Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2006-жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялар программасын каржылоо көлөмүнөн ашыкча медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча төлөө жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 30-январындагы № 46
токтому менен бекитилген
2006-жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында
иштеген саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз
Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык
жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик
гарантиялар программасын каржылоо көлөмүнөн
ашыкча медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн
кошумча төлөө жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
2006-жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сак-
тоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык
жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялар программасын
каржылоо көлөмүнөн ашыкча медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча
төлөө жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын жа-
рандарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын Мамлекеттик гарантиялар
программасы боюнча медициналык кызмат көрсөтүүдө укуктарын жөнгө салат,
ошондой эле кошумча төлөөнүн негизин, аны саламаттык сактоо уюмдары
пайдаланышын жана пациенттерге кайтарылышын аныктайт.
1. Кошумча төлөө - Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламат-
тык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын жарандарына медицина-санита-
риялык жардамдын Мамлекеттик гарантиялар программасын (мындан ары -
Мамгарантиялар программасы) каржылоо көлөмүнөн ашыкча көрсөткөн медици-
налык кызматтын наркын төлөп берүүгө ошол медициналык кызматты алган
жарандардын катышуусу.
Калктан кошумча төлөө тартибинде саламаттык сактоо уюмдары тарабы-
нан алынган каражаттарга салык салынбайт жана ал мамлекеттик бюджетке
алынбайт.
Кошумча төлөө төмөнкүлөргө алынат:
- амбулаториялык дењгээлде - Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда
(мындан ары - ҮМБ), кењири профилдеги стационарлардын амбулатория-диаг-
ностикалык бөлүмдөрүндө (мындан ары - АДБ), үчүнчү дењгээлдеги стацио-
нарлардын консультация-диагностикалык бөлүмдөрүндө (мындан ары - КДБ)
жүргүзүлгөн лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөр (Мамгаранти-
ялар программасы боюнча акысыз жүргүзүлүүчү базалык лабораториялык жана
диагностикалык текшерүүлөрдү кошпогондо);
- стационардык дењгээлде - бейтаптарды ооруканага жаткырганда
алардын тамактануусу жана дарылоо процессине түздөн түз байланыштуу
бардык иш чаралар.
2. Кошумча төлөө дењгээли пациенттин жењилдиктерге укугу боло тур-
гандыгына жараша бөлүнөт, аларды Мамгарантиялар программасы жана ушул
Жобо жөнгө салат, ошондой эле ал ҮДТ дарыгеринен, үй-бүлөлүк дарыгер-
ден, ҮМБ адисинен, жалпы практикадагы дарыгерден, ведомстволук медици-
налык кызматтардын, аскердик-дарыгердик комиссиялардын, АДБ, КДБ адис-
теринен (мындан ары - тиешелүү адистер) пациентте жолдомо бар болушуна
байланыштуу болот.
II. Саламаттык сактоо уюмдарында кошумча төлөө
2.1. ҮМБда жана АДБ/КДБда кошумча төлөө
3. ҮМБ, АДБ жана КДБларда жүргүзүлгөн лабораториялык жана диагнос-
тикалык текшерүүлөргө кошумча төлөө медициналык кызматка баалардын
Прейскуранты боюнча (мындан ары - Баалардын прейскуранты) жүргүзүлөт.
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген бардык саламаттык сактоо уюмдары
үчүн бирдиктүү Баалардын прейскурантын Кыргыз Республикасынын Саламат-
тык сактоо министрлиги иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Монопо-
лияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү улуттук агенттиги менен
макулдашып бекитет.
4. Мамгарантиялар программасынын № 1 тиркемесинин I тизмесине жана
негизги оорусу боюнча II тизмесине ылайык жењилдиктерге укуктары бар
Кыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү адистерден жолдомосу болгондо
ҮМБда, АДБда, КДБда клиникалык протоколдорго ылайык, кымбат баалуу тек-
шерүүлөрдү кошпогондо, жүргүзүлгөн лабораториялык, диагностикалык тек-
шерүү жана дарылоо иш-чаралары үчүн кошумча төлөөдөн бошотулат.
