Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетикалык программасынын долбоору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 13 февраля 2008 года № 47 "О проекте Национальной энергетической программы Кыргызской Республики на 2008-2010 годы и стратегии развития топливно-энергетического комплекса до 2025 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-02-13.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 13-февралындагы № 47 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2001-жылдын 16-июлу № 353
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын
Улуттук энергетикалык программасынын
долбоору жөнүндө
Республиканын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу мак-
сатында жана "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
13-статьясын аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетикалык
программасынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетикалык
программасынын долбоору андан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин
бекитүүсүнө берүү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жакты-
руусуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мам-
лекеттик агентствонун директору У.А.Матеев, "Энергия" Кыргыз или-
мий-техникалык борборунун директору Ш.Б.Дикамбаев 2005-жылга чейин Кыр-
гыз Республикасынын Улуттук энергетикалык программасынын долбоорун Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин палаталары кароодо Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалсын.
Премьер-министр К.Бакиев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 16-июлундагы № 353
токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын 2005-жылга
Улуттук энергетика программасы
Кыргыз Республикасы азыркы учурда, ошондой эле келечекте да электр
энергиясына болгон өз керектөөсүн толук канааттандырууга жөндөмдүү. Би-
рок, республиканын отун-энергетика комплексинин потенциалдуу
мумкүндүктөрү толук ишке ашырылбай жатат.
"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык энер-
гетиканы өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын 2005-жылга чейинки
мезгилге Улуттук энергетика программасын иштеп чыгуу тууралуу чечим ка-
был алынган, анда энергетика тармактарын өнүктүрүүнүн жана реструктур-
лаштыруунун негизги багыттары аныкталууга тийиш.
Улуттук энергетика программасында аныкталган иш-чараларды жүзөгө
ашыруу 2005-жылдан кийин жаратылыш газынын импортунун көлөмүн 50 про-
центке чейин кыскартууга, карагандыдан алынып келүүчү көмүр жана неф-
тепродуктусунан иш жүзүндө толук баш тартууга мүмкүндүк түзөт. Кара-Ке-
че көмүр кенин жана алып келинүүчү нефть, газоконденсат менен иштөөчү
нефтини кайра иштетүүчү заводдорду өнүктүрүү болжолдонууда.
1. Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексинин азыркы
учурдагы абалынын кыскача мүнөздөмөсү.
Кыргыз Республикасында ири отун-энергетика ресурстары бар, бирок
аларды өздөштүрүү дењгээли учурда абдан төмөн. Ал тургай түзүлгөн
өндүрүштүк потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугу соњку кризистик
жылдарда кыйла төмөндөп кетти. Натыйжада республиканын отун-энергетика
балансы, анын структурасы, экономика тармактарын энергия менен камсыз
кылуу чыгымы чоњ импортко багытталган болуп эсептелет. Буга Борбордук
Азия өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин экономикасындагы жана соци-
алдык чөйрөсүндөгү түзүлгөн татаал кырдаал да көмөкчү болду.
Отун жана энергия өндүрүүнүн жана керектөөнүн түзүлгөн структурасы
натыйжа бербейт.
Республиканын отун-энергетика балансынын структурасы азыркы убакта
энергия алып жүрүүчүлөрдүн кыйла бөлүгүн башка мамлекеттерден ташып
келүүгө багытталган. Кыргызстанда керектөөлүүчү отундун дээрлик 50 про-
центи Казакстандан, Өзбекстандан жана Россиядан сатып алынат, буга ва-
люта каражаты талап кылынат.
Соњку 10 жылдын аралыганда көмүр казып алуу жана жаратылыш газын
өндүрүү кыйла кыскарды. Республикада энергоресурстарын өндүрүүнүн (ка-
зып алуу) жалпы көлөмү 1990-жылга салыштырганда дээрлик 54 процентке
азайды, бул отун-энергетика балансын түзүүгө олуттуу таасир этип, энер-
гия алып жүрүүчүлөргө керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын канааттандыруу
процессин татаалдаштырды.
Өзүбүздүн өндүрүштүн (казып алуу) төмөндөшү менен бирге энергоре-
сурстардын импорту (66 процентке) негизинен көмүр, жаратылыш газын жана
нефтепродуктуларын алып келүүнү кыскартуунун эсебинен азайды. Энергоре-
сурстарды алып келүүнүн азайышынын башкы себеби бир катар ири ишкана-
лардын жабылышы жана токтоп калышы, колхоз-совхоздордун жоюлушу, энегия
алып жүрүүчүлөрдүн наркы дүйнөлүк баанын дењгээлине көтөрүлүп кетиши
менен шартталган отунду жана энергияны керектөөнүн көлөмдөрү жана ага
суроо-талаптын азайышы болуп саналат.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу республикада электр энергиясын,
көмүрдү, нефтепродуктуларын өндүрүүнү (казып алуу), тиешелүү түрдө кым-
бат баалуу энергия алып жүрүүчүлөрдүн импортунун ордун алмаштырууну
көбөйтүүнүн, көмүр кендерин иштетүүнүн, чакан гироэнергетиканы жана
көндүм эмес энергетиканы өнүктүрүүнүн, ошондой эле керектөөдө энергия
алып жүрүүчүлөрдү пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруунун, өндүрүүдө,
берүүдө (ташууда) жана бөлүштүрүүдө чыгымдарды кыскартуунун эсебинен
отун-энергетика балансынын структурасын өркүндөтүү боюнча кечиктирилгис
чараларды көрүү зарыл.
2. Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексинин тармактарын
өнүктүрүүнүн негизги максаттары жана милдеттери
Негизги максат Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексин
өнүктүрүү (мындан ары - ТЭК) болуп саналат, бул республиканын энергети-
калык жактан камсыз кылып, өзүбүздүн энергетикалык базаны көтөрүүнүн
негизинде керектөөчүлөрдү толук жана ишенимдүү энерго, огун менен жаб-
дууну камсыз кылар эле.
Бул үчүн жакынкы келечекте төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашыруу за-
рыл:
- энергоресурстарынын экономикалык жактан негизделген экспортунан
валюталардын түшүшүн арттыруу;
- отун-энергетика комплексине чет өлкөлүк жана ата-мекендик инвес-
тицияларды тартуу;
- жергиликтүү энергоресурстарды, анын ичинде бириичи кезекте
көмүрдү натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуучу отун-энергетика ресурс-
тарынын оптималдуу регионалдык баланстарын түзүү;
- ар бир өлкөнүн таламдарын эске алуу менен Борбордук-Азия регио-
нунда энергия алып жүрүүчүлөрдүн балансташкан рыногун түзүү жана бул
негизде Европалык Энергетикалык Хартиянын (ЕЭХ) негизги жоболорун эске
алуу менен эки же көп тараптуу макулдашууларды түзүү;
- "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
жоболорун ишке ашыруунун эсебинен энергия сарптоонун жогорку дењгээлин
төмөндөтүү;
- отун-энергетика тармактары жагынан машина куруу, металл иштетүү,
курулуш материалдар өнөр жай ишканаларынын продукцияларына суроо-талап-
ты көбөйтүү.
Экономикалык тармактарды өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу
төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүүгө тийиш:
- ТЭКтин рентабелдүү иштешин камсыз кылуучу натыйжалуу тариф, баа
саясатын ишке ашыруу;
- биринчи кезекте ички финансы ресурстарын колдонуу менен энерге-
тикада инвестициялык саясатты калыптандыруу;
- энергоресурстарды өндүрүүдө жана керектөөдө милдеттүү сертифика-
циялоо жана стандартташтыруу;
- өндүрүүдө, берүүдө (ташууда), бөлүштүрүүдө жана керектөөдө эко-
номика тармактарында энергияны үнөмдөө механизмдерин ишке ашыруу;
- Борбордук-Азия регионунун өлкөлөрү менен энергетикалык интегра-
циялоо жолдорун аныктоо;
- Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бирдиктүү Энергетикалык кодексин иш-
теп чыгуу;
- атаандаштык чөйрөсүн жана ишкердикти өнүктүрүүнүн негизинде
отун-энергетиика комплексинин тармактарында андан аркы рынок реформала-
рын жүргүзүү.
Кыргыз Республикасынын энергетикасындагы түзүлгөн кырдаалды талдоо
белгиленген структуралык кайра түзүүлөр, экономика тармагын жана соци-
алдык чөйрөнү өнүктүрүү келечектери отун-энергетика комплексин
өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого мүмкүндүк берди.
