Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялар Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 30-январындагы № 46
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарына
медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн
2006-жылга мамлекеттик гарантиялар
ПРОГРАММАСЫ
I. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам
көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасы (мындан ары - Мамгаран-
тиялар программасы) Кыргыз Республикасынын жарандарынын ушул программа-
га катышкан саламаттык сактоо уюмдарында, алардын менчигинин түрүнө ка-
рабай медициналык-санитардык жардам алууга укуктарынын ишке ашырылышын
камсыз кылат.
2006-жылга Мамгарантиялар программасы Кыргыз Республикасынын жа-
рандарынын ден соолукту коргоо жана чыњдоо боюнча социалдык корголушун
камсыз кылат жана саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык, ошондой эле саламаттык сактоо системасын реформа-
лоо боюнча "Манас таалими" улуттук программасынын алкагында 2006-2010
жылдарга иштелип чыккан.
Мамгарантиялар программасы Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун
базалык программасын ишке ашырууга жөнөтүлүүчү:
- мамлекеттик бюджеттин;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан 2006-жыл-
га саламаттык сактоо секторун каржылоо көлөмүнө жараша медициналык-са-
нитардык жардамды акысыз жана жењилдетилген шарттарда көрсөтүүнүн
түрлөрүн, көлөмүн жана шарттарын аныктайт.
II. Медициналык-санитардык жардамдын
түрлөрү
Мамгарантиялар программасы медициналык-санитардык жардамдын
төмөнкү түрлөрүн камсыз кылат:
- медициналык тез жардам;
- алгачкы медициналык-санитардык жардам;
- амбулаториялык шартта адистештирилген медициналык-санитардык
жардам;
- амбулаториялык шартта дары-дармек менен камсыз кылуу;
- кењири профилдеги стационарларда адистештирилген медициналык
жардам;
- стоматологиялык жардам.
2.1. Медициналык тез жардам
Медициналык тез жардам - жашоо көрсөткүчтөрү боюнча бейтаптарга
көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын түрү. Медициналык тез жардам бейтап-
ка токтоосуз медициналык кийилигишүү талап кылынган акыбалында
көрсөтүлөт (жарандын өмүрүнө, ошондой эле айланасындагы адамдарга кор-
кунуч туудурган күтүлбөгөн же өнөкөт оорусу кармаган акыбалында, ар
кандай кырсыктан жарат алганда, ууланганда, мертинүүдө, төрөгөндө жана
кош бойлуулуктун оор акыбалында).
Медициналык тез жардам Кыргыз Республикасынын жарандарына акысыз
көрсөтүлөт.
2.2. Алгачкы медициналык-санитардык жардам
Алгачкы медициналык-санитардык жардам ар бир жаран үчүн медицина-
лык тейлөөнүн негизги жеткиликтүү түрү болуп эсептелет.
Алгачкы медициналык-санитардык жардам калкка фельдшер-акушердик
пункттардын (мындан ары - ФАП) фельдшерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер,
Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун (мындан ары -ҮДТ) дарыгерлери, жалпы
практикадагы дарыгерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын тейленүүчү жа-
рандарына (ҮДТга, үй-бүлөлүк дарыгерге катталган) төмөнкү көлөмдө акы-
сыз көрсөтүлөт:
Алдын алуу:
- ден соолукту коргоо жана чыњдоо, сергек турмуш үлгүсүн калыптан-
дыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- алдын алуучу эмдөөлөрдүн Улуттук календарынын алкагында жана
эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча иммундаштыруу;
- эпидемияга каршы иш-чаралар (жугуштуу оорулар пайда болгон жер-
лерде);
- оорулууларды жана үй-бүлө мүчөлөрүн өзүн-өзү контролдоого, өзүнө
жана бири-бирине жардам көрсөткөнгө үйрөтүү.
Диагнозун аныктоо:
а) пациентти көрүү;
б) базалык лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү ФАП
фельдшеринен, ҮДТ дарыгеринен, үй-бүлөлүк дарыгерден, жалпы практикада-
гы дарыгерден жолдомо болгон учурда жүргүзүү:
- кандын кењири анализи;
- зааранын анализи жана анын тунмасынын микроскопиясы;
- уретралдык мазоктун микроскопиясы;
- вагиналдык мазоктун микроскопиясы;
- какырыктын анализи (мазоктун микроскопиясы);
- канда канттын өлчөмүн аныктоо;
- заарада канттын өлчөмүн аныктоо;
- ЭКГ.
