондуктан рынокко новатордук
сунуштардын аз түшүүсү.
2. Финансылык каражат жоктугу жана ага жеткиликтүүлүк чектелгени,
энергия үнөмдөөчү технологияларды жана жабдууларды кредитке алуу үчүн
жењилдетилген шарттарга так механизмдер жетишсиздиги.
3. Мүлктүк укуктар так аныкталган эмес, өлкөнүн оту-энергетика ба-
лансынын оптималдуу структурасын түзүүнүн келечегинин абалы жөнүндө ма-
алыматтын жетишсиздиги.
4. Рыноктук мамилелердин калыптануусундагы жана улуттук жана реги-
ондук дењгээлдерде энергия булактарынын рынокторун түзүүдөгү кыйынчы-
лыктар, эл аралык дењгээлде аткаруучулук тартиптин жоктугу, нормативдик
укуктук база жана энергетика мыйзамдары жетик болбогондуктан рыноктук
механизмдердин жакшы пайдаланылбашы.
5. Айрыкча чакан жана орто ишканалар, фермердик жана үй чарбалар
үчүн квалификациялуу адистердин жетишсиздиги, энергия үнөмдөөчү жабдуу-
ну орнотуудагы кыйынчылыктар, тийиштүү информациялык программалардын
жоктугу.
6. Кызмат адамдарынын жоопкерсиздиги, калкта жана ишкерлерде энер-
гия булактарын пайдалануу маданиятынын жоктугу, уурдаган жана сарамжал-
сыз пайдаланган учурларда таасир этүүчү зарыл чаралардын жоктугу.
7. Энергия булактарына дүйнөлүк баалар кымбатташынын республиканын
экономикасына жана элди тейлөө чөйрөсүнө таасирине божомолдоочу баа
берүүнүн жоктугу.
3.1-таблица
Республиканын ичинде ОЭРднн керектелиши:
2001-2005-жылдардагы отчет(*)
2006-2010-жылдарга(**)
жана 2025-жылга чейин божомол
| 1 сценарий | ||||||
| Өлчөө бирд. | 2001 | 2005 | 2006 | 2010 | ||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | |
| Электр энергия | млн. кВт.с | 6780 | 7095 | 7185 | 10104 | |
| Табигый газ | млн. куб.м | 675,5 | 626,9 | 666 | 700 | |
| Көмүр | мињ т | 1123 | 1254,2 | 1208,5 | 1770 | |
| Нефть | мињ т | 75,5 | 80,2 | 80 | 99 | |
| Дизелдик отун | мињ т | 160 | 130,3 | 136,4 | 176 | |
| Автомобилдик | мињ т | 194 | 271 | 322 | 350 | |
| бензин | ||||||
| Мазут | мињ т | 77 | 56,6 | 60,8 | 68 | |
| 2 сценарий | ||||||
| 2015 | 2020 | 2025 | 2010 | 2015 | 2020 | 2025 |
| 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
| 13074 | 15280 | 18030 | 10262 | 13074 | 18230 | 22640 |
| 710 | 730 | 750 | 525 | 465 | 425 | 375 |
| 2060 | 2190 | 2405 | 3270 | 5060 | 5190 | 5405 |
| 99,6 | 105,6 | 112 | 99 | 99,6 | 105,6 | 112 |
| 220 | 280 | 340 | 176 | 272 | 320 | 390 |
| 360 | 380 | 420 | 320 | 360 | 410 | 680 |
| 70 | 80 | 90 | 68 | 70 | 80 | 90 |
(*) Кыргыз Республикасынын Улуттук статкому, Кыргыз Республикасы-
нын 1990-2001-жылдардагы ОЭБ жана (1999-жылдагы, 2001-жылдагы,
2005-жылдагы ОЭБ))
(**)Нефти продуктуларды керектөө көбөйүшүнүн Кыргыз Республикасын-
да транспорттун өнүгүшү менен шартталган божомолу.
3.2-таблица
Кыргыз Республикасында электр энергиясынын балансы:
1990-2006-жылдардагы отчет(*)
жана 2010-2025-жылдарга карата
сценарийлер боюнча божомол (млн.кВт с)
| ОЭБ боюнча отчеттор | - | Божомол | ||||
| 1-сценарий | ||||||
| 1990 | 1995 | 2001 | 2005 | 2006 | 2010 | |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| Ресурстар | 16590 | 19337 | 20013 | 14891,8 | 14486 | 13571 |
| Өндүрүш | 13370 | 12349 | 13660 | 14891,8 | 14486 | 13571 |
| Импорт боюнча | 3220 | 6987 | 6353 | 0,2 | 0 | 0 |
| келди | ||||||
| Бөлүштүрүү | 16590 | 19336 | 20013 | 14891,8 | 14486 | 13571 |
| Республиканын | 8357 | 7525 | 6780 | 7095,5 | 7185 | 10104 |
| ичинде | ||||||
| керектелди | ||||||
| Жалпы пайдала- | 1035 | 3457 | 4802 | 5135 | 4841 | 2551 |
| нуудагы электр | ||||||
| тармактарында- | ||||||
| гы коромжулук | ||||||
| Экспорт | 7198 | 8354 | 8431 | 2661,3 | 2460 | 1020 |
| Божомол 2-сценарий | ||||||
| 2015 | 2020 | 2025 | 2010 | 2015 | 2020 | 2025 |
| 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
| 18437 | 21075 | 26742 | 14814 | 19720 | 26376 | 33890 |
| 18437 | 21075 | 26742 | 14814 | 19720 | 26376 | 33890 |
| 0 | 0 | 0 | ||||
| 18437 | 21075 | 26742 | 14814 | 19720 | 26376 | 33890 |
| 13074 | 15280 | 18030 | 10262 | 13074 | 18230 | 22640 |
| 3198 | 3703 | 4450 | 2837 | 3382 | 4272 | 4874 |
| 2165 | 2092 | 4262 | 1715 | 3264 | 3874 | 6376 |
3.3-таблица
Кыргыз Республикасында көмүрдүн балансы
1990-2006-жылдардагы отчет(*)
жана 2010-2025-жылдарга карата
сценарийлер боюнча божомол (мињ тонна)
| - | 1 сценарий | |||||
| 1990 | 1995 | 2001 | 2005 | 2006 | 2010 | |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| Ресурстар | 7660 | 1816,3 | 1645,1 | 1912,8 | 1828,6 | 2466 |
| Казуу | 3742 | 463,2 | 512,6 | 335,8 | 321,1 | 462 |
| Импорт боюнча | 2911 | 499,8 | 344 | 981,3 | 907,5 | 1120 |
| келүү | ||||||
| Жыл башына | 1007 | 853,3 | 788,5 | 596,2 | 600 | 640 |
| карата калдык | ||||||
| Бөлүштүрүү | 7660 | 1816,3 | 1645,1 | 1912,8 | 1828,6 | 2406 |
| Республиканын | 4765 | 1162,8 | 1123 | 1254,2 | 1208,5 | 1770 |
| ичинде | ||||||
| керектөө | ||||||
| Коромжулар | 21 | 16,3 | 0,2 | |||
| Экспортко | 1917 | 170,6 | 28,5 | 8,8 | 10 | 100 |
| чыгаруу | ||||||
| Жыл аягына | 957 | 466,6 | 493,4 | 619,7 | 620 | 536 |
| карата калдык | ||||||
| 2 сценарий | ||||||
| 2015 | 2020 | 2025 | 2010 | 2015 | 2020 | 2025 |
| 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
| 2700 | 2850 | 3050 | 3900 | 5700 | 5850 | 6050 |
| 1000 | 1350 | 1700 | 1960 | 4100 | 4350 | 4700 |
| 1010 | 900 | 750 | 1180 | 1010 | 900 | 750 |
| 690 | 600 | 600 | 560 | 590 | 600 | 600 |
| 2700 | 2850 | 3050 | 3900 | 5700 | 5850 | 6050 |
| 2060 | 2190 | 2405 | 3270 | 5060 | 5190 | 5405 |
| 200 | 200 | 200 | 100 | 200 | 200 | 200 |
| 437 | 460 | 440 | 528 | 437 | 457 | 441 |
(*)Кыргыз Республикасынын Улуттук статкому, Кыргыз Республикасынын
1990-2001-жылдарга карата ОЭБ, (1999-жыл, 2001-2005-жылдар), Бишкек -
2002-жыл, 2006-жыл.
3.4-таблица
Газ балансы:
1990-2006-жылдардагы мезгил үчүн отчет(*)
жана сценарийлер боюнча 2010-2025-жылдарга
карата божомол(**) (млн. куб. м)
| 1-сценарий | ||||||
| 1990 | 1995 | 2001 | 2005 | 2006 | 2010 | |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| Ресурстар | 2174 | 882,3 | 698,5 | 736,2 | 766,3 | 804 |
| Казып алуу | 96 | 35,7 | 32,8 | 25,1 | 19,4 | 20 |
| Импортко | 2078 | 846,6 | 665,7 | 711 | 746,9 | 784 |
| келүү | ||||||
| Жыл башына | - | - | - | |||
| карата калдык | ||||||
| Бөлүштүрүү | 2174 | 882,3 | 698,5 | 736,2 | 766,3 | 804 |
| Республиканын | 2076 | 856,2 | 675,5 | 626,9 | 666 | 700 |
| ичинде | ||||||
| керектөө | ||||||
| Коромжулар | 38 | 26,1 | 23 | 109,3 | 100,2 | 104 |
| Экспортко | 60 | - | - | |||
| чыгаруу | ||||||
| Жыл аягына | - | - | - | |||
| карата калдык | ||||||
| 2-сценарий | ||||||
| 2015 | 2020 | 2025 | 2010 | 2015 | 2020 | 2025 |
| 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
| 825 | 850 | 880 | 585 | 535 | 485 | 425 |
| 30 | 30 | 30 | 30 | 50 | 60 | 70 |
| 795 | 820 | 850 | 555 | 485 | 425 | 355 |
| 825 | 850 | 880 | 585 | 535 | 485 | 425 |
| 710 | 730 | 750 | 525 | 465 | 425 | 375 |
| 115 | 120 | 130 | 80 | 70 | 60 | 50 |
(*)Кыргыз Республикасынын Улуттук статкому, Кыргыз Республикасынын
1990-2001-жылдардагы ОЭБ, (1999-жыл, 2001-200-жылдар), Бишкек 2002-жыл,
2006-жылдар.
(**)Газ казып алуу боюнча божомол цифралар "Газпром" ААКнын жана
"Кыргызнефтегаз" ААКнын чалгындоо иштери аякташына жараша өзгөртүлөт.
3.5-таблица
Нефти балансы:
1990-2006-жылдардагы отчет(*)
жана 2025-жылга чейинки мезгилге
карата божомол (мињ тонна)
| 1990 | 2001 | 2005 | 2006 | 2007 | 2008 | 2009 | 2010 | 2015 | 2020 | 2025 | |
| Ресурстар | 162 | 87,5 | 90,4 | 84,1 | 95,2 | 103 | 111 | 118 | 118 | 120 | 126 |
| Казып алуу | 155 | 75,5 | 77,9 | 70,6 | 68,2 | 78 | 80 | 82 | 82 | 85 | 90 |
| Импортко | - | - | 5,1 | 6,1 | 17 | 17 | 17 | 17 | 17 | 17 | 17 |
| келүү | |||||||||||
| Жыл башына | 7 | 12 | 7,4 | 7,4 | 10,2 | 8 | 14 | 19 | 19 | 18 | 19 |
| Бөлүштүрүү | 162 | 87,5 | 90,4 | 84,1 | 95,2 | 103 | 111 | 118 | 118 | 120 | 126 |
| Республика- | 3 | 75,5 | 80,2 | 80 | 85,2 | 95 | 97 | 99 | 99,6 | 105,6 | 112 |
| нын ичинде | |||||||||||
| керектөө | |||||||||||
| Коромжулар | 2 | - | 2 | 2 | 2 | 2 | 1,4 | 2,4 | 2 | ||
| Экспортко | 151 | - | |||||||||
| Жыл аягына | 6 | 12 | 10,2 | 4,1 | 102 | 103 | 111 | 118 | 17 | 12 | 12 |
| калдык |
(*)Кыргыз Республикасынын Улуттук статкому, Кыргыз Республикасынын
1990-2001-жылдардагы ОЭБ, (1999-жыл, 2001-2005-жылдар), Бишкек
2002-жыл, 2006-жылдар.
(**)Нефти казып алуу боюнча божомол цифралар "Газпром" ААКнын жана
"Кыргызнефтегаз" ААКнын чалгындоо иштери аякташына жараша өзгөртүлөт.
3.6-таблица
Дизелдик отундун балансы:
1990-2006-жылдардагы отчет(*)
жана 2008-2010-жылдарга жана 2025-жылга
чейинки мезгилге карата божомол (мињ тонна)
| 1990 | 2001 | 2005 | 2006 | |||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
| Ресурстар | 696 | 178 | 173,9 | 181,4 | ||
| Казуу (өндүрүү) | - | 43,4 | 31,43 | 31,2 | ||
| Импортко келүү | 616 | 95 | 128,9 | 136,2 | ||
| Жыл башына калдык | 80 | 39,6 | 13,6 | 14 | ||
| Бөлүштүрүү | 696 | 178 | 173,9 | 181,4 | ||
| Республиканын ичинде керектөө | 622 | 160 | 130,3 | 136,4 | ||
| Коромжулар | - | 0 | 0,7 | 0,8 | ||
| Экспортко чыгаруу | 24 | 0,6 | 19,1 | 19,1 | ||
| Жыл аягына карата калдык | 50 | 17,4 | 23,7 | 26,1 | ||
| 2007 | 2008 | 2009 | 2010 | 2015 | 2020 | 2025 |
| 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
| 199,9 | 192 | 193 | 194 | 293 | 350 | 420 |
| 51,9 | 33 | 34 | 36 | 40 | 45 | 55 |
| 135 | 145 | 145 | 145 | 230 | 280 | 340 |
| 13 | 14 | 14 | 14 | 23 | 25 | 25 |
| 199,9 | 192 | 193 | 194 | 293 | 350 | 420 |
| 175,9 | 170 | 173 | 176 | 272 | 320 | 390 |
| 0,7 | 0,7 | 0,7 | 0,7 | 1 | 2 | 3 |
| 1,63 | 1,63 | 1,63 | 1,63 | 3 | 4 | 5 |
| 21,67 | 19,67 | 17,67 | 15,67 | 17 | 24 | 22 |
(*)Кыргыз Республикасынын Улуттук статкому, Кыргыз Республикасынын
1990-2001-жылдардагы ОЭБ, (1999-жыл, 2001-2005-жылдар), Бишкек, 2002,
2006-жыл.
