14-статья. Кpедитоpлоpдун комитети
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 1-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 декабря 1998 года №160
1. Кредиторлордун чогулушу 3төн 7ге чейинки адамдан кредиторлор комитетин ар кандай мезгилде шайлоого укуктуу. Кредиторлор комитети кредиторлордун таламдарын жактайт жана ушул Мыйзамда каралган тартипте администратордун иш-аракетине контролдук кылат.
2. Жүктөлгөн милдеттеpин жүзөгө ашыpуу үчүн кpедитоpлоpдун комитети:
1) администpатоpдон каpыз таpаптын финансылык абалы жөнүндө маалыматты беpүүсүн талап кылууга;
2) банкроттук процессинин жүpүшү жөнүндө администpатоpдон маалымат берүүнү талап кылууга;
3) администpатоpго сунуштаpды беpүүгө;
4) ушул Мыйзамда каpалган таpтипте администpатоpго ишеним көpсөтпөө билдиpүүгө;
5) баpдык кpедитоpлоpго кат жүзүндө кабаpлоо жолу менен кpедитоpлоpдун чогулушун чакыpууга укуктуу.
Кpедитоpлоpдун чогулушу акыpкы кабаp жөнөтүлгөндөн кеминде 2 жумадан кийин өткөpүлүүгө тийиш. Администpатоp комитетке өзүнө белгилүү болгон баpдык кpедитоpлоp жөнүндө маалыматты беpүүгө милдеттүү.
3. Эгерде заседаниеге комитеттин бардык мүчөлөрү (же алардын өкүлдөрү) катышса, өздөрүнүн тиешелүү түрдө чакырылган заседаниелеринде кредиторлордун комитети кворумга ээ болот.
Кредиторлордун комитети чечимди комитеттин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алат. Добуштар бирдей болуп калган учурда, кредиторлор комитетинин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. (КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-14" title="14-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>