5. Мамгарантиялар программасынын № 1 тиркемесинин IV тизмесине жа-
на III тизмесинин 2-пунктуна ылайык айрым жењилдиктерге укуктары бар
Кыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү адистерден жолдомосу болгон-
до, Мамгарантиялар программасында көрсөтүлгөн базалык текшерүүлөрдү
кошпогондо, Баалардын прейскурантына ылайык текшерүү наркынын 50 про-
центи өлчөмүндө кошумча төлөшөт.
6. Жењилдиктерге укуктары жок Кыргыз Республикасынын жарандары ти-
ешелүү адистерден лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөргө жол-
домосу болгон учурда, Мамгарантиялар программасында көрсөтүлгөн базалык
текшерүүлөрдү кошпогондо, Баалардын прейскурантына ылайык кошумча
төлөшөт.
7. Лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөргө жолдомосу жок
Кыргыз Республикасынын жарандары женилдиктерге укуктары болгонуна кара-
бастан Баалардын прейскурантына ылайык бардык лабораториялык жана диаг-
ностикалык текшерүүлөргө кошумча төлөшөт.
8. Кыргыз Республикасынын жарандары, Улуу Ата мекендик согуштун
катышуучуларын жана майыптарын кошпогондо, Мамгарантиялар программасы-
нын № 2 тиркемесинде көрсөтүлгөн кымбат баалуу лабораториялык жана ди-
агностикалык текшерүүлөргө жана манипуляцияларга Баалардын прейскуран-
тына ылайык кошумча төлөшөт.
2.2. Стационарларда кошумча төлөө:
9. Стационарга жаткырганда кошумча төлөө ушул Жобонун тиркемесинде
көрсөтүлгөн өлчөмдө төлөнөт. Кошумча төлөө дењгээли тиешелүү адистен
жолдомо болушуна ылайык жана оорунун профилине, ошондой эле медициналык
кызмат алууда жарандардын жењилдиктерге укуктары болушуна ылайык диффе-
ренцияланат. Кошумча төлөө дењгээли төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
- Мамгарантиялар программасынын III тизмесинин 1.1-пунктунда
көрсөтүлгөн жењилдиктерге укуктары бар Кыргыз Республикасынын жарандары
бир кишинин дарыланышынын орточо наркынын 10-15 процент өлчөмүндө ко-
шумча төлөшөт;
- Мамгарантиялар программасынын № 1 тиркемесинин III тизмесинин
1.2-пунктунда жана IV тизмесинде көрсөтүлгөн айрым жењилдиктерге укук-
тары бар Кыргыз Республикасынын жарандары бир кишинин дарыланышынын ор-
точо наркынын 35 процентине чейинки кошумча өлчөмдө төлөшөт;
- жењилдиктерге укуктары жок Кыргыз Республикасынын жарандары бир
кишинин дарыланышынын орточо наркынын 50 процентине чейинки өлчөмдө ко-
шумча төлөшөт;
- тиешелүү адистен ооруканага жаткыруу тууралуу жолдомосу жок Кыр-
гыз Республикасынын жарандары жењилдиктерге укуктарынын болушуна кара-
бай бир кишинин дарыланышынын орточо наркынын 100 проценти өлчөмүндө
кошумча төлөшөт.
10. Мамгарантиялар программасынын № 1 тиркемесинин II тизмесине
ылайык негизги оорусу боюнча жана I тизмесине ылайык социалдык жењил-
диктерге укуктары бар Кыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү адистен
жолдомосу болгондо кошумча төлөөдөн бошотулат.
Ооруканага шашылыш жаткырганда
11. Шашылыш көрсөткүчтөрү стационарга алып келинген бардык бейтап-
тарга стационардык шашылыш жардам өмүрүнө коркунуч туудурган акыбалдан
чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөт.
