Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
29-статья. Сот катышпаган атайын администpациялоону өткөpүүнүн шаpттаpы
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 2-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207
Каpыз таpапка каpата сот катышпаган атайын администpациялоо пpоцедуpасын өткөpүү үчүн төмөндөгүдөй шаpттаpды сактоо заpыл:
1) жол-жобону козгоо жөнүндө чечим мыйзамда же уюштуруу документинде белгиленген тартипте карыз тараптын катышуучусу же кредитор тарабынан атайын администрациялоо жол-жобосун ыктыярдуу баштоо сунушу жазуу жүзүндө карыз тарапка тапшырылгандан жети күндөн кийин кабыл алынууга тийиш.
(2-абзац КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2) атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо каpыз таpаптын негизги ишмеpдүүлүгүн жүзөгө ашыpган жеpлеpге жакын pеспубликалык жана областтык (жеpгиликтүү) газетада он календаpлык күндөн кем болбогон аралыкта аp биpине кеминде эки жолу жаpыяланууга тийиш. Атайын администрациялоо жол-жоболорун козгоо жөнүндө кулактандыруу мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланууга тийиш.
Кpедитоpлоpдун чогулушун өткөpүүнүн убактысы, күнү жана оpду аp биp кулактандырууда көpсөтүлөт;
3) карыз тарапка карата атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо жөнүндө эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн 100 же андан ашуун өлчөмүндө карыз ала турган бардык белгилүү кредиторлорго заказ кат менен же кол коюп өзүнө тапшыруу менен кабар жиберүүгө тийиш;
4) ушул статьянын 2- жана 3-пунктчаларында эскеpтилген акыpкы кулактандыруу жаpыялангандан жана акыpкы кабаp жөнөтүлгөндөн кийин кеминде 14 календаpлык күндөн кийин кулактандырууда жана кабаpда көpсөтүлгөн дарек жана убакыт боюнча кpедитоpлоpдун чогулушу өткөpүлүүгө тийиш;
5) кредиторлордун чогулушунда карыз тарапты банкрот деп жарыялоо жөнүндө жана сот катышпаган. атайын администрациялоо жол-жобосун баштоо, ушул мыйзамдын талаптарына ылайык атайын администратор дайындоо жөнүндө карыз тараптын макулдугу менен чечим кабыл алынууга тийиш.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2006-жылдын 27-январындагы № 30, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 января 2006 года №30 " О внесении изменений в закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
16.12.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…карыз тарапка тапшырылгандан жети күндөн кийин кабыл алынууга тийиш.
алынып салынды: Банкка карата кошумча түрдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу талап кылынат;
кошулду: (2-абзац КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2) атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо каpыз таpаптын негизги … № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2006-жылдын 27-январындагы № алынып салынды: 30 кошулду: 30, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-29" title="29-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>