2.1. Электр энергетикасы
Экономика тармактарынын, республиканын калкынын электр энергиясын
керектөөлөрүн жабууну, коњшу өлкөлөргө аны экспорттоону жана сөзсүз
күтүлүүчү коромжулуктарды эске алганда жакынкы келечекке аны өндүрүү
2000-жылы 14,5 млрд кВт саат, 2005-жылга 15,1 млрд кВт саат көлөмүндө
аныкталды.
Анткени колдонуудагы электрстанцияларынын кубаттуулугу электр
энергаясын өндүрүүдө, берүүдө жана бөлүштүрүүдө коромжулуктарды кыскар-
туу менен андан ары экспорттун мүмкүн болуучу өсүшүн эске алуу менен
ага улам жогорулап бараткан керектөөнү камсыз кыла тургандай абалда
эмес, жањы энергетикалык кубаттуулуктарды ишке киргизүү маселелерин
чечүү керек.
2005-жылга чейин төмөнкүлөр каралууда:
- Бишкек шаарынын ТЭЦинде кубаттуулугу 90 МВт № 11 турбоагрегатты
натыйжалуу эксплуатациялоого берүүнү жана 0,5 млрд кВт саатка жакын
энергия иштеп чыгууну камсыз кылуу, буга 23,9 млн АКШ доллары талап кы-
лынат;
- кошумча 0,5 млрд кВт саат иштеп чыгуу менен кубаттуулугун 165
Мвтка жеткирип, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай жылуулук электр станциялары-
нын курулуш бүткөрүүгө - 37,4 млн АКШ доллары.
Жылына орточо 1,1 млрд кВт саат энергия иштеп чыгуу менен кубатту-
улугу 360 мВт болгон Камбарата ГЭС-2нин курулушун аяктоого - 210 млн
АКШ доллары.
Бул кубаттуулуктарды ишке киргизүү кошумча дагы 2,2 млрд кВт саат
энергияны иштеп чыгууну камсыз кылат.
Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтерин, чакан ГЭСтердин Аламүдүн каскадын мо-
дернизациялоонун жана иштеп жаткан генерациялоочу кубаттуулуктарды пай-
далануу коэффициенттерин жогорулатуунун эсебинен кошумча дагы 1,2 млрд
кВт саат энергия алууга болот, бул Кыргызстандын электрэнергиясындагы
өндүрүштү жана керектөөнү толук балансташтырууга мүмкүндүк берет.
Келечекте ири базалык станциянын болушу өтө маанилүү болуп сана-
лат, ал Кыргызстандын түндүгүн энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн
жана кара-кече көмүрүн пайдалануунун экономикалык натыйжалуулугун кам-
сыз кылат. Бул максатта Кара-Кече ГРЭС 800 Мвт техникалык-экономикалык
негиздемесин иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу жолдорун кароо зарыл. Бул
долдоорду ишке ашыруунун өбөлгөсү Балыкчы-Кара-Кече темир курулууш бо-
луп саналат.
Кубаттуулугу 1900 Мвт Камбарата ГЭС № 1 курулушу боюнча даярдык
иштерин баштоо маанилүү, бул жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорт-
ко багытталган кошумча 10,0 млрд кВт саат энергияны алууга мүмкүндүк
берет.
2000-жылдан баштап чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү Программасын
жүзөгө ашыруу башталган, ага ылайык 120,0 млн кВТ саат иштеп чыгуу ме-
нен Аламүдүн ГЭСтеринин каскадын модернизациялоо, 84,6 млн кВт саат
энергия иштеп чыгуу менен 10,0 Мвт жалпы кубаттуулуктагы мурдагы 20 ча-
кан ГЭСти калыбына келтирүү, 281,0 млн кВт саат энергия иштеп чыгуу ме-
нен жалпы кубаттуулугу 68,0 Мвт 27 жањы чакан ГЭС куруу каралган.
2005-жылдарга чейинки мезгилге электр энергиясына керектөөлөрдү
үзгүлтүксүз жана толук канааттандырууну, энергетика системасынын нор-
малдуу иштешин камсыз кылуучу электр тармактарын өнүктүрүүнүн биринчи
кезектеги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- АКШнын 20 миллион доллары өлчөмүндөгү капиталдык салымдардын
көлөмү менен 220 кВ Алай-Баткен электр өткөргүч линиясын жана 220 кВ
"Баткен" подстанциясын Куруу аркылуу Лейлек жана Баткен райондорун
электр менен көз карандысыз жабдууну камсыз кылуу;
- 24,7 млн АКШ доллар суммасында Талас областын жана Жерүй алтын
кен ишканасын электр менен көз карадысыз жабдууну камсыз кылуу үчүн
подстанцияларды жана электр өткөргүч линияларын курууну аяктоо;
- АКШнын 66,7 миллион доллары өлчөмүндөгү капиталдык салымдардын
көлөмү менен Фрунзенская-Кемин 500 кВ чыњалуудагы электр өткөргүч лини-
яларын (аны ишке ашырууну негиздөө менен) куруу.
2005-жылга карата электр энергиясына ички керектөөнүн 2-2,5 млрд
кВт саатка күтүлгөн өсүшүнө ылайык бөлүштүрүү тармактарын өнүктүрүүгө
өзгөчө көњүл бөлүү, аларды реконструкциялоо керек, бул максаттарга
2005-жылга чейин капиталдык салымдардын көлямү 250 млн АКШ долларына
бааланат.
2005-жылга чейинки мезгилде электр энергетикасын өнүктүрүү капи-
талдык салым иретинде АКШнын 700,0 млн долларын инвестирлөөнү талап кы-
лат.
Экономикалык оор абалдарга байланыштуу "Кыргызэнерго" АКнын өз ка-
ражаттарынын жана мамлекеттик каржылоонун эсебинен электр энергетикасын
өнүктүрүү боюнча көрсөтүлгөн милдеттерди толук аткарууга мүмкүн эмес.
Ошондуктан республиканын электр энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн чет
өлкөлүк инвесторлорду тартууну караштыруу керек.
Энергетика тармагында инвестирлөө маселесине өзгөчө маани берүү
менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-
раштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентствонун жана "Кыргызэнерго"
АКнын сунушу боюнча төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл:
- "Кыргызэнерго" АКсын реструктурлаштырууну ишке ашыруу жана
электрэнергетикасында рынок механизмдерии түзүү;
- электр энергетика тармагында объекттердин тизмесин, курулуш,
өнүктүрүү жана реконструкциялоо көлөмдөрүн жыл сайын бекитүү;
- финансы каражаттарынын негизделген чоњдугун жана аларды түзүү
булактарын белгилөө;
- кредиттер менен инвестициялардын кайтарымдуулугун эске алуу ме-
нен реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө чыгымдарды кароочу тариф саяса-
ты менен баа түзүү системасын өркүндөтүү аркылуу аларды жыл сайын ка-
роо.
2.2. Көмүр өнөр жайы
Республиканын экономика тармагын жана калкынын көмүргө болгон ке-
ректөөсү болжол боюнча 2005-жылы 3160,0 мињ тоннаны түзөт.
Көмүр өнөр жайын өнүктүрүүнүн өкмөттүк Программасына ылайык көмүр
казып алуу мүмкүнчүлүгү 2005-жылы 1635,0 мињ тоннаны түзөт. Бирок, мын-
дай көлөм республиканын көмүргө бүткүл керектөөсүн жаба албайт, ошон-
дуктан 2000-жылы 1250,0 мињ тонна, 2005-жылы 1650,0 мињ тонна көмүр им-
порттоо керек.
Жергиликтүү көмүрдү казып алуу көлөмүн көбөйтүү көмүр казуучу иш-
каналарды түп-тамырынан реконструкциялоону, Кара-Кече кенинин жабдуула-
рын модернизациялоону жана алмаштырууну, ачык кен казып алууну
кењейтүүнү талап кылат. Бул максаттарга 50,0 млн сом суммасында ишкана-
ларга жыл сайын дотация бөлүү керек.
Дүйнөлүк тажрыйба көмүр өнөр жайы бардык эле өлкөлөрдө дотацияда
турарлыгын көрсөтөт. Ошондуктан республиканын көмүр өнөр жайын
өнүктүрүүнүн перспективалуу Программасында кандайдыр бир мамлекеттик
финансылык колдоо көрсөтүүнү эске алган вариантты да карайт.
Тармакты андан ары өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй өбөлгөлөр болот:
- көмүрдүн бир кыйла өнөр жайлык запастары;
- кендерди иштетүү үчүн даярдалган базалардын болушу;
- өндүрүштүк персонал;
- Кара-Кече көмүр кенин пайдалануу менен Бишкек шаарынын ТЭЦинде
электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүү;
- өндүрүштүк муктаждыктар, коммуналдык керектөө жана калк үчүн
көмүрдү кыйла кењири колдонуу.