Дарылоо:
- токтоосуз медициналык жардам көрсөтүү;
- иммобилизация;
- медикаментоздук дарылоону дайындоо;
- медициналык ийне сайуу (ички көк кан тамырга, булчуњга, тери ас-
тына).
Кошумча лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөр жана дары-
лоо иш-чаралары ФАП фельдшеринен, ҮДТ дарыгеринен, үй-бүлөлүк дарыгер-
ден жолдомо болгон учурда:
- 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуулугу боюнча каттоого турган
аялдарга жана төрөгөндөн кийин 8 жуманын ичинде (көрсөткүчтөр боюнча -
төрөттөн кийин 10 жуманын ичинде) бардык лабораториялык жана диагности-
калык текшерүүлөр жана дарылоо иш-чаралары клиникалык протоколдорго
ылайык акысыз жүргүзүлөт;
- Мамгарантиялар программасынын I тизмесинде жана негизги оорусу
боюнча II тизмесинде көрсөтүлгөн жарандарга кошумча лабораториялык жана
диагностикалык текшерүүлөр жана дарылоо иш-чаралары клиникалык прото-
колдорго ылайык акысыз жүргүзүлөт;
- III тизменин 2-пунктунда жана IV тизмеде көрсөтүлгөн жарандар
жүргүзүлгөн кошумча лабораториялык жана диагностикалык текшерүү жана
дарылоо иш-чаралары үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын
прейскуранты боюнча (мындан ары - Прейскурант) алардын наркынын 50 про-
центи өлчөмүндө төлөшөт.
Жењилдиктерге укуктары жок жарандар кошумча лабораториялык жана
диагностикалык текшерүүлөрдүн наркын Прейскурантка ылайык төлөшөт.
2.3. Амбулаториялык шарттарда адистештирилген медициналык жардам
Амбулаториялык шарттарда адистештирилген медициналык жардамды
Үй-бүлөлүк медицина борборлору (мындан ары - ҮМБ), кењири профилдеги
стационарлардын амбулаториялык жана диагностикалык бөлүмдөрү (мындан
ары - АДБ) жана үчүнчү дењгээлдеги стационарлардын консультациялык ди-
агностикалык бөлүмдөрү (мындан ары - КДБ) көрсөтүшөт.
2.3.1. ҮМБда адистештирилген медициналык жардам
Бардык тейленүүчү калкка ФАП фельдшеринен, ҮДТ дарыгеринен,
үй-бүлөлүк дарыгерден, ҮМБ адисинен жолдомо болгон учурда төмөнкүлөр
акысыз көрсөтүлөт:
Диагнозун аныктоо:
а) оорулууну көрүү;
б) базалык лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү ФАП
фельдшеринен, ҮДТ дарыгеринен, үй-бүлөлүк дарыгерден, жалпы практикада-
гы дарыгерден жолдомо болгон учурда жүргүзүү:
- кандын кењири анализи;
- зааранын анализи жана анын тунмасынын микроскопиясы;
- уретралдык мазоктун микроскопиясы;
- вагиналдык мазоктун микроскопиясы;
- какырыктын анализи (мазоктун микроскопиясы);
- канда канттын өлчөмүн аныктоо;
- заарада канттын өлчөмүн аныктоо;
- ЭКГ.
Дарылоо:
- токтоосуз медициналык жардам көрсөтүү;
- иммобилизация;
- медикаментоздук дарылоону дайындоо;
- медициналык ийне сайуу (ички көк кан тамырга, булчуњга, тери ас-
тына).
Кошумча лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөр жана дары-
лоо иш-чаралары ФАП фельдшеринен, ҮДТ дарыгеринен, үй-бүлөлүк дарыгер-
ден жолдомо болгон учурда:
- 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуулугу боюнча каттоого турган
аялдарга жана төрөгөндөн кийин 8 жуманын ичинде (көрсөткүчтөр боюнча -
төрөттөн кийин 10 жуманын ичинде) бардык лабораториялык жана диагности-
калык текшерүүлөр жана дарылоо иш-чаралары клиникалык протоколдорго
ылайык акысыз жүргүзүлөт;
- Мамгарантиялар программасынын I тизмесинде жана негизги оорусу
боюнча II тизмесинде көрсөтүлгөн жарандарга кошумча лабораториялык жана
диагностикалык текшерүүлөр жана дарылоо иш-чаралары клиникалык прото-
колдорго ылайык акысыз жүргүзүлөт;
- III тизменин 2-пунктунда жана IV тизмеде көрсөтүлгөн жарандар
жүргүзүлгөн кошумча лабораториялык жана диагностикалык текшерүү жана
дарылоо иш-чаралары үчүн Прейскурант боюнча алардын наркынын 50 процен-
ти өлчөмүндө төлөшөт.