12. Шашылыш жардам, анын ичинде оперативдүү кийлигишүү көрсөтүлүп,
дем алуу жана гемодинамика көрсөткүчтөрү ордуна келгенден кийин пациен-
ттер ушул Жобонун 9-10-пункттарына ылайык тиешелүү адистен жолдомосу
бар адам катары кошумча төлөшөт.
Ооруканага пландуу түрдө жаткырганда
13. Тиешелүү адистен ооруканага жаткыруу тууралуу жолдомо болгон
учурда кошумча төлөө өлчөмү Программада каралган жарандардын жењилдик-
терге болгон укуктарына ылайык аныкталат.
АДБ, КДБ адистеринен ооруканага жаткыруу жолдомосу Кыргыз Респуб-
ликасынын башка облустарынан, шаарларынан жана райондорунан келген жа-
рандарга гана бериши мүмкүн.
14. Стационарлардын хирургиялык бөлүмдөрүнө операция жүргүзбөй
жаткырганда кошумча төлөө өлчөмү терапиялык профилдеги кошумча төлөө
өлчөмүнө тењештирилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен тиз-
меге ылайык аз чыгымдуу хирургиялык жана гинекологиялык операцияларды
жана манипуляцияларды жүргүзүү менен ооруканага жаткырганда кошумча
төлөө өлчөмү терапиялык профилге тењештирилет.
15. Керектүү консультациялар, лабораториялык жана диагностикалык
текшерүүлөрдү жүргүзгөндүгү үчүн (Мамгарантиялар программасынын № 2
тиркемесинде көрсөтүлгөн кымбат баалуу лабораториялык жана диагностика-
лык текшерүүлөр жана манипуляцияларды кошпогондо) пациенттерден кошумча
каражат алууга жол берилбейт.
16. Стационарда тийиштүү адистер, лабораториялык жана диагностика-
лык текшерүүлөрдүн айрым түрлөрүн (Мамгарантиялар программасынын № 2
тиркемесинде көрсөтүлгөн кымбат баалуу лабораториялык жана диагностика-
лык текшерүүлөр жана манипуляцияларды кошпогондо) жүргүзүү үчүн шарттар
жок болгон учурда, алар саламаттык сактоонун башка уюмдарында
жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда кошумча акы же кошумча төлөө пациент-
тен алынбайт, жолдомо берген саламаттык сактоо уюму төлөп берет, бул
чыгашалар кошумча төлөө каражаттарынын эсебинен Бөлүштүрүү планынын
1.3.2.2-статьясы боюнча эсепке алынат.
17. Мамгарантиялар программасынын № 2 тиркемесинде көрсөтүлгөн
кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү
зарылчылыгы болгондо ооруканада жатып дарыланган пациенттер, Улуу Ата
Мекендик согуштун майыптарын жана катышуучуларын кошпогондо, бекитилген
Баалардын прейскурантына ылайык текшерүүлөр үчүн өздөрү төлөшөт, же Жо-
горку технологиялуу (кымбат баалуу) медициналык жардамдын түрлөрү фон-
дунан төлөнөт.
18. Эгерде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
бекиткен дарылануунун орточо наркынан ооруканада дарыланууга кеткен чы-
гымдар үч эсе ашып кетсе, саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдук
комиссиясы пациент андан аркы дарылануусу үчүн жењилдиктерге укуктары
болушуна карабастан дары-дармек каражатына кошумча чыгашаны төлөп
берүүсү тууралуу чечим кабыл алуугу акысы бар.
19. Аз камсыз болгондордун категорияларына кирген Кыргыз Республи-
касынын жарандары социалдык коргоо органдары же айыл өкмөтүнүн социал-
дык кызматкери тарабынан берилген маалымкаттын негизинде саламаттык
сактоо уюмунун дарылоо-контролдук комиссиясынын чечими боюнча кошумча
төлөөдөн бошотулат. Өзгөчө учурларда аз камсыз болгондугу тууралуу маа-
лымкатты көрсөтүү мүмкүндүгү жоктугунун себебин көрсөтүү менен жеке
арызы болгондо саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдук комиссиясы
пациенттерди кошумча төлөөдөн бошотушу мүмкүн. Кошумча төлөөдөн бошо-
тулган жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү дарылоо-алдын алуу уюму-
нун консолидацияланган бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
III. Кошумча төлөө жана аны
кайтарып берүү
20. Кошумча төлөөгө негиз болуп ушул Жобонун II бөлүмүнө ылайык
тиешелүү адис, же оорукананын кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери берген ко-
шумча төлөө талону болуп саналат.
