Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-статья. Администратор
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 1-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 31 декабря 2019 года № 150
1. Банкроттук процессинин жол-жобосун администратор жүргүзөт. Администратор:
1) убактылуу администратор;
2) атайын администратор;
3) тышкы башкаруучу;
4) (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын кызматкери, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жак же болбосо өз ишин жеке ишкер катары жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын жараны администратор боло алат.
Карыз тараптын администратору болуп юридикалык жак же жеке ишкер дайындалган учурда, акыркылар банкроттук жөнүндө иштер боюнча орган алардын финансылык абалы жана карыз тараптын кредиторлорунун, ошондой эле анын уюштуруучуларынын, катышуучулардын, акционерлердин алдында ушул жактарга администратор тарабынан ушул Мыйзамды жана карыз тараптын банкроттук жол-жоболорун жүргүзүүнүн эрежелерин бузуунун натыйжасында алып келе турган зыян үчүн жоопкерчилигин камсыз кылуу жагындагы белгиленген талаптарга ылайык келиши керек. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын кызматкерлери администратор болуп саналган учурлардан тышкары, жеке ишкер же юридикалык жактын жетекчиси болуп саналган администратордун ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы болууга тийиш. Төмөнкүлөр администратор болуп дайындала алышпайт:
1) кредитор, дебитор, бүтүм боюнча жак, катышуучу, төлөөгө жөндөмсүз карыз тараптын жетекчиси;
2) банкроттук процесси башталганга чейинки жылдын ичинде катышуучу же карыз тараптын жетекчиси болуп саналган адам;
3) жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын жакын туугандары;
4) мамлекеттик органда (банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын кызматкерлерин кошпогондо), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген адам;
5) иш жана (же) башка адамдардын мүлкүн башкаруу боюнча иш жүргүзүүгө чектөөсү бар адам;
6) жоюлбаган соттуулугу бар адам;
7) банкрот болгон учурдан тартып беш жыл өткөнгө чейин банкроттук негиздер боюнча жеке ишкер катары ишин токтоткон адам;
8) банкроттукка байланыштуу чарба жүргүзүүчү субъекттин иши токтотулган учурдан тартып беш жыл өткөнгө чейин чарба жүргүзүүчү субъекттин жетекчиси болуп саналган адам.
4. Администратор (атайын администратор, тышкы башкаруучу) банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган (эгерде банкроттук процесси сот тартибинде жүргүзүлсө), же кредиторлор чогулушу (соттон тышкаркы тартипте) тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда жана тартипте дайындалат, четтетилет жана бошотулат.
Кредиторлор чогулушу тарабынан (соттон тышкаркы тартипте) дайындалган администратор ушул Мыйзамда каралган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан өз милдеттерин аткаруудан четтетилиши мүмкүн. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администраторлорду дайындоонун тартиби (банкроттук процессин сот тартибинде жүргүзүүдө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Жобо менен белгиленет. Убактылуу администраторду дайындоо, четтетүү, бошотуу (банкроттук процессин жүргүзүү тартибине карабастан) ушул Мыйзамда каралган тартипте сот тарабынан ишке ашырылат. Администратор банкроттук процессинин жол-жоболорун жүргүзүү үчүн бир эле мезгилде төмөнкүдөй дайындалышы мүмкүн:
1) активдер менен камсыз кылынган экиден көп эмес чарбалык карыз тарап-субъекттерде;
2) сот тарабынан карыз тарап ордунда жок деп таанылган, ошондой эле эгерде карыз тараптын мүлкү карыз тараптын банкрот болушу жөнүндө иш боюнча сот чыгымдарын жабууга көз көрүнө мүмкүндүк бербесе же болбосо соңку он эки айдын ичинде анын эсеби боюнча операциялар жүргүзүлбөсө, анда бештен көп эмес чарбалык карыз тарап-субъекттерде.
5. Администратор өз иш процессинде мыйзамдын коргоосунда болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимдерде белгиленген укуктарга ээ болот жана жоопкерчилик тартат.
6. Атайын администраторду соттук эмес тартипте дайындоодо кредиторлордун ичинен кредиторлордун жыйналышында ыйгарым укук берилген адам кредиторлордун жыйналышынын атынан дайындалган администратор менен граждандык-укуктук келишим түзүүгө милдеттүү. Эгерде кредиторлор тарабынан башкача белгиленбесе, келишим түзүүнүн тартиби жана шарты кредиторлор чогулушунун макулдугу боюнча ыйгарым укук берилген адам тарабынан аныкталат.
7. Администратордун кандидатурасы кредитор (кредиторлор), карыз тарап, банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган администраторго карата ушул Мыйзамда коюлган талаптарды сактоо менен сунуш кылууга укуктуу. Бир нече талапкер болгон учурда администратор конкурстук негизде дайындалат. Конкурсту өткөрүү шарты, мөөнөтү жана тартиби ушул статьянын 4-пунктунда көрсөтүлгөн орган тарабынан аныкталат.
