Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 20 мартындагы №174 « Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-03-20.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2006-жылдын 20 марты №174
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин
аткарылышынын жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын
жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу кырдаалды
турукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрүп жаткан чараларга
карабастан жарандарды паспорт менен камсыздоодогу кырдаал
өтө татаалдашып жана коомдук чоњ резонансты жаратууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине белгиленген
тартипте паспортторду алуудагы чоњ кыйынчылыктар жана Кыргыз
Республикасынын ички иштер органдарынын паспорттук
подразделениелер системасында коррупциянын жогору экендиги
тууралуу жарандардан даттануулар жана арыздар дайыма түшүп
жатат.
Түзүлгөн кырдаал мамлекет өз жарандарын паспорт менен
камсыздоо боюнча башкы функциялардын бири улуттук проблемага
өсүп жетти деп айтууга мүмкүндүк берет.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдеринин
айрым пункттары толук дењгээлинде аткарылбай жатат.
Региондордо паспортторду берүүдөгү абалды талдоо талап
кылынуучу документтерди туура толтуруу маселелеринде
жарандардын начар кабардар экендигин, ошондой эле алардын
арасында паспорттук подразделениелердин кызматкерлери
тарабынан түшүндүрүү иштеринин жоктугун көрсөтүп турат.
Ошентип, паспорт проблемасы али да болсо өтө курч бойдон
калууда. Республиканын жарандарын паспорттоштуруудагы
кырдаалды жарандарды паспорт менен камсыздоо боюнча
облустук, райондук мамлекеттик администрацияларды жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу менен
жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун иштеринде
системалуулук, пландаштыруу, ачык-айкындык жана бекем
отчеттуулук принциптерин колдонуу аркылуу гана өзгөртүүгө
мүмкүн болот. Паспортторду алуу процессин тездетүүгө
багытталган маалыматтык-түшүндүрүү мүнөзүндөгү чараларды
көрүү зарыл. Атап айтканда, документтерди толтуруу жана 16
жашка чыккан адамдарга паспортторду берүү мүмкүнчүлүгүн
түздөн-түз билим берүү мекемелеринде кароо максатка
ылайыктуу. Республиканын жарандарын паспорттоштурууну
жакшыртуу боюнча маанилүү милдеттерди чечүү үчүн облустук
жана шаардык штабдарды түзүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор
менен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу боюнча өзгөчө
чараларды көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын
паспорттор менен камсыздоо маселеси боюнча Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик
агенттигинин иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык
ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги,
облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош
шаарларынын мэриялары мененбирдикте:
-облустарга, райондорго, шаарларга жана айыл өкмөттөрүнө
карата паспорттоштурууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын
жарандарын бардык жерде эсепке алууну уюштуруу боюнча
шашылыш чараларды көрсүн жана ар бир декада сайын Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө жалпыланган маалымат берип турсун;
-Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор
менен камсыздоо боюнча милдеттерин аткарышпаган
кызмат адамдарынын жоопкерчилиги тууралуу маселени карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Маалыматтык ресурстар жана технологиялар
мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлиги жана Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте:
Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдын
үлгүсүндөгү паспорттору талаптарга ылайык келиши жөнүндө Эл
аралык жарандык авиация уюмунун корутундусун тез арада берүү
боюнча чараларды көрсүн;
2006-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө 2006-жылдын
улуттук паспортторунун үлгүлөрүн даярдоону аякташсын;
Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун берүүнү
эсепке алууну жүргүзүүгө катуу контролдук белгилесин;
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын
паспорттук подразделениелерин жана Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук
мекемелерин зарыл сандагы арыз берүү бланктары менен
өз учурунда камсыз кылсын;
2006-жылдын 26-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз
Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун
жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык
паспортун тариздөө, берүү жана эсепке алуу тартиби жөнүндө
ведомстволор аралык нускамаларды белгиленген тартипте иштеп
чыксын жана бекитсин;
2006-жылдын 30-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз
Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын
үлгүсүндөгү паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын
2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун тез арада
тариздөө, даярдоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарына
берүү тартибин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын
жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жана Кыргыз
Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы
жарандык паспортун тез арада тариздөө, даярдоо жана Кыргыз
Республикасынын жарандарына ыктыярдуу негизде берүү боюнча
акы төлөтүүчү кызматтардын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын
Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү
боюнча улуттук агенттик менен белгиленген тартипте
макулдашсын;
-республиканын региондорунда тез документтештирүү
бөлүмдөрүн түзсүн;
-Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы
жана Казакстан Республикасындагы дипломатиялык
жана консулдук мекемелеринде тез документтештирүү
бөлүмдөрүн түзүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге
кылынган"Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз
Республикасынын 2005-жылдын 22-июнундагы № 253 Мыйзам
долбоорун биринчи кезектеги тартипте кароону Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинен сурасын;
- семинарларды өткөрүүнү, жалпыга маалымдоо каражаттарында
чыгууларды кошо алганда Кыргыз Республикасынын
жарандарынын паспортторду алуу маселелери боюнча
калкттын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган иш-
чаралардын комплексин жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
-арыздарды кабыл алууда жана паспортторду алууга
документтерди толтурууда башаламандыктарды жана
кечиктирүүлөрдү болтурбоо боюнча чараларды көрсүн;
-республиканын ички иштер органдарынын паспорттук
подразделениелеринин көрсөтүлгөн тартип бузууларга жол
беришкен кызматкерлерин иштен бошотууга чейинки
дисциплинардык жоопкерчиликке тартсын;
-Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ар
бир паспорттук подразделениесинде паспортту толтуруу жана
алуу үчүн зарыл документгердин тизмесин, паспорт
алууга арыздардын бланктарын толтуруу үлгүлөрүн,
паспорттордун баасын, мамлекеттик пошлинанын жана тиешелүү
акы төлөнүүчү банктардын жайгашкан жерин жана банктык
реквизитгерин жазуу менен көрсөтүлүүчү кызматтар
үчүн банктар тарабынан алынуучу төлөмдөрдүн
өлчөмдөрүн көргөзгөн маалыматтык такталарды үч күндүк
мөөнөттө орнотсун;
- 2006-жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттө
паспортторду берүүгө арыздардын бланктарына инвентаризация
жүргүзсүн. Инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча
көрсөтүлгөн бланктардын тиешелүү эсебин албагандыгы үчүн
кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени
чечсин;
- 2006-жылдын 30-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз
Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты
министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик
агентгиги менен бирдикте Кыргаз Республикасынын жарандарынын
паспортторун тариздөө жана берүү боюнча орто, орто-атайын
жана кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин
окуучуларынын арасында түшүндүрүү иштерин уюштурсун.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
-Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү
паспортунун, жалпы жарандык, дипломатиялык жана
кызматтык паспортторунун жоболору, сүрөттөлүшү жана үлгүлөрү
бекитилгенден кийин кыска мөөнөттүн ичинде аларды дүйнөнүн
тиешелүү өлкөлөрүндө мыйзамдаштыруу боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү
паспортун Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн,
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн
жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда
жарандардын өз ара визасыз баруулары жөнүндө 2005-жылдын 24-
мартында Астана шаарында кол коюлган 2000-жылдын 30-
ноябрындагы Макулдашуунун протоколунда каралган баруу,
чыгуу, транзистик жүрүү, болуу үчүн документтердин
тизмесине киргизүү жөнүндө Казакстан Республикасынын
Өкмөтү, Россия Федерациясынын Өкмөтү жана Тажикстан
Республикасынын Өкмөтү менен макулдашууга жетишүү боюнча
иштерди улантсын.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарынын
паспортторун даярдоо, персонификациялоо жана берүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлиги тарабынан ишке ашырылуучу ташууларды
каржылоо булагын бир айлык мөөнөттө аныктасын.
7. Облустардын мамлекеттик администрация
башчылары - губернаторлору, Бишкек жана Ош шаарларынын
мэрлери:
- жарандарды паспорттор менен өз учурунда
камсыздоо үчүн жарандарды паспорттоштуруу боюнча облустук
жана шаардык штабдарды түзүп, алардын курамына
шаардык жана облустук ички иштер
башкармалыктарынын начальниктерин, өкмөттүк эмес
уюмдардын (мындан ары - ӨЭУ) жана жалпыга
маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн киргизишсин;
- иш жүзүндөгү керектөөлөргө жараша жергиликтүү бюджеттин
каражаттарынын эсебинен ички иштер органдарына убактылуу
кошумча штаттык бирдиктерди, жабдууларды, кабинеттерди
бөлүүгө, паспорттук подразделениелерди көрсөтмө
куралдары менен жабдууга жардам көрсөтүшсүн,
ошондой эле паспортторду алуу үчүн жарандарга
практикалык жардам көрсөтүү максатында мугалимдердин,
студенттердин, калкты иш менен камсыздоо кызматтары аркылуу
жумушсуз адистердин, пенсионерлердин, паспорттук-визалык
кызматтардын жана укук коргоо органдарынын, ӨЭУнун
өкүлдөрүнүн, айыл өкмөттөрүнүн жана мамлекеттик
органдардын кызматкерлерин волонтерлор катарында аларды
зарыл документтерди толтурууга үйрөтүү менен ишке тартуу
жөнүндө маселени чечишсин.
