Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « 2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 21-ноябры № 805
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591, 2025-жылдын 29-январындагы № 45 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаарын келечектүү өнүктүрүү боюнча топтолгон проблемаларды чечүү, борбордун калкынын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү, Бишкек шаарынын башкы планына жана Кыргыз Республикасынын борборун план ченемдүү, гармониялуу өнүктүрүүгө байланыштуу шаар курулуш иштерине бардык субъекттердин кызыкчылыктарын мамлекеттик дењгээлде укуктук жактан коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз илим-изилдөө шаар курулуш долбоорлоо институту тарабынан иштелип чыккан 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жана анын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте Бишкек шаарынын Башкы планында аныкталган Бишкек шаарынын жана шаар айланасындагы зонасынын чегаралардагы шаардын чегинин долбоорун 2008-жылдын 1-январына чейин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин;
- Бишкек шаарынын Мамлекеттик шааркурулуш кадастрын электрондук версияда иштеп чыксын;
- курулушту ишке ашырууда Бишкек шаарынын бекитилген Башкы планын катуу жетекчиликке алсын.
21. Бул токтомдун 1, 2-пункттары жер мунапысынын объектилерине жайылтылбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 36 "Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2022 · № 36
- Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №128 "Бишкек шаарынын туштук зонасынын деталдуу пландоосунун долбоорун бекитуу жонундо" токтомуПостановление · 02.12.2009 · № 128
- Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майы № 31 "2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө"Постановление · 26.05.2022 · № 31
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-июлунда № 258 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Адамүдүн районунун Ташдөбө айылдык кеңешинин жерлерин "Айыл чарба багытындагы…Постановление · 02.07.2007 · № 258
- Бишкек шаардык кеңешинин от 30 мая 2023 года № 87 "Об утверждении Программы социально-экономического развития города Бишкек на 2024 год и прогноза на 2025-2026 годы"Постановление · 30.05.2023 · № 87
- Бишкек шаарынын кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 123 "Бишкек шаарынын борбордук аймагынын деталдуу пландаштыруу долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.12.2019 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 "2025-жылга чейинки мезгилге…Постановление · 29.01.2025 · № 45
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер…Постановление · 27.09.2024 · № 591
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-августундагы № 327 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ташдөбө айылдык кеңешинин жерлерин "Айыл чарба…Постановление · 10.08.2007 · № 327
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 19 "Мамлекеттин менчигинде турган жер участогун ижаранын шарттарында мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2018 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы №47 "Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга карата улуттук энергетика программасы жана отун-энергетика комплексин…Постановление · 13.02.2008 · № 47 · Күчүн жоготкон