Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасын ишке ашырууга жиберилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 30-январындагы № 46
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарына
медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн
мамлекеттик гарантиялар программасын ишке
ашырууга жиберилүүчү милдеттүү медициналык
камсыздандыруу каражаттары жөнүндө
ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жар-
дам көрсөтүунүн Мамлекеттик гарантиялар программасын ишке ашырууга жи-
берилүүчү Милдетгүү медициналык камсыздандыруу каражаттары жөнүндөгү
жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык
камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону
каржылоодо Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын
саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жыл сайын беки-
тилүүчү Кыргаз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жар-
дам көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасына ылайык иштелип
чыкты.
2. Бул Жобонун күчү Милдетгүү медициналык камсыздандыруу фондунун
аймактык башкармалыктары менен келишим түзгөн жана Бирдиктүү төлөөчү
системасында иштеген саламатгак сактоо уюмдарына таралат.
3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Кыргыз Респуб-
ликасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамле-
кеттик гарантиялар программасынын (мындан ары - Мамгарантиялар програм-
масы) алкаганда милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Базалык прог-
раммасын аткарууга жиберилет.
4. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Мамгарантиялар
программасынын алкагында саламаттык сактоо умдарын антирабикалык вакци-
на жана антирабикалык иммуноглобулин менен борборлоштуруп камсыз кылуу-
га жиберилиши мүмкүн.
5. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары саламаттык
сактоо уюмунун консолидацияланган бюджетинин курамына кирет, анын сарп-
талышы уюмдун бардык каржылоо булактары боюнча каражаттарды
бөлүштүрүүнүн консолидацияланган планына ылайык жүргүзүлөт.
6. Отчеттук жылда уюмдар пайдаланбаган милдеттүү медициналык кам-
сыздандыруу каражаттарын алып коюуга болбойт жана алар келерки финансы
жылына өткөрүлөт.
7. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары саламаттык
сактоо уюмдарында медициналык кызматка төлөп берүү үчүн төмөнкү иш-ара-
кеттердин жыйынтыгы боюнча жөнөтүлөт:
- стационарларда - 1 кишинин дарыланганы боюнча;
- ҮМБ/ҮДТда - катталган камсыздандырылган калктын саны боюнча.
8. Мамгарантиялар программасынын алкагында ММКнын Базалык програм-
масын ишке ашыруу үчүн саламаттык сактоо уюмдарына жиберилген каражат-
тардын көлөмү төмөнкүдөй аныкталат:
- стационарлар боюнча канча адамды дарылагандыгы тууралуу отчеттук
маалыматтардын негизинде белгиленген базалык ставкага ылайык оорунун
оордугун эске алуу менен;
- Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору (мындан ары - ҮДТ) боюнча ҮДТга
катталган жарандардын санына ылайык камсыздандырылган жарандардын саны-
на каржылоонун бекитилген киши башына карата ченемине ылайык.
9. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Мамгарантиялар
программасын дары-дармек менен камсыз кылууга Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү бекиткен Өтө маанилүү дары-дармек каражаттары жана медициналык
багыттагы буюмдар тизмесинин (мындан ары - ӨДМББТ) чегинде пайдаланы-
лат.
Карањыз: КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-апрели N 312 "Кыргыз Респуб-
ликасындагы турмуштук маанилүү дары каражаттардын, вакциналардын жана
медициналык маанидеги буюмдардын тизмеси жөнүндө" токтому
10. ӨДМББТга кирбеген медикаменттерди саламаттык сактоо уюму анык-
таган Кошумча тизме боюнча сатып алууга уруксат берилет.
11. Мамгарантиялар программасын аткаруунун алкагында ММКнын База-
лык программасын ишке ашыруу үчүн саламаттык сактоо уюмуна берилген
милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары калкка медициналык
кызмат көрсөтүү процессин уюштурууга байланыштуу максаттарга жана мил-
деттерге, ММК фондунун аймактык башкармалыктарынын келишимдик милдетте-
рин аткарууга пайдаланылат.
12. Үй-бүлөлүк медицина борборунун курамына кирген ҮДТ ММК кара-
жаттарынын 10 процентин ҮМБнын консолидацияланган бюджетине берет, анын
ичинде 5 проценти - ҮДТнын финансылык жана уюштуруучулук иш-аракетине
жетекчилик кылуу жана координациялоо үчүн, 5 проценти - камсыздандырыл-
ган жарандар үчүн лабораториялык-диагностикалык текшерүүлөргө.
13. ҮМБнын жетекчиси жана башкы бухгалтери ММК каражаттарынын мак-
саттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышына жеке жоопкерчилик тартат.
14. Камсыздандырылган жарандарга Мамгарантиялар программасы боюнча
медициналык кызмат көрсөткөндүгү үчүн саламаттык сактоо уюмуна берилген
милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары төмөнкүлөргө жумшалышы
мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү кошкондо
саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө;
- төмөнкүлөрдү сатып алууга:
- медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды, анын ичин-
де амбулаториялык дењгээлде иммундаштыруу жүргүзүү үчүн шприцтер, кан
препараттарын жана анын компоненттерин, сарпталуучу материалдарды, хи-
миялык реактивдерди, диагностикалык жана лабораториялык текшерүүлөр
үчүн реагенттерди;
- медициналык жабдууларды жана аспаптарды, медициналык багыттагы
жумшак жана катуу инвентарды;
- компьютердик, факсимилдик жана башка техниканы;
- муздаткыч жабдууларды;
- башка чыгашаларды төлөөгө, анын ичинде жабдууларды (приборлорду)
оњдоо жана алдын алуучу тейлөөгө;
- иш-сапар чыгашаларынын ордун толтурууга.
15. Стационардык бейтапка лабораториялык-диагностикалык тек-
шерүүлөрдүн же кызматтардын айрым түрлөрү башка саламаттык сактоо ую-
мунда жүргүзүлсө, көрсөтүлгөн кызматтарга төлөөнү саламаттык сактоо
уюмдары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен
Баалардын прейскуранты боюнча жүргүзүшөт. Көрсөтүлгөн медициналык кыз-
матка төлөп берүү фактысы боюнча чыгашалар "Медикаменттер" статьясында
камтылат.
16. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын пайдаланууну
эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлиги аныктайт.
17. ММК каражаттарын максаттуу пайдалангандыгын контролдоону Кыр-
гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү
медициналык камсыздандыруу фонду жүргүзөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 29 апреля 2004 года N 312 "О Перечне жизненно важных лекарственных средств, вакцин и изделий медицинского назначения в Кыргызской Республике"Постановление · 29.04.2004 · № 312 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялар…Постановление · 30.01.2006 · № 46 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
- Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялар Программасы ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын…Программа · 30.01.2006 · № 46
- Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 116 · Күчүн жоготкон