3.7-таблица
Автобензин балансы:
1990-2006-жылдардагы отчет(*) жана
2008-2010-жылдарга карата жана 2025-жылга
чейинки божомол (мињ тонна)
| 1990 | 2001 | 2005 | 2006 | 2007 | 2008 | 2009 | 2010 | 2015 | 2020 | 2025 | |
| Ресурстар | 737 | 200,1 | 305,8 | 355,5 | 352 | 388 | 390 | 390 | 405 | 430 | 475 |
| Казуу | - | 45,2 | 13- | 11,4 | 12 | 18 | 20 | 20 | 25 | 30 | 35 |
| (өндүрүү) | янв. | ||||||||||
| Импортко | 713 | 101,9 | 273,6 | 324,1 | 320 | 350 | 350 | 350 | 360 | 380 | 420 |
| келүү | |||||||||||
| Жыл башына | 24 | 53 | 19 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 |
| карата | |||||||||||
| калдык | |||||||||||
| Бөлүштүрүү | 737 | 200,1 | 305,8 | 355,5 | 352 | 388 | 390 | 390 | 405 | 430 | 475 |
| Республика- | 682 | 194 | 271 | 322,5 | 327 | 340 | 345 | 350 | 360 | 380 | 420 |
| нын ичинде | |||||||||||
| керектөө | |||||||||||
| Коромжулар | - | 0 | 6,7 | 7 | |||||||
| Экспортко | 20 | 0 | 5,4 | 6 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 10 | 15 |
| чыгаруу | |||||||||||
| Жыл аягына | 35 | 6,1 | 22,7 | 20 | 20 | 48 | 30 | 35 | 30 | 40 | 40 |
| карата | |||||||||||
| калдык |
3.8-таблица
Отундук мазут балансы:
1990-2006-жылдардагы отчет жана
2008-2010-жылдардагы жана 2025-жылга чейинки
мезгилге карата божомол (мињ тонна)
| 1990 | 2001 | 2005 | 2006 | |||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
| Ресурстар | 1184 | 125,8 | 100,1 | 76,8 | ||
| Казуу (өндүрүү) | - | 42,2 | 41,7 | 42,1 | ||
| Импортко келүү | 1006 | 20,4 | 14 | 1,7 | ||
| Жыл башына карата калдык | 178 | 63,2 | 44,4 | 33 | ||
| Бөлүштүрүү | 1184 | 125,8 | 100,1 | 76,8 | ||
| Республиканын ичинде керектөө | 1027 | 77 | 56,6 | 60,8 | ||
| Коромжулар | 1 | - | 0 | 0 | ||
| Экспортко чыгаруу | - | 2,1 | 10,2 | 0 | ||
| Жыл аягына карата калдык | 156 | 46,7 | 33,3 | 16 | ||
| 2007 | 2008 | 2009 | 2010 | 2015 | 2020 | 2025 |
| 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
| 91,88 | 81,08 | 82,288 | 83,288 | 90 | 100 | 105 |
| 54,1 | 48 | 50 | 52 | 54 | 57 | 60 |
| 20 | 18 | 17 | 16 | 16 | 20 | 25 |
| 17,788 | 15,08 | 15,288 | 15,288 | 20 | 23 | 20 |
| 92,88 | 81,08 | 82,288 | 83,288 | 90 | 100 | 105 |
| 74,1 | 66 | 67 | 68 | 70 | 80 | 90 |
| 2,78 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 15,08 | 15,08 | 15,288 | 14,788 | 20 | 20 | 15 |
(*)Кыргыз Республикасынын Улуттук статкому, Кыргыз Республикасынын
1990-2001-жылдардагы ОЭБ, (1999-жыл, 2001-2005-жылдар), Бишкек, 2002,
2006-жыл
4. Тарифтик саясаттын жана тармакты финансылык-экономикалык
жакшыртуунун стратегиялык милдеттери
Энергетика тармагын учурдагы оор финансылык-экономикалык абалдан
чыгаруунун негизги милдеттеринин бири электр энергиясына, жылуулук
энергияга жана жаратылыш газына экономикалык жактан негиздүү тарифтерди
белгилөө болуп эсептелет.
Экономикалык жактан негизделбеген тарифтер, жогорку дењгээлдеги
жоготуулар жана төлөмдөрдүн аз көлөмдө жыйналышы өткөрүп берүүчү жана
иштеп чыгаруучу энергия компанияларын чыгымдарга учуроо менен иштөөгө
алып келүүдө. ТЭЦте жылуулук чыгаруудан тарткан чыгым 2006-жылы 795,87
млн. сомду түзгөн жана электр энергиясын экспорттоонун эсебинен жарым
жартылай жабылууда, ал эми бөлүштүрүүчү компанияларынын чыгымдары 940
млн. сомду түзгөн.
Энергия компанияларынын 2006-жылдагы кредитордук карызынын жалпы
суммасы 3,42 млрд. сомду түздү. Кредиторлорго отун жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Социалдык фонду боюнча 100 процент төлөгөндө бажы жана салык
милдеттенмелери 45 процентке гана аткарылууда.
Энергетика комплексинде баа белгилөө жана тариф саясатын
өркүндөтүү боюнча стратегиялык милдеттер энергетика сектору өзүн өзү
актай алгандай жана тариф белгилөө тармагында кайчылаш субсидияларды
этаптуу жойгудай принциптерге негизделүүгө тийиш.
Тарифтер электр жана жылуулук энергияларын иштеп чыгарууга,
өткөрүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга кеткен бардык чыгымдарды жабууга
жана керектөөчүлөрдүн ар бир категориясын электр менен камсыздоонун
бардык чыгымдарын чагылдырууга тийиш. Социалдык колдоо (субсидиялар)
кирешеси аз керектөөчүлөргө социалдык коргоонун мамлекеттик программа-
лары аркылуу даректүү берилүүгө тийиш.
Азыркы учурда энергетикадагы башкаруучу орган - Кыргыз Республика-
сынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдында-
гы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча департамент Электр
энергиясына 2008-20112-жылдарга карата орто мөөнөттүк тарифтик саясатты
жана Жылуулук энергиясына 2008-2012-жылдарга карата орто мөөнөттүк та-
рифтик саясатты даярдап жатат, аларда энергия булактарына тарифтерди
энергетика компанияларынын чыгымдарын жабуучу дењгээлге чейин көтөрүү
каралган.
Келечекте электр энергиясына тарифти тарифтердин жалпы өлкө боюнча
өсүшү инфляциянын жогорку чегинен (күтүлгөндөн) ашпагыдай жана инфляци-
янын төмөнкү (пландалган) чегинен төмөн болбогудай кылып көбөйтүүнүн
төмөнкү жана жогорку чектерин белгилөө зарыл.
ССТПнын жогоруда аталган долбоорлоруна ылайык тарифтерди жогорула-
туу келерки 2008-2012-жылдар мезгилине инфляциянын өсүү темпине олуттуу
таасир бериши мүмкүн. Калктын кирешеси, инфляция жана 1998-2007-жылдар
үчүн электр энергиясына тарифтер боюнча иш жүзүндөгү маалыматтарга тал-
доо жүргүзүү жана алардын божомолдоолору 2010-жылга чейин өлкөнү
өнүктүрүүнүн стратегиясына (СРС) ылайык инфляция боюнча максаттуу ба-
гыттардан ашып кетүү коркунучу болоорун көрсөтөт. Өнүктүрүүнүн инерция-
лык тренингинде инфляция 10%тен ашпашы күтүлөт жана акы төлөмө кызмат-
тарга тарифтердин жана көбүнчө тамак-аш азыктарына баалардын таасири
менен түзүлөт. Ошол эле учурда 2007-жылдын октябрында инфляциянын жого-
рулашынын иш жүзүндөгү темптери 20,4%ти, декабрда 20,1%ти түздү жана
күтүлгөндөн ашып кетти, азык-түлүк товарларына баалардын 35,3 процентке
өсүшүнүн натыйжасында (анын ичинде нанга жана нан-булочка азыктарына
80,7%ке, этке жана малдын майына 48,7%ке, каймакка - 25,6%ке) СРСке са-
лыштырганда калктын кирешелеринин төмөндөө темпи болду.
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлигинин отчеттук маалыматтарына ылайык 2007-жылы инфляциянын орто жыл-
дык өсүшүнүн темпи пландагы 105%тин ордуна 110,2%ти түздү, ал эми калк-
тын кирешелеринин өсүү темпи 2006-жылдагы 15,7%тин ордуна 9,5%ке чейин
төмөндөдү. 2008-жылы инфляциянын өсүү темпи 108,0% дењгээлинде, калктын
реалдуу кирешелеринин өсүү темпи 109,9% дењгээлинде пландалууда.
Энергия булактарына (нефть, газ) баалардын өсүшүнүн дүйнөлүк тен-
денцияларынын жана тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасында электр энерги-
ясынын өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүшүнө таасирин баалоо
боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр керектөө бааларынын индекстеринин макроэ-
кономикалык индикаторлору жана ИДПы менен жогорку корреляциялык байла-
нышынын болушун ырастайт.
Жогоруда айтылгандарды эске алып энергия компанияларынын сарптоо-
лорун гана негиздөө менен эмес, тарифтик коридорду алдыдагы үч жылда
белгилөө инфляциянын жана кирешенин өсүү тенденциясын көњүлгө алуу ме-
нен тарифтик саясатты иштеп чыгуу методологиясын өзгөртүү зарыл.
Сарптоолорду кыскартуу боюнча маселелерде төмөнкүдөй негизги ба-
гыттар болуп эсептелет: ТЭЦтин жылуулук менен камсыз кылуусуна чыгым-
дарды кыскартуу; энергиянын коромжулуктарын азайтуу; ремонт иштерине
үнөмдөө; персоналдын санын жана эмгек акыны оптималдаштыруу, сырьену
жана материалдарды, товардык материалдык баалуулуктардын запастарын
пайдаланууну тартипке келтирүү; профилдүү эмес коммерциялык жана рента-
белдүү эмес активдерден бошонуу. Жањы тарифтик саясаттан макроэкономика
инфляцияны токтотуунун иштиктүү куралына ээ болот; ал эми пайдалануучу
тармактар, өзгөчө энергия сыйымдуулары өздөрүнүн чыгымдарын жакшы план-
дай жана бизнес-долбоорлорун негиздей алышат.
Тармакты финансы-экономикалык жакшыртуунун маанилүү экономикалык
механизми (макроэкономикалык индикатору) төмөнкүдөй биринчи кезектеги
чаралардын комплексин ишке ашыруу болуп эсептелет:
- электр энергиясынын коромжулуктарын техникалык коромжулуктардын
нормаланган дењгээлине жакын дењгээлге чейин азайтуу боюнча катуу сая-
сат жүргүзүү (15-12%);
- коммерциялык коромжулуктарды же электр энергиясын уурдоолорду
узак мөөнөттүү келечекте толук жоюу менен 2010-жылга карата 3%ке чейин
кыскартуу;
- берилген электр энергиясы үчүн акчалай формада накталай
төлөмдөрдү жыйноону 98-100 %ке чейин көбөйтүү;
- рынок шарттарында алардын нормалдуу иштешин камсыздоо үчүн энер-
гия компанияларынын активдерин кайра баалоону жана капиталдаштырууну
жүргүзүү;
- энергия компанияларынын рыноктук шарттарда нормалдуу иштешин
камсыздоо алардын активдерин кайра баалоо жана капиталдаштыруу;
- энергия компаниялары менен фискалдык органдарынын ортосунда
төлөмдөр боюнча чоњ карызды келечекте ушул сыяктуу кырдаалдардын пайда
болушуна тыюу салуучу механизмдерди иштеп чыгуу менен өзгөртүп кайра
түзүү жолу менен жоюу;
- энергия компанияларынын коом үчүн алардын ачык-айкындыгын камсыз
кылуу, ошондой эле аларды азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу менен
электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга сарпто-
олорун негиздөө;
- тарифтер жогорулаганда экономиканын реалдуу секторуна терс таа-
сир көрсөтүүнү төмөндөтүү, ошондой эле калктын социалдык жактан аялуу
катмарына даректүү компенсациялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- электр энергиясына, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына
тарифтерди белгилөө жана эсептөө методологиясын мыйзамдуу тартипте иш-
теп чыгуу жана бекитүү;
- кубаттуулуктун жана энергиянын тартыштыгын, ошондой эле электр
тармактарындагы жоготууларды азайтуу максатында дифференцияланган се-
зондук (суткалык) тарифти киргизүү жолу менен оорчулук графигин жөнгө
салууну кароочу тарифтик саясатты андан ары өркүндөтүү;
- коммерциялык керектөөчүлөр үчүн керектелген электр энергиясына
милдеттүү алдын ала төлөөнү белгилөө менен керектөөчүлөрдүн категория-
лары боюнча тарифтерди дифференциялоо;
- энергияны чыгаруучулар менен керектөөчүлөр топторунун ортосунда-
гы кайчылаш субсидиялоону акырындык менен четтетүү;
- ички керектөө үчүн экспортко берүүлөргө жана экспорттук продук-
ция чыгаруучу ири керектөөчүлөргө энергияга тарифтердин паритетин анык-
тоо;
- жањыдан кошулган кубаттуулуктар үчүн тарифтик акыны колдонуу ме-
тодикасын иштеп чыгуу жана бекитүү.
Электр энергиясына тарифтерди белгилөө жана эсептөө методологиясы
активдүү энергия сактоочу саясат жүргүзүү үчүн көмөк бериши керек.
"Энергияны сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
энергияны сактоо фондун түзүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алуу жана
энергия булактарына тарифтерге аларды кошуу менен сатылган продукциядан
ушул фондго которуунун нормативдерин белгилөө зарыл.
5. Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексин
башкаруунун институттук жана түзүмдүк реформа
жүргүзүүнүн стратегиялык милдеттери
Акыркы 10 жылда Кыргыз Республикасынын ОЭКтинин ишмердигинин баш-
каруу жана жөнгө салуу түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөр болду, Кыргыз Рес-
публикасынын "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө", "Неф-
ти жана газ жөнүндө", "Көмүр жөнүндө", "Энергияны сактоо жөнүндө" мый-
замдары кабыл алынган "Кыргызэнерго" АКысын мамлекеттен ажыратуу жана
менчиктештирүү программасына ылайык жањы түзүлгөн "Электр станциялары",
"КУЭТ", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр", "Ош
электр" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдорунда акци-
ялардын мамлекеттик үлүшү 93,65%ти түзөт, анын ичинен 80,49%и
Маммүлккомго, 13,6%и - Соцфондго, 4,035% - юридикалык жактарга жана
2,32%и - калкка тиешелүү бул учурда уставдык капиталы бөлүнгөн жана ти-
ешелүү түрдө бардык акционердик коомдор боюнча акциялардын номиналдык
наркы төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
5.1-таблица
"Кыргызэнерго" АКынын базасында бөлүнгөн акционердик
коомдор боюнча уставдык капиталды бөлүштүрүү
| Ишканалар | Уставдык капитал, | 1 акциянын номиналдуу |
| мињ сом | наркы, сом | |
| "Түндүк электр" ААКы | 454574,5 | 0,4709 |
| "Ош электр" ААКы | 182501,2 | 0,1891 |
| "Жалалабат электр" ААКы | 212618,0 | 0,2203 |
| "Чыгыш электр" ААКы | 182706,0 | 0,1893 |
| "Бишкекжылуулуктармагы" ААКы | 366841,8 | 0,3800 |
| "Электр станциялары" ААКы | 4428282,9 | 4,85878 |
| "Кыргызстан УЭТ" ААкы | 1597377,3 | 1,6549 |
5.1-сүрөт. "Кыргызэнерго" АКыны менчиктештирүү жолу менен түзүлгөн
акционердик коомдордун уставдык капиталдарын бөлүштүрүү
түзүмү
"Кыргызэнерго" АКнын уставдык капиталынын эњ чоњ бөлүгү "Электр
станциялары" ААКынан - 60%ке өткөнүн, 22%и "Кыргызстандын улуттук
электр тармактары" ААКына, 6%и - "Түндүк электр" ААКына, 5% - "Бишкек-
жылуулуктармагы" ААКына, 3%и - "Жалалабат электр" ААКына өткөрүп берил-
генин жана 2%тен "Ош электр" ААКына жана "Чыгыш электр" ААКына өткөнүн
диаграммалык талдоолор көрсөтөт. "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республи-
касынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин атынан
энергетикалык жана тарифтик саясатты аныктайт жана аны ишке ашырууга
контролдук жүргүзөт. Айрым компанияларга бирдиктүү энергетикалык систе-
маны бөлүштүрүү менен энергетикалык тармакка реструктуризация жүргүзүү
кааланган оњ натыйжа бербегендигин моюнга алуу керек, анткени энергия
компаниялардын финансылык абалдары олуттуу начарлап кетти. Негизги се-
бептердин бири өзгөчө бөлүштүрүү компанияларындагы менеджменттин сапа-
тынын дењгээлинин төмөндүгү, ошондой эле реформаларды кечењдетүү болуп
эсептелет.
