73-статья. Айыптоо өкүмүн аткаруу мөөнөтүнүн эскиришинен улам жазадан бошотуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 12-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Эгерде айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдө:
1) эки жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазага соттолгондо - эки жылда;
2) беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондо - төрт жылда;
3) он жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондо - жети жылда;
4) он жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуудан кыйла катуу жазага соттолгондо - он жылда айыптоо өкүмү аткарылбаса, адам негизги жана кошумча жазадан бошотулат.
(2) Эгерде соттолгон адам жазаны өтөөдөн качса эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү токтотула турат. Мындай учурда адам кармалган же күнөөсүн мойнуна алып өзү келген учурдан тартып эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү кайра башталат. Мында ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган эскирүү мөөнөттөрү эки эсеге көбөйөт, бирок ал он беш жылдан ашпоого тийиш. (3) Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга карата эскирүү мөөнөтүн колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүү мөөнөтүн колдонууну мүмкүн эмес деп тапса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу эркиндигинен ажыратууга алмаштырылат. (4) Тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыш жасалганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында атайын каралган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-73" title="73-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>