Көмүр казып алуу көлөмүн көбөйтүү төмөнкүлөрдүн эсебинен болжолдо-
нууда:
- 2005-жылдан кийин көмүр казып алууну жыл сайын 1,5 млн тоннага
чейин жеткирүү менен Кара-Кече күрөњ көмүр кенин өнүктүрүү;
- 2005-жылга карата көмүр казып алууну жыл сайын 100,0 мињ тоннага
чейин жеткирүү менен Беш-Бурхан (Кызыл-Кыя) кенин иштетүү;
- "Жыргалањ" шахтасында жылына 100,0 мињ тоннага чейин көмүр казып
алуу;
- акырындык менен 30 процентке көбөйтүү менен Ош жана Жалал-Абад
областтарындагы көмүр ишканаларындагы көмүр казуунун учурдагы дењгээлин
кармоо;
- 2005-жылга карата көмүр казуунун бардык дењгээлинин 80 проценти-
не жеткирүү менен көмүр разрездеринде ачык ыкма менен казууну кењейтүү.
2.3. Нефтегаз өнөр жайы жана нефтини кайра иштетүү Республиканын
келечектеги отун-энергетика балансындагы нефтепродуктуларынын үлүшү
2005-жылы шарттуу отундун 1110 мињ тоннасын (керектөөнүн жалпы
көлөмүнүн 20 проценти) же нарктык көрүнүшүндө 80,0 млн АКШ долларын
түзөт.
Баланста нефтепродуктуларынын импортунун үлүшүн 1998-жылдагы 42
проценттен 2005-жылы 18 процентке чейин азайтуу каралат, мында чыгымдар
620,0 млн сомго азаят.
Перспективалуу пландарда 2005-жылга карата нефти казып алууну 190
мињ тоннага жана жаратылыш газын акырындап өстүрүү менен 30 млн куб
метрге чейин көбөйтүү каралат.
2.4. Газ менен жабдуу жана магистралдык газ түтүктөрү
1996-1999-жылдарда газдын келишин талдоо республикада аны керектөө
азайып бараткандыгын көрсөттү.
2002-2005-жылдарда Токмок шаарында айнек заводун эксплуатациялоого
киргизүүнүн, Канттагы цемент-щифер комбинатында жана "Бакай" акционер-
дик коомунда продукция чыгарууну көбөйтүүнүн эсебинен жаратылыш газын
керектөөнүн өсүшү күтүлөт. Мында жаратылыш газын керектөө көлөмү 525
млн куб метрге жетет. Керектөөнүн өсүш тенденциясы түз келишимдер боюн-
ча жаратылыш газын берүүлөр менен шартталган.
Республикада жаратылыш газын керектөөчүлөр иш жүзүндө Өзбекстан
Республикасынан берүүлөргө жараша болот, анткени өзүбүздүн газ кендери-
биздин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экендигинен 2005-жылга карата республи-
када жаратылыш газын алуунун көлөмү 35 миллионго жакын куб метрди
түзүшү мүмкүн.
Жаратылыш газынын зарыл көлөмдөрүн берүүнү камсыз кылуу үчүн фи-
нансы каражаттарын тартуу талап кылынат, алар төмөнкүдөй иш-чараларды
жүзөгө ашырууга жумшалууга тийиш:
- суу тоскоолдуктары аркылуу газ түтүктөрүн өткөрүү боюнча
оњдоо-калыбына келтирүү иштерине - 1,504 млн АКШ доллары;
- шаарлардагы орто жана төмөнкү басымдагы 101 км газ түтүктөрүн
алмаштыруу, электрохимкоргоо станциясын калыбына келтирүү, газ эсепте-
гичтерди орнотууга - 7,1 млн АКШ доллары;
- Бухарадагы газ алып өтүү регионунун - Ташкент-Бишкек-Алма-Ата
(БГР-ТБА), газ түтүгүнүн экинчи бөлүгүнүн курулушун аяктоо (ТАСИС прог-
раммасына ылайык жүргүзүлгөн "Газде Франс" берген баа боюнча) - 13,46
млн АКШ доллары.
Керектөөчүлөрдү газ менеа жабдуу системасында аны өнүктүрүүгө, ре-
конструкциялоого жана оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө барды-
гы болуп 0,5 млрд сомго жакын өлчөмдө инвестиция талап кылынат.
2.5. Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү
Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү жолдору Кыргыз Республикасынын
Президентинин 1998-жылдын 8-декабрындагы РП N 384 буйругуна ылайык иш-
телип чыккан, 1999-2005-жылдарга чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү
Программасында аныкталган.
Программа Кыргыз Республикасында чакан гидроэнергетиканы
өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй төрт негизги багыттары боюнча иш-чаралардын
комплексин карайт:
- иштеп жаткан чакан ГЭСтерди реконструкциялоо;
- колдонуудагы мурдагы чакан ГЭСтерди калыбына келтирүү;
- суулардын куймасында жањы чакан ГЭСтерди куруу;
- колдонуудагы суу чарба объекттеринде чакан ГЭСтерди куруу.
Республикада чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча ишке ашыруу-
нун алгачкы кадамы колдонуудагы чакан ГЭСтерди, анын ичинде Аламедин
ГЭСинин каскадын - 8 станцияны жана чакан ГЭСтердин тизмесинде азыр ба-
залык станция болуп саналган Кемин ГЭСин реконструкциялоо болуп сана-
лат.
Кийинки этабы мурда иштеп келген чакан ГЭСтерди калыбына келтирүү
(жалпы саны 100 станцияга жакын) болуп эсептелет.
Калыбына келтирүүгө сунуш кылынган биринчи кезектеги станциялардын
ичине төмөнкүлөр кирет:
Талас областы:
- "Кыркказык" - кубаттуулугу 740 кВт;
- "Ленинпольская" - кубаттуулугу 1160 кВт;
Нарын областы боюнча:
- "Онарча" - кубаттуулугу 1380 кВт;
- "Жумгал" - 560 кВт;
- "Кочкор" - 800 кВт.
Чүй областы боюнча:
- "Ысык-Ата" - 1480 кВт;
- "Жарды-Кайыњды" - 220 кВт;
- "Сокулук - 2";; - 1200 кВт
Ысык-Көл областы:
- "Каракол" - 688 кВт
- "Арашан" - 1200 кВт;
Ош жана Жалал-Абад областтары:
- "Сопу-Коргон" - 790 кВт;
- "Гүлчө" - 660 кВт;
- "Правда" - 440 кВт;
- "Муян" - 1300 кВт;
- "Исфана" - 800 кВт;
- "Араван" - 544 кВт;
- "Фрунзе" - 1200 кВт;
- "Октябрьская" - 440 кВт;
- Ош ГЭС № 4 жана 5 - 1500 жана 1500 кВт.
"Кыргызэнерго" АКдагы жана "Энергия" КНТЦтагы 90-жылдары аткарыл-
ган жаны чакан ГЭСтерди куруу маселеси боюнча алдын ала долбоордук иш-
теп чыгуулар жана сунуштар төмөнкүдөй эки багытты камтыйт:
- биринчисине ТЭОнун аткарылган схемалык иштеп чыгуулары боюнча
өтө чоњ ГЭСтерге же болбосо долбоорлорго (кубаттуулугу 36 МВт Ойтал ГЭ-
Си, кубаттуулугу 25 Мвт Сандалаш ГЭСи, Чоњ Кемин ГЭСи жана кубаттуулугу
20 Мвт Даарауткоргон ГЭСи) кирет.
- экинчи багытка "Энергия" КНТЦте аткарылган, Кыргызстандын об-
ласттары боюнча схемалык иштеп чыгуулардын материалдары боюнча долбоор-
лоо жана куруу белгиленген чакан ГЭСтерге тиешелүү.
Бул материалдарда Чүй жана Ысык-Көл областтарындагы суммардык бел-
гиленген кубаттуулугу 71 Мвт жана энергияны жылдык орточо иштеп чыгуусу
464 млн кВт саат болгон тиешелүүлүгүнө жараша 19 жана 16 чакан ГЭС, Ош
жана Жалал-Абад областтарында суммардык белгиленген кубаттуулугу 60 Мвт
жана энергияны жылдык орточо иштеп чыгуусу 300 млн кВт саат 24 чакан
ГЭС, Нарын областында суммардык белгиленген кубаттуулугу 50 Мвт жана
энергияны жылдык орточо иштеп чыгуусу 250 млн кВт саат 34 чакан ГЭС су-
нуш кылынган.