8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор менен
камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер
органдарынын паспорттук подразделениелеринин ишин жеке
кураторлукка алсын.
9. Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттоштуруу
боюнча мамлекеттик органдардын жана штабдардын жетекчилери
ушул токтомдун аткарылышына жекече жоопкерчилик тарта
тургандыгы белгиленсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын
контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппаратына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 20 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (20)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы №813 " Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 22.11.2006 · № 813
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 токтому менен…Положение · 10.11.2006 · № 787
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-декабрындагы № 861 "Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 18.12.2006 · № 861
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Приказ Госагентства информационных ресурсов и технологий КР от 5 декабря 2006 года № 54/п, МВД КР от 29 декабря 2006 года № 727 И МИД КР от 12 января 2007 года № 1-п "Об…Приказ · 05.12.2006 · № 54п · Күчүн жоготкон
- Совместный приказ Госагентства информационных ресурсов и технологий при Правительстве КР от 5 декабря 2006 года №55/п, Мвд КР от 29 декабря 2006 года №728, Минтранскоммуникаций…Приказ · 05.12.2006 · № 55 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о порядке срочного оформления, персонификации, учета и выдачи общегражданского паспорта гражданина Кыргызской Республики на добровольной платной основе (Утверждена…Инструкция · 05.12.2006 · № 55 · Күчүн жоготкон
- ПРИКАЗ МВД КР от 14 июня 2007 года № 308, МИД КР от 6 июля 2007 года № 71-п, МИНТРАНСКОММУНИКАЦИЙ КР от 18 апреля 2007 года № 82 и ГОСАГЕНТСТВА ИНФОРМАЦИОННЫХ РЕСУРСОВ И…Приказ · 14.07.2007 · № 308, 82, 71-п, 18/п · Күчүн жоготкон
- Инструкция о порядке срочного оформления, персонификации, учета и выдачи общегражданского паспорта гражданина Кыргызской Республики на добровольной платной основеИнструкция · 28.12.2006 · № 471 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о порядке срочного оформления, изготовления, учета и выдачи паспорта гражданина Кыргызской Республики на добровольной платной основеУтверждена приказом Министерства…Инструкция · 11.04.2006 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о порядке оформления, выдачи и учета общегражданского паспорта гражданина Кыргызской Республики (утверждена приказом Госагентства информационных ресурсов и технологий…Инструкция · 05.12.2006 · № 54 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о порядке срочного оформления, персонификации, учета и выдачи общегражданского паспорта гражданина Кыргызской Республики на добровольной платной основе (Утверждена…Инструкция · 11.04.2006 · № 214 · Күчүн жоготкон
- Приказ Госагентства информационных ресурсов и технологий КР от 14 апреля 2008 года № 23/п, МВД КР от 18 июня 2008 года № 619 И МИД КР от 18 июня 2008 года № 80-п "Об утверждении…Приказ · 14.04.2008 · № 23/п · Күчүн жоготкон
- ПРИКАЗ МВД КР от 28 сентября 2007 года № 509, МИД КР от 4 октября 2007 года N 115-п, МИНТРАНСКОММУНИКАЦИЙ КР от 26 сентября 2007 года N 262 И ГОСАГЕНТСТВА ИНФОРМАЦИОННЫХ РЕСУРСОВ…Приказ · 28.09.2007 · № 509 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МААЛЫМАТ РЕСУРСТАРЫ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАР БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ЖАНА КЫРГЫЗ…Приказ · 18.06.2008 · № 23/п, 619, 80-п · Күчүн жоготкон
- ИНСТРУКЦИЯ о порядке приема, оформления, доставки, персонификации, выдачи и учета общегражданского паспорта гражданина Кыргызской Республики утверждена совместным приказом…Инструкция · 07.07.2007 · № 18/п,308,71-п,82 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-февралындагы №34-б буйругуРаспоряжение · 22.02.2007 · № 34 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о порядке приема, оформления, доставки, персонификации, выдачи и учета общегражданского паспорта гражданина Кыргызской Республики (утверждена совместным приказом…Инструкция · 28.09.2007 · № 509 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин , Өкмөтүнө караштуу маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Ички…Приказ · 18.06.2008 · № 80-п · Күчүн жоготкон
- Приказ Госагентства информационных ресурсов и технологий КР от 5 декабря 2006 года № 55/п, МВД КР от 29 декабря 2006 года № 728 и Минтранскоммуникаций КР от 28 декабря 2006 года…Приказ · 28.12.2006 · № 471 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2005 года №253 " О проекте Закона Кыргызской Республики "О государственной пошлине"Постановление · 22.06.2005 · № 253 · Күчүн жоготкон
- О государственной пошлинеЗакон · 16.12.1992 · № 1072-XII · Күчүн жоготкон