Менчиктештирүүнү кечењдетүүчү негизги фактор болуп энергия объект-
терин менчикке өткөрүп берүү энергия булактарына дароо баалардын
көтөрүлүшүнө алып келет, бул болсо коомчулуктун нааразылыгын жаратат
деген пикир эсептелет. Мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү прог-
раммасын андан ары өнүктүрүү иштеп жаткан энергия объекттерин реконс-
трукциялоого жана жањыларын курууга жекече инвестицияларды тартуу үчүн
нормативдик укуктук негиздерди өркүндөтүүнү, ошондой эле мамлекет-
тик-менчик энергия компанияларга таасирди күчөтүү талап кылынат.
Энергетикалык компанияларды административдик жана финансылык баш-
карууга кардиналдуу реформа жүргүзүү зарыл.
Башкарууну жакшыртуу үчүн энергия компанияларында жетектөөчү кыз-
маттарга жана директорлор кењешине кадрларды тандоо конкурстук негизде
ишкер жана кесиптик сабаты боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Менеджерлердин
ишмердиктерин баалоону сарптоолорду азайтуу жана пайданын өсүү, актив-
дерди көбөйтүү, коромжулуктарды кыскартуу, жыйымдарды көбөйтүү ж.б.
критерийлеринин негизинде жүргүзүү максатка ылайык келет. Институттук
саясаттын маанилүү чараларынын бири бөлүштүрүүчү электр энергетика ком-
панияларын, ошондой эле Бишкек шаарынын ТЭЦинин жана "Бишкекжылуулук-
тармагы" ААКынын мүлктүк комплексин концессияга берүү же менчиктештирүү
болот.
Мамлекеттин маанилүү функциясы болуп келечекте экономиканын энер-
гетика секторунда табигый монополиялардын ишмердиктерин жөнгө салуу жа-
на тарифтик саясатты ишке ашыруу эсептелет. Энергетикалык секторду мам-
лекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн регулятивдик
органдын функцияларын чыњдоо маселесин чечүү зарыл жана Кыргыз Респуб-
ликасынын "Энергетика жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында табигый жа-
на уруксат берилген монополиялар жөнүндө" мыйзамдарына зарыл
түзөтүүлөрдү киргизүү керек.
Электр энергетикада түзүмдүк реформа энергияны чыгаруу жана пайда-
лануу натыйжалуулугун жогорулатуу, энергия булактарын керектөөчүлөргө
ишенимдүү жана үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо максатын көздөйт.
Электр энергетикасын реформалоонун негизги натыйжаларынын бири
өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн объективдүү кызыкчылыктарын эске
алуу менен энергия менен жабдууну ишенимдүү жана экономикалык жактан
натыйжалуу камсыз кылуучу толук чекене рынокко электр энергиясынын иш-
теп жаткан дүњ рыногун өзгөртүп түзүү болууга тийиш. Нормативдик укук-
тук эрежелердин комплектин жана ушундай рынокко өтүү этаптарын иштеп
чыгуу жана киргизүү зарыл.
Энергия компаниялардын чарбалык ишмердиктин коммерциялык негизде-
рине өтүшү менен алардын ортосундагы өз ара мамилелер төмөнкүчө
түзүлүшү керек, коммерциялык коромжулуктардын негизги көлөмүнө жол бе-
рилген бөлүштүрүүчү компаниялар аларга каршы кыйла чечкиндүү күрөшүүгө
аргасыз болгудай жана өз ишинин натыйжалуулугун жогорулаткыдай, алынган
электр энергияны толук төлөш үчүн берилген энергия үчүн каражаттарды
жыйноо көбөйтүлдү жана контракттарды аткарууну камсыз кылды.
Ушундай түзүлгөн технологиялык байланыштарда керектөөчү электр
энергияны берүүчүнү өндүрүүчү катары тандай албайт Керектөөчү электр
энергиясын өз регионунун бөлүштүрүүчү компанияларынан сатып алат. Ры-
нокту ушундай уюштурууда электр энергия бөлүштүрүүчү компаниялардын ор-
тосунда атаандашууга ээ болбойт.
Мамлекет бөлүштүрүүчү компанияларды экономикалык ишмердикти жак-
шыртууга багыттаган рынок механизмдерин киргизиши керек. Ошондуктан ке-
лечекте компанияларды кирешелүүлүктүн кыйла жогорку дењгээлине чыгаруу-
га жана аны инвестициялоо үчүн кыйла ыњгайлуу кылууга жардам берүүчү
бөлүштүрүү компанияларыи субсидиялоонуи схемасын иштеп чыгуу зарыл.
Мында банк системасын өркүндөтүү жана энергия компанияларга кредит
берүү үчүн ата мекендик коммерциялык банктарды тартууну унутпоо керек,
башкача айтканда, өлкөнүн электр энергетикалык тармагын каржылоо үчүн
максаттуу кредиттерди жана депозиттерди түзүү зарыл.
Энергияны сатуучулар чөйрөсүндө энергияны берүүчүлөрдүн (сатуучу-
лардын) ортосундагы атаандаштыктар, электр энергия рыногунун жањы субъ-
екттерин - сатуучу компанияларды камсыз кыла алат, алар электр энергия
жана кубаттуулук рынокторунун укуктук агенттери болуп эсептелет.
Электр энергетикадагы сатуучу компаниялардын болуусу жана атаан-
даштык рыногунун сунуш кылынган модели 5.2-сүрөттө берилген.
5.2-сүрөт. Кыргыз Республикасында электр энергия рыногунун
атаандаштык модели
Атаандаштык электр энергиясын сатып алуучулар менен сатуучулардын
ортосундагы келишимдерди жүргүзүүгө сатуучу компаниялардын ортосунда
пайда болоору схемадан көрүнүп турат. Сатуучу компаниялардагы электр
энергияны керектөөчүлөргө берүүгө бөлүштүрүүчү компаниялар менен кели-
шимдерди түзө алышат же болбосо ушундай компаниянын кызмат
көрсөтүүсүнөн баш тартышат. Ошентип, түзүлгөн эки тараптуу келишимдер
керектөөчүлөрдүн керектеген электр энергиясы үчүн төлөөгө бөлүштүрүүчү
компаниялардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылат. Ошол эле учурда ке-
ректөөчүлөр бөлүштүрүүчү компанияларга эмес, сатуучу компанияларга ка-
рата ар кандай түрдөгү дооматтарын коет, ал өз кезегинде ошол ке-
ректөөчүгө сапаттуу электр энергиясын берүү үчүн аракеттенүүгө милдет-
тенет. Өзүнүн милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу сатуучу ком-
панияларга өзүнүн финансылык абалын оњдоого, жабдууларды реконструкция-
лоого кошумча акча каражаттарын издеп табууга жана электр энергиясын
эсепке алуу боюнча соњку технологияларды ишке киргизүү үчүн жардам бе-
рет, демек бөлүштүрүүчү компаниялар өздөрүнүн "КУЭТ" ААКына жана
"Электр станциялары" ААКына карыздарын төлөй алышат. Бул схеманы ишке
ашыруу бөлүштүрүү компанияларын жана тиешелүү түрдө "Электр станцияла-
ры" ААКын финансы-экономикалык кризистен чыгарууга жана "КУЭТ" ААКынын
көрсөткүчтөрүн жакшыртууга жөндөмдүү квалификациялык командасы бар
топ-менеджерлерди тандоого ачык тендер өткөрүүнү талап кылат.
Чыгаруучу энергия компаниялардын ортосундагы түз атаандаштыкты
өнүктүрүү менчик капиталды тартуу менен жањы ГЭС курууга жана тиешелүү
түрдө сарптоолорду азайтууга жана пайда алуу максатында аларды оптимал-
даштырууга өбөлгө болот. ЕврАзЭС өлкөлөрү менен да, Түштүк Азия
өлкөлөрү менен да бирдиктүү электр энергия рыногун түзүүдө ачылып жат-
кан мүмкүнчүлүктөргө катышууга байланыштуу Кыргызстанга Орто жана Жо-
горку Нарын ГЭС каскадынын кийинки баскычтарын, ошондой эле чакан ГЭС-
терди куруу үчүн инвесторлорду издөө зарыл. Ушул учурда гана республи-
када электр энергиясын өндүрүүчүлөрдүн арасында атаандаштыкты камсыз
кылууга жана Борбордук Азиянын региондук рыногунда татыктуу ордун
ээлөөгө болот.
Газ менен жабдуудагы түзүмдүк саясат өлкөнү ишенимдүү газ менен
жабдууну камсыз кылуу жана аны либералдаштыруу боюнча конкреттүү иш-ча-
раларды жүзөгө ашыруу боюнча шарттарды түзүүгө багытталган. Газ менен
жабдуу системасын өнүктүрүү өлкөнүн газ чарбасын мамлекеттен ажыратуу
жана менчиктештирүү, газды пайдалануунун белгиленген көлөмдөрүнө байла-
ныштуу газ ташуучу тармактарды реконструкциялоо жана өнүктүрүү жана
мамлекеттик жөнгө салууну күчөтүү программаларынын негизинде
жүргүзүлөт.
Нефтегаз өнөр жайындагы түзүмдүк саясат көбүнчө жер казынасын пай-
даланууну жөнгө салуу боюнча салык саясатын өркүндөтүү, нефти менен
газдын жањы кендерин иштеп чыгуу жана казуу үчүн тикелей инвестициялар-
ды тартуу аркылуу нефти бизнесин колдоо жана нефти иштетүүчү ишканалар-
ды толук кубаттуулукта ишке киргизүү менен байланышкан. Нефти жана неф-
тепродуктуларынын ички рыногуна берүүлөр атаандаштыгын өнүктүрүү, ры-
ноктун бардык субъекттеринин чарбалык ишмердиктери үчүн бирдей шарттар-
ды түзүүнү камсыздоо зарыл.
Көмүр өнөр жайындагы түзүмдүк саясат республикалык бюджеттен мам-
лекеттик колдоонун азайышы жана токтотулушу, тармактын атаандаштыкка
жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашы жана ишканалардын инвестициялык кызыктыруу-
чулугунун жогорулашы менен байланышкан. Көмүр тармагын толук менчиктеш-
тирүү аяктайт. Саясат чаралары зыянга алып келүүчү шахталардын натыйжа-
луулугун жогорулатууга жана шахтерлорду кайра квалификациялоо жана оку-
тууну кошкондо ушуга байланышкан социалдык чыгымдарды колдоого жана
тармакта инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга багытталган.
Жылуулук энергетикасындагы түзүмдүк саясат чакан шаардык жана
айылдык от казандарын менчиктештирүү, жылуулук энергиясына тарифтик са-
ясатты тартипке келтирүү жана жылуулук алуунун, анын ичинде күндөн жы-
луулук алуунун жањы технологиясын бардык жерге ишке киргизүү менен бай-
ланышууга тийиш.
Энергетикалык сектордо реформа жүргүзүү үчүн мыйзамдык жана норма-
тивдик базалардын пакетинин стандарттуу топтомун түзүүнү аяктоо зарыл,
биринчи кезекте бул энергетикалык рыноктун эрежелери, энергия булакта-
рына тарифтерди иштеп чыгуунун методикалык ыкмалары жана мамлекеттик
органдардын функцияларын так чектөө. Ал үчүн таламдардын талаш-тартышын
болтурбоо үчүн энергетикалык сектордо уруксат берүүчү, контролдук жана
регулятивдик функциялардын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү зарыл.
УЭПти мониторингдөөнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасы-
нын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги төмөнкүлөргө
милдеттүү:
- УЭПти мониторингдөө системасынын механизмин түзүү жана маалымат-
тык-аналитикалык камсыздоо;
- ОЭКте иш жүзүндөгү абалына байкоо жүргүзүү жана мамлекеттик узак
мөөнөттүү энергетикалык саясатты ишке ашыруу максатында УЭПке монито-
ринг жүргүзүү;
- мамлекеттик энергетикалык саясаттын натыйжалуулук
көрсөткүчтөрүнүн системасын иштеп чыгуу;
- өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна таасир этүүчү терс тенденци-
яларды өз учурунда аныктоо жана алдын алуу максатында болуп жаткан
өзгөрүүлөргө системалуу талдоо жүргүзүү;
- энергетикалык программаларды ишке ашыруунун ар бир этабында тие-
шелүү мезгилге өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү ишке ашыруу
боюнча маанилүү максаттуу багыттарды бөлүп көрсөтүү;
- мониторингдөөнүн натыйжасы боюнча УЭПти ишке ашыруунун жүрүшү
жөнүндө ар жылкы докладды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү.
6. Бирдиктүү энергия ресурстары рыногун түзүү
боюнча мамлекеттер аралык кызматташуунун жана
тышкы энергетикалык саясатты өнүктүрүүнүн
стратегиялык милдеттери
Энергия ресурстарынын рыногун түзүү боюнча мамлекеттер аралык кыз-
матташуунун стратегиялык милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- КМШ, ЕврАзЭС, ШКУ ж.б. алкагында болгон энергетикалык байланыш-
тарды сактоо жана андан ары өнүктүрүү;
- суу жана жылуулук энергетикалык ресурстарды өздөштүрүү жана иш-
теп чыгуу жаатында интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө катышуу,
аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- суу жана жылуулук энергетикалык ресурстарды биргелешип
өздөштүрүү, суу чарба жана энергетикалык объекттерди, анын ичинде нефти
жана газ түтүктөрүн биргелешип пайдалануу боюнча нормативдик укуктук
базаны түзүүгө жана өркүндөтүүгө катышуу;
- Борбордук Азия регионунда энергетикалык жана экологиялык кооп-
суздукту камсыздоо.
Коюлган милдеттерди ишке ашыруу төмөнкү багыттар боюнча тышкы
энергетикалык саясатты өнүктүрүүнү талап кылат:
- региондук энергетикалык рынокту түзүүдө жана энергетикалык сек-
тордун экспорттук мүмкүнчүлүгүн болушунча натыйжалуу ишке ашырууда Кыр-
гыз Республикасынын позициясын бекемдөө;
- энергетикалык сектордо тышкы экономикалык ишмердиктин басмырла-
боочу режимин, энергетикалык компаниялардын энергия булактарынын рынок-
торуна, чет өлкөлүк финансы рынокторуна, энергетикалык өндүрүштүн ал-
дыњкы технологияларына жетишин камсыздоо;
- өз ара пайдалуу шарттарда эл аралык финансылык уюмдардын инвес-
тицияларын тартууга көмөктөшүү;
- энергиялык натыйжалуулуктун жана туруктуу өнүктүрүүнүн принцип-
терин, ошондой эле кол коюлган эл аралык Конвенциялардын, протоколдор-
дун жана ДЭХтердин принциптерин илгерилетүү;
- тышкы экономикалык ишмердиктен Кыргыз Республикасы үчүн эњ чоњ
пайда алуу;
- ОЭКте эл аралык энергетикалык бизнестин жањы формаларын колдоо.
Электр энергиясынын жана кубаттуулуктун региондук рыногунда
2011-2025-жылдарга болжолдонуучу мезгилде республиканын гидроэнергети-
касынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн болушунча ишке ашыруу үчүн Кыргызс-
тандын позициясын чыњдоо жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого
салым киргизүү стратегиялык жактан маанилүү болуп эсептелет.