2005-жылга чейинки мезгилде биринчи кезекте курулуучу жањы чакан
ГЭСтердин тизмеси:
Ысык-Көл областы:
- "Чоњ-Аксу" (Чоњ-Аксу суусу, п.Григорьевка) - кубаттуулугу 10
Мвт;
- ГЭС "Акбулун" N 1 жана 2 (Түргөнаксу суусу, п.Акбулун) - кубат-
туулугу 1200 жана 1350 кВт, "Дархан" (Жууку суусу, п.Дархан) - кубатту-
улугу 640, Куйлук (Күйлүк суусу) - кубаттуулугу 1910 кВт;
- "Турасуу" (Турасуу суусу, п.Турасу) - кубаттуулугу 500 кВт.
Нарын областы:
"Кочкор" (Кочкор суусу, п.Кочкор) - кубаттуулугу 5650, "Жумгал"
(Жумгал суусу, п.Чаек) - кубаттуулугу 1650 кВт;
- "Минкуш" (Минкуш суусу, п.Минкуш) - кубаттуулугу 2300 кВт;
"Башкайыњды" (Ат-Башы суусу, п.Башкайыњды) - кубаттуулугу 3200
кВт;
"Ийрису" (Кичи Нарын суусу, с.Ийрисуу) - кубаттуулугу 3400 кВт;
- "Тогузбулак" (Кутка суусу, с.Тогузбулак) - кубаттуулугу 1300
кВт.
Жалал-Абад областы:
- "Сыны" (Он Карасу суусу, с.Сыны) - кубаттуулугу 4400 кВт;
- "Могол" (Тентексай суусу, с.Могол) - кубаттуулугу 4680 кВт;
- "Жањы-Жол" (Чычкан суусу, с.Жањы-Жол) - кубаттуулугу 3500 кВт;
- "Сары-Булак" (Көкарт суусу, с.Сары-Булак) - кубаттуулугу 2000
кВт.
Ош областы:
- "Карасу" (Кызылсу суусу, с.Карасу) - кубаттуулугу 2000 кВт;
- "Караташ" (Тар суусу, с.Караташ) - кубаттуулугу 3000 кВт;
- "Ойалма" (Каракулжа суусу, с.Ойалма) - кубаттуулугу 3000 кВт;
- "Саламалик" (Яссы суусу, с.Саламалик) - кубаттуулугу 3000 кВт;
- "Арпатекти" (Куршаб суусу, с.Арпатекти) - кубаттуулугу 2000 кВт;
- "Аустан" (Исфайрам суусу, с.Аустан) - кубаттуулугу 3000 кВт.
Чүй областы:
- Аламедин ГЭСи;
- Ала-Арча ГЭСи № 1, 2 (Ала-Арча суусу, Кашка-Су) - кубаттуулугу
2200 кВт.
Чу жана Талас сууларындагы ирригациялык суу сактагычтардагы Ор-
то-Токой жана Киров электр станциялары колдонуудагы суу чарба объекттер
курулушуна каралган биринчи кезектеги ГЭСтердин арасына кирет.
Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылоонун
мүмкүн болуучу булактары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- акционердик капиталды тартуу;
- жергиликтүү инвестициялар жана кредиттер;
- чет өлкөлүк фирмалар менен компаниялардын инвестициялары;
- техникалык кредиттер;
- мамлекеттин, ишканалар менен уюмдардын, коммерциялык структура-
лардын жана жеке адамдардын үлүштүк катышы;
- мамлекеттик кредиттер.
Инвесторлорду тартуу үчүн ачык энергорыногуна шарт түзүү, каржыло-
онун жогоруда баяндалган варианттарын чагылдыруу менен чакан гидроэнер-
гетиканы өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын техникалык-экономикалык негиз-
демесин иштеп чыгуу керек. Мындан тышкары жергиликтүү жана чет өлкөлүк
инвесторлорду тартуу максатында капиталдык салымдардын өзүн өзү актоого
мүмкүн болуучу мөөнөтүнүн 7-10-жылдык шарттарына таянуу менен минимал-
дуу тарифтердин расчетторун жүргүзүү зарыл.
2.6. Энергиянын көндүм болбогон калыбына келтирүү булактарын
өнүктүрүү
Энергиянын көндүм болбогон калыбына келтирүү булактарын (мындан
ары - НВИЭ), аларга күндүн, шамалдын энергиясы, геотермалдык суулар,
чакан суу агымы, биомассалар жана көндүм болбогон булактар менен толук
атаандашууга мүмкүндүгү бар башка булактар кирет.
НВИЭни иш жүзүндө колдонуу азыркы убакта анча көп эмес, алар рес-
публиканын энергобалансында бар болгону 0,15%ти түзөт, анын үстүнө күн
коллекторлорунун кубаттуулугу 1300 кВт, шамал агрегаттарыныкы - 25 кВт,
чакан ГЭСтердики - 100 кВт.
Кыргызстандын шарты үчүн НВИЭни колдонуунун кыйла келечекгүү тар-
магы катары айрым тоолуу райондордо жайгашкан децентрализациялык объек-
терди (чабандардын жана малчылардын комплекстери, геологиялык экспеди-
циялар, жол объектери, гидрометеорологиялык станциялар, телерадио алып
бергичтер ж.б.), ошондой эле борбордоштурулган энергия менен жабдуусу
бар райондордо жайгашкан турак үйлөрдү, мал чарба фермаларын, ден-соо-
лук чыњдоо мекемелерин (эс алуу үйлөрү, пансионаттар, ден-соолу чыњдоо-
чу жайлар ж.б.) эсептөөгө болот. Мында НВИЭни колдонуу экологиялык жак-
тан гана эмес, ошондой эле социалдык проблемалардын маселелерин чечүү
көз карашынан алганда да таза боло тургандыгын кароо керек.
Энергиянын калыбына келтирүүчү булактарын колдонуунун кыйла натый-
жалуу жолдору төмөнкүлөр болуп саналат:
- баасы улам кымбаттап бара жаткан отун ресурстарын алмаштыруу жа-
на ошол эле учурда экологиялык оорчулукту жењилдетүү;
- борбордоштурулган энергия менен жабдуу булактарынан ажырап кал-
ган автономдуу объектерди энергия менен жабдуу жана алыскы райондордун
калкынын жашоо дењгээлин жогорулатуу боюнча социалдык милдеттерди
чечүү.
Азыркы убакта кењири практикалык колдонуу үчүн техникалык жактан
даярдалгандар 50%ке барабар күн жылуулугу менен жабдуу системалрында
эксплуатациялык КПДсы менен күндөн алынуучу жылуулук коллекторлорунун
негизинде күн радиациясынын эсебинен жылуулук менен жабдуу жана кубат-
туулугу 4 кВт шамал агрегаттарынын негизинде шамал жана чакан суу агым-
дарынын энергиясын, ошондой эле кубаттуулугу 1, 2, 5, 16 жана 22 кВт
чакан ГЭСтерди колдонуунун эсебинен жылытуу болуп саналат.
Көндүм болбогон булактардын эсебинен алынган энергиянын саны алар-
дын утилдештирүү каражаттарды чыгаруу боюнча өнөр жайлык потенциалын
толук колдонгон жана аларды өндүрүшкө киргизген шартта жыл сайын шарт-
туу отундун 17,7-26,4 мињ тоннасын түзөт.
2005-жылдын дењгээлинде НВИЭнин эсебинен белгиленген кубаттуулук
жана электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча болжолдуу маалыматтар: фотоэ-
лектрикалык өзгөртүп түзүүчүлөр тийиштүүлүгүнө жараш 2-3 МВт жана
5,3-7,9 млн.кВт/с; чакан ГЭСтер - 2-2,5 МВт жана 8,6-10,8 млн. кВтсы;
шамал-электрдик агрегаттар - 150 - 300 кВт жана 1,0-1,2 млн.кВт/с.
2005-жылга карата НВИЭнин республикадагы отун-энергетика ресурстар
өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнө салымын баалоо боюнча алып караганда 6,8%ти,
ал эми республика боюнча отун-энергетика ресурстарын керектөөдөгү НВИЭ-
нин үлүшү - 3,5%ти түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексиндеги энергияны
үнөмдөөнүн негизги багыттары
Энергия ресурстарын үнөмдөөнүн зарылдыгын таануу өзгөчө мааниге
ээ, анткени бул Кыргыз Республикасынын энергетикалык абалын жакшыртууга
жөндөмдүү каражаттардын бири болуп саналат.
Энергияны үнөмдөөнүн милдеттерин төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыз кы-
лынат:
I. Экономикалык жана мыйзамдык-нормативдик чаралар:
- отунга жана энергияга, аларды сатууга тарифтер жана үнөмдөө баа-
ларын белгилөө;
- энергия үнөмдөөнүн мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу жана жүзөгө
ашыруу;
- жабдууларды стандартташтыруу жана сертификациялоо;
- энергия үнөмдөөнү башкаруунун уюштуруу боюнча мамлекеттик жана
рыноктук структураларын түзүү.
