15-статья. Администраторго ишеним көрсөтпөө
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 1-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2009 года № 247
1. Банкроттук процессин өткөрүүнүн жүрүшүндө кредиторлордун чогулушу же комитети администраторго ишеним көрсөтпөөгө укуктуу.
2. Эгерде администраторго ишеним көрсөтпөө демилгеси кредиторлор комитетинен чыкса, анда ал кредиторлордун чогулушунун кароосуна ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени алып чыгууга милдеттүү.
3. Администраторго ишеним көрсөтпөө маселеси боюнча кредиторлордун чогулушун уюштуруу жана өткөрүү кредитор менен макулдашуу (талабы) боюнча кредитор (кредиторлор), кредиторлор комитети же администратор тарабынан ишке ашырылат.
4. Демилгечи - кредитор (кредиторлор), кредиторлор комитети же администратор демилгечи - кредитордун (кредиторлор) талабы боюнча эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн 100 же андан ашуун өлчөмүндө талабы бар, ага белгилүү бардык кредиторлорго чогулуш өткөн күнгө чейин он күн мурда заказ кат менен кабарды жөнөтүү, болбосо колуна тапшыруу аркылуу билдирүүгө милдеттүү.
5. Кредиторлордун тиешелүү түрдө чакырылган чогулушу ага чогулуш өткөрүлгөн датага карата карыз тараптын карыздарынын жалпы суммасынын 51 жана андан ашуун процентине талапкер болгон кредиттер катышканда укуктуу деп саналат. Добуш берүү укугу менен кредиторлордун чогулушунун катышуучусу кредиторлор (алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) болуп саналат.
6. Банкроттук процессин өткөрүүдө кредиторлордун чогулушунун чечими администраторго ишеним көрсөтпөө жана аны милдетин аткаруудан бошотуу, ошондой эле администратордун жаңы кандидатурасын бекитүү маселеси боюнча сот катышкан же катышпаган чечими ага катышкан кредиторлордун жалпы санынын көпчүлүгү, анын ичинде карыз тараптын карыздарынын суммасынын 75 же андан ашуун процентине талапкер кредиторлор добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. Чогулушка катышпагандарга эсептелген карыздардын суммасы мааниге ээ болбойт.
7. Кредиторлор чогулушунун чечими протокол менен толтурулуп, ага чогулуштун төрагасы кол коет.
8. Сот катышкан, ошондой эле катышпаган кредиторлордун чогулушунда кабыл алынган чечим жөнүндө администратор, ошондой эле чогулушка катышпаган кредиторлор чогулуш өткөн датадан кийин үч күндөн кечиктирбестен, заказдык кат аркылуу же колуна тапшыруу менен кабарланууга милдеттүү.
9. Банкроттук процесси сот тартибинде жүргүзүлгөн учурда администраторду бошотуу жөнүндө кредиторлор чогулушунун чечими банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүгө тийиш. Жаңы администраторду дайындоо ушул Мыйзамдын 8-статьясында каралган тартипте ишке ашырылат.
Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган бардык кредиторлордун кызыкчылыгын, ошондой эле ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо шарты менен кредиторлор чогулушунун чечимин бекитүүгө укуктуу. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын чечими ал кабыл алынгандан тартып он күндүн ичинде сотто даттанылууга мүмкүн. Арыз же даттануу Мыйзамда белгиленген тартипте банкроттук процессинин чегинде каралат. (КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2006-жылдын 27-январындагы № 30, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 января 2006 года №30 " О внесении изменений в закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-15" title="15-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>