Жењилдиктерге укуктары жок жарандар кошумча лабораториялык жана
диагностикалык текшерүүлөрдүн наркын Прейскурантка ылайык төлөшөт.
2.3.2. АДБда жана КДБда адистештирилген медициналык-санитардык
жардам
Кыргыз Республикасынын жарандарына ҮДТ дарыгеринен, үй-бүлөлүк да-
рыгерден, ҮМБ адистеринен, жалпы практикадагы адистерден, ведомстволук
медициналык кызматтардын адисинен, аскердик-дарыгердик комиссиялардан,
АДБ, КДБдан (мындан ары - тиешелүү адистен) жолдомосу болгон учурда
төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
а) адистердин консультациясы жана дарылоону дайындоо;
б) базалык лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөр тиешелүү
адистен жолдомо болгон учурда:
- кандын кењири анализи;
- зааранын анализи жана анын тунмасынын микроскопиясы;
- уретралдык мазоктун микроскопиясы;
- вагиналдык мазоктун микроскопиясы;
- какырыктын анализи (мазоктун микроскопиясы);
- канда канттын өлчөмүн аныктоо;
- заарада канттын өлчөмүн аныктоо;
- ЭКГ.
в) кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү Кошумча лаборатория-
лык жана диагностикалык текшерүүлөр жана дарылоо иш-чаралары тиешелүү
адистен жолдомо болгон учурда:
- 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуулугу боюнча каттоого турган
аялдарга жана төрөгөндөн кийин 8 жуманын ичинде (көрсөткүчтөр боюнча -
төрөттөн кийин 10 жуманын ичинде) бардык лабораториялык жана диагности-
калык текшерүүлөр жана дарылоо иш-чаралары клиникалык протоколдорго
ылайык акысыз жүргүзүлөт;
- Мамгарантиялар программасынын I тизмесинде жана негизги оорусу
боюнча II тизмесинде көрсөтүлгөн жарандарга кошумча лабораториялык жана
диагностикалык текшерүүлөр жана дарылоо иш-чаралары клиникалык прото-
колдорго ылайык акысыз жүргүзүлөт;
- III тизменин 2-пунктунда жана IV тизмеде көрсөтүлгөн жарандар
жүргүзүлгөн кошумча лабораториялык жана диагностикалык текшерүү жана
дарылоо иш-чаралары үчүн Прейскурант боюнча алардын наркынын 50 процен-
ти өлчөмүндө төлөшөт.
Жењилдиктерге укуктары жок жарандар кошумча лабораториялык жана
диагностикалык текшерүүлөрдүн наркын Прейскурантка ылайык төлөшөт.
Кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөр жана
манипуляциялар тиешелүү адистен жолдомо болгон учурда:
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына Мамга-
рантиялар программасынын № 2 тиркемесинде көрсөтүлгөн кымбат баалуу ла-
бораториялык жана диагностикалык текшерүүлөр менен манипуляциялар акы-
сыз жүргүзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын калган жарандары кымбат баалуу лаборато-
риялык жана диагностикалык текшерүүлөр наркын Прейскурант боюнча
төлөшөт.
2.4. Амбулаториялык дењгээлде жарандарды дары-дармектер жана
вакциналар менен камсыз кылуу
Мамгарантиялар программасы боюнча жарандарды дары-дармек менен
камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Өтө маанилүү да-
ры-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар тизмесинин
(мындан ары - ӨДМББТ) негизинде мамлекеттик бюджеттен жана милдеттүү
медициналык камсыздандыруу каражаттарынан түшкөн ассигнованиелардин че-
гинде жүргүзүлөт.
