Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
53-статья. Жаза белгилөөнүн жалпы негиздери
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27
(1) Сот жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьяларында белгиленген чектерде жана ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен жаза белгилейт. Жазаны белгилөөдө сот жасалган кылмыштын мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулук деңгээлин, иштин жүйөлөрүн, күнөөкөрдүн жүрүш-турушун, келтирилген зыяндын мүнөзүн жана өлчөмүн, жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларды эске алат. (2) Кылмыш жасаган адамга, анын оңолушуна жана жаңы кылмыштардын алдын алуу үчүн зарыл жана жетишерлик болгон адилет жаза дайындалууга тийиш. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьясында каралган башка, кыйла жеңил жаза менен жетишүүгө мүмкүн болбогон шартта гана эркиндигинен ажыратуу жазасы белгилениши мүмкүн. (3) Ушул Кодекстин 164-166, 171-статьяларынын 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 177-статьясында, 181-статьясынын 1-бөлүгүндө, 183-статьясында, 184-статьясынын 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 185-статьясында, 203-статьясынын 1-бөлүгүндө, 209, 210, 276, 278-статьяларында, 280-статьясынын 1-бөлүгүндө, 282-статьясынын 1-бөлүгүндө, 284-статьясында, 290-статьясынын 1-бөлүгүндө, 306-статьясынын 1-бөлүгүндө каралган анча оор эмес жана анчейин оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза, эгерде соттолуучунун келтирилген залалдын ордун толтурууга же келтирилген зыянды четтетүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда гана дайындалышы мүмкүн. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-53" title="53-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>