72-статья. Жаш балдары бар соттолгондордун жазаны өтөөсүн кийинкиге калтыруу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 12-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2012 года № 145
(1) Өзгөчө оор кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгондон тышкары, соттолгон кош бойлуу аялга, он төрт жашка чейинки баласы бар аялга, ошондой эле оор же өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондон тышкары, он төрт жашка чейинки баласы бар жана жалгыз ата-энеси болуп саналган эркекке, сот жазаны өтөө мөөнөтүн бала он төрт жашка чыкканга чейин кийинкиге калтырышы мүмкүн. (2) Эгерде ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондор баладан баш тартышса же жазаны өтөөсү кийинкиге калтырылган соттолгондор жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу орган билдирген эскертүүдөн кийин баланы тарбиялоо боюнча милдеттеринен качуусун уланта берсе, сот ошол органдын сунушу боюнча жазаны өтөөнү кийинкиге калтырууну жокко чыгара алат жана соттолгондорду жазаны өтөө үчүн соттун өкүмүнө ылайык дайындалган жерге жөнөтө алат. (3) Бала он төрт жашка чыккандан кийин сот ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондорду жазасын өтөөдөн бошотот же болбосо жазанын калган бөлүгүн жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырат же жазанын калган бөлүгүн өтөө үчүн соттолгондорду тийиштүү мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алат. (4) Эгерде ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондор жазаны өтөөсү кийинкиге калтырылган мезгилде жаңы кылмыш жасаса, сот аларга ушул Кодекстин 60-статьясында каралган эрежелер боюнча жаза дайындайт. Эскертүү. Ушул статьянын 4-бөлүгүнүн эрежелери 1998-жылдын 1-январына чейин соттолгон адамдарга 1960-жылдын 29-декабрындагы редакция менен чыккан Кыргыз Республикасынын Уголовный кодексинин 41-1-статьясын колдонуу менен жайылтылат. (КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
72-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Решение Конституционного суда КР от 9 декабря 1999 года (По ходатайству гражданина Заляева А.А. о признании неконституционной и несоответствующей статьям 15, 16, 17, 18, 22, 38…Сот практикасы · Решение · 09.12.1999
- Решение Конституционного суда КР от 10 февраля 1998 года по ходатайству гражданина Заляева А.А. о признании неконституционной и несоответствующей статьям 14, 15, 16, 17, 18, 22…Сот практикасы · Решение · 10.02.1998
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- КР УО 2010-жылдын 26-апрелинин № 32 "Мунапыс жөнүндө" ДекретиДекрет · 26.04.2010 · № 32
- Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөЗакон · 27.01.2014 · № 16
- ВРЕМЕННОЕ ПОЛОЖЕНИЕ о применении акцизных пломб на ввозимые в Кыргызскую Республику нефтепродукты (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 9 января 1996…Положение · 09.01.1996 · № 10
- Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндөЗакон · 24.06.2015 · № 136
- Решение Конституционного суда КР от 10 февраля 1998 года по ходатайству гражданина Заляева А.А. о признании неконституционной и несоответствующей статьям 14, 15, 16, 17, 18, 22…Решение · 10.02.1998
- Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөЗакон · 01.08.2016 · № 159
- Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөЗакон · 19.07.2011 · № 114
- Решение Конституционного суда КР от 9 декабря 1999 года (По ходатайству гражданина Заляева А.А. о признании неконституционной и несоответствующей статьям 15, 16, 17, 18, 22, 38…Решение · 09.12.1999
- Постановление Правительства КР от 31 марта 2003 года № 173 "О проекте Закона Кыргызской Республики "Об амнистии в связи с 10-летием принятия Конституции Кыргызской Республики и…Постановление · 31.03.2003 · № 173 · Күчүн жоготкон
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке применения акцизных марок в Кыргызской Республике на производство, импорт и реализацию алкогольных напитков и табачных изделий (Утверждено постановлением…Положение · 08.01.1996 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке применения в Кыргызской Республике акцизных марок на импортируемые алкогольные напитки и табачные изделия (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской…Положение · 06.01.1998 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-72" title="72-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>