Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 19-июлу № 114 Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө
Жалпы кабыл алынган адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлап, гумандуулуктун жана боорукерликтин принциптерине негизденүү менен Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу:
1-берене.
Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазадан төмөнкүлөр бошотулсун:
1) жашы жетпегендер;
2) курагы 55 жаштан өткөн аялдар;
3) курагы 60 жаштан өткөн эркектер;
4) экиден кем эмес жашы жетпеген балдары же I жана II топтогу майып балдары же багуусунда I топтогу майып ата-энелери бар үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болуп эсептелген адамдар;
5) кош бойлуу аялдар, бир жашка чейинки курактагы балдары бар аялдар;
6) I жана II топтогу майыптар;
7) чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды жана анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын 1 жана 2-бөлүктөрүндө ("Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу"), 337-статьясында ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу"), 359-статьясында ("Бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү"), 360-статьянын 1-бөлүгүндө ("Аскерден качуу") каралган кылмыш иши үчүн адамдар, эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын аралыгында жаза өтөп жаткан жерине, абакта олтурган жерине жана аскер кызматын өтөгөн жерине өз ыктыярлары менен келишсе, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулсун.
3-берене.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97, 104, 123, 124-беренелери, 125-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү, 129-133-беренелери, 154-беренесинин 2-бөлүгү, 156-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрү, 164-беренесинин 4-бөлүгү, 165-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрү, 166-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрү, 167-беренесинин 4-бөлүгү, 168-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрү, 170-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү, 171-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрү, 172-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү, 181-беренесинин 2-бөлүгү, 183-беренеси, 188-беренесинин 2-бөлүгү, 190-беренесинин 2-бөлүгү, 198-беренеси, 204-беренесинин 2-4-бөлүктөрү, 208-беренесинин 2-бөлүгү, 226-227, 229-233-беренелери, 234-беренесинин 3-бөлүгү, 240-беренесинин 3-бөлүгү, 241-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү, 245-беренеси, 246-беренесинин 4-бөлүгү, 247-249-беренелери, 250-беренесинин 2-бөлүгү, 252-беренеси, 254-беренесинин 3-бөлүгү, 260, 261, 263-беренелери, 266-беренесинин 3-бөлүгү, 292 - 299-2, 303-беренелери, 304-беренесинин 4-бөлүгү, 304-1-беренесинин 3-бөлүгү, 305-беренесинин 2-бөлүгү, 305-1-беренеси, 306-беренесинин 2-бөлүгү, 310-беренесинин 2-бөлүгү, 311-313-беренелери, 319-беренеси, 320-беренесинин 4-бөлүгү, 321-1-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү, 322, 323, 324, 325-беренелери, 326-берененин 3-бөлүгү, 328-беренеси, 332-беренесинин 4-бөлүгү, 336-беренесинин 3-бөлүгү, 338, 340-беренелери, 341-беренесинин 2-бөлүгү, 345-беренеси, 373-376-беренелери менен каралган кылмыштарды жасаган адамдарга.
4-берене.
1. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушуна дал келбеген адамдардын жазасынын өтөлбөгөн мөөнөтү төмөндөгүдөй кыскартылсын:
1) жатак-абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондордун мөөнөтүнүн жарымы;
2) билип туруп жасалган кылмыштар үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду кошуп алганда - мөөнөтүнүн жарымы;
3) атайылап жасаган кылмыштары үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду кошуп алганда - мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү;
4) атайылап жасаган кылмыштары үчүн 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду кошуп алганда - мөөнөтүнүн төрттөн бир бөлүгү;
5) атайлап жасаган кылмыштары үчүн 15 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун - мөөнөтүнүн бештен бир бөлүгү;
6) атайлап жасаган кылмыштары үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып тарбия абагында жазасын өтөп жаткан жашы жетпеген соттолгондорду кошуп алганда - мөөнөтүнүн жарымы.
2. Ушул Мыйзамга ылайык жазанын мөөнөтүн кыскартуу колдонулган адамдарга жазанын мөөнөтүнүн жаңы эсептелиши жөнүндө ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө расмий түрдө билдирилүүгө тийиш.