II. Техникалык чаралар:
- экономика секторлорунда энерго жана отунду керектөө боюнча (иш-
каналар, уюмдар ж.б.) техникалык, экономикалык аудитордук иштерди жана
анализдерди жүргүзүү;
- энергоүнөмдөөнүн долбоорлорунун натыйжалуулугун негиздөө;
- иш-чараларды каржылоо булактарын жана энергияны үнөмдөө долбоор-
лорун аныктоо.
Отунду жана энергияны үнөмдөө боюнча бардык иш-чаралар төмөнкүдөй
багытта аныкталууга тийиш:
а) салык жана баа механизмдери колдонулуучу уюштуруу-техникалык,
маалыматтык-түшүндүрүү иштери, бул ири капиталдык салымдарсыз чоњ на-
тыйжа берет;
б) энергия үнөмдөөчү жањы техникалык системаларды түзүүгө
мүмкүндүк берүүчү, ири капиталдык салымдарды талап кыла турган энергия
өндүрүүчү жана энергияны керектөөчү жабдууларды өркүндөтүүгө же
өзгөртүүгө байланыштуу инвестициялык-техникалык системалар.
Кыргыз Республикасында баштапкы этапта биринчи багыт натыйжалуу
болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасында энергия үнөмдөөнүн жана ишканалардын натый-
жалуу иштешинин талаптарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн "Энергияны
үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы түрүндө бекем укуктук
негиз түзүлдү, анын негизги элементтери энергияны үнөмдөөдөгү колдоо
жана жењилдиктерди беүү боюнча мамлекеттик чаралар, ошондой эле адми-
нистративдик-укуктук жана энергия ресурстарын сарамжалсыз пайдаланууда
колдонулуучу экономикалык айып санкциялары болмокчу.
Бул Мыйзамдын башкы принциби энергияны колдонуунун натыйжалуулугун
арттыруу бардык стадияларда жашоо-турмуштун туруктуу дењгээлине тоско-
олдук келтирбегидей абалда болушун, ал эми энергияны үнөмдөө боюнча
иш-чаралар узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө көмөктөшө ала турганды-
гында турат.
Энергияны үнөмдөө боюнча мыйзам төмөнкүдөй бардык тармактарда
энергияны үнөмдөө боюнча таасирдүү чараларды көрүү үчүн юридикалык не-
гиз болуп саналат: өнөр жайда, коммерциялык жана транспорттук сектор-
лордо, турак-жай коммуналдык сектордо алардын спецификалык
өзгөчөлүктөрүнө ылайык.
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарында отунду жана энерги-
яны үнөмдөө боюнча биринчи кезектеги иш-чаралардын тизмеси
төмөнкүлөрдөн турат:
- отунга, жылуулук жана электр энергиясына, аларды казып алууга,
өндүрүүгө кеткен чыгымдарга ылайык, ошондой эле ТЭКти өнүктүрүүнүн за-
рыл шарттарына жараша бааларды жана тарифтерди белгилөө;
- энергиянын бардык түрлөрүн эсепке алуу приборлорун колдонууга
киргизүү;
- энергия үнөмдөөчү иш-чараларды жүргүзүү үчүн керектөөчүнү сыйлоо
максатында энергия үнөмдөөчү ишканалардын сатып өткөрүү практикасына
жана баалардын структурасына өзгөртүү киргизүү;
- энергия үнөмдөө тармагында НИОКРды стимулдоо;
- жылуулук изоляциясын жакшыртуу жана административдик, соода жана
коомдук имараттарда, ошондой эле турак жайларда тийиштүү нормалар менен
стандарттарды өзгөртүү аркылуу жылытуу жабдууларынын иштешинин натыйжа-
луулугун жогорулатуу;
- бардык негизги энергия колдонуучу түзүлүштөрдү, жабдууларды
өзгөчө тиричилик багытындагы түзүлүштөрдү алардын натыйжалуулугун
көрсөтүү менен сертификациялоо, стандартташтыруу жана маркировкалоо;
- энергия керектөө процессинде отунду, электр жана жылуулук энер-
гиясын чыгымдоонун жањы рационалдуу нормаларын киргизүү, ошондой эле
өнөр жай өндүрүшүндө энергияны сарамжалдуу керектөөнү стимулдоо (ти-
йиштүү нормативдерди белгилөө, энергияны үнөмдөө максатында жабдууларды
модернизациялоого субсидиялар, отунду жана энергияны чыгымдоонун натый-
жалуулугун текшерүү жана контролдоо, маалымат менен камсыз кылуу ж.б.);
- электр энергиясын өндүрүүнүн натыйжалуулугун арттыруу (электр
энергиясына дифференциялаштырылган тарифтерди киргизүү, өзгөрүлмө иш
оорчулуктарын башкаруу, түнүчүндө жылуулукту топтоо жана башка жөнгө
салуу ыкмалары);
- калыбына келтирүүчү булактарды колдонуу.
4. Отун-энергетика комплексинде тариф саясатынын негизги жоболору
Тариф саясаты төмөнкүдөй башкы принциптерге негизденет:
1. Тарифтер энергияны өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү боюнча бардык
чыгымдарды жабууга тийиш.
2. Тарифтер керектөөчүлөрдүн ар бир тобу үчүн энергия менен жабду-
уга алардын бүткүл чыгымдарын чагылдырышы керек.
Энергияны өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү боюнча чыгымдары эксплуа-
тациялык чыгымдарды, техникалык тейлөө, капиталдык чыгымдарын жана пай-
да элементин камтууга тийиш. Электр энергетикасы секторунда жабдуулар-
дын кыйла бөлүгүн алмаштыруу жана реконструкциялоо үчүн тез арада капи-
талдык инвестицияларды жумшоону талап кылат. Бул тейлөөнүн, коопсуздук-
тун, энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгунүн жана системаны
өнүктүрүүнүн кабыл алгылыктуу дењгээлин камсыз кылуу үчүн зарыл. Тариф
элементине пайданы кошуу, чыгымдарды азайтуу жана тейлөө дењгээлин жак-
шыртуу үчүн зарыл инвестицияларды салууга компанияга колдоо болуп сана-
лат.
Тарифтерди эсептөөнүн колдонуудагы методологиясы интеграцияланган
сектор үчүн иштелип чыккан. Бул методология тарифтер аркылуу жабылышы
керек болгон системанын жалпы чыгымдарына эсептелген. Бирок Кыргызстан-
дын энергетикалык сектору азыркы учурда кыйла өзгөрүүлөргө дуушар болу-
уда. Мындай өзгөртүүлөр төмөнкүлөр менен шартталган:
- секторду өз-өзүнчө компанияларга бөлүү: иштетүүчү компания,
берүүчү компания жана бөлүштүрүүчү компания;
- кийинчерээк бөлүштүрүү компанияларын менчиктештирүү;
- реструктурлаштыруу жана менчиктештирүү процессинин кандайча өтө
тургандыгына жараша электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө
жана бөлүштүрүүгө өзүнчө тарифтерди белгилөө зарылдыгы келип чыгат.
Өндүрүүдө тариф электр энергиясын иштеп чыгууга туруктуу жана
өзгөрмө чыгымдарды чагылдыруу үчүн эки бөлүктөн турат. Кубаттуулугу
үчүн төлөнүүчү акы (МВтта чыгымдар) туруктуу чыгымдарды, ал эми энергия
үчүн акы (кВт/с-га чыгымдар) өзгөрүлмө чыгымдарды жабат.
Берүүгө тариф төмөнкүлөрдөн турат: өткөргүчтөрдүн жогорку болттун
системасын кошуу үчүн акы (МВтга чыгымдар);
- системаны колдонуу үчүн акы (МВтга чыгымдар);
- эксплуатациялык чыгымдарды жабууга акылар (кВт/сга чыгымдар).
Бул үчүн энергетика рыногунун Эрежеси иштелип чыккан, ал
төмөнкүлөрдү камтыйт:
- электр энергиясынын балансылык рыногунун эрежеси;
- чыгымдарды тењдештирүү фонду;
- керектөөчүлөрдү социалдык жактан коргоо;
- типтүү контракттар системасы.
Реалдуу экономикалык чыгымдарды жабуу максатында түпкү керектөөчү
үчүн тариф чыњалуу дењгээлине жараша өзгөрүп туруучу чыгымдарга негиз-
денет. Бул тариф энергияны иштеп чыгууга, берүүгө жана бөлүштүрүүгө чы-
гымдарды жабат.