Дары-дармектер менен камсыз кылуу көлөмү жана түрү жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар тарабынан кошумча акча каражат бөлүп
берүү, гуманитардык жардамдын эсебинен кењейтилиши мүмкүн.
2.4.1. Кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүдө
Кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүдө дары-дармек каражатта-
ры жана медициналык багыттагы буюмдар акысыз берилет.
2.4.2. Лабораториялык жана диагностикалык иш-чараларды жүргүзүүдө
Дарылоо-диагностикалык иш-чараларды жүргүзүү үчүн керектүү да-
ры-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар ҮМБда, АДБда,
КДБда Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам
алганда алардын жењилдиктерге укуктарынын болушуна ылайык берилет.
2.4.3. Дары-дармек каражаттары менен жењилдетилген шартта камсыз
кылуу
а) Пациенттер 1-таблицада көрсөтүлгөн ооруларда жана көлөмдө
ҮМБ/ҮДТ аркылуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
борборлоштурулган тартипте бөлүп берген дары-дармек каражаттары жана
медициналык багыттагы буюмдар менен акысыз камсыз кылынат.
1-таблица
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлиги аркылуу Мамгарантиялар программасы
боюнча дары-дармек каражаттары менен
камсыз кылуу
| Оорулардын аталышы | Дары-дармек каражаттарынын, | Саны (жылына 1 |
| медициналык багыттагы | бейтапка бериле | |
| буюмдардын аталышы | турган) | |
| Инсулинге көз | Инсулиндер, шприцтер | керектөөсүнө |
| каранды кант диабети | жараша | |
| Инсулинге көз | Глибенкламид 5мг, N 120 | 5 упаковкага чейин |
| каранды эмес кант | (600 таблетка) | |
| диабети | ||
| Кантсыз диабет | Десмопрессин 5мл. | 20 флаконго чейин |
| Гемофилия | Криопреципитат 15мг. | 20 флаконго чейин |
| Кургак учук | DOTS программасы боюнча | керектөөсүнө |
| жараша |
б) Пациенттер 2-таблицада көрсөтүлгөн ооруларда жана көлөмдө да-
ры-дармек каражаттары менен дарыкана тармагы аркылуу ҮДТ дарыгерлери,
ҮМБ адистери жазып берген рецептер боюнча жењилдетилген шартта камсыз
кылынат. Жењилдиктер ошол препараттын базистик баасынын 100% өлчөмүндө
аныкталат. Пациент дарыканада дары-дармек каражатынын базистик баасы
менен чекене наркынын айырмасын төлөйт.
Жењилдетилген шартта берилүүчү дары-дармек каражаттарына базистик
бааны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Рес-
публикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү бо-
юнча улуттук агенттиги менен макулдашып аныктайт.
2-таблица
Мамгарантиялар программасы боюнча жењилдетилген
шартта дарыкана тармагы аркылуу дары-дармек
каражаттары менен камсыз кылуу
| Оорулардын аталышы | Дары-дармек каражаттарынын | Саны (жылына 1 |
| аталышы | бейтапка бериле | |
| турган) | ||
| Терминалдуу стадиядагы | Кетонал 100 мг 2 мл | 360 ампулага чейин |
| онкологиялык оорулар | Тримеперидин гидрохлорид | 240 ампулага чейин |
| 2% - 1 мл. | ||
| Гидрохлорид морфин | 240 ампулага чейин | |
| 1% - 1 мл. | ||
| Паранойялык шизофрения | Галоперидол 5 мг, | 420 таблеткага |
| чейин | ||
| Тригексифенидил 2 мг, | 360 таблеткага | |
| чейин | ||
| Клозапин 25 мг же | 360 таблеткага | |
| чейин | ||
| Аминазин 50 мг | 180 таблеткага | |
| чейин | ||
| Аркандай генездеги | Амитриптилин 50 мг, | 540 таблеткага |
| аффективдүү бузулуулар | чейин | |
| Клоназепам 1 мг | 360 таблеткага | |
| чейин | ||
| Талма | Фенобарбитал 0,1 же | 210 таблеткага |
| чейин | ||
| Карбамазепин 0,2 | 540 таблеткага | |
| чейин | ||
| Бронхтук астма | Сальбутамол 200 доз | 720 дозага чейин |
| Бекламетазон 100 мкг/250 | 360/720 дозага | |
| мкг | чейин | |
| же Будесонид 100 мкг/200 | 360/720 дозага | |
| мкг | чейин | |
| же Преднизолон 5 мг | 720 таблеткага | |
| чейин |
Жогоруда аталган оорулары бар бейтаптарды рецепт боюнча дарыкана
тармагы аркылуу дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу тартибин
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктайт.
