62-статья. Убактылуу администраторду дайындоо
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 3-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 31 декабря 2019 года № 150
1. Сот катышпаган банкроттук процессин козгоодо, ар кандай кредитордун арызы боюнча кредиторлордун биринчи чогулушуна чейинки мезгилде убактылуу администратор дайындалышы мүмкүн. Кредитордун арызы сотко машинкада басылган текст менен жазуу жүзүндө берилет. Кредитор - юридикалык жактын арызына анын жетекчиси болбосо өкүлү, ал эми кредитор-жарандын арызына ошол жарандан же анын өкүлү кол коет. Арызда төмөнкүлөр:
1) арыз берилген соттун аталышы;
2) карыз тараптын (аты-жөнү) жана почталык дареги;
3) арыз берүүчүнүн (аты-жөнү) жана почталык дареги;
4) убактылуу администраторду дайындоо жөнүндө өтүнүч көрсөтүлүүгө тийиш.
Арызга төмөнкүлөрдү:
1) белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн;
2) ушул Мыйзамдын 29-статьясынын 1-пунктуна ылайык, сот катышпаган карыз тараптын банкроттук процессин козгоо жөнүндө кредиторлордун чечими (эгерде мындай чогулуш өткөрүлсө жана чечим болсо ырастоочу документтер тиркелет.
2. Эгерде кредиторлор сот катышпаган карыз тараптын банкроттук процессинин башталышы жөнүндө чечим кабыл алса, убактылуу администратор атайын администратор же тышкы башкаруучу кызматына кредитор тарабынан дайындалышы мүмкүн.
Эгерде кредиторлор сот катышпаган тартипте банкроттук процессин баштабоону чечсе, убактылуу администратор кредиторлор чогулушунан кийин 7 календарлык күндүн ичинде өз милдетин аткаруудан бошотулат. Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде катышкан карыз тараптын банкроттук процессин өткөрүү жөнүндө сотко арыз берилиши мүмкүн.
3. Банкроттук жөнүндө иш боюнча сот тарабынан биротоло чечим чыкканга чейин банкроттук процессин козгоодо арыз берүүчү кредитордун талабын убактылуу администратор дайындоо жөнүндө сотко арыз берүү жолу аркылуу камсыз кылуу жагынан чара көрүүгө укуктуу. Убактылуу администраторду дайындоо сот тарабынан банкроттук процессин баштоого биротоло чечим кабыл алынды дегенди билдирбейт.
4. Сот арыз келип түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, арызды кароого жана убактылуу администраторду дайындоого милдеттүү.
Соттук задеданиеге карыз тарап катышпаса арыз боюнча чечим карыз тарапты укпай туруп эле сот тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. Убактылуу администраторду дайындоо жөнүндө сот аныктама чыгарат. Убактылуу администраторду дайындоо, ушул Мыйзамдын 27-16-статьясында көрсөтүлгөн банкроттук жөнүндө ишти кароонун мөөнөтүн сот тарабынан көбөйтүүгө негиз болуп саналбайт.
5. Карыз тарапты укпай туруп убактылуу администраторду дайындоо учурунда мындай чечим кабыл алынгандан кийин жети календарлык күндүн ичинде карыз тараптын арызы жана убактылуу администраторду дайындоо жөнүндө өз чечимин кайра карап чыгуу зарылдыгы болсо, чечим каралышы мүмкүн.
6. Эгерде сот (кредиторлордун чогулушу) тарабынан карыз тарапты банкрот деп табуудан (жарыялоодон) баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса, анда убактылуу администраторду дайындоо жөнүндө (банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдан тышкары) арыз берген арыз ээси убактылуу администратордун бардык чыгымдарын төлөп берүүгө жана аны дайындоонун натыйжасында келтирилген чыгымдардын ордун карыз тарапка компенсациялоого милдеттүү.
Эгерде сот (кредиторлордун чогулушу) тарабынан карыз тарапты банкрот деп табуу (жарыялоо) жөнүндө чечим кабыл алынса, убактылуу администратордун чыгымдары банкроттук процессинин чыгымдары болуп саналат.
7. Убактылуу администраторду сыйлоо банкроттук боюнча башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эмгек акынын кеминде жыйырма минималдуу өлчөмүндө аныкталат.
8. Убактылуу администраторго сый акынын өлчөмү карыз тараптын, кредитордун (кредиторлордун) же банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын (банкроттук процесси сот тартибинде жүргүзүлгөндө) негиздүү арызы боюнча сот тарабынан азайтылышы мүмкүн.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
62-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…башталышы жөнүндө чечим кабыл алса, убактылуу администратор атайын алынып салынды: администратордук кызматка, кошулду: администратор же тышкы алынып салынды: башкаруучуга же консерваторго кошулду: башкаруучу кызматына кредитор тарабынан дайындалышы мүмкүн.
Эгерде кредиторлор сот … 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № алынып салынды: 102 кошулду: 102, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-62" title="62-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>