8. Администратор төмөнкүдөй учурларда өз милдетин банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган, кредиторлор чогулушу сот (убактылуу администраторду бошоткон учурда) тарабынан аткаруудан бошотулушу мүмкүн:
1) ыйгарым укуктарын ишке ашыруу мезгилинде администратордун лицензиясы белгиленген тартипте кайра алынган же аракеттер токтотулуп турган учурда;
2) администратор банкроттук процессинин жол-жоболорун жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда;
3) кылмыш иши боюнча администраторго карата соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
4) милдетин аткаруудан бошотуу жөнүндө администратордун арызы боюнча;
5) администратордун милдетин аткарууга (дайындоого) тоскоол болуучу кырдаал аныкталса же келип чыкса;
6) дайындалган администратор жүргүзө турган жол-жоболор белгиленген тартипте токтогондо (аяктаганда);
7) ушул Мыйзамдын 15-статьясынын талаптарына ылайык кабыл алынган кредиторлор чогулушунун чечими боюнча, администраторго кредиторлор чогулушу (комитет) тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөндү билдирүүнүн натыйжасында;
8) банкроттук процесси токтотулуп турганда.
8-1. Администратор төмөнкү учурларда өз милдеттерин аткаруудан четтетилиши (убактылуу бошотулушу) мүмкүн:
1) администраторго карата кылмыш иши козголгон учурда;
2) банкроттук процессин ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактабоо фактылары ашкереленген учурда;
3) сотко, банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга, кредиторлор чогулушуна маалымат бербегенде же анык эмес жана/же толук эмес маалымат бергенде;
4) администратор өз милдеттерин ишке ашырууга тоскоолдук кылган жагдайлар ашкереленгенде же пайда болгондо.
Администратор четтетилген учурда банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган, кредиторлор чогулушу администратор четтетилген мезгилге белгиленген тартипте жаңы администраторду дайындоого милдеттүү. Ушул Мыйзам менен белгиленген сый акы четтетүү мезгилинде администраторго төлөнбөйт.
9. Бул Мыйзамда башкача каралбаса, бошотуу, четтетүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып бошотулган, четтетилген администратор:
1) жаңы дайындалган администратор өз милдетин аткарышына тоскоолдук кылбоого, имаратка, активдерге, банк эсептерине жана карыз тараптын документтерине кирүүсүн камсыз кылууга;
2) банкроттук боюнча башка ченемдик укук актыларда аныкталган тартипте сотко (кредиторлордун жыйналышына) өз иш-аракетинин натыйжалары жөнүндө отчет даярдоого жана берүүгө:
3) жаңы дайындалган администраторго карыз тараптын банкроттук процессине тиешеси бар бардык документтерди берүүгө, анын тизмеси банкроттук боюнча башка ченемдик укук актылар менен аныкталат;
4) зарыл болгон учурларда жаңы дайындалган администраторго карыз тараптын банкроттук процессине тиешелүү толук маалымат (оозеки же жазуу жүзүндө) берүүгө;
5) жаңы дайындалган администратор, карыз тараптын өкүлү, инвентаризациялык комиссиянын башка мүчөлөрү менен бирдикте карыз тараптын мүлкүн жана башка активдерин инвентаризациялоо жүргүзүүгө;
6) жаңыдан дайындалган администраторго карыз тараптын мөөрү менен штампын берүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарууга милдеттүү.
10. Бул Мыйзамда башкача каралбаса, бошотуу, четтетүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып администратор:
1) бошотуу, четтетүү жөнүндө чечимге сотко даттанууга;
2) ушул Мыйзамга ылайык аныкталган тартипте иш жүзүндөгү иштеген убагы жана аткарылган иштин көлөмү үчүн акчалай каражат алууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарды пайдаланууга милдеттүү.
11. Администратор өз милдеттерин аткарууда мыйзамдарга каршы иштерди жасаган учурда кызмат адамы катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июня 2002 года N 103 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мүлкүн башкаруу боюнча иш жүргүзүүгө чектөөсү бар адам;
6) алынып салынды: соттолгондугу (алына элек) кошулду: жоюлбаган соттуулугу бар адам;
7) алынып салынды: дайындалган учурга кошулду: банкрот болгон учурдан тартып беш жыл өткөнгө чейин кошулду: банкроттук негиздер боюнча жеке ишкер катары ишин токтоткон адам;
8) банкроттукка байланыштуу чарба жүргүзүүчү субъекттин иши токтотулган учурдан тартып беш алынып салынды: жылдын ичинде жекече ишкер катарында ишти жүзөгө ашырган жана банкрот деп табылган кошулду: жыл өткөнгө чейин чарба жүргүзүүчү субъекттин жетекчиси болуп саналган адам.
4. Администратор (атайын администратор, тышкы башкаруучу) … башка укуктарды пайдаланууга милдеттүү.
11. Администратор алынып салынды: (банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан дайындалган) өз милдеттерин аткарууда мыйзамдарга каршы иштерди жасаган учурда … № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № алынып салынды: 87 кошулду: 87, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 "Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 08.07.2021 · № 64
- Правила о порядке и условиях прохождения учебных курсов подготовки и повышения квалификации администраторов, осуществляющих процедуры процесса банкротства (Утверждены приказом…Правила · 03.11.2004 · № 99 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-8" title="8-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>