2.4.4. Иммунопрофилактика
Иммунопрофилактикалык иш-чаралар:
- алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында;
- эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт.
Алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарынын жана эпидемиология-
лык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдүн алкагында вакциндештирүү акысыз
жүргүзүлөт, вакциналарды алып келүүнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлиги камсыз кылат.
Кутурманы жуктуруу коркунучу болгондо пациенттерге акысыз антира-
бикалык иш-чаралар жүргүзүлөт. Антирабикалык вакцина жана антирабикалык
иммуноглобулин менен камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттары-
нын эсебинен (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги) жа-
на милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан (Милдеттүү меди-
циналык камсыздандыруу фонду) жүргүзүлөт.
2.5. Стационардык жардам
2.5.1. Стационардык шашылыш жардам
Стационарларга шашылыш жардам керек акыбалында түшкөн бардык бей-
таптарга стационардык шашылыш жардам алардын өмүрүнө коркунуч туудурган
акыбалынан чыгарганга чейин акысыз көрсөтүлөт.
Шашылыш жардам, анын ичинде операциялык кийлигишүү, гемодинамика
жана дем алуу көрсөткүчтөрү туруктуу болгондон кийин пациенттер жолдо-
мосу бар жарандар катары пландуу стационардык жардам көрсөтүү шартында
тейленүүгө жолдомосу бар катары Мамгарантиялар программасы пациенттер-
дин ар кандай категорияларына жењилдик берүүсүн эске алып которулат, же
амбулаториялык шартта дарыланууга жөнөтүлөт.
2.5.2. Пландуу стационардык жардам
Кыргыз Республикасынын жарандарына пландуу стационардык жардам
көрсөтүү үчүн төлөп берүү үй-бүлөлүк дарыгерден, ФАП фельдшеринен, ҮДТ
дарыгеринен, ҮМБ адисинен, жалпы практикадагы дарыгерден, ведомстволук
медицина кызматынын адисинен, аскердик-дарыгерлик комиссиядан, АДБ, КДБ
адисинен (мындан ары - тиешелүү адистен) ооруканага жаткыруу тууралуу
жолдомосу болгондо мамлекеттик бюджеттин жана милдеттүү медициналык
камсыздандыруунун каражаттарынын эсебинен акы төлөө кепилге алынып
төмөнкүдөй өлчөмдө жүргүзүлөт:
- Мамгарантиялар программасынын № 1 тиркемесинин I тизмесинде жана
негизги оорусу боюнча II тизмесинде көрсөтүлгөн жарандарга дарылоо нар-
кынын 100 проценти өлчөмүндө жылына эки жолу ооруканага жаткыруудан
ашык эмес (5 жашка чейинки балдарды жана кош бойлуугу кыйындап кетиши
менен түшкөн аялдарды кошпогондо), эки жолу пландуу ооруканага жаткан-
дан ашып кеткенде - дарылоонун орточо наркынын 85-90 проценти
өлчөмүндө;
- Мамгарантиялар программасынын № 1 тиркемесинин III тизмесинин
1.1-пунктунда көрсөтүлгөн жарандарга - дарылоонун орточо наркынын 85-90
проценти өлчөмүндө;
- Мамгарантиялар программасынын № 1 тиркемесинин III тизмесинин
1.2-пунктунда жана IV тизмесинде көрсөтүлгөн жарандарга - дарылоонун
орточо наркынын 65 чейинки проценти өлчөмүндө;
- I-IV тизмелерге кирбеген жарандарга - дарылоонун орточо наркынын
50 процентине чейинки өлчөмүндө.
Жаткырылганга чейинки этапта алдын ала текшерүүдөн өткөн жана тие-
шелүү адистен жолдомосу бар пациенттер АДБ же КДБда кошумча текшерүүсүз
ооруканага жаткырылат.
Стационардык дарыланууда керектүү консультацияларга, лаборатория-
лык жана диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн (Мамгарантиялар
программасынын № 2 тиркемесинде көрсөтүлгөн кымбат баалуу лаборатория-
лык жана диагностикалык текшерүүлөрдү жана манипуляцияларды кошпогондо)
үстөк акы төлөөгө жол берилбейт.
