Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 8- декабырындагы «Банкроттук (кудуретсиздик) жонундо» мыйзамы
Бишкек шаары
2006-жылдын 27-январы №30
«БАНКТРОТТУК (КУДУРЕТСИЗДИК) ЖӨНҮНДӨ»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУУ
2005-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
тарабынан кабыл алынган
1-статья. «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин
Ведомосттору, 1997-ж., №11, 537 - ст.) төмөнкудөй өзгөртүүлөр
киргизилсин:
1. 9- 1 - статьянын 1 - пунктунда:
- 1) пунктчадагы «эмгекке акы төлөөнүн кеминде 500 минималдуу
өлчөмүндө» деген сөздөр «эсептешүү көрсөткүчүнүн кеминде 500дөн кем
эмес өлчөмүндө» деген сөздөр менен; 2) пунктчасындагы «эмгекке акы
төлөөнүн кеминде беш минималдуу өлчөмүн» деген сөздөр «эсептешүү
көрсөткүчүнүн кеминде бештен кем эмес өлчөмүн» деген сөздөр менен
алмаштырылсын.;
— 3) пунктчадагы «эмгек акы төлөөнүн кеминде бир минималдуу
өлчөмүн» деген сөздөр «эсептешүү көрсөткүчүнүн кеминде бирден кем эмес
өлчөмүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 12 - статьянын 3 - пунктундагы «эмгек акынын жүз же ашуун
минималдуу ставкасы өлчөмүнө карыз» деген сөздөр «эсептешүү
көрсөткүчтөрү жүз же андан ашуун өлчөмүндө карызы» деген сөздөр менен
алмаштырылсын.
3. 15 - статьянын 4 - пунктундагы «минималдуу эмгек акынын 100 же
андан ашуун ставкасы» деген сөздөр «эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн 100 же
андан ашуун» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 27 - статьянын 2-пунктунун 4-пунктчасындагы «эмгек акынын 100
жана андан ашуун минималдуу ставка» деген сөздөр «эсептешүү
көрсөткүчтөрү 100 жана андан ашуун» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 2926 - статьянын 3 - пунктчасындагы «эмгек акынын 100 же андан
ашуун минималдуу ставка өлчөмдө» деген сөздөр «эсептешуу
көрсөткүчтөрүнүн 100 же андан ашуун өлчөмүндө» деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
6. 101 - статьянын 1 - пунктунун 2-пунктчасындагы «эмгек акынын 100
же андан ашуун өлчөмундө» деген сөздөр «эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн 100
же андан ашуун өлчөмүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья. Кыргыз Республикасынын өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук
актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө
кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
Шилтеме берет (1)
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74