30-статья. Кpедитоpлоpдун чогулушунун чечимдеpи
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 2-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Кpедитоpлоpдун жалпы чогулушунда:
1) карыз тарапты банкрот деп жарыялоо жана сот катышпаган атайын администрациялоо жол-жобосун карыз тарапка жүргүзүү жөнүндө;
2) карыз тарапты банкрот деп табуу жана соттун катышуусу менен карыз тарапты атайын администрациялоо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу тууралу;
3) сот катышпаган карыз тарапка карата атайын администрациялоо жол-жобосун жүргүзүү жана карыз тарапты банкрот деп жарыялоодон баш тартуу жөнүндө (мындай учурларда карыз тарап өзүн банкрот деп табуу жөнүндө сотко арыз менен кайрыла алат);
4) өткөpүүнүн убактысы жана мезгили ушул чогулушта белгилене туpган кpедитоpдун кийинки чогулушуна чейин өз чечимдеpин кийинкиге калтыруу жөнүндө чечимдеp кабыл алынышы мүмкүн.
1-1. Кредиторлордун чогулушунун чечими пландан тышкаркы көчмө салыктык текшерүү жүргүзүлгөнгө чейин чыгарылышы мүмкүн эмес.
2. Кредиторлордун чогулушунун чечими кредиторлорго жана банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттүн ичинде анын тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүү талабы менен заказдык кат менен жөнөтүлөт же тил кат алуу менен алардын өз колуна тапшырылат. Бул мөөнөт карыз тараптын кредиторлорунун саны элүүдөн ашса кредиторлордун чогулушу тарабынан узартылышы мүмкүн.
Кредиторлордун чогулушунун чечими менен макул болбогон кредитор же карыз тарап кредиторлор тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин жети календарлык күндүн ичинде бул чечим боюнча сотко даттанууга укуктуу.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чечимдеpин кийинкиге калтыруу жөнүндө чечимдеp кабыл алынышы мүмкүн. кошулду: 1-1. Кредиторлордун чогулушунун чечими пландан тышкаркы көчмө салыктык текшерүү жүргүзүлгөнгө чейин чыгарылышы мүмкүн эмес. 2. Кредиторлордун чогулушунун чечими кредиторлорго жана банкроттук … 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 кошулду: , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-30" title="30-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>