5-берене.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга;
2) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза кечирим берүү тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдарга;
3) өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасаган адамдарга;
4) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар деп табылган адамдарга;
5) ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды албаганда, кылмыш жасаган жана качып жүргөн издөөдөгү адамдарга;
6) жазык жоопкерчилигинен бошотуу бөлүгүндө аларга карата мурда мунапыс же кечирим берүү актылары колдонулган жана кайрадан атайлап кылмыш жасаган адамдарга;
7) уюшулган кылмыштуу топтун (УКТ), уюшулган кылмыштуу жамааттын (УКЖ) курамында кылмыш жасаган адамдарга.
6-берене.
Ушул мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын сотторунда соттолгондорго, ошондой эле башка мамлекеттердин сотторунда соттолуп жана Кыргыз Республикасынын аймагында жаза мөөнөтүн өтүп жаткандарга жайылтылат. Аларга мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселе прокурордун санкциясы менен чечилет. Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгон, бирок анын чегинен тышкары жакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдарга карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселе, соттун өкүмүн аткаруу ишке ашырылып жаткан аймактагы мамлекеттин компетенттүү органынын токтому боюнча эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же анын орун басарларынын санкциясы менен чечилет.
7-берене.
Айланасындагылар үчүн коркунуч келтирген оорулардан (кургак учук, карантиндик жугуштуу оорулар, венерикалык оорулар) жапа чеккен адамдарга, ошондой эле медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар дайындалган адамдарга карата ушул Мыйзамга ылайык жазаны өтөөдөн бошотуу мунапыс актысы зарыл болгон дарылоо курсун аяктагандан кийин колдонулат.
8-берене.
Мунапыс актысын колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга карата өзүнчө кабыл алынат. Соттолгон адам жөнүндө зарыл маалыматтар болбогондо мунапыс актысын колдонуу тууралуу маселени кароо кошумча материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат. Ушул Мыйзамдын аткарылышы жүктөлгөн органдарга мунапыс актысын колдонууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн тиешелүү уюмдардан, мекемелерден зарыл материалдарды сурап алууга укуктуу. Мындай суроо-талаптар баардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары тарабынан тезинен аткарылууга тийиш.
9-берене.
Кечирим берүү же мунапыс тартибинде мурда жаза мөөнөтү кыскартылган адамдарга карата мунапыс актысын колдонууда кечирим берүү же мунапыс жөнүндө актыга ылайык белгиленген жаза мөөнөтүнө таянуу керек.
10-берене.
Ушул Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштардын бирин жасаган, кылмыштардын же өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча соттолгон адамдар кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же жазадан бошотулууга тийиш эмес.
11-берене.
Ушул Мыйзамдын 4-беренесин колдонууда ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө өтөлбөгөн жазанын мөөнөтүнө таянуу керек.
12-берене.
Төмөнкүлөр:
1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга кылмыш жасоо учурунда 18 жаш курагына жете элек адамдар кирери;
2) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ата-энелик укуктарынан ажыратылбаган жана балдары бар, анын ичинде ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата 18 жаш курагына толо элек асыранды же камкорчулукка алынган балдары же болбосо алардын курагына карабастан I жана II топтогу майып балдары бар адамдар кирери;
3) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата кош бойлуу болгон аялдар кирери;
4) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мыйзамдар менен белгиленген тартипте ошондой деп табылган I жана II топтогу майыптар кирери белгиленсин.
13-берене.