Пландуу ооруканага жаткыруу жолдомосун ҮМБ, АДБ жана КДБ адистери
Кыргыз Республикасынын башка облустарынан, шаарларынан, райондорунан
келген жарандарга гана бериши мүмкүн.
2.5.3. Стационардык дарыланууда бейтаптарды дары-дармек менен
камсыз кылуу
Стационардык дарыланууда жүргөн пациенттерди дары-дармектер менен
камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсызданды-
руунун каражаттарынан, кошумча төлөөнүн жана гуманитардык жардамдын
эсебинен жүргүзүлөт.
Стационарлар медикаменттерди жана сарпталуучу материалдарды сатып
алууну мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун
жана калктын кошумча төлөөсүнүн эсебинен мамлекеттик сатып алуулар
жөнүндө мыйзамды сактоо менен жүргүзүшөт.
ӨДМББТга кирбеген медикаменттерди саламаттык сактоо уюму аныктаган
Кошумча тизме боюнча сатып алууга уруксат берилет.
Пациентти дары-дармек менен камсыз кылууга фактылык чыгашалар Кыр-
гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен дарылоонун
үч жолку орточо наркынан ашып кетсе саламаттык сактоо уюмунун дары-
лоо-контролдук комиссиясы пациенттин жењилдиктерге укугу болушуна кара-
бай анын андан аркы дарыланышы үчүн дары-дармектерге кошумча чыгашалар
пациенттин эсебинен төлөнүшү керектиги тууралуу чечимди кабыл алууга
укуктуу.
2.6. Стоматологиялык жардам
Стоматологиялык жардамды ҮМБнын стоматология бөлүмдөрү (кабинетте-
ри) же стоматологиялык поликлиникалар көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына стоматологиялык жардам-
дын төмөнкү түрлөрү акысыз берилет:
- ооз көњдөйүнүн былжырлуу кабыкчасын жана тиштерин таза күтүү бо-
юнча санитариялык-гигиеналык жана көндүмдөргө калкты үйрөтүү;
- мектепке чейинки балдар мекемелеринде 5 жашка чейинки балдардын,
жалпы билим берүүчү окуу жайларында окуган окуучулардын, кош бойлуу
аялдардын ооз көњдөйүн алдын ала кароо;
- шашылыш стоматологиялык жардам, керектүү медикаментоздук камсыз
кылууну кошкондо;
- 5 жашка чейинки балдардын, кош бойлуулугу боюнча каттоого турган
аялдардын ооз көњдөйүн санациялоо.
III. Мамгарантиялар программасынын ишке ашырылышына
мониторинг жүргүзүү
Мамгарантиялар программасына мониторинг калктын ден соолугунун
абалын, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жана натыйжалуулу-
гун, медициналык кызматтын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жөнүндө пациент-
тердин пикирин иликтөөнү чагылдырган индикаторлордун негизинде
жүргүзүлөт.
