Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 174 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 813 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 18-декабры № 861
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын жарандарын
улуттук паспорттор менен камсыз кылуу
жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз
Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор
менен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу
боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
20-мартындагы № 174 токтомун аткаруунун
жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 813
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
Бир катар чет мамлекеттер менен эки тараптуу макулдашууларды
жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен
камсыз кылуу жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткаруу-
нун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор
менен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы N
174 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 813 токтомуна төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары "Мамлекеттер" деген
сөздөн кийин ", ошондой эле Америка Кошмо Штаттары, Кытай Эл Республи-
касы, Монголия жана Малайзия" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтары "Мамлекеттер" деген
сөздөн кийин ", ошондой эле Америка Кошмо Штаттары, Кытай Эл Республи-
касы, Монголия жана Малайзия" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги.
- 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду 2006-жылдын
25-декабрынан тартып бере баштасын;
- 1994-жылдын үлгүсүндөгү жарандын паспортун 2004-жылдын
үлгүсүндөгү жарандын паспортуна (ID-карточка) алмаштыруунун зарылдыгы
жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирсин.".
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен
бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы №813 " Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 22.11.2006 · № 813
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 20 мартындагы №174 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук…Постановление · 20.03.2006 · № 174 · Күчүн жоготкон