Мамгарантиялар программасынын I тизмесине жана негизги оорусу бо-
юнча II тизмесине ылайык жењилдиктерге укуктары бар пациенттер үчүн ко-
шумча төлөө талону толтурулбайт.
21. Кошумча төлөөнү пациенттер тийиштүү саламаттык сактоо уюмунун
кассасына төгүшөт. Пациентке ал төккөн кошумча төлөөнүн суммасын
көрсөтүү менен киреше кассалык ордердин дүмүрчөгү берилет.
22. Пациент кошумча төлөөнү төккөндөн кийин өзүнүн жењилдиктерге
укуктары болгондугун аныктаса, ошондой эле Мамгарантиялар программасы-
нын алкагында медициналык-санитардык жардам алганда пациенттердин укук-
тарын бузуу фактылары аныкталганда кошумча төлөгөнү пациентке кайра
кайтарылып берилет.
23. Ооруканада жатып дарыланган пациентти башка ооруканага которуу
зарылчылыгы болгондо, же пациент каза тапкан учурда тапшырылган кошумча
төлөө төмөнкү өлчөмдө кайтарылып берилет:
- пациент ооруканада бир суткага жетпей жаткан болсо - 100 про-
цент;
- пациент ооруканада үч суткага жетпей жатып, диагнозун аныктоо
үчүн байкоодо жүргөн болсо - 50 процент.
24. Кошумча төлөө жана аны кайтарып берүү тартибин Кыргыз Респуб-
ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктайт.
IV. Кошумча төлөө каражаттарын колдонууну эсепке алуу,
контролдоо жана анын отчеттуулугу
25. Кошумча төлөө каражаттары дарылоо-диагностикалык процессти жа-
на пациенттердин тамактануусун камсыз кылууга байланыштуу иш-чараларга,
кызматкерлерин эмгек акысын төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын Социал-
дык фондуна чегерүүгө жумшалат.
26. Кошумча төлөө каражаттарынын түшкөндүгүн жана сарпталашын
эсепке алуу жана отчеттуулук тартиби Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлиги тарабынан аныкталат.
27. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан кошумча төлөө каражаттары-
нын пайдаланышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлиги Бирдиктүү төлөөчү системасы аркылуу жүргүзөт.
Тиркеме
2006-жылга стационардык дарыланууда
кошумча төлөө өлчөмдөрү
(сом)
| Региондун аталышы | Терапиялык ооруларда, | Хирургиялык ооруларда | ||||||
| аз чыгымдуу хирургиялык | жана операция жасоодо | |||||||
| жана гинекологиялык | (сом) | |||||||
| операцияларда жана | ||||||||
| манипуляцияларда, | ||||||||
| операция жүргүзүүсүз | ||||||||
| хирургиялык оорууларда | ||||||||
| Айрым | Айрым | Жењ- | Жол- | Айрым | Айрым | Жењ- | Жол- | |
| жењил- | жењил- | ил- | домо- | жењил- | жењил- | ил- | домо- | |
| дик- | дик- | дик- | су | дик- | дик- | дик- | су | |
| терге | терге | терге | жок | терге | терге | терге | жок | |
| укук- | укук- | укук- | укук- | укук- | укук- | |||
| тары | тары | тары | тары | тары | тары | |||
| бар | бар | жок | бар | бар | жок | |||
| адам- | адам- | адам- | адам- | адам- | адам- | |||
| дар | дар | дар | дар | дар | дар | |||
| 85%- | 60%ке | 85%- | 60%ке | |||||