Ал үчүн биринчи кезекте электр ресурстарын алмашуу боюнча өз ара
аракеттенүүнүн: Кыргызстан-Казакстан-Тажикстан-Өзбекстан схемасы калы-
бына келтирилүүгө тийиш, ал 1998-жылы Казакстан Республикасынын, Кыргыз
Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасы-
нын мамлекеттер башчыларынын Өкмөттөр аралык төмөнкүдөй макулдашууларга
кол коюу менен Борбордук Азиялык экономикалык коомдоштуктун (мындан ары
- БАЭК) алкагында түзүлгөн:
- Борбордук Азиянын ОЭСинде энергия системаларынын жарыш иштеши
жөнүндө;
Нарын-Сырдарья суусунун бассейнинин суу ресурстарын пайдалануу
жөнүндө.
Ушул макулдашууларга ылайык Кыргызстан вегетациялык мезгилде Ток-
тогул суу сактагычынан сууну кое берүү үчүн жана Өзбекстан менен Ка-
закстанга кошо иштелип чыккан жана экспорттолгон электр энергиясы үчүн
алмашуу катары Бишкек шаарынын ТЭЦи үчүн жаратылыш газын, көмүр жана
мазут алган. Бирок, БАРдагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүү каала-
гандай темптерге жана натыйжаларга жетишкен жок. Анын негизги себеби
БАР мамлекеттеринин компоненттүү органдары кабыл алынган чечимдерди иш-
ке ашыруунун конкреттүү механизмдерин толук көлөмдө өз учурунда иштеп
чыга алган жок. 2002-жылдан тартып Өзбекстан өзүнүн аймагында суу ре-
сурстарын пайдаланууну жакшыртууга, ошондой эле Арнасай ойдуњунун ку-
рулмаларын кошкондо, агымды кайрадан жөнгө салууга багытталган бир ка-
тар суу чарба багытындагы долбоорлорду өз аймагында ишке ашырып, өзүнүн
Нарын дарыясынын бассейниндеги суу ресурстарынан болгон көз карандылы-
гын азайтты жана иш жүзүндө Кыргыз Республикасынан электр энергиясын
экспорттоодон иш жүзүндө баш тартты.
Энергия ресурстарын алмашуу боюнча өз ара аракеттенүү схемасын бу-
зуунун натыйжасында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан
республикаларынын ортосундагы айрым эки тараптуу келишимдерди түзүүгө
өтүүгө аргасыз болду, бул учурда вегетациялык мезгилде сууну кое берүү
үчүн энергия ресурстарын мамлекеттер аралык алмашуу шарттары протокол
менен таризделе баштады.
Борбордук Азия кызматташтыгы (БАК) уюмунун ЕврАзЭС менен биригиши-
не байланыштуу ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин алкагында БАда суу энерге-
тикалык жөнгө салуу маселелеринде өз ара аракеттенүү механизмдерин ка-
роо жана иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй мамлекеттер аралык документтердин
долбоорлору иштелип чыкты, ал шашылыш кароону жана кабыл алууну талап
кылат, булар:
- БАда суу энергетика ресурстарын натыйжалуу пайдалануу концепция-
сы;
- БАда суу энергетикалык жөнгө салууда ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттер-
дин өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүүнүн жол картасы;
- Борбордук Азиянын өзгөчө шарттарын эске алуу менен эл аралык суу
укугунун нормаларынын негизинде Сырдарыя суусунун бассейниндеги суу ре-
сурстарын пайдалануу боюнча жањыланган узак мөөнөттүү Өкмөттөр аралык
макулдашуулар.
ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык кењешинин 2006-жылдын 16-августунда-
гы N 315 чечимине ылайык иштелип чыккан БАда суу энергетикалык ресурс-
тарды натыйжалуу пайдалануунун концепциясын бардык мамлекеттердин кы-
зыкчылыктарын эске алуу менен Нарын-Сырдарыя сууларынын бассейниндеги
суу энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууда жана гидро-энерго
потенциалды биргелешип өздөштүрүүдө ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин өз
ара аракеттенүү принцибине макулдашылган көз караштардын жана ыкмалар-
дын жыйындысы түрүндө болот жана мүчө мамлекеттердин чарбакер субъект-
тери үчүн ыњгайлуу экономикалык жана укуктук шарттарды аныктайт. Кон-
цепция мамлекеттер аралык макулдашууларды иштеп чыгуу үчүн негиз болуп
эсептелет, анда БАР суу-энергетика ресурстарын (мындан ары - СЭРин) на-
тыйжалуу пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү прин-
циптери, максаттары жана милдеттери аныкталган, алардын бири болуп
төмөнкүлөр каралат:
- региондун СЭРин сарамжалдуу, натыйжалуу өздөштүрүү жана пайдала-
нуу жаатында макулдашылган иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- суу агымынын өзгөрүшүнүн жылдык жана көп жылдык циклдерин, суу
жана энергетикалык ресурстардын баланстарын ж.б. эске алуу менен суу
сактагычтар каскаддарынын иштеринин ирригациялык жана энергетикалык ре-
жимдеринин оптималдуу катышын камсыздоо;
Эл аралык суу укугун эске алуу менен Жол картасында БАда суу энер-
гетикалык жөнгө салууда ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин өз ара аракет-
тенүү механизмдерине негизги принциптер жана талаптар аныкталган. Өз
ара аракеттенүү механизмдери экономикалык, техникалык, институттук жана
саясий мүнөздөгү чаралардын системасын карайт. Документ Суу чарба жана
энергетика секторлорун интеграциялоо процессинде биргелешкен рыноктук
шарттарды этап менен түзүү планы түрүндө болуп, баштапкы абалдан
өтүүнүн 3 этабын камтыйт. Ар бир этап Сырдарыя трансчегаралык суусунун
СЭРин биргелешип пайдалануу жана өздөштүрүү чөйрөсүндө интеграциялоонун
кыйла жогорку дењгээлине туура келет. Жол картасын иштеп чыгууда
төмөнкүдөй жоболор жана жыйынтыктар эске алынган: БАнын суу жана энер-
гетикалык ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануунун регион-
дук стратегиясы (СПЕКА программасы, 2003-ж.); Эл аралык суу-энергетика-
лык концорциумду түзүү концепциясы; КМШга катышуучу мамлекеттердин жал-
пы электр энергетикалык рыногун түзүү концепциясы ж.б.
ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттери менен Нарын-Сырдарыя бассейни бююнча
иштелип чыгуучу жањы макулдашууда энергоресурстар рыногун өнүктүрүү
үчүн документтердин көп жылдык келечеги бекемделген, ошондой эле Кыр-
гызстан өзүнүн экономикасы үчүн олуттуу жоготууларынын эсебинен аларга
ар жылдык жана көп жылдык суу топтоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы
төлөөгө Өзбекстан менен Казакстандын милдеттенмелерин тикелей таануу
бекемделген. Макулдашуу ошондой эле эл аралык арбитраждын жол-жоболорун
колдонуу менен талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди чечүүнүн
кыйла натыйжалуу механизмдерин карайт. Суу бөлүштүрүүнүн принциптерине
жана тартибине карата келишимдерге жетишүү, мамлекеттер ортосунда сууну
жөнгө салууга сарптоолорду компенсациялоо дењгээли боюнча чаралар,
ошондой эле мамлекеттер аралык суу объекттерин пайдалануу режимдерин
оптималдаштыруу актуалдуу маселе болуп эсептелет.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча XX кылымда кол коюлган 145 ма-
кулдашуунун 44үндө трансчегаралык бассейнде жогору жагында жайгашкан
көз каранды эмес мамлекеттердин суу же сууну жөнгө салуу жана берүү бо-
юнча кызматтарына акча которуу же келечекте төлөө түрүндө акы каралган.
Бул механизм 2001-жылдагы Чүй жана Талас дарыялары боюнча Өкмөттөр ара-
лык макулдашууда пайдаланылган, ага ылайык Казакстан ал дарыялардагы
суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө кеткен
чыгымдардын ордун толтурууга үлүштүк катышат. Бул механизм Кыргызстан-
дын жана Казакстандын Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндеринде суу
ресурстарды башкаруу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын
түзүү менен бекемделген.
Стратегиялык планда Нарын-Сырдарыя сууларынын бассейни боюнча Кыр-
гызстан мамлекеттер аралык маанидеги, сезондук жана көп жылдык жөнгө
салууну камсыздоочу суу чарбалык объекттер ирригациялык режимде да,
энергетикалык режимде да иштешине жетишүүсү зарыл, бул Казакстан менен
Сырдарыя суусунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кыш мезгилде электр энергиясын
иштеп чыгаруу үчүн Арал дењизине кышында 4,5 млрд. куб.м чейин, сууну
жайында берүүнү коркунучка калтырбастан көбөйтүү боюнча жүргүзүлгөн иш-
тин натыйжасында мүмкүн болду. Келечекте Камбарата ГЭСтеринин ишке кир-
гизилиши менен Төмөнкү Нарын каскадынын режимдик ишин толук камсыздоо
мүмкүндүгү жаралат, анткени Камбарата ГЭСтеринин кыш мезгилде
чектөөлөрдөн көз карандысыздыгы алардын артыкчылыгы, анткени станция-
лардын чыгарылган суу Токтогул суу сактагычына топтолот.
ЕврАзЭстин Мамлекеттер аралык кењешинин 28.02.2003-ж. Чечим менен
бекитилген ЕврАзЭске мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин ишке
ашыруу боюнча планды аткаруу үчүн ЕврАзЭске катышкан мамлекеттердин
отун-энергетика комплекстерин өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки мезгилге
карата стратегиясы иштелип чыккан. Стратегиянын долбоорун даярдоонун
жыйынтыгында ЕврАзЭстин бирдиктүү энергетикалык мейкиндигин түзүүнүн
артыкчылыктуу багыттары, этаптары жана ориентирлери боюнча негизделген
сунуштар болду. Ал документте жалпы энергетикалык рынокту түзүүнүн,
Отун-энергетикалык потенциалдарды сарамжалдуу пайдалануунун жана Шерик-
тештиктеги мамлекеттердин энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун жана
аларды андан ары өнүктүрүүнүн, Борбордук Азия регионунун жалпы
суу-энергетикалык ресурстарын жөнгө салуунун, ошондой эле мамлекеттер
аралык мамилелердин нормативдик укуктук базасын өркүндөтүүнүн или-
мий-техникалык, социалдык, экономикалык жана башка жактары чагылдырыл-
ган.
ЕврАзЭстин Мамлекеттер аралык кењешинин 2006-жылдын 25-январында-
гы № 103 чечимине ылайык ЕврАзЭске мүчө мамлекеттердин жалпы энергети-
калык рыногун түзүү концепциясы иштелип чыгып, анда жалпы энергетикалык
рынокту түзүүнүн максаттары, негизги милдеттери, принциптери жана не-
гизги багыттары аныкталган, аларда жалпы электр энергетика рыногун,
көмүр рыногун, нефти, газ рыногун түзүү шарттары ж.б. камтылган. Кон-
цепциянын жоболору эл аралык келишимдерди жана башка укуктук актыларды
иштеп чыгууга, ошондой эле ЕврАзЭске катышкан мамлекеттердин жалпы
энергетикалык рыногун түзүү маселесинде мамлекеттер аралык максаттуу
программалары иштеп чыгууга негиз болот.
ЕврАзЭстин Мамлекеттер аралык кењешинин 2006-жылдын 16-августунда-
гы № 314 Чечимине ылайык ЕврАзЭске мүчө мамлекеттердин 2010-жылга че-
йинки мезгилге карата отун-энергетикалык балансы иштелип чыккан, анда
энергия ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүү үчүн мамлекеттер арасында
энергия булактарынын негизги соодалык агымдары аныкталат.
Электр энергиясынын рыногун түзүү принциптери маанилүү эл аралык
документтерде аныкталган, алар: 1991-жылдын 17-декабрындагы Европалык
Энергетикалык Хартия жана Энергетикалык Хартияга карата 1994-жылдын
17-декабрындагы келишим, ал 1997-жылы күчүнө кирген жана энергетикалык
сооданы өнүктүрүүнүн, энергетиканы өнүктүрүү тармагындагы кызматташуу-
нун жана айлана-чөйрөнү коргоонун негизги принциптери белгиленген. Бул
эл аралык документтерге Борбордук Азиянын беш мамлекети тењ кол коюп,
үч мамлекети - Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан ратификациялаган.
Энергетикалык сооданы өнүктүрүү жана энергетиканы өнүктүрүү тарма-
гында кызматташуунун негизги принциптерин сактоо келечекте Борбордук
Азия мамлекеттеринин Казакстанда, Өзбекстанда жылуулук электр станция-
ларды, Кыргызстандан жана Тажикстанда ири ГЭСтерди өнүктүрүү жана энер-
гетикалык пул же энергетикалык биржа уюштуруу үчүн шарттарды түзүү бо-
юнча энергетикалык стратегияларын ишке ашырууга мүмкүндүк берер эле.
Көз каранды эмес системалык оператордун функциясын "Энергия" ОДЦ аткар-
са болот, ал өз ишинде объективдүү саясат жүргүзүүгө жана келечекте
энергетикалык пулдун өзөгү болууга тийиш.
Кызматташтыкты жөнгө салуунун маанилүү механизми региондун
отун-энергетикалык жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, бар-
дык керектөөчүлөрдү энергия жана суу менен ишеничтүү камсыздоого жана
узак мөөнөттүк инвестициялык саясат жүргүзүүгө жарактуу мамлекет аралык
субъекттерди түзүү болууга тийиш. 2004-жылдын ноябрында мамлекет башчы-
ларынын Дүйшөмбүдөгү саммитинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Россия-
нын Эл аралык суу-энергетикалык консорциумун (ЭАСЭК) түзүү жөнүндө ма-
кулдашууга кол коюлган. ЭАСЭКти түзүү Камбарата-1 ГЭСин курууга жана
Токтогул гидротүйүнүндө макулдашылган ирригациялык режимди энергетика-
лык режимде ишке киргизүүгө байланышкан маселелердин Кыргыз Республика-
сы үчүн алгылыктуу чечилишин камсыздай алат. Россия Камбарата ГЭСтерин
куруунун айрым бөлүгүн өзүнө алуу ниетинде жана Кыргыз Республикасына
гидротехникалык жабдууларды берүүгө ынтызар.
ЭАСЭК макулдашууларда каралган суу-энергетикалык алмашуунун турук-
туулугун гарантиялачу финансылык жана камсыздандыруучу механизм болуу-
га, чыгарчу чечимдеринин тууралыгын негиздөө үчүн өзүнүн карамагында
каражаттары жана инструменттери болууга тийиш. Суу сактагычтардын суу
берүү отун-энергетикалык ресурстарды берген сыяктуу эле "мамлекет-кон-
сорциум-банк" структурасынын иштөөсүнүн негизинде валюталык өз ара
эсептешүүлөр аркылуу ишке ашырылууга тийиш. Валюталык өз ара эсеп-
тешүүлөрдү уюштуруу жана финансылык контроль ресурстарды берүү боюнча
кабыл алынчу чечимдердин аткарылышынын ыкчамдыгын гарантиялай алат.
Энергетика тармагындагы мамлекеттер аралык иштин маанилүү багыты
деп СПЕКА программасынын чегинде Түштүк Азия өлкөлөрү менен кызматташу-
уну эсептөө керек. Электр энергиясын Борбордук Азия багытында сатуу ры-
ногу жай мезгилге туура келүүчү, электр энергиясын өтө керектөө режими
менен келечектүү, бул убакта Төмөнкү-Нарын ГЭСтер каскады ирригациялык
режимде иштеген жана ага коштонду иштен чыгарылган, Кыргызстан үчүн
ашык электр энергиясы Тажикстан аркылуу Пакистанга берилсе болот. Бирок
бул багытта электр энергиясын коњшу мамлекеттердин аймактары аркылуу
үчүнчү өлкөлөргө дискриминациялуу эмес транзиттөө проблемасын чечүү за-
рыл.