Өзгөчөлүү тартипте калктын жакыр категориясы үчүн тарифтердин со-
циалдык корголгон дењгээли сакталат, бери болгондо ал орто мөөнөткө
аныкталат, анткени бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык сая-
сатынын негизги элементи болуп саналат.
Азыркы убактарда тарифтердин структурасына бир нече көмүскө субси-
диялар кирет. Төмөндө мындай субсидиялардын 4 негизги түрү көрсөтүлгөн:
1) электр энергиясын керектөөчүлөр жылуулук энергиясын ке-
ректөөчүлөрдү субсидиялайт.
2) электр энергиясын өнөр жайлык керектөөчүлөр электр энергиясын
тиричилик керектөөчүлөрүн субсидиялайт.
3) шаар жерлериндеги электр энергияны керектөөчүлөр айыл жерлерин-
деги электр энергияны керектөөчүлөрдү субсидиялайт.
4) электр энергиясын экспорттоодон түшкөн кирешелер Кыргызстанда
электр жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдү субсидиялоо үчүн колдо-
нулат.
Керектөөчүлөрдүн ар кандай топторунун жана электр, жылуулук энер-
гиясын керектөөчүлөрдүн ортосундагы кайчылаш субсидиялоо четтетилүүгө
тийиш. Мындай баа стратегиясы ресурстарды ысырапкордук менен пайдалану-
уну жана туура эмес бөлүштүрүүнү четтетүү аркылуу ресурстарды натыйжа-
луу колдонууга көмөктөшөт; энергия үнөмдөөнүн жана керектөөнүн оптимал-
дуу дењгээлин экономикалык жактан колдоого алат; электр жана жылуулук
энергиясын кыйла пайдалуу жана продуктивдүү максаттарга багыттайт. Жеке
керектөөчүлөрдө электр жана жылуулук энергиясын колдонуунун реалдуу
наркын аныктоого мүмкүндүк жаратат жана ага ылайык керектөө структура-
лары өзгөрөт.
5. Борбордук Азияда энергоресурстарды мамлекеттик алмашууну
өркүндөтүү
Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугу, экономика тар-
мактарынын керектөөлөрүн жабуу зарылдыгы коњшулаш өлкөлөрдөн энергоре-
сурстарынын импортуна жараша болот, бул Борбордук Азия рыногунда мамле-
кет аралык алмашуу механизмин талап кылат (ЦА).
Суу жана энергетика проблемаларын чечүүнүн биринчи этабы "Сыр-Да-
рыя суу бассейнинин суу-энергетика ресурстарын колдонуу жөнүндө"
Өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу болуп саналат. Макулдашуу Токто-
гул гидротүйүнүндөгү иштерди ирригациялык режимде иштешин камсыз кылуу-
ну карайт жана Казакстан менен Өзбекстандын Токтогул суу сактагычынан
берилген суу үчүн жайкы мезгилде электр энергияны сатып алууга бирдей
катышуу милдеттенмесин камтыйт.
Электр энергиясынын ачык рыногун түзүү ГЭСтердин жана ТЭЦ ЦАлардын
иш режимин оптималдаштырууга мүмкүндүк берип, генерациялоочу кубаттуу-
луктарды суткалык, ошондой эле жылдык режимде натыйжалуу колдонууну
камсыз кылат жана ЦАнын электр энергия рыногунан үчүнчү бир өлкөлөргө
электр энергияны экспорттоону камсыздайт. Электр энергетика жана тру-
бопровод системаларынын ишенимдүүлүгүн арттыруу, жењил транзиттик ку-
баттуулуктарды реконструкциялоо жана кенейтүү маселелери ЦАнын мамле-
кеттеринин ортосунда өз ара пайдалуу экономикалык, укуктук макулдашуу-
лардын негизинде чечилет.
Бул багытта энергия алып жүрүүчүлөрдүн суроо-талаптары менен су-
нуштарын калыптандыруу шартында региондун отун-энергетика комплексин
балансташтырып өнүктүрүүнү камсыз кылуучу эл аралык корпорациялар менен
консорциумдарды түзүү максатка ылайыктуу.
Алардын функционалдуу мүмкүнчүлүктөрү төмөнкүлөр болууга тийиш:
- региондун суу-энергетика ресурстарын натыйжалуу колдонуу жана
өнүктүрүү боюнча катышуучулардын өз ара пайдалуу биргелешкен аракетте-
ринин системасын түзүү;
- суу чарба жана отун-энергетика тармактарынын өндүрүштүк жана
технологиялык кооперация процесстерин терењдетүү, экспорттук потенциал-
ды кењейтүү үчүн шарт түзүү;
- региондун суу-энергетика потенциалын өнүктүрүүгө инвестицияларды
тартуу;
- суу-энергетика ресурстарын үнөмдөөнүн стратегиясын камсыз кылуу;
- суу жана энергегика ресурстарын колдонуунун прогрессивдүү техно-
логияларын ишке киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана берүү;
- жањыларын куруу жана иштеп жаткан объектерди реконструкциялоо
боюнча биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө
ашыруу.
ЦАнын отун-энергетика комплексинин тармактарын өнүктүрүү жагынан
кызматташтыктын негиздерин түзүү үчүн нормативдик-укуктук актылардын
төмөнкүдөй багыттагы пакеттерин даярдоо жана кабыл алуу керек:
- Эл аралык суу энергетика консорциумун түзүү;
- ЦА мамлекеттеринин энергетика системаларынын параллелдүү иштеши;
- суу чарба объектерин биргелешип пайдалануу эксплуатациясына чы-
гымдардын ордун толтурууга үлүштүк катышуу.
6. Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо
Отун-энергетика комплекси углеводород сырьесун казуу жаиа кайра
иштетүү учурунда, энергия алып жүрүүчүлөрдү ташууда жања сактоодо, гид-
ро жана жылуулук электростанцияларында электр энергиясын өндүрүүдө жана
аба линиялары боюича электр энергиясын берүүдө айлана-чөйрөгө бир кыйла
олуттуу терс таасир тийгизет. Республиканын көмүр жана нефтегаз тармак-
тарында бир топ начар абал түзүлгөн. Колдонуудагы ишканаларда көмүр ка-
зып алуу жана ачуу иштери технологиялык талаптарды өтө одоно бузуу ме-
нен жүргүзүлөт, бул көмүрдүн өз алдынча күйүп кетүү жана көп коромжу-
лукка учурашына алып келет.
Кенди иштеткенден кийин жерди эч кандай рекультивациялоо иштери
жүргүзүлбөйт жана ага каражат да бөлүнбөйт. Калдыктарды жайгаштыруу ар
тараптуу инженердик иштетүүлөр менен камсыз кылынбайт. Соњку жылдарда
казып алуу иштеринен улам жыл сайын 30 гектарга жакын жањы жерлер кал-
дыкка көмүлүп калат. Тармактын ишканаларындагы абаны тазалагыч жана суу
бөлгүч курулуштар эскирип бүтүп, алмаштырууну талап кылат. Жабдууларды
жањылоого жана өркүндөтүүгө каражаттардын жоктугунан шахталар менен
разрездеги экологиялык абал барган сайын начарлап, кенчилерге жана ага
жанаша жайгашкан калктуу конуштарга коркунуч түзүүдө.
Жылуулук электр станциялары жана от казандары абага зыяндуу зат-
тардын чыгышына жана ыплас сууларды контролдоонун азыркы учурдагы при-
борлор менен жетиштүү жабдылбаган, бул өндүрүш калдыктарынын сандык жа-
на сапаттык составына ишенимдүү контролду камсыз кылууга мүмкүндүк бер-
бейт.
Электр энергетикасында жаны ГЭСтерди, электр өткөргүчтөрдүн ма-
гистралдык линиясын куруудан болгон экологиялык кесепеттер начар изил-
денген. Атап айтканда тийиштүү жаратылышты коргоо чараларын
жүргүзбөстөн аба линияларын куруу тоолуу шарттарда жерди ашыкча бөлүүгө
гана эмес, ошондой эле шамал, суудан улам эррозияга алып келип, аба ли-
нияларынын трассасы боюнча көчкүлөрдүн жүрүшүн пайда кылат. Бирок
электр өткөргүч линияларын курууда жаратылышты коргоо боюнча иш-чаралар
жүргүзүлбөй жана аларды ишке ашыруунун нормативдик критерийлери да же-
тишсиз.
Айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы отун-энергетика комплексинин тар-
мактары артыкчылыктуу милдеттер "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Ат-
мосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
жана башка мыйзам актылардын негизинде иштелип чыккан. Кыргыз Республи-
касында айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу
пайдалануунун 2005-жылга чейинки мамлекеттик программасы иштелип чык-
кан.