| 90% | чейин- | 90% | чейин- | |||||
| ки | ки | |||||||
| өлчө- | өлчө- | |||||||
| мүндө | мүндө | |||||||
| Бишкек шаарынын | 200 | 690 | 970 | 1880 | 260 | 900 | 1260 | 2440 |
| аймагында | ||||||||
| жайгашкан | ||||||||
| саламаттык сактоо | ||||||||
| уюмдары, Улуттук | ||||||||
| госпиталды, | ||||||||
| М.Миррахимов ат. | ||||||||
| улуттук | ||||||||
| Кардиология жана | ||||||||
| терапия борборун, | ||||||||
| Улуттук хирургия | ||||||||
| борборун, Улуттук | ||||||||
| педиатрия жана | ||||||||
| балдар хирургия | ||||||||
| борборун, | ||||||||
| Республикалык | ||||||||
| клиникалык | ||||||||
| жугуштуу оорулар | ||||||||
| ооруканасын, | ||||||||
| Республикалык | ||||||||
| теривендиспансе- | ||||||||
| рин, | ||||||||
| Республикалык | ||||||||
| наркология | ||||||||
| борборун | ||||||||
| кошпогондо | ||||||||
| Бишкек шаарынын | 200 | 830 | 1110 | 2670 | 260 | 1080 | 1440 | 470 |
| аймагында | ||||||||
| жайгашкан | ||||||||
| республикалык | ||||||||
| саламаттык сактоо | ||||||||
| уюмдары (Улуттук | ||||||||
| госпиталь, | ||||||||
| М.Миррахимов ат. | ||||||||
| Улуттук | ||||||||
| кардиология жана | ||||||||
| терапия борбору, | ||||||||
| Улуттук хирургия | ||||||||
| борбору, Улуттук | ||||||||
| педиатрия жана | ||||||||
| балдар хирургия | ||||||||
| борбору, | ||||||||
| Республикалык | ||||||||
| клиникалык | ||||||||
| жугуштуу | ||||||||
| оорулар | ||||||||
| ооруканасы, | ||||||||
| Республикалык | ||||||||
| теривендиспансе- | ||||||||
| ри, Республикалык | ||||||||
| наркология | ||||||||
| борбору) | ||||||||
| Чүй облусунун | 200 | 600 | 870 | 1640 | 260 | 780 | 1130 | 2130 |
| саламаттык сактоо | ||||||||
| уюмдары | ||||||||
| Ысыккөл облусунун | 200 | 600 | 870 | 1580 | 260 | 780 | 1130 | 2050 |
| саламаттык сактоо | ||||||||
| уюмдары | ||||||||
| Ош облусунун | 200 | 430 | 710 | 1470 | 260 | 560 | 920 | 1910 |
| саламаттык сактоо | ||||||||
| уюмдары, Ош | ||||||||
| ОБКОну кошпогондо | ||||||||
| Ош шаарынын | 200 | 500 | 780 | 1610 | 260 | 650 | 1020 | 2090 |
| аймагында | ||||||||
| жайгашкан | ||||||||
| саламаттык | ||||||||
| сактоо уюмдары | ||||||||
| Жалалабат | 200 | 500 | 780 | 1520 | 260 | 650 | 1020 | 1980 |
| облусунун | ||||||||
| саламаттык сактоо | ||||||||
| уюмдары | ||||||||
| Баткен облусунун | 200 | 430 | 710 | 1490 | 260 | 560 | 920 | 1940 |
| саламаттык сактоо | ||||||||
| уюмдары | ||||||||
| Нарын облусунун | 200 | 530 | 800 | 1540 | 260 | 690 | 1040 | 2000 |
| саламаттык сактоо | ||||||||
| уюмдары | ||||||||
| Талас облусунун | 200 | 530 | 800 | 1550 | 260 | 690 | 1040 | 2010 |
| саламаттык сактоо | ||||||||
| уюмдары |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялар…Постановление · 30.01.2006 · № 46 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.