Ушул Мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлөт:
1) тергөө жана прокуратура органдарына - адамдарга карата кылмыш жөнүндө иштер өндүрүшүндө болгон ошол органдарга;
2) сотторго:
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин адамдарга карата кылмыш иштери сот өндүрүшүндө болгон жана карала элек, ошондой эле кылмыш иштери каралган, бирок өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек адамдарга карата;
- айыпка, үч эселенген айыпка, мүлкүн конфискациялоого соттолгон адамдарга карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-статьясы менен белгиленген тартипте өкүмдү аткаруу кийинкиге калтырылган адамдарга карата;
3) жазаларды аткаруу мекемелеринин начальниктерине - жазаны андан ары өтөөдөн толук бошотулууга тийиш болгон жана жазанын мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө жазаларды аткаруу мекемелеринде жүргөн соттолгондорго карата;
4) жазык-аткаруу инспекциясына - коомдук жумуштарга, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө соттолгон адамдарга карата, ошондой эле шарттуу соттолгон адамдарга карата жана жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган жана жазык-аткаруу инспекциясынын көзөмөлүндө турган адамдарга карата;
5) аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгына - шарттуу соттолгон, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган аскер кызматчыларына карата, ошондой эле тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо жазасына соттолгон аскер кызматчыларына карата.
14-берене.
Ушул Мыйзамды колдонуу прокурордун санкциясынын, ошондой эле соттун токтомунун негизинде ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтомуна ылайык жүзөгө ашырылат. Соттолгондун өздүк иши, сыйлыктары жана жаза-чара берилгендиги жөнүндө маалымкаттар, мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени чечүү үчүн зарыл болгон жана башка документтер токтомго тиркелет. Ушул Мыйзам соттор тарабынан колдонулган учурда прокурордун катышуусу милдеттүү. Жазаны өтөө ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтому прокурор тарабынан санкцияланган күндөн тартып же мунапыс актысын колдонуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат. Доо карызы бар адамдарга карата кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу жаатында мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим, алар тарабынан материалдык зыяндарынын суммасы 100 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адамдардан тышкары материалдык зыяндын суммасы толугу менен калыбына келтирилгенден кийин кабыл алынат.
15-берене.
Мунапыска туш келген адамдар негизги жазадан бошотулат.
16-берене.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кылмыш жасаган, ошондой эле соттолгон адамдарга туш келет.
17-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, баардык деңгээлдердеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жетпегендерди өз учурунда аларды жашаган жерлерине келиши боюнча эсепке алууну, аларды ишке орноштурууну же ата-энелеринин, же болбосо үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдүн көзөмөлүнө өткөрүп берүүнү, зарыл болгон учурларда аларды жашаган жерлерине келгенден эки жумадан кеч эмес мөөнөттө балдар үйлөрүнө, жатак мектептерге жайгаштырууну;
2) жазадан бошотулган жашы жетпегендерди кайра тарбиялоо боюнча ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек жамааттарынын ишин координациялоону;
3) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган адамдардын бардыгын өз учурунда эсепке алууну, алардын жашаган жерлерине келген күндөн тартып эки жумадан кеч эмес мөөнөттө ишке жана жашоо тиричиликке ыңгайлаштырып орноштурууну; жазадан бошотулган майыптарды жана карыларды өздөрүнүн багуусуна ала турган жакын туугандары жок болсо, майыптар же карылар үчүн үйлөргө жайгаштырууну уюштурууну;
4) алардын коомго тезирээк аралашышынын максатында ушул Мыйзамдын негизинде эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган адамдар менен айкын реабилитациялык жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө ички резервдерди табууну же болбосо каражаттарды тартууну.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы башка органдар менен биргелешип жазадан бошотулган жана кургак учуктун оор түрү менен ооруган адамдарды милдеттүү тартипте эсепке алууну жана атайын дарылоо мекемелерине жиберүүнү уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы башка мамлекеттердин жазадан бошотулган жарандарын эсепке алсын жана өлкөнүн чегинен чыгарып жиберүүнү уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын.
18-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана үч айдын ичинде аткарууга жатат. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамды аткаруу үчүн жооптуу болгон органдар тарабынан мунапыс берүү актысы колдонулбаса, анда мунапыс берүү актысы башка ар кандай убакта колдонулат. Ушул Мыйзамды көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 14-майындагы № 455-V "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 14.05.2011 · № 455-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 10-июнундагы № 604-V "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 10.06.2011 · № 604-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 10-июнундагы № 605-V "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 10.06.2011 · № 605-V
Шилтеме берет (2)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон