Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борбору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 9 февраля 2010 года № 85 "О Центре трудоустройства граждан Кыргызской Республики за рубежом при Министерстве труда, занятости и миграции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-02-09.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 9-февралындагы № 85 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 27-декабры № 727
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке
орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин
Маалыматтык-консультациялык борбору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетте-
ринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка
органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды
түзүү маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
6-июнундагы № 211 токтомуна жана Сеул шаарында 2007-жылдын 27-июнунда
кол коюлган, "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу бо-
юнча мамлекеттик комитети менен Корея Республикасынын Эмгек министрли-
гинин ортосундагы Иштөөгө уруксаттарды берүү системасы боюнча Корея
Республикасына жумушчу күчтөрдү жиберүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү туура-
луу" Меморандумдун жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-
том кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча
мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борбору жөнүндө
тиркелген жобо бекитилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-
кеттик комитетинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 токтому менен бекитилген Кыргыз Рес-
публикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети
жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мамкомитеттин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери Мамкомитет-
тин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
тарабынан дайындалат";
- 10-пунктта:
4-абзац "төраганын орун басарларынын" деген сөздөрдөн кийин "Мам-
комитеттин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин" деген сөздөр ме-
нен толукталсын;
- бешинчи абзацта "жана Мамкомитеттин аймактык органдарынын" жана
"аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоо жана тар-
типтик жаза чараларын колдонот" деген сөздөр алып салынсын;
- сегизинчи абзац "Мамкомитеттин ведомстволук уюмдарынан тышкары"
деген сөздөр менен толукталсын;
- тогузунчу абзацта "жана Мамкомитеттин ведомстволук уюмдарынын"
деген сөздөр алып салынсын.
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- Мамкомитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлерине, аймактык
органдардын, ведомстволук бөлүмчөлөрдүн, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүн
жетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоо жана
тартиптик жаза чараларын колдонот;".
3. "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү
тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы N
596 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын
структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат
көрсөтүүнүн реестрине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы XXII бөлүм менен толукталсын:
"XXII. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке
орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети
Маалыматтык-консультациялык борбор
1. Чет өлкөлүк өнөктөр үчүн кызматкерлерди тандоого жана жиберүүгө
көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн алыскы чет өлкөлөрдө жу-
муш издегендерге ишке орношууга көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.".
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-декабрындагы № 727 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин…Положение · 27.12.2008 · № 727
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21 -декабрындагы № 603 токтому менен…Положение · 21.12.2005 · № 603 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн…Постановление · 22.08.2006 · № 596 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 9 февраля 2010 года № 85 "О Центре трудоустройства граждан Кыргызской Республики за рубежом при Министерстве труда, занятости и миграции…Постановление · 09.02.2010 · № 85 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана…Постановление · 06.06.2007 · № 211
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" токтомуПостановление · 21.12.2005 · № 603 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн…Постановление · 22.08.2006 · № 596 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 9 февраля 2010 года № 85 "О Центре трудоустройства граждан Кыргызской Республики за рубежом при Министерстве труда, занятости и миграции…Постановление · 09.02.2010 · № 85 · Күчүн жоготкон