№ 1 тиркеме
I ТИЗМЕ
Медициналык кызматты акысыз алуу укугуна социалдык статусу боюнча
жењилдиктери бар жарандардын категориялары:
- Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары;
- Улуу Ата мекендик согуштун жана Баткен окуясынын майыптары;
- эл аралык терроризмге каршы аскердик кагылышууларда жабыркаган
жана майып болгон жарандар;
- Улуу Ата мекендик согуш жылдарында тылда күжүрмөн эмгеги жана
кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен
сыйланган жарандар;
- мурунку концлагерлердин туткундары;
- Ленинград шаарында курчоодо калгандар;
- Улуу Ата мекендик согуш жылдарында жумуш колонналарына (эмгек
армиясына) мыйзамсыз күч менен мобилизацияланып, кийин реабилитациялан-
ган жарандар;
- Советтер Союзунун Баатырлары, Дањк орденинин 3 даражасы менен
сыйланган жарандар;
- Социалисттик эмгектин Баатырлары;
- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмачылык даражасы
ыйгарылган жарандар, I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлангандар;
- башка мамлекеттердин аймагында болгон согуштук аракеттерге ка-
тышкандар;
- Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жапа чеккен жарандар
(радиациялык авариялардын кесепетинен пайда болгон оорулар менен оору-
ган адамдар; 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетте-
рин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар, ошондой эле майыптыгы черно-
быль кыйроосу менен байланышы аныкталган майыптар; 1988-1989-жылдары
Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан
адамдар; Чернобыль АЭСинин авариясын жоюуда каза тапкандардын жана Чер-
нобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттеринен болгон оорулардан каза тап-
кандардын үй-бүлөлөрү; Кыргыз Республикасына 1986-жылы көчүрүү зонасы-
нан эвакуацияланган (өз ыктыяры менен келген) же көчүрүп келинген адам-
дар, ошондой эле 1986-жылы жана андан кийинки жылдары көчүрүү зонасынан
өз ыктыяры менен келген адамдар; Чернобыль АЭСиндеги авариядан кийин
көчүрүү укугу менен жашаган жеринен Кыргыз Республикасына өз ыктыяры
менен келген адамдар; көчүрүү зонасында, көчүрүү укугу менен жашаган
жеринде кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы
аскер кызматчылары жана адамдар; көчүрүү зонасынан жана көчүрүү укугу
менен жашаган жеринен Кыргыз Республикасына эвакуацияланган жана көчүп
келген 18 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр, анын ичинде эвакуация
учурунда курсактагы төрөлө элек балдар, ошондой эле ЧАЭСтеги аварияга
катышкан жарандардын биринчи жана кийинки муундардагы балдары);
- аскердик кызмат милдетин аткарууда жаракат жана мертинүү алып
майып болгондор;
- эмгек майыптыгынын, кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I жана
II топтогу майыптар;
- көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар;
- бала чагынан I жана II топтогу майыптар;
- 18 жашка чейинки майып балдар;
- 5 жашка чейинки балдар (4 жаш 11 ай 29 күн);
- мамлекеттик балдар үйлөрүндө, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүндө (асы-
роочу үй-бүлөдө) жана жетим балдар үчүн интернаттарда жашаган, ата-эне-
синин камкорсуз калган жетим балдар;
- карылар үйлөрүндө жана интернаттарда жашаган жарандар;
- амбулаториялык дењгээлде медициналык текшерүүгө аскердик-дары-
гердик комиссиялар тарабынан жиберилген анык аскердик кызматка чакыры-
луучу жарандар;
- ҮДТ дарыгерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер, ҮМБ, АДК адистери тара-
бынан стационардык дарыланууга жиберилген анык аскердик кызматка чакы-
рылуучу жарандар;
- ведомстволук медициналык мекемелерде квалификациялуу медициналык
жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда мөөнөттүү кызматтагы ас-
кер кызматчылары;
- ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдар СПИД менен күрөшүү боюнча Глобал-
дык фонддун алкагында;
- 4 жана андан көп жашы жете элек балдары бар көп балалуу
үй-бүлөдөгү 16 жашка чейинки балдар (социалдык коргоо органдарынан же
айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринен маалымкатын көрсөткөндө);
- 75 жаш жана андан улуу пенсионерлер.
II ТИЗМЕ
Негизги оорусуна карата клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча медицина-
лык кызматты акысыз алууга укугу бар калктын категориялары:
- кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган аялдар;
- стационардык дарыланууда кош бойлуулугунун патологиясы менен
келген аялдар (негизги диагнозу боюнча);
- социалдык жана медициналык көрсөткүчтөрү боюнча боюнан алдырууга
келген аялдар;
- төрөткө келген аялдар;
- төрөттөн кийин кошумча оорулар менен ооруканага жаткан аялдар;
- жүрөктүн инфаркт оорусу менен ооругандар (биринчи 2 айда);
- кургак учук менен ооругандар;
- бронхтук астма менен ооругандар;
- терминалдык стадиядагы онкологиялык бейтаптар;
- тубаса котон жара менен ооругандар жана котон жара менен ооруган
18 жашка чейинки бейтаптар;
- психикалык оорулар менен ооругандар (паранойялык шизофрения, ар
кандай генездеги аффективдүү бузулуштар);
- талма менен ооругандар;
- кант диабети менен ооругандар;
- кантсыз диабети менен ооругандар;
- поствакциналык оорулар менен ооругандар;
- чума менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон адамдар;
- холера менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон адам-
дар;
- ич келте менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон
адамдар;
- кара келте менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон
адамдар;
- күйдүргү менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон
адамдар;
- кутурма менен ооругандар менен байланышта болуп, жуктуруу
мүмкүнчүлүгү бар адамдар;
- менингококк менингити менен ооругандар;
- кептөөр менен ооругандар;
- алдын ала тергөөдө жүргөн адамдар, ошондой эле саламаттык сакто-
онун пенитенциардык мекемелеринде медициналык жардам көрсөтүү мүмкүн
болбогондо, пациенттин өмүрүнө коркунуч туудурган кечиктирилгис абалда
соттун өкүмү боюнча жаза өтөп жаткан адамдар.