Экологиялык иш-чаралардан биринчи кезекте төмөнкүлөрдү камсыз кы-
луучу мындай иштер аткарылууга тийиш:
- экологиялык кыйроолорду болтурбоо (анын ичинде мөөнөтүн өтөп
бүткөн шахтадагы жабдууларды, коррозиялык жана авариялык абалдагы
түтүктөрүн алмаштыруу, азыркы учурдагы өрткө каршы жабдуу ж.б.);
- ТЭЦте жаратылыш газынын ордуна жергиликтүү көмүрдү жагууга
өтүүгө байланыштуу айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу;
- айлана-чөйрөгө чыккан зыяндуу заттардын санына жана составына
объективдүү прибордук контроль.
7. Энергетикалык илимди өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо Энергети-
калык программасын койгон милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу отун-энер-
гетика комплексинин бардык звенолорунда илимий жактан олуттуу колдоосуз
мүмкүн эмес. Программаны илимий жактан камсыз кылуу негизинен республи-
калык илимий мекемелер тармактары: "Энергия" КНТЦ, НИИ экономика, НИИ
суу проблемалары, НИИ сейсмология, энергияны калыбына келтирүүчү булак-
тардын борбору жана башкалар, ошондой эле жогорку окуу жайлар: Кыргыз
техникалык университети, Кыргыз тоо-кен металлургиялык институту, Кыр-
гыз-Россия (Славян) университети жана башкалар аркылуу жогорку квалифи-
кациялуу адистер тарабынан жүргүзүлөт.
Каралган мезгилге илимий-техникалык жана илимий-экономикалык иштеп
чыгуулардын башкы багыттары жана милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- энергия алып жүрүүчүлөрдү өндүрүүдөн, жеткирүүдөн жана сактоодон
тартып электр жана жылуулук энергиясын бөлүштүрүүгө чейинки отун-энер-
гетика комплексинин бүткүл негизи боюнча колдонуудагы энергетикалык
объектердин ишин камсыз кылуу жана анын ишенимдүүлүгүн арттыруу;
- өндүрүштүк базаларды, технологияларды жана экологиялык коргоо-
лорду өркүндөтүү жана коромжулуктарды азайтуунун эсебинен азыркы
отун-энергетика комплексинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- отун-энергетика комплексинин объектеринин долбоорлорун иштеп чы-
гууда жана курууда Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоону камсыз
кылуучу мамлекеттик нормативдерди иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү;
- электр жана жылуулук тармактарын, электр станцияларын, нефти жа-
на газ түтүктөрүн жана отун-энергетика комплексинин башка объектерин
долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүү үчүн эл аралык стандарттарга
жана Кыргыз Республикасынын региондук ландшафттык-климаттык шарттарына
ылайык келүүчү мыйзамдар менен нормативдик документтерди иштеп чыгуу;
- колдонуудагы Курулуш нормалары менен эрежелерине (СНИП), электр
түзүлүштөр жабдууларын орнотуунун эрежелери (ПУЭ) жана башка норматив-
дерге аларды жергиликтүү шарттарга жана учурдагы эл аралык дењгээлге
жакшылап калыптандыруу максатында негиздөө жана өзгөртүүлөр менен то-
луктоолорду киргизүү;
- жабдуулар жана электротехникалык буюмдар боюнча стандартташтыруу
жагындагы иштерди аткаруу. Эл аралык стандарттарды жана КМШ өлкөлөрүнүн
стандарттарын Кыргыз Республикасынын шарттарына калыптандыруу жана
жањыларын иштеп чыгуу;
- көмүрдү, нефтини жана газды казып алуу, ташуу жана сактоо про-
цессинде алардыи коромжулуктарын азайтуу боюнча мыйзамдарды жана норма-
тивдик документтерди иштеп чыгуу, ошондой эле башка чараларды көрүү;
- отун өнөр жайында жаратылышты коргоо иштери боюнча нормативдерди
иштеп чыгуу;
- жабдууларды долбоорлоонун, куроонун жана сатып алуунун бардык
түрлөрүндө Кыргыз Республикасынын белгиленген тартипте бекитилген нор-
малары менен эрежелерин, анын ичинде эл аралык стандарттарга салыштыр-
малуу жогорку талаптарды камтый турган болсо Кыргыз Республикасынын
стандарттарынын артыкчылыктарын милдеттүү аткарылышын камсыз кылуучу
чараларды иштеп чыгуу.
8. Отун-энергетика комплекси тармактарын башкарууну өркүндөгүүнүн
илимий негиздемеси
Энергопрограмманы илимий жактан камсыз болушун каржылоо негизинен
илимий структуралар менен контракттык негизде тармактык структуралардын
каражаттарынын эсебииеи жүргүзүлөт. Техникалык жана экологиялык кооп-
суздук, нормативдик-укуктук жоболорду иштеп чыгуу жана мамлекеттик жал-
пы маанидеги башка маселелер жагынан жарым жартылай каржылоо тийиштүү
мамлекеттик структуралар аркылуу бюджеттик каражаттардын эсебинен
жүргүзүлүүгө тийиш. Каралган мезгилде отун-энергетика комплексиндеги
илимий-техникалык иштеп чыгууларга ар жылдык минималдуу зарыл чыгымдар-
дын жалпы суммасы жылына 6 млн. сом, анын ичинде бюджеттин эсебинен 1
млн. сом өлчөмүндө бааланат. Отун-энергетика комплексинин продукцияла-
рынын өздүк наркынын эсебинен колдонмо илимий иштерди каржылоо көлөмүн
кошуу жөнүндө маселе нормативдүү чечилүүгө тийиш.
9. Кадрларды даярдоо
Инженердик кадрларды даярдоо электр энергетикасы үчүн Кыргыз тех-
никалык университети жана Кыргыз-Россия (Славян) университети, көмүр
казып алуучу тармактар үчүн Кыргыз тоо-кен металлургиялык институту та-
рабынан камсыз кылат, бул тийшитүү тармактагы негизги адистиктер боюнча
республиканын керектөөлөрүн толук жаба алат.
Ортоњку жетекчи звенонун адистери электр энергетикасы үчүн Бишкек
политехникалык колледжинде, Кыргызстандын эл аралык университетинде жа-
на көмүр казуу өнөр жайы үчүн Кызыл-Кыядагы тоо-кен колледжинде даярда-
лат.
Республикада бир дагы жогорку окуу жайы нефтегаз профилиндеги
адистерди даярдабайт: геолог-нефтяник жана разработчик, бургулоочу, ге-
офизик, технолог жана башкалар. Тармакты перспективалуу өнүктүрүү за-
рылдыгын, ансыз республиканын энергетикалык көз карандысыздыгы мүмкүн
эместигин, азыркы учурдагы нефтегазчы адистердин орточо курагы 50 жаш-
тан ашкандыгын эске алуу менен 2001-жылдан тартып Кыргыз тоо-кен инсти-
тутунун алдында "геология, нефти жана газ кендерин чалганда жана иш-
тетүү" адистиги боюнча адистердин бир группасын жыл сайын кабыл алуу
жана даярдоону уюштуруу зарыл.
Отун-энергетика комплексинин бардык тармактарында кадрларды даяр-
доонун бүткүл звеносу үчүн жалпы кемчилик окуу куралдары, окуу-машыгуу
кабинеттери жана лабораториялары учурдагы жабдуулар менен өтө начар
жабдылгандыгы болуп саналат.
Рынок экономикасынын жањы, тез алмашып туруучу шартында тармактын,
анын ишканаларынын жана структуралык подразделениелеринин жетекчилери
менеджмент жана маркетинг, ошондой эле тейлөөчү сектордогу жаны техни-
калык жетишкендиктер тармагында да илимдерди өркүндөтүп туруусуз жана
ага ээ болбостон жетекчиликтин зарыл дењгээлин камсыз кыла албайт. Же-
текчи кадрларды кайра даярдоонун колдонуудагы системасы, анын ичинде ар
кандай программалар менен фонддордун жардамы жетишсиз болуп саналат.
Абалды жакшыртуу үчүн жетекчи кадрларды милдеттүү системалуу кайра да-
ярдоону жүргүзүү зарыл, бул үчүн Кыргыз Республикасынын жана башка
өлкөлөрдүн алдынкы адистерин тартуу менен отун-энергетика комплексинин
жетекчи кадрларын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча
туруктуу иштөөчү окутуу курстарын уюштуруу керек.
