60-статья. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза белгилөө
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2012 года № 145
(1) Эгерде соттолгон адам өкүм чыгарылгандан кийин, бирок жазасын толук өтөгөнгө чейин жаңы кылмыш жасаса, сот акыркы өкүм боюнча белгиленген жазага мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгүн толугу менен же жарым-жартылай кошот. (2) Эгерде өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча акыркы жаза эркиндигинен ажыратууга караганда алда канча жеңил болсо, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө жазанын ушул түрү үчүн каралган эң жогорку мөөнөттөн жана өлчөмдөн ашпоого тийиш. (3) Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү акыркы жаза отуз жылдан ашпоого тийиш. (4) Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча акыркы жаза жаңыдан жасалган кылмыш үчүн дайындалган жазага караганда да, ошондой эле мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгүнөн да жогору болууга тийиш. (КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
60-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-60" title="60-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>