III ТИЗМЕ
Медициналык кызматка акы төлөөдө айрым
жењилдиктерге укуктары бар калктын
категориялары
1. Стационарда
1.1. дарылоонун бекитилген орточо наркынын 85-90 процентин төлөөгө
төмөнкүлөр укуктуу:
- артифициалдуу абортко боюнан жасалма ыкма менен алып салуу боюн-
ча ооруканага түшкөн аялдар;
- катуу кармаган бруцеллез менен ооругандар;
- 75 жашка чейинки курактагы пенсионерлер;
- безгек менен ооругандар;
- сарыктын оор түрү менен ооругандар.
1.2. дарылоонун бекитилген орточо наркынын 65 процентин төлөөгө
төмөнкүлөр укуктуу:
- күндүз окуган баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто
жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери 21 жаш курагына чык-
канга чейин.
2. Амбулаториялык дењгээлде:
2.1. баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызматтын наркынын
50 процентин төлөөгө төмөнкүлөр укуктуу:
- күндүз окуган баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто
жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери 21 жаш курагына чык-
канга чейин;
IV ТИЗМЕ
Медициналык кызматка акы төлөөдө айрым
жењилдиктерге укуктары бар камсыздандырылган
жарандардын категориялары
Баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызматтын наркынын 50
процентин төлөөгө амбулаториялык дењгээлде;
бекитилген орточо наркынын 65 процентке чейинкисин төлөөгө стацио-
нардык дењгээлде:
- иштеген мекемесинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүм
төлөөчү жарандар;
- пенсионерлер;
- ай сайын социалдык пособие алган жарандар;
- 5 жаштан 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүүчү мекемелер-
де окуган окуучулар - окууну бүткөнгө чейин, бирок 18 жашка толо элек);
- айыл чарбада эмгектенип жана милдеттүү медициналык камсызданды-
рууга төгүм төлөгөн жарандар;
- ММКга өз алдынча төгүм төлөгөн жарандар.
№ 2 тиркеме
Текшерүүлөрдүн жана манипуляциялардын
кымбат баалуу түрлөрү
- перифериялык тамырлардын, мээ жана ички органдардын тамырларынын
ангиографиясы;
- жүрөк кемтиктеринде ангиокардиография;
- гемодиализ;
- гемосорбция;
- компьютердик томография;
- коронарография;
- плазмоферез;
- ядролук-магниттик-резонанстык томография;
- литотрипсия.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 8
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялар…Постановление · 30.01.2006 · № 46 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (8)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясынын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча мамлекеттик программа (Кыргыз Республикасынын…Программа · 06.07.2006 · № 498
- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын 2006-жылга атайын каражаттары жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46…Положение · 30.01.2006 · № 46
- Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасын ишке ашырууга жиберилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу…Положение · 30.01.2006 · № 46
- 2006-жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча…Положение · 30.01.2006 · № 46
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 395 " 2006-2010-жылдарга Майыптарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2006 · № 395 · Күчүн жоготкон
- Положение о сельских аптечных сетях и механизме их создания в трех экспериментальных районах в рамках проекта "Развитие детей младшего возраста на уровне общин" (Утверждено…Положение · 10.01.2007 · № 7 · Күчүн жоготкон
- Временные правила льготного лекарственного обеспечения на амбулаторном уровне по Программе государственных гарантий по обеспечению граждан Кыргызской Республики медико-санитарной…Правила · 20.06.2006 · № 333 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 29 апреля 2004 года N 312 "О Перечне жизненно важных лекарственных средств, вакцин и изделий медицинского назначения в Кыргызской Республике"Постановление · 29.04.2004 · № 312 · Күчүн жоготкон