Ушуга байланыштуу КМШ жана ЕврАзЭс сыяктуу мамлекет аралык уюмдар-
дын улуттук электр өткөрүү тармактарына жеткиликтүүлүктү, энергетика
секторундагы транзиттик жана тарифтик саясатты жөнгө салуучу норматив-
дик укуктук документтерди даярдоо боюнча иштерине катышуу зарыл. Анын
үстүнө ЕврАзЭске жана КМШга катышкан мамлекеттер арасында өткөрүлчү
электр энергиясын бажылык тариздөөдө бажылык жол-жоболорду бирдейлеш-
тирүү жана жөнөкөйлөштүрүү маселесин эки тараптуу негизде максаттуу ал-
га жылдыруу зарыл, анткени анын чечилиши электр энергиясын өткөрүү жана
транзиттөө үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Келечектеги
ГЭСтерден Түндүк Азия багытына 500 кВ электр өткөрүү линиясын куруу жа-
на электр энергиясын берүү маанилүүлүгү боюнча экинчи орундагы пробле-
ма.
Азыркы учурда жана узак мөөнөттүк келечекте гидроэнергетиканы
өнүктүрүү жана Кыргызстандан электр энергиясын экспорттоону андан ары
өнүктүрүү боюнча кызматташуудагы интеграциялык процесстердин ыктымалдуу
катышуучулары болуп: Россия Федерациясы - Камбарата-1 ГЭСин куруу боюн-
ча, жана КЭР-Нарын жана Сарыжаз сууларынын жогорку жана орто агымдарын-
да ГЭСтерди, ошондой эле Кара-Кече ГЭСин куруу боюнча эсептелет.
Инвесторлордо ынтызарлык болсо аларды белгиленген мөөнөттөрдө ку-
руу электр энергиясын экспорттоонун көлөмүн көбөйтөт. Мында суу сакта-
гычтан суу кое берүү менен кошо электр энергиясын Казакстанга жана
Өзбекстанга, ошондой эле Россияга, Кытайга жана Пакистанга экспорттоо
божолдонууда. 2003-2004-жылдарда ашык электр энергиясын Кыргызстандан
Россияга казакстандын электр тармактары аркылуу транзит менен берүү бул
маршруттун келечектүү экенин көрсөттү. Россия келечекте гидроэнергети-
калык объектерге жабдуу берүүчү катары эле эмес, электр энергиясын по-
тенциалдуу импорттоочу катары да өнөк боло алат. Ушул себеп боюнча
энергетикада мамлекеттер аралык кызматташууну өнүктүрүү Кыргызстандын
тышкы энергетикалык саясатында башкы артыкчылыктардын бири болгон жана
болууга тийиш.
СПЕКА ЕЭКтин жана БУУнун ЭСКАТО программаларынын алкагында
жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча Борбордук Азиядан электр энергиясын экс-
порттоого муктаждыгы кВтс үчүн 5-6 цент баада дээрлик 1000 МВт түзгөн
Пакистан менен электр энергиясын экспорттоо жөнүндө макулдашууга, ошон-
дой эле Тажикстан менен келечектеги Түштүк Азия багытында курулуучу
ЛЭПтер аркылуу электр энергиясын транзиттөө жөнүндө макулдашууга жетиш-
се болот. Электр энергиясын экспорттоонун мүмкүн болгон көлөмү биринчи
сценарий боюнча 4,2 млрд. кВтс жана экинчи сценарий боюнча 2025-ж. ка-
рата жылына 6,4 млрд. кВтс көлөмдө болжолдонууда.
Кийинки жылдарда сатуучу электр энергиясына экспорттук баалар
төмөндөөдө. Эксперттердин берген баасы боюнча электр энергиясын экс-
порттоодон албай калган сумма АКШнын оњдогон миллион долларына барабар.
Бул тармакта орто мөөнөттүк мезгилдеги саясаттын чаралары экспорттук
тарифтин механизмин иштеп чыгууга багытталат, энергиянын өлкөнүн энер-
гетика рыногунда калыптанган өздүк наркынан жана келишим түзүлгөн күнгө
карата электр энергиясынын региондук рыногундагы өздүк нарктан төмөн
болбоого тийиш.
Келечекте "Газпром" ААК "Кыргызгаз" ААК жана "Кыргызнефтигаз" ААК
менен биргелешип Нефти-газ өнөр жайында кыргыз-россиялык биргелешкен
ишкана түзүү жөнүндө меморандумга ылайык көмөк көрсөтсө Кыргыз Респуб-
ликасынын экономикасын импорт табигый газ менен жылына 850-900 млн.
куб.м көлөмдө камсыздоо боюнча кызматташууга мүмкүн.
100-200 мињ тонна көлөмдө көмүр экспорттоо мүмкүн, бул КЭР менен
Кыргыз Республикасынын жана Борбордук Азиядагы коњшу өлкөлөрдүн көмүр
ишканаларынын ортосундагы келишимдерге ылайык ишке ашырылмакчы.
Стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу сүйлөшүү процесстерин
өркүндөтүүнү талап кылат. Суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу жана
энергия ресурстарын соодалоо боюнча мамлекеттер аралык көп тараптуу жа-
на эки тараптуу сүйлөшүүлөр биздин өлкө үчүн экономикалык пайда позици-
ясынан жүргүзүлүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын бекем жана так пози-
циясы коњшу өлкөлөргө республиканын кызыкчылыгы менен эсептешүүгө, Ток-
тогул ГЭСтер жана болочок Камбарата ГЭСтер каскадынын ирригациялык жана
энергетикалык кызыктуулугун арттырууга мүмкүндүк берет. Жогоруда айтыл-
ган ориентирлерге жетишүү үчүн республиканын тышкы саясий ведомстволору
узак мөөнөттүк келечекте мамлекеттер аралык энергетикалык байланыштарды
өнүктүрүү боюнча дипломатияга тийиштүү көњүл буруулары зарыл.
7. Кыргыз Республикасынын энергия үнөмдөө
саясатынын негизги багыттары
Отун-энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жого-
рулатуу жана өлкөнүн экономикасын энергия үнөмдөө жолуна которуу үчүн
зарыл шарттарды түзүү - мамлекеттин энергетикалык саясатынын артыкчы-
лыктуу милдеттеринин бири. Бул маселени чечүү болжолдонгон өсүш темпин-
де калкты жана өлкөнүн экономикасын энергия булактары менен туруктуу
камсыздоону гарантиялоого мүмкүндүк берет.
Отунду жана энергияны пайдалануудагы майнапсыздык колдонуудагы
технологиялардын, финансылык-экономикалык механизмдердин жетик эмести-
гине байланыштуу. Алар энергия ресурстарын өндүрүүчүлөрдү жана ке-
ректөөчүлөрдү энергия булактарына чыгымдарды азайтууга шыктандырбайт.
Энергия үнөмдөөнүн технологиялык потенциалын ишке ашырууда энергия
үнөмдөөчү иш-чаралар үч категорияга бөлүнөт, алар:
- чыгымы аз иш-чаралар, алар отунду жана энергияны пайдаланууда
тартипти орнотуу (ташууда жана сактоодо энергия булактарынын коромжулу-
гун жоюу, энергияны үнөмдөөчү технологиялык режимдерди сактоо, чыгаша-
луу энергиялык жабдууларды алмаштыруу, керектөөчүлөрдү энергия булакта-
рынын эсептегичтери менен жабдуу ж.у.с);
- орчундуу максаттык инвестицияларды талап кылган жана энергия
үнөмдөөнүн натыйжасы кыска аралыктын ичинде аларды ишке ашырууга кеткен
чыгымдарды актаган шартта гана орундалчу капитал сыйымдуу иш-чаралар;
- эл чарба тармактарын техникалык кайра жабдуу процессинде атка-
рылчу, энергия үнөмдөө фактору менен коштолуучу иш-чаралар.
Адистер берилген баалар боюнча республиканын экономика тармакта-
рында энергиянын жалпы керектелиши орчундуу капиталдык салымды талап
кылбаган техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын эсебинен 13% кыскарты-
лышы мүмкүн, бул 2010-жылга чейинки мезгилде 550 мињ т.у.и. үнөмдөөнү
камсыздайт. Колдонуудагы энергетикалык жабдууну реконструкциялоонун жа-
на модернизациялоонун, энергия үнөмдөөчү технологияларды ишке кир-
гизүүнүн эсебинен электр энергиясын 25% жана жылуулук энергиясын 15%ке
жакын үнөмдөөгө болот, бул 2000 млн. кВт.с жана 800 мињ гкал барабар
болот.
Орто мөөнөттүү келечекте (2008-2010-жылдар орто мөөнөттүк келечек-
те чыгымы аз иш-чараларды жүргүзүүнүн эсебинен энергия үнөмдөө боюнча
потенциалдын бир бөлүгүн өздөштүрүүнү камсыздоо зарыл.
Энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн экономикалык
жана уюштуруучулук шарттарды түзүү максатында энергия үнөмдөө жагындагы
мамилелерди жөнгө салуучу негизги документ болуп азыркы мезгилде "Энер-
гия үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы саналат.
Бул Мыйзамга ылайык жакынкы келечекке биринчи кезектеги милдет
"2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында энергия үнөмдөө" максаттуу
программасын (мындан ары - Программа) орточо мөөнөткө тарифтик саясат
менен бирдикте кабыл алуу болуп эсептелет.
Программанын максаты жана милдеттери:
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ыла-
йык энергия үнөмдөө саясатынын негизги жоболорун ишке ашыруу;
- элдин тиричилик шартын жакшыртуу менен экономиканын энергия
үнөмдөөчү жолго коюлушун камсыздоо;
- рыноктук механизмдердин жана мамлекеттик жөнгө салуу чараларынын
комплексин пайдалануу;
- региондорго отун жана энергия үнөмдөө үчүн бюджеттик дотацияны
кыскартуу.
Иш-чаралардын программасы үч блоктон турат:
1. Энергия үнөмдөөнү нормативдик, уюштуруу-методикалык жана кадр-
лык камсыздоо.
1.1. Тез аранын ичинде энергия үнөмдөө программаларын жана долбо-
орлорун иштеп чыгууну жана аткарууну камсыздоочу нормативдик укуктук
актылардын комплексин түзүү.
1.2. Энергия үнөмдөөнүн өзү жөнгө салынчу системасын түзүү үчүн
республикалык, тармактык жана региондук программаларды ишке ашыруунун
финансылык-экономикалык механизмдерин каржылоонун төмөнкүдөй булактарын
пайдалануу менен иштеп чыгуу, алар:
- энергия үнөмдөө иш-чараларын жана программаларын ишке ашыруучу
ишканалардын каражаты;
- энергия үнөмдөө программаларын ишке ашыруучу райондордун жана
шаарлардын каражаты;
- энергия үнөмдөө долбоорлорун жана программаларын ишке ашырууга
республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар;
- бюджеттен тышкаркы фонддордун жана инвестициялардын каражаттары.
Энергия үнөмдөөнү мамлекеттик финансылык колдоо негизинен кайта-
рылма негизде, жењилдиктүү шарттар жана чектелген мөөнөткө, долбоорлор-
дун өзүн актоо маанисине жана мөөнөтүнө жараша берилүүгө тийиш.
Каражат жетишпей жаткан шартта долбоорлорду каржылоого мүмкүндүк
берүүчү механизмдерди пайдалануу зарыл. Андай механизмдер:
- энергия үнөмдөө долбоорлорун каржылоонун кайтарылма схемаларын
пайдалануу;
- энергетикалык майнаптуулукту жогорулатуу үчүн жењилдиктүү кре-
диттөөнү пайдалануу;
- бюджеттен каржыланган энергия керектөөчү мамлекеттик ишканаларга
жана уюмдарга үнөмдөлгөн энергиялык ресурстарга укук берүү;
- калкка дотацияларды берүү менен энергия үнөмдөөгө шыктандыруу.
Кыргыз Республикасынын ишканаларынын жана администрациялык-аймак-
тык түзүлүштөрүнүн энергия үнөмдөө долбоорлоруна мамлекеттик колдоо ча-
ралары энергетикалык изилдөөнүн жыйынтыгына, энергетикалык паспорттун
жана энергия үнөмдөө программасынын болушуна жараша ишке ашырылууга ти-
йиш.
1.3. Энергия үнөмдөө жагында кадрларды даярдоону, кайра даярдоону
жана энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнү уюштуруу,
төмөнкүлөрдү кароо:
- мектепке чейин жана мектепте билим берүүдө жаш муундарда эколо-
гиялык жана энергия үнөмдөө ањ-сезимин калыптандыруу;
- энергия үнөмдөөнүн технологиялык жактары тармагында жогорку би-
лимдүү адистерди кайра даярдоо;
- ишканаларды жана уюмдарды энергетикалык изилдөө жүргүзүү боюнча
адистерди даярдоо;
- энергия менен камсыздоо жана энергия үнөмдөө проблемалары боюнча
иштеген ишканалардын жана уюмдардын жетекчи кызматчыларын жана адисте-
рин кесиптик даярдоону өркүндөтүү боюнча курстарды өткөрүү.
1.4. Программанын аткарылышын мамлекеттик жөнгө салуу жана конт-
ролдоо системасын иштеп чыгуу.
2. Отун-энергетика ресурстарын өндүрүүнү жана пайдалануунун натый-
жалуулугун жогорулатуу.
2 1. Энергия үнөмдөө ресурстарын кылдат изилдөөнүн жана талдоонун
негизинде 2008-2010-жылдарга карата жана 2025-жылга чейинки келечекке
карата эл чарба тармактары, турак жай-коммуналдык чарба жана республи-
канын региондору боюнча энергия үнөмдөө программаларын иштеп чыгуу жана
кабыл алуу. Региондук энергия үнөмдөө саясатынын концепциясын түзүү жа-
на энергия үнөмдөө тармагында региондор аралык өз ара байланышта иш-
тешүү принциптерин аныктоо.
2.2. Энергия үнөмдөөчү жабдуулардын, энергия ресурстарын жөнгө са-
луучу жана сарпталышын эсепке алуучу приборлордун киргизилишин камсыз-
доо.
3. Принциби жагынан жањы энергия үнөмдөөчү технологияларды, жабду-
уларды, приборлорду жана материалдарды иштеп чыгуу жана мурдагыларын
өркүндөтүү, энергиянын альтернативдүү булактарын түзүү.
3.1. Энергия үнөмдөөдө илим сыйымдуу алдыњкы технологияларды кир-
гизүүнүн, ОЭКте, өнөр жайда, турак жай-коммуналдык сектордо, айыл чар-
бада, курулушта, транспортто жана экономиканын башка тармактарында
Отун-энергетика ресурстарынын дүњ керектелишин азайтуунун натыйжалуу
шарттарын жана этаптарын аныктоо.
3.2. Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү энергия
үнөмдөөчү натыйжалуу технологиялар боюнча маалыматтык база түзүү.
3.3. Чакан жана салттуу эмес энергетиканын инвестициялык цикли
кыскартылган, экономикалык өндүрүштөрдү республиканын аймагы боюнча
бирдей бөлүштүрүлүшүн камсыздоочу объекттерин алып келүү жана республи-
када өндүрүү мүмкүндүктөрүн аныктоо.
3.4. Энергия үнөмдөө боюнча активдүү маалыматтык саясат жүргүзүү,
энергия үнөмдөө боюнча компьютердик жарнамалык-маалыматтык программа-
ларды, маалыматтык бюллетендерди жана маалыматтык-жарнамалык мүнөздөгү
басылмаларды таратуу.
8. Айлана-чөйрөнү коргоонун стратегиялык милдеттери
жана ОЭКте жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу
ОЭК өлкөнүн экономикасына зор пайда алып келүү менен бирге айла-
на-чөйрөгө терс таасир көрсөтүүчү чоњ булактарынын бири. ОЭКтин терс
таасири иш жүзүндө анын бардык секторлорунда бар:
- углеводород сырьену казууда жана кайра иштетүүдө;
- энергия булактарын ташууда жана сактоодо;
- электр энергиясын жылуулук электр станцияларда да, гидроэлектр
станцияларда да иштеп чыгарууда;
- электр энергиясын абадагы жана кабелдик линиялар боюнча өткөрүү-
дө.
Айрыкча республиканын көмүр жана нефти-газ тармактарында экология-
лык абал жакшы эмес. Ишканаларда көмүр казуу жана ачуу жумуштарын тех-
нологиялык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүү уланууда. Кендер иште-
тилип бүткөндөн кийин жерлерди рекультивациялоо дээрлик жүргүзүлбөйт,
калдыктарды жайгаштыруу ар тараптуу инженердик иштеп чыгуулар менен
камсыздалбайт. Жыл сайын ондогон гектар жањы жерлер калдыктардын астын-
да калууда. Абаны тазалоочу жана сууну алып чыгуучу курулмалар эскирип,
алмаштырууга муктаж. Жабдуулар эскиргендиктен шахталардагы жана разрез-
дердеги экологиялык абал начарлагандан начарлап, кенчилер жана калк
үчүн коркунуч жаратууда.
Жылуулук электр станциялардын жана от казандардын зыяндуу заттар-
дын жана саркынды суулардын сыртка чыгарылышын контролдоочу заманбап
приборлор менен жабдылышы жетишсиз болгондуктан, бул өндүрүш калдыкта-
рынын сандык жана сапаттык курамын ишенимдүү контролдоону камсыздай ал-
байт. Жагылчу көмүрлөрдүн сапаты жылдан жылга начарлап баратканы байка-
лат, бул зыяндуу заттардын чыгарылышын кошумча көбөйтүүгө алып келет.
Электр энергетикасында ГЭСтерди, магистралдык электр өткөрүү лини-
яларын жана подстанцияларды куруунун экологиялык кесепеттери толук
изилденген эмес. Электр өткөрүү линияларын курууда жаратылышты коргоо
боюнча иш-чаралар дээрлик жүргүзүлбөйт жана аларды жүргүзүү үчүн норма-
тивдик критерийлер жетишсиз. Жогорку вольттуу электр өткөрүү линияла-
рындагы жана подстанциялардагы электр магниттик талаанын бийик тоолуу
шартта адамдарга зыяндуу таасири жетиштүү изилденген эмес.
ОЭКтеги экологиялык абалды жакшыртуу үчүн төмөнкүдөй иш-чаралардын
комплекси жүргүзүлүүгө тийиш, алар:
1. Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык макулдашууларды,
биринчи кезекте БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө конвенциясын
(Нью-Йорк, 1992-ж.) жана БУУнун алкактык конвенциясына Киото протоколун
(Киото, 2001-ж.) эске алуу менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча норматив-
дик укуктук базаны өркүндөтүү жана аны ишке ашыруу механизмдерин иштеп
чыгуу. Бул учурда төмөнкүлөр зарыл:
- тоолордо электр өткөрүү линияларын жана подстанцияларды курууда
куруу-монтаждоо жумуштарынын уюштурулушун жана кийин рекультивациялоону
жөнгө салуучу нормативдик документтерди иштеп чыгуу;
- энергиянын кайра калыбына келүүчү булактарын пайдалануу жөнүндө
мыйзам долбоорун иштеп чыгуу;
- нефти, газ жана көмүр казуучу секторлордо мурда булгалган жер-
лерди рекультивациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн план-графигин иштеп
чыгуу.
2. Экономикалык өсүштүн энергия натыйжалуулугун жогорулатуу, ошон-
дой эле энергияны сактоочу алдыњкы технологияларды киргизүүнүн жана
ОЭРдин үнөмдөө боюнча иш-чаралардын жана аларды коротууну азайтуунун
эсебинен отундун бардык түрлөрүн жана энергияны пайдалануу.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык жактан таза НВИЭ-
лерди, биринчи кезекте курорт аймактарында жана коруктарда, ошондой эле
салттуу түрдөгү энергетикалык курулуштар айыл чарба жерлерин, жайыттар-
ды жана токойлорду жакырлантууга алып келүүчү жерлерде кењири пайдала-
нуу.
4. Иштеп жаткан энергетикалык ишканаларда, ошондой эле көмүр жана
нефтегаз өнөр жайынын ишканаларында булганууларды жана айлана-чөйрөнүн
абалын башка бузууларды кыскартуу максатында технологиялык процесстерди
жана жабдууларды өркүндөтүү.
Ушул багыттагы биринчи кезектеги милдеттер болуп төмөнкүлөр эсеп-
телет:
- Бишкек шаарынын № 1 ТЭЦине бардык от казандардан 300 метрлик
түтүккө жагуучу газдарды чыгарууну аяктоо, бул ТЭЦтин бүркүп чыгаруула-
рынан жанындагы жер катмарынын булгануу дењгээлин 25-30%ке азайтууга
мүмкүндүк берет;
- биринчи кезекте БКЗ-160 үч от казандын ордуна БКЗ-42О-ЦКС от ка-
зандарды орнотуу, бул парник газдарынын бүркүлүп чыгышын 10 эсеге кыс-
картат, ал эми түтүн газдарындагы азот окистеринин болушу 3-3,5 эсе
азаят;
- иштелип чыккан күл калдыктарын андан ары рекультивациялоо менен
күлдү жана шлакты өнөр жайлык пайдалануунун натыйжалуу ыкмаларын иштеп
чыгуу жана ишке киргизүү;
- Ош шаарынын ТЭЦинин от казандарын жергиликтүү көмүрдү жана неф-
тепродуктуларды пайдалануу менен отундун экологиялык жактан таза жана
экономикалык түрү катары көмүр-мазут (нефти) суу композицияларын күйгү-
зүүгө которуу жөнүндөгү маселени чечүү, ошондой эле Ош шаарынын ТЭЦине
мазутту ташып келүүнүн жана сактоонун бүткүл системасын реконструкция-
лоо;
- ОЭК ишканаларын чыгуучу газдардын бүркүлүшүн, ыплас сууларды жа-
на башка зыяндуу заттарды контролдоонун заманбап приборлору менен жаб-
дуу, ошондой эле абаны жана сууну тазалоо боюнча өз ресурсун өтөп
бүткөн эски жабдууларды алмаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Каракече көмүрүн атайын алдын ала очоктордо - газ генераторло-
рунда алдын ала газдаштыруу менен аны жагуунун жањы технологиясын кир-
гизүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу. Ушул технологияны ишке киргизүү
учуп чыккан күлдүн жана газдын бүркүндүлөрүн 60-80%тен аз эмес кыскар-
тууга мүмкүндүк берет;
- кен казып алуу ишканаларында калдыктарды жайгаштыруу үчүн учас-
токторду тандоодо алдын ала инженердик-геологиялык жана гидрогеология-
лык изилдөөлөрдү милдеттүү түрдө жүргүзүү.
5. Жалпы аянты 8455 га, анын ичинен айыл чарба жерлери - 3302 га,
анын ичинен - 3297 га жайыт, 36,8 га токой, 428,2 га бадал жерлерди
алып коюу менен Нарын суусунун бассейнинде жањы гидрокурулмаларды Кам-
барата ГЭСин курууда жаратылыш экосистемасынын аялуулугун кыскартуу,
ошондой эле гидроэлектр станциялардын суу сактагычтарынын зонасына туш
келген 96 км мал айдоочу жолду суу каптап калышынан сактоо боюнча чара-
ларды иштеп чыгуу.
Экономиканы туруктуу экономикалык өсүш жолуна чыгаруу шарттарында
энергия натыйжалуулуктун алкагындагы биринчи кезектеги милдеттердин би-
ри болуп экологиялык коопсуздук проблемасын чечүү эсептелет. Республи-
када энергиянын калыбына келтирилүүчү булактарын ургаалдуу өнүктүрүүдө
жана экономиканын бардык тармактарында энергия сактоочу саясатты
жүргүзүүдө жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 1990-жылдагы дењгээлге кара-
та - 23202,53 Гг(*) парник газдарынын чыгышын "СО2 - эквивалентинде 2
эсе же 2025-жылга карата 12000 Гг чейин кыскартуу боюнча "МЧР долбоор-
лору" Киото протоколунун механизми аркылуу углероддук рынокко катышуу
мүмкүнчүлүгү бар, бул эл аралык углероддук рынокто 2,05-24,6 млрд. сом
(50-60 млн. АКШ долл.) киреше алууну камсыз кылышы мүмкүн. Парник газын
бүркүп чыгаруу үчүн баалар келечекте өсүшүн эске алуу менен кирешелер-
дин өсүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт, ал экономиканын энергия натыйжалуулугун
жогорулатууга жана өлкөнүн энергетикалык тармагына инвестициялардын бу-
лагы катары пайдаланылышы мүмкүн.
9. Илимий-техникалык жана инновациялык саясат,
кадрдык потенциалды өнүктүрүү
УЭКти ийгиликтүү өнүктүрүү жана УЭП койгон милдеттерди ишке ашыру-
уча тиешелүү мамлекеттик илимий-техникалык жана инновациялык саясат
жүргүзмөйүн мүмкүн эмес.
Азыркы шарттарда 0ЭКте жана анын тармактарында инновациялык ишмер-
дикти ийгиликтүү башкаруунун негизги милдеттеринин бири болуп УЭПтин
максаттарын ушул максаттарды ишке ашыруучу уюмдардын жана ишканалардын
коммерциялык кызыкчылыктары менен макулдашууну камсыз кылуучу или-
мий-техникалык саясатты башкаруунун мамлекеттик жана рыноктук формала-
рын рационалдуу айкалыштырууда турат.
Илимий-техникалык саясаттын негизги максаты болуп энергетика жаа-
гында илимий-изилдөө иштерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу
жана ОЭК тармактарынын иштөө натыйжалуулугун олуттуу жогорулатуу макса-
тында илим менен техниканын соњку жетишкендиктерин ишке киргизүү эсеп-
телет. Ал үчүн мамлекеттик илимий-техникалык жана инновациялык саясат-
тын төмөнкүдөй артыкчылыктарын бөлүп көрсөтүү зарыл;
- ОЭКтин иштеп жаткан объекттерин реконструкциялоо жана техникалык
жактан кайра жабдуу;
- илимий уюмдардын эксперименттик базасын жањылоону, приклалдык
иштеп чыгууну жана илимий-техникалык маалыматтар системасын кошкондо
илимий-техникалык потенциалды жањылап түзүү жана өнүктүрүү;
- ОЭКтин өндүрүштүк технологиялык базасын түп тамырынан жањыртуу-
га, ресурсту сактоого жана продукциянын керектелүүчү касиеттерин жак-
шыртууга багытталган инновациялык ишмердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу
шарттарды түзүү;
- инновациялык процесстин бардык стадияларын өркүндөтүү, илимий
ишмердиктин натыйжаларын керектөөнү жана пайдалануу натыйжалуулугун жо-
горулатуу;
- мыкты дүйнөлүк жетишкендиктерди колдонуу жана ата мекендик иштеп
чыгууларды кыйла жогорку дењгээлге чыгаруу үчүн эл аралык кызматташтык-
тын потенциалын пайдалануу;
- өлкөнүн жогорку окуу жайларында кадрдык потенциалды сактоо жана
өнүктүрүү, илимди жана билим берүүнү интеграциялоо.
Илимий-техникалык жана инновациялык саясаттын айтылган артыкчылык-
тарына жетишүү үчүн төмөнкүлөр зарыл: мамлекеттик максаттуу илимий-тех-
никалык жана түрдүү инновациялык программалар жана долбоорлор аркылуу
илимий-техникалык жана инновациялык ишмердиктин келечектүү багыттарын
аныктоо жана экономикалык жактан колдоо; энергетикалык чөйрөдө или-
мий-изилдөөлөрдүн жана эксперименттик иштеп чыгуулардын натыйжаларын
ишке ашырууга мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо системасын уюшту-
руу, илим, билим берүү жаатында натыйжалуу маалыматтык инфраструктураны
жана ОЭК тармактарындагы технологияларды түзүү; энергетикалык чөйрөдө
илимди каржылоо; өздүк булактарды артыкчылыктуу пайдалануу менен
отун-энергетикалык ресурстарды казып алуу, өндүрүү, өзгөртүп түзүү, та-
шуу жана комплекстүү пайдаланууну жањы натыйжалуу экологиялык жактан
коопсуз технологияларын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө көмөктөшүү.
Каралып жаткан мезгилге илимий-техникалык жана илимий-экономикалык
иштеп чыгуулардын башкы багыттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр
эсептелет:
- ОЭКтин бүткүл тизмеси боюнча иштеп жаткан энергетикалык объект-
тердин иштөө ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу жана жогорулатуу: энергия бу-
лактарын өндүрүштөн, жеткирүүдөн жана сактоодон электр жана жылуулук
энергияларын бөлүштүрүүгө чейин;
- жоготууларды азайтуунун жана өндүрүштүк базаны, технологияларды
жана экологиялык коргоону өркүндөтүүнүн эсебинен иштеп жаткан ОЭКтердин
натыйжалуулугун жогорулатуу;
- отун менен камсыздоонун гидротранспорттук системаларын жана кыр-
гыз көмүрүн жагуунун экологиялык жактан таза, жогорку натыйжалуу техно-
логияларын иштеп чыгуу жана өнөр жайлык өздөштүрүү;
- ОЭК объекттеринин долбоорлорун иштеп чыгууда жана курууда Кыргыз
Республикасынын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуучу мамлекеттик
нормативдерди иштеп чыгуу жана киргизүү;
- электр жана жылуулук тармактарын, электр станцияларды, нефти жа-
на газ өткөргүчтөрдү жана отун-энергетика комплексинин башка объектте-
рин долбоорлоо, куруу жана пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын шарт-
тарына туура келген мыйзамдык жана нормативдик документтерди иштеп чы-
гуу;
- жергиликтүү шарттарга жана заманбап эл аралык дењгээлге жакшылап
көнүктүрүү максатында колдонулуудагы Курулуш нормаларына жана эрежеле-
рине (СНиП), Электр орнотмолорду орнотуу эрежелерине (ПУЭ) жана башка
нормативдерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү негиздөө жана киргизүү;
- жабдуулар жана электр техникалык буюмдар боюнча стандартташтыруу
жаагында иштерди аткаруу, жањыларын иштеп чыгуу жана эл аралык стан-
дарттарды жергиликтүү шарттарга көнүктүрүү;
- көмүрдү, нефтини жана газды казып алуу, ташуу жана сактоо про-
цессинде алардын коромжуга учурашын азайтуу боюнча мыйзамдык жана нор-
мативдик документтерди, ошондой эле башка чараларды иштеп чыгуу;
- отун өнөр жайына жаратылышты коргоочу ишмердик боюнча норматив-
дерди иштеп чыгуу;
- жабдууларды долбоорлоонун, куруунун жана сатып алуунун бардык
түрлөрүндө белгиленген тартипте бекитилген нормаларды жана эрежелерди
милдеттүү аткарууну, анын ичинде эл аралык стандартка салыштырганда
кыйла жогорку талаптарды камтыса, Кыргыз Республикасынын стандарттары-
нын артыкчылыгын сактоону камсыздоочу чараларды иштеп чыгуу.
ОЭКте илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердикти мам-
лекеттик жөнгө салууну ишке ашыруунун механизмдери болуп төмөнкүлөр
эсептелет:
- каржылоонун бардык булактарынын эсебинен жањы технологияларды
жана жабдууларды иштеп чыгуу үчүн экономикалык шарттарды түзүү;
- максаттуу илимий-техникалык жана инновациялык программаларды
түзүү;
- ОЭКке инновациялык ишмердиктин жана жањы технологиялардын артык-
чылыктуу багыттарын аныктоо жана ишке ашырууну контролдоо системасын
иштеп чыгуу, анын ичинде түрдүү өлкөлөрдө кыйла кењири колдонулган тех-
нологиялык өнүктүрүүнүн тармактык карталарын пайдалануу менен;
- илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштерди каржылоонун
консолидацияланган тармактык булактарын чыњдоо жана өнүктүрүү, ири ин-
новациялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында бюджеттик жана бюджеттен
тышкаркы каражаттарды концентрациялоо;
- кыйла келечектүү технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
менен байланышкан илимий жана жогорку технологиялардын республикалык
борборлорун ОЭК системасында уюштуруу;
- интеллектуалдык менчик объекттерин жана илимий-техникалык ишмер-
диктин башка натыйжаларын ОЭКке чарбалык жүгүртүүгө тартуу системасын
иштеп чыгуу.
ОЭКке илимий-техникалык саясаттын артыкчылыктарын ишке ашыруу мак-
сатында төмөнкүлөрдү кароо зарыл:
- республикалык максаттуу программаларды иштеп чыгууда жана ишке
ашырууда мамлекеттик кызыкчылыктарды сактоону контролдоону жана мамле-
кеттик финансылык колдоону күчөтүү, аларды ОЭКти өнүктүрүүнүн стратеги-
ялык милдеттерин камсыз кылууга кайрадан багыттоо;
- жањы прогрессивдүү илим сыйымдуу технологияларды, материалдарды
жана жабдууларды экономикалык жактан стимулдоо принциптерин иштеп чы-
гуу;
- энергетикалык сектордо илимий уюмдарды инвентаризациялоону
жүргүзүү;
- авторлордун жана интеллектуалдык менчиктин укук ээлеринин укук-
тарын коргоо маселелерин, ошондой эле ата мекендик инновациялык чөйрөгө
чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселелерин кошкондо энергетикада
инновациялык ишмердиктин бүтүндөй нормативдик укуктук базасын түзүү;
- инновациялык инфраструктура объекттерин түзүү жана өнүктүрүү.
ОЭК тармактарында илимий-техникалык саясаттын көрсөтүлгөн багытта-
рын ишке ашыруунун зарыл шарты болуп илимий жана илимий-техникалык иш-
мердиктеги кадрдык потенциалды сактоо жана өнүктүрүү эсептелет. Ал үчүн
илимий-техникалык ишмердиктин кадыр-баркын жана кызыктыруучулугун жого-
рулатуу камсыздалууга тийиш; илим чөйрөсүнө жањы кадрларды тартуу жана
калтыруу үчүн шарттарды түзүү; мамлекеттик маанидеги маанилүү инноваци-
ялык долбоорлорду ишке ашырууда илимий кадрларды даярдоонун өз ара бай-
ланышын камсыздоо; жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо са-
патын жогорулатуу, ОЭКтин бардык звенолорунда жетектөөчү кадрлардын жа-
на инженердик-техникалык кызматкерлердин квалификациясын системалуу жо-
горулатуу.
Рынок экономикасынын жањы, тез өзгөрүп жаткан шарттарында тармак-
тын жетекчилери, алардын ишканалары жана түзүмдүк бөлүмдөрү менеджмент
жана маркетинг жагында дагы, тейленүүчү сектордогу соњку техникалык же-
тишкендиктер жаатында дагы жањы билимдерди алуусуз жана дайыма
өркүндөтүп туруусуз жетекчиликтин зарыл болгон дењгээлин камсыздай
алышпайт. Жетектөөчү кадрларды кайра даярдоонун колдонулуудагы система-
сы, анын ичинде түрдүү программалардын жана фонддордун жардамдары жет-
киликсиз болуп эсептелет. Абалды жакшыртуу үчүн жетектөөчү кадрларды
милдеттүү түрдө системалуу түрдө кайра даярдоо зарыл, ал үчүн Кыргыз
Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн жетектөөчү адистерин окутуу үчүн
тартуу менен ОЭКтин жетектөөчү кадрларын кайра даярдоонун жана квалифи-
кациясын жогорулатуунун дайыма иштөөчү окуу курстарын уюштуруу керек.
Кайра даярдоо процесси төмөнкүдөй негизги багыттарды камтууга тий-
иш:
- энергияны сактоо жана стандарттарды сактоону контролдоо програм-
маларын иштеп чыгуу, аткаруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатын-
да энергетикалык жана өнөр жайлык ишканалар үчүн топ-менеджерлерди да-
ярдоо;
- рынок шарттарында ОЭК ишканаларына экономикалык талдоо жүргүзүү;
- тармактын ишканаларын мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү
шарттарында баа түзүү;
- атаандаш рынок экономикасындагы инновациялар;
- ОЭК ишканаларында лицензиялоо методикасы;
- жањы формаларда жана ишканалардын түзүмдөрүндө башкаруу методи-
касы жана экономика;
- өз учурундагы маалыматтык технологиялар жана компьютердик даяр-
доо;
- квалификацияны кесиптик жогорулатуу, отун жана электр энергетика
жаатындагы соњку жетишкендиктер;
- чет тилдерге окутуу.
Илимий-техникалык саясатты каржылоо негизинен илимий түзүмдөр ме-
нен контракттык (келишимдик) негизде тармактык түзүмдөрдү каржылоонун
эсебинен ишке ашырылат. Техникалык жана экологиялык коопсуздук жаатында
жарым-жартылай каржылоо, ченемдик укуктук жоболорду иштеп чыгуу жана
мамлекеттик маанидеги башка маселелер тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр ар-
кылуу бюджеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлүшү керек. Каралуучу
мезгилге ОЭКке илимий-техникалык иштен чыгууларга ар жылкы эњ аз зарыл
болгон сарптоолордун жалпы суммасы жылына 6 млн. сомго, анын ичинде
бюджеттин эсебинен 1 млн. сомго бааланат. ОЭК продукцияларынын өздүк
наркынын эсебинен прикладдык илимий иштерди каржылоо көлөмдөрүн кошуу
жөнүндөгү маселе нормативдүү чечилүүгө тийиш.
10. ОЭКти өнүктүрүүнү камсыздоонун инвестициялык саясаты
ОЭК тармактарын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо мүмкүндүгү, ке-
ректөөчүлөрдү отун энергия менен ишенимдүү камсыздоо жана энергетиканы
кризистен чыгаруу комплекстин тармактарын түзүмдүк кайра куруунун жана
өлкөнүн бүткүл экономикасынын алкагында жеткиликтүү түрдө катуу
жүргүзүлүүчү инвестициялык саясат менен аныкталышы керек. Инвестициялык
саясатка таасир этүүчү негизги фактор болуп ОЭК тармактарынын эњ чоњ
инерциялуулугу, фонд сыйымдуулугу жана капитал сыйымдуулугу эсептелет,
бул комплекстин өндүрүштүк потенциалын сактоо жана байытуу боюнча бир
жолку жана кыска мөөнөттүү чараларды жүргүзүү мүмкүн эместигин алдын
ала аныктайт.
Өндүрүштүк потенциалды бузуу коркунучу барган сайын сезилип бара-
тат, бул өлкөнүн энергетика секторуна капиталдык салымдарды өздөштүрүү
динамикасы менен ырасталат. Салыштырылуучу бааларда каржылоонун бардык
булактарынын эсебинен капиталдык салымдардын көлөмү акыркы 5 жылда бир
нече эсе кыскарды, энергия компанияларында ремонттук калыбына келтирүү
иштеринин көлөмдөрү 60%ке, ал эми капиталдык салымдар - 35% дењгээлинде
гана аткарылат.
Жањы кубаттуулуктарды киргизүү үчүн электр энергетикага инвестици-
яларды тартууга аракеттер Камбарата ГЭС-2 курулушун колдоо үчүн ар жыл-
кы бюджеттик каражаттарды жана өндүрүштүк базаны өнүктүрүүгө компания-
лардын өздүк каражаттарын жана мамлекеттик инвестициялар программалары-
нын алкагындагы капиталдык салымдардын анча чоњ эмес көлөмдөрүн кошпо-
гондо кааланган натыйжаларды бербейт.
ОЭКтеги инвестициялык кризистин негизги себептери төмөнкүлөр болуп
эсептелет: өздүк жана карыз финансылык ресурстардын өтө тартыштыгы;
мамлекеттин бюджетинен капиталдык курулушту каржылоонун кыскарышы;
өздүк каражаттардын эсебинен жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуудан
өндүрүштү өнүктүрүүгө ишканаларга дем берүүчү экономикалык механизмдин
жоктугу; энергия пайдалануучулардын дебитордук карыздарынын өсүшү жана
анын натыйжасы катары өндүрүүчү, берүүчү жана бөлүштүрүүчү энергетика-
лык компаниялардын ортосундагы өз ара төлөмдөрдүн кризиси; өлкөнүн бюд-
жетине карыздарды төлөө жана кредиттер боюнча, анын ичинде эл аралык
финансы уюмдары жана жеке чет өлкөлүк инвесторлор бергендер боюнча
энергетикалык ишканалардын карыздарынын өсүшү.
Биринчи сценарий боюнча энергетикалык секторду өнүктүрүү үчүн ин-
вестицияларга муктаждык 3,02 млрд. АКШ долл. көлөмүндө бааланат, анын
ичинен:
төмөнкү мезгилдерде жањы кубаттуулуктарды киргизүүгө:
2008-2010-жылдары - 280 млн. АКШ долл.;
2011 -2015-жылдары - 720 млн. АКШ долл.;
2016-2020-жылдары - 1620 млн. АКШ долл.;
Реконструкциялоого: 2008-2010-жылдары - 75 млн. АКШ долл.
- тармактарды жана подстанцияларды өнүктүрүүгө: 2008-2010-жылдары
- 325 млн.АКШ долл.
Экинчи сценарий боюнча 5,570 млрд. АКШ долл., анын ичинен:
- төмөнкү мезгилдерге жањы кубаттуулуктарды киргизүүгө:
2011-2015-жылдары - 1620 млн. АКШ долл.;
2016-2020-жылдары - 2120 млн. АКШ долл.;
2021-2025-жылдары - 1000 млн. АКШ долл.;
- тармактарды жана подстанцияларды өнүктүрүүгө: 2011-2015-жылдары
300 млн. АКШ долл.;
2016-2025-жылдары - 250 млн. АКШ долл.
- чакан ГЭСтерди жана НВИЭлердн өнүктүрүүгө: 315 млн. АКШ долл.,
анын ичинен төмөнкү мезгилдерге:
2008-2010-жылдары - 45 млн. АКШ долл.;
2011-2015-жылдары - 80 млн. АКШ долл.;
2016-2020-жылдары - 90 млн. АКШ долл.;
2021 -2025-жылдары - 100 млн. АКШ долл.
ИДПсы 100 млрд. сомдон бир аз гана көбүрөөк болгон Кыргыз Респуб-
ликасынын бюджети ушундай олуттуу каражатты бөлүүгө алы келбейт.
Кырдаалды жакшыртуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- өз ара төлөмдөрдү четтетүү энергия компаниялардын ортосунда,
фискалдык органдардын алдындагы салыктар жана кредиттер боюнча карыздар
боюнча карыздарды реструктуралаштырууну жүргүзүү;
- энергия булактарына баалардын ашыкча болушун четтетүү жана энер-
гия ресурстарын чыгаруу, керектөөчүлөргө берүү жана жеткирүү боюнча
энергия компанияларынын жана ишканаларынын сарптоолорун жабуучу баалар-
га жана тарифтерге өтүү;
- тездетилген амортизация практикасын киргизүү менен энергетикалык
ишканалардын негизги фонддорун кайра баалоону жүргүзүү;
- менчик жана чет өлкөлүк инвестициялык ресурстарды конкурстук
жайгаштырууда же жетишилген мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык ин-
вестициялык долбоорлордун санын кењейтүү;
- колдонулган электр энергиясы үчүн бартердик өз ара эсеп-
тешүүлөрдү жоюу, толук масштабдуу реструктуралаштыруу, чыгымдарды,
энергия булактарынын коромжулуктарын жана уурдоолорду кыскартуу аркылуу
энергетикалык компаниялардын финансы-экономикалык жакшырышын тездетүүгө
багытталган чукул чараларды көрүү;
- баалуу кагаздардын экинчи рыногун жана фондулук рыноктун инф-
раструктурасын өнүктүрүү;
- иштеп жаткан жана келечектүү ГЭСтерден электр энергияны экспорт-
тоо үчүн инфраструктура объекттеринин курулмаларын өз учурунда камсыз-
доо менен ЕврАзЭСке, ошондой эле Борбордук жана Түштүк Азиядагы электр
энергиянын мамлекеттер аралык дүњ рыногун өнүктүрүүгө активдүү катышуу;
- энергетикалык секторго жеке инвестицияларды тартуу боюнча ДБ,
МВФ, АБР, ЕБР ж.б. эл аралык финансы институттарынын ортомчулук катышу-
усун пайдалануу.
Жеке инвестицияларды тартуу боюнча биринчи кезектеги чаралар
төмөнкүлөр болууга тийиш:
- бир катар иштеп жаткан жана келечектүү генерациялоочу кубаттуу-
луктарды менчиктештирүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- электр энергетика секторун менчиктештирүү программасынын IV эта-
бын бекитүү;
- 2008-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Орто мөөнөттүү тарифтик
саясатын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- жеке инвесторлор үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлордун
тизмесин түзүү;
- инвесторлор менен иштөө үчүн энергетикалык ишканалардын финан-
сы-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо.
Жеке инвестицияларды, анын ичинде стратегиялык азыркы учурдагы
болжолдонгон инвесторлор (Интер РАО ЕЭС; Ага Хан фонду; АЕS Корпорация-
сы (США); КЭР компанияларынын тобу; "Ренова" компанияларынын тобу (РФ);
Татарстан Республикасынын компанияларынын тобу (РФ) жана башкалар) тар-
туу жөнүндө маселе кыйла курч турат.
Орто мөөнөттүү мезгилде (2008-2010-жылдарга) иштеп жаткан генера-
циялоочу кубаттуулуктарды реабилитациялоого жана жањыларын курууга ин-
вестициялар талап кылынат. Жањы курулуштун артыкчылыктуу объекттерине
Камбарата ГЭС-2 кирет, наркы 11,48 млрд. сом (280 млн. ДКШ долл.), реа-
билитация боюнча объекттерге - Бишкек ТЭЦ-1, Үчкоргон ГЭСи жана Атбашы
ГЭСи кирет. Баалоочу инвестициялар төмөнкүлөрдү түзөт: ТЭЦ-1 үчүн 2,05
млрд. сом (50 млн. АКШ долл.), Үчкоргон ГЭСи үчүн - 615 млн. сом (15
млн. АКШ долл.) жана Атбашы ГЭСи үчүн - 410 млн.сом (10 млн. АКШ
долл.). Ушул объекттерге карата капиталдык салым мамлекеттик инвестици-
ялар программалар алкагында өздүк каражаттардын, гранттардын жана ин-
вестициялардын эсебинен камсыздалышы керек. Бишкек ТЭЦ-1 жана Бишкек
ТЭЦ-2 жылуулук станцияларына карата эки станцияны бириктирип, мамлекет-
ке тиешелүү "Кара-Кече" көмүр кенинин бөлүгүн жана Бишкек шаарындагы
жылуулук энергияны бөлүштүрүүчү компанияларды бириктирип стратегиялык
инвесторду тартуу менен альтернативалык ыкманы кароо керек.