Кайра даярдоо процесси төмөнкүдөй негизги багыттарды камтууга ти-
йиш:
- энергияны үнөмдөө программасын иштеп чыгуу, аткаруу жана натый-
жалуулугун жогорулатуу, стандарттардын сакталышын контролдоо максатында
энергетика жана өнөр жай ишканалары үчүн энергоменеджерлерди даярдоо;
- рынок шартында отун-энергетика комплексинин ишканаларынын эконо-
микалык анализи;
- тармактын ишканаларын мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү
шартында баа түзүү;
- атаандаш рынок экономикасында инновация;
- отун-энергетика комплексинин ишканаларында лицензиялоо методика-
сы;
- экономика жана жаны формаларда башкаруу ыкмалары, ишканалардын
структурасы;
- азыркы учурдагы маалыматтык технологиялары жана компьютердик да-
ярдык;
- квалификацияны кесиптик жогорулатуу, жылуулук жана электр энер-
гетика тармагында жањы жетишкендиктер;
- чет тилдерди окутуу.
Республикада электр энергетика тармагында илимий жана педагогика-
лык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана ага баа берүү
мүмкүнчүлүгү иш жүзүндө жок жана мындай кадрлар барган сайын азайып ба-
ра жатат. Илимдин кандидаттардын орточо курагы 60 жаштан ашып калган.
Абалды оњдоо жана андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуучу "Электр
станциялары, тармактар жана системалар" адистиги боюнча доктордук жана
кандидаттык диссертациялар боюнча коргоону жүргүзүү укугу менен адис-
тештирилген Окумуштуулар кењешин түзүү зарыл.
10. Улуттук энергетика программасынын иш-чараларын каржылоо
булактары
Каржылоо булактарын аныктоодо төмөнкүдөй факторлорду эске алуу ке-
рек:
1. 2000-2002-жылдардын мезгилинде жакырчылыкты азайтуунун жана
экономикалык өсүшкө көмөктөшүүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кабыл алынган Программа-
га ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жањы салык жењилдиктерин, айыл
чарба жана айыл чарбалык эмес ишканаларга карыздарды берүүдөн, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкмөттүк гарантиясы менен жењилде-
тилген шарттарда тышкы карызды алуудан кармала тургандыгы каралат.
2. Экономика тармактарында инвестициялык саясатты аныктоо макса-
тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экономикалык өнүктүрүү
артыкчылыктарынын негизинде Мамлекеттик инвестициялардын ар жылдык
программасы (мындан ары ПГИ) түзүлөт.ПГИнин ресурстарынын чектелүүлүгүн
эске алуу менен аны орто жана узак мөөнөттүү келечекте өнүктүрүүнүн
шарттарынын бири отун-энергетика комплекси сыяктуу коммерциялык жактан
жашап кетүүгө жөндөмдүү тармактарда бюджеттик каражаттарды колдонууну
кыскартуу (андан толук баш тартууга чейин) болмокчу.
Электр энергегика тармактарын каржылоо көлөмдөрү мамлекеттик ин-
вестициялардын орто мөөнөттүү Программасына ылайык 2000-жылы 29081,0
мињ АКШ долларын түздү, 2001-жылы - 20083,0, 2002-жылы - 19826,0 жана
2003-жылы - 11903,0 мињ АКШ долларын түзөт.
Бул каражаттар 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук
энергетика программасынын төмөнкүдөй иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн
жумшалат:
А. Ар кандай чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан каржылануучу,
электр менен жабдуу системаларын жана борбордук жылытууну реабилитация-
лоо.
1) Өнүктүрүүнүн Түндүк Фонду (2001-ж.):
- 2001-жылга - 369,0 мињ АКШ доллары.
2) Азия Өнүктүрүү Банкы (2001-ж.):
- 2001-жылга - 1859,0 мињ АКШ доллар.
3) Дания Өкмөтүнүн кредити (2001-2002-жж.):
- 2001-жылга - 2699,0, 2002-ж. - 10394,0 мињ АКШ доллар.
Б. "Баткен" 220 кВ подстанциясынын курулушу: "Кувейт өнүктүрүү
фондунун кредити (2001-2003-жж.):
- 2001-жылга - 2392,0, 2002-ж. - 3425,0, 2003-ж. - 3016,0 мињ АКШ
доллар.
В. Алай-Баткен ЛЭП - 220 кВ курулушу:
Ислам Өнүктүрүү банкы (2001-2003-жж.):
- 2001-ж. - 1672,0, 2002-ж. - 3198,0, 2003-ж. - 3887,0 АКШ долла-
ры.
Г. Нарын-Торугарт ЛЭП курулушу:
Азия Өнүктүрүү Банкы (2002-2003-жж.):
2002-жылга - 400,0 мињ, 2003-ж. - 5000,0 мињ АКШ доллары.
Кыргыз Республикасында чакан ГЭСтерди реконструкциялоого жана реа-
билитациялоого Германия Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы
Макулдашуу менен Германия өкмөтү тарабынан 25,0 млн. сом немец маркасы,
анын ичинде 15,0 млн марка атайын заем бөлүү каралган.
2001-жылдан баштап бул кредитти ишке ашырууга жоопкер катары Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-апрелиндеги № 154 токтому
менен түзүлгөн "Чакан ГЭС" АКсы аныкталган. 2001-жылга жана кийинки
жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин долбоорунда көмүр жана неф-
тегаз өнөр жайын өнүктүрүүнү каржылоо каралган эмес.
"Кыргызнефтегаз" АКы боюнча Улуттук энергетика программасынын
иш-чараларында каралган бардык пландаштырылган иштер (газ скважиналарын
капиталдык оњдоо, сейсмочалгындоо жана бургулоо иштери, иштебей турган
скважиналарды реабилитациялоо) өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүү бол-
жонот.
"Кыргызгаз" акционердик коому боюнча 2001-жылы Япония Өкмөтүнүн
74,4 млн сом суммасындагы долбоордук эмес грантынын (3 жылдык мөөнөткө
процентсиз кредит түрүндө) эсебинен газ эсептегичтерди сатып алуу, ал
эми Бүткүл дүйнөлүк Банктын (СSАС-ТА) 650,0 мињ АКШ доллары суммасында-
гы кредитинин эсебинен (техникалык жардам түрүндө) газ эсептегичтерди,
аларга тетиктерди жана Казакстан Республикасынын чек арадагы станциянын
курулушун бүткөрүү үчүн электрондук өлчөө жабдууларын сатып алуу кара-
лууда.
Мындан тышкары "Кыргызгаз" АК жана "Кыргызмунайзат" ГАКынын
1998-1999-жылдардагы финансылык отчеттуулугуна эл аралык аудит
жүргүзүүгө 367,6 мињ АКШ доллары бөлүнгөн. Көмүр өнөр жайын
өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы бардык өлкөлөрдө көмүр тармагы иш
жүзүндө дотациялуу болуп санала тургандыгын көрсөттү. Ошондуктан
2005-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын көмүр өнөр жайын
өнүктүрүүнүн программасында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук энерге-
тика программасында жылына 50-55 млн. сом көлөмүндө мамлекет тарабынан
финансылык колдоо каралууда.
Республикага көмүрдүн импортуна 2005-жылга чейинки чыгымдар
2000-жылдагы 20,6 млн. АКШ долларынын дењгээлин түзөт.
Каражаттарды оптималдуу бөлүштүрүү өзүбүздүн көмүр өнөр жайын
өнүктүрүүнү камсыз кылууга жана импорттолуучу көмүрдүн көлөмүн кыскар-
тууга, ошону менен бирге аны сатып алууга чыгымдарды азайтууга
мүмкүндүк берет (алсак, Кара-Кече кенинде гана көмүр казып алуунун
көлөмүн 700 мињ тоннага көбөйткөнгө импорттун көлөмү финансылык чыгым-
дарды 14,0 млн. АКШ долларына чейин тиешелүү түрдө азайтуу менен ошон-
дой эле чоњдукка кыскарат).
Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин
пикири боюнча көмүр өнөр жайын өнүктүрүү үчүн каражаттардын булактары
төмөнкүлөр болушу мүмкүн: республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге
салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү кыскартуу; көмүр тармагынын мам-
лекеттик акцияларынын бөлүгүн сатуу; ата-мекендик жана чет өлкөлүк ин-
вестицияларды тартууга ыњгайлуу шарт түзүү.
Улуттук энергетика программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар
тиркемеде келтирилген.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы №47 "Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга карата улуттук энергетика программасы жана отун-энергетика комплексин…Постановление · 13.02.2008 · № 47 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 07.07.1998 · № 88
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Распоряжение Президента КР от 8 декабря 1998 года РП №384Распоряжение · 08.12.1998 · № 384 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы №47 "Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга карата улуттук энергетика программасы жана отун-энергетика комплексин…Постановление · 13.02.2008 · № 47 · Күчүн жоготкон