Узак мөөнөттүү келечекте (2011-2025-жылдар) Камбарага ГЭС-1ди ку-
рууга, наркы 83,2 млрд. сом (1,9 млрд. АКШ долл.); Жогорку-Нарын ГЭСи:
Акбулуњ ГЭСи - 8,2 млрд. сом (200 млн. АКШ долл.), Жыланарык ГЭСи -
90,2 млрд. сом (220 млн. АКШ долл.) курууга инвестициялар керек. Ка-
ра-Кече ТЭСин курууга инвестициялардын көлөмү 45,1 млрд. сом (1,1 млрд.
АКШ долл.) менен бааланат.
2010-ж. чейинки мезгилге улуттук система түзүүчү тармактарды
өнүктүрүү үчүн белгиленген инвестициялардын көлөмдөрү болжол менен
13,74 млрд. сом (335 млн. АКШ долл.), анын ичинде: ЖЛ 500 кВ
Түндүк-Түштүк ПС 500/220 кВ куруу үчүн - 10,5-10,25 млрд. сомду
(245-250 млн. АКШ долл.); Түштүк тармагын өнүктүрүү үчүн (ПС 500/220
Датка жана ЖЛ 220 кВ) - 2,05-2,25 млрд. сомду (50-55 млн. АКШ долл.),
ЖЛ 500 кВ "Датка-Худжанд" болжолдуу түрдө 20 млрд. сомду (570 млн. АКШ
долл.) жана "Баткен облусун энергия менен жабдууну жакшыртуу" долбоору
үчүн - 410 млн. сомду (10 млн. АКШ долл.) түзөт.
Табигый жаратылыштык жапа техногендик таасирлердин коркунучун бол-
турбоо үчүн болжол менен 300 млн. сом инвестициялардын көлөмүндөгү
электр берүү линияларынын трассын чыњдоо боюнча коргоочу чаралардын
комплексин жүргүзүү зарыл. Жогорку вольттуу электр тармактарын техника-
лык жактан кайра жабдууга багыттоо үчүн зарыл болгон инвестициялардын
көлөмү 2,1 млрд.сом өлчөмүндө бааланат. Бөлүштүрүүчү тармактарды
жањылоого жана техникалык жактан кайра жабдууга багытталган инвестиция-
лардын жалпы өлчөмү 10,25 млрд. сом (250 млн. АКШ долл.) чоњдугунда ба-
аланат. Реконструкциялоону этабы менен жүргүзүү ар жылкы инвестициялык
жүктөмдү азайтууга мүмкүндүк берет.
Чакан ГЭСтер жана НВИЭ. 2010-жылга чейинки мезгилде убактылуу ток-
тотулган чакан ГЭСтерди техникалык жактан кайра жабдуу жана калыбына
келтирүү, ошондой эле республиканын түрдүү райондорунда суммалык кубат-
туулугу 178 МВт жана орточо жылдык иштеп чыгуусу жылына 1 млрд. кВтс
болгон жањы чакан ГЭСтерди куруу болжолдонууда. Ушул иш-чараларды
жүзөгө ашыруу үчүн 8,36-11,02 млрд. сом (220-290 млн. АКШ долл.)
көлөмүндөгү инвестициялар зарыл. НВИЭни өнүктүрүүгө инвестицияларды
тартуу үчүн республиканын өнөр жай ишканаларынын күн коллекторлорун
жылдык өндүрүүнү - 100-150 мињ кв.м чейин, шамал агрегаттарын - 250 МВт
чейин, чакан ГЭСтерди - 2-2,5 МВт чейин, фотоэлектрдик өзгөртүп
түзүүчүлөрдү 2-3 МВт чейин жылына 520-950 млн. сом (13-25 млн. АКШ
долл.) жалпы суммасына көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн пайдалануу зарыл. Электр
энергияга тарифтердин пландалган өсүшү чакан ГЭСтерди жана НВИЭлерди
өнүктүрүүгө белгиленген натыйжалуулукту жана атаандаштыкты өнүктүрүүнү
камсыз кылат. Инвестициялардын өзүн-өзү актоосун тездетүү ата мекендик
жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартууга дем берет.
Нефтегаз өнөр жайында 2008-2010-жылдар үчүн нефтини жана газды ка-
зып алууну көбөйтүүнү ишке ашыруу пландарын жүргүзүү үчүн 868,7 млн.
сом жана геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кошумча - 315 млн. сом
(90 млн. АКШ долл.) керектелет. Ушул иштерди аткаруу чет өлкөлүк инвес-
тицияларды тартуу менен каралган, мында "Кыргызнефтегаз" ААКы жыл сайын
120 млн. сомго чейин капиталдык салым белүүгө ниеттенет.
Газ менен жабдуу чөйрөсүндө заманбап технологиялык жабдуулар,
эсепке алуу жана контролдоо приборлору менен кайра жабдууга инвестиция-
лар 20 млн. АКШ долл. түзүүгө тийиш. "Кыргызгаз" ААКнын газ
бөлүштүрүүчү тармактарын жањыдан курууга - 70 млн. АКШ долл. керек.
"Казтрансгаз" ААКнын газ транспорттук системаларын ремонттоого жана мо-
дернизациялоого - 10 млн. АКШ долл., газ түтүгүнүн экинчи тарамын куру-
уга - 200 млн. АКШ долл. керек.
Көмүр өнөр жайында иштеп жаткан ишканаларга казууга жардам берүү
үчүн жылына 70 млн. сом өлчөмүндөгү инвестициялар; 2008-2010-жылдар
мезгилине - 210 млн. сом зарыл. Кара-Кече разрезин өздөштүрүүгө 81,4
млн.АКШ долл. өлчөмүндөгү инвестициялар талап кылынат.
Жалпысынан отун өнөр жайын өнүктүрүүгө инвестицияларга муктаждык
2008-2010-жылдарда төмөнкүлөрдү казууга жардамдашууга жана көбөйтүүгө
керектелет:
- иштеп жаткан шахталардагы жана разрездердеги көмүр - 210 млн.
сом;
нефти жана газ - 868,7 млн. сом, анын ичинде "Кыргызнефтегаз" ААК-
нын өздүк каражаттары - 36,0 млн. сом;
нефти жана газга геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө - 90 млн.
АКШ долл.;
- газ транспорттук системаларды ремонттоого жана модернизациялоого
- 10 млн. АКШ долл ("КырКазТрансГаз" БИ);
- газ менен жабдуу системаларын модернизациялоого жана жањы куруу-
га - 20 млн. АКШ долл ("Кыргызгаз" ААКы).
- 2011-2025-жылдарга:
- "Көмүр" МИ Кара-Кече көмүр кенин өздөштүрүүгө - 81,4 млн АКШ
долл.;
- "Кыргызгаз" ААКы, "КазКырТрансГаз" БИ газ түтүгүнүн экинчи тара-
мын курууга - 130 млн АКШ долл.;
- "Кыргызгаз" ААК газ менен жабдуу системаларын модернизациялоого
жана жањы курууга - 70 млн. АКШ долл.
2008-2010-жылдар, 2011-2015-жылдар, 2016-2020 жылдар,
2021-2025-жылдар мезгилине энергетикалык объекттерди өнүктүрүүнү каржы-
лоо үчүн зарыл инвестициялардын көлөмү 10.1-таблицада келтирилген.
10.1-таблица
2008-2025-жылдар мезгилине Кыргыз
Республикасынын ОЭКте жањы курулуш объекттерин
жана реконструкциялоону каржылоо үчүн зарыл
инвестициялар(*)
| Аталыштары | Орно- | Курулуштун | Сметалык | 2008- | 2011- | 2016- | 2021- |
| тулган | мөөнөтү | наркы, | 2010 | 2015 | 2020 | 2025 | |
| кубат- | млн. | жж. | жж. | жж. | жж. | ||
| туулу- | АКШ | ||||||
| гу, МВт | долл. | ||||||
| Электрэнергетика | |||||||
| Жањы курулуш | |||||||
| Камбарата | 360 | 2007-2010 | 280 | 280 | |||
| ГЭС-2 | |||||||
| Камбарата | 1900 | 2011-2020 | 1900 | - | 500 | 1400 | |
| ГЭС-1 | |||||||
| Жогорку-Нарын | 200 | 2011-2015 | 220 | 220 | |||
| ГЭСи | |||||||
| Ак-Булуњ ГЭСи | 200 | 2010-2015 | 220 | 220 | |||
| Жыйынтыгы | 2008-2025 | 2620 | 280 | 720 | 1620 | ||
| 1-сценарий | жж. | ||||||
| Сарыжаз ГЭСи | 1200 | 2010-2025 | 1200 | 200 | 1000 | ||
| Кара-Кече | 1200 | 2008-2015 | 1200 | 900 | 300 | ||
| ТЭСи | |||||||
| Жыйынтыгы | 2008-2025 | 5020 | 280 | 1620 | 2120 | 1000 | |
| 2-сценарий | жж. | ||||||
| Чакан ГЭСтер | 176 | 2008-2020 | 290 | 40 | 70 | 80 | 100 |
| НВИЭ | 2008-2020 | 25 | 5 | 10 | 10 | ||
| Бардыгы | 2008-2025 | 5335 | 325 | 1700 | 2210 | 1100 | |
| жж. | |||||||
| Реконструкция | |||||||
| Бишкек ТЭЦ-1 | 688 | 2007-2010 | 50 | 50 | |||
| Үч-Коргон | 2007-2010 | 15 | 15 | ||||
| ГЭСи | |||||||
| Ат-Башы ГЭСи | 2007-2010 | 10 | 10 | ||||
| Кемин | 2007-2012 | 250 | 120 | 130 | |||
| подстанциясы | |||||||
| ЛЭП 500 кВ | |||||||
| Датка | 360 км | 2007-2012 | 55 | 55 | |||
| подстанциясы | |||||||
| ЛЭП 220 кВ | |||||||
| Баткен | 2007-2010 | 10 | 10 | ||||
| облусун | |||||||
| электр менен | |||||||
| жабдуу | |||||||
| Техникалык кайра жабдуу | |||||||
| Жогорку | 2007-2010 | 60 | 60 | ||||
| вольттуу ЛЭП | |||||||
| Бөлүштүрүүчү | 2008-2015 | 250 | 80 | 80 | 90 | ||
| электр | |||||||
| тармактары | |||||||
| Отун өнөр жайы | |||||||
| Нефтегаздык: | |||||||
| Нефтини | 2008-2010 | 15 | 15 | ||||
| казууну | |||||||
| колдоого | |||||||
| Геофизикалык | 2008-2015 | 90 | 45 | 45 | |||
| изилдөөлөр | |||||||
| Кыргызгаз: | |||||||
| модернизация | 2008-2020 | 600 | 150 | 150 | 150 | 150 | |
| жана жањы | |||||||
| курулуш | |||||||
| Жыйынтыгы | 705 | 210 | 195 | 150 | 150 | ||
| Көмүр өнөр жайы: | |||||||
| Казууну | |||||||
| колдоого | |||||||
| Кара-кече | 2008-2015 | 81,4 | 40 | 41,4 | |||
| разрезин | |||||||
| өздөштүрүүгө, | |||||||
| млн. АКШ | |||||||
| долл. |
(*) Зарыл инвестициялар болжолдуу, алар сунушталган объекттер бо-
юнча ТЭОну даярдоого жараша такталат.
Улуттук энергетикалык
программанын долбооруна
тиркеме
Улуттук энергетикалык программанын текстинде
пайдаланылган кыскартуулардын жана белгилөөлөрдүн
ТИЗМЕСИ
ЦАР - Борбордук Азия репюну
ЕврАзЭС - Европа-азиялык экономикалык шериктештик
БАЭК - Борбордук Азиялык экономикалык шериктештик
ОЭК - отун-энергетикалык комплекс
ОЭР - отун-энергетикалык ресурстар
ОЭБ - отун-энергетикалык баланс
БЭС - бириккен энергетикалык система
УЭП - улуттук энергетикалык программа
СРС - өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы
КМШ - Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги
КФД - квазифискалдык дефицит
ЧЖТ - чыгымдарды жапкан тариф
ЭЭС - электр энергетикалык сектор
"ЭС" ААКы - "Электр станциялары" ачык акционердик коому
"Кыргызстандын УЭТи" ААКы - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы"
ачык акционердик коому
"Көмүр" МИ - "Көмүр" мамлекеттик ишканасы
БИ - биргелешкен ишкана
ЖЧК - жоопкерчилиги чектелген коом
ИДП - ички дүњ продукт
ИИИ жана ТКИ - илимий-изилдөө иштери жана тажрыйба-конструктордук
иштер
ЭЭК жана ЭАС (АСКУЭ) - электр энергияны контролдоо жана эсепке
алуунун автоматташтырылган системасы
ШГБП - шкафтык газ бөлүштүрүүчү пункт
БГР-ТБА - Бухара газ чыгуучу район - Ташкент-Бишкек-Алматы
ЭСЭК - Эл аралык суу-энергетикалык консорциум
НВИЭ - энергиянын салттуу эмес калыбына келтирилүүчү булактары
ИӨК - ири өнөр жай керектөөчүлөр
ЛЭП - электр берүү линиясы
СНиП - Курулуш нормалары жана тартиби
ЭТТ - Электр орнотуу түзүлүшүнүн тартиби
ДБ - Дүйнөлүк банк
ЭВФ - Эл аралык валюталык фонд
АӨБ - Азия өнүктүрүү банкы
ЕБРР - Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы
"Энергия" КИТБ - "Энергия" энергетика боюнча Кыргыз илимий-техни-
калык борбору
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-октябрындагы № 365 жарлыгы менен бекитилген "2012-жылга чейин Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү)"…Программа · 14.10.2008 · № 365
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 1-январындагы №346-IV "2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык программасынын жана 2025-жылга чейин отун-энергетика…Постановление · 24.04.2008 · № 346-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-июлундагы №353 "2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетикалык программасынын долбоору жөнүндө"токтомуПостановление · 16.07.2001 · № 353 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-майындагы №290 "2009-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2009 · № 290 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Правительства КР от 15 февраля 2006 года №71-р"О разработке проекта Национальной программы стратегического развития топливно-энергетического комплекса Кыргызской…Распоряжение · 15.02.2006 · № 71 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-июнундагы № 310-б буйругуРаспоряжение · 10.06.2006 · № 310 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 " 2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө" токтомуПостановление · 21.11.2006 · № 805
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 07.07.1998 · № 88
- ДОГОВОР к Энергетической Хартии от 17 декабря 1994 года г.Лиссабон (Ратифицирован Законом КР от 26 июля 1996 года № 45)Договор · 17.12.1994
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Распоряжение Правительства КР от 15 февраля 2006 года №71-р"О разработке проекта Национальной программы стратегического развития топливно-энергетического комплекса Кыргызской…Распоряжение · 15.02.2006 · № 71 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-июнундагы № 310-б буйругуРаспоряжение · 10.06.2006 · № 310 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-июлундагы №353 "2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетикалык программасынын долбоору жөнүндө"токтомуПостановление · 16.07.2001 · № 353 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 апреля 2004 года №300 "О плане действий по дальнейшей реализации консолидированного кредита Всемирного банка на структурные преобразования…Постановление · 27.04.2004 · № 300 · Күчүн жоготкон