210-статья. Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 22-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2012 года № 145
(1) Төлөмдөрдү эсептөө үчүн документтерди бербөө же аларды жок кылуу, ошондой эле төлөмдөрдү эсептөө үчүн документтерге бурмаланган малыматтарды атайылап киргизүү, ошондой эле салык салуунун башка объектилерин жашыруу аркылуу ири өлчөмдөгү бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө, - эсептик көрсөткүчтүн бир миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат. (2) Ошол эле жосундар:
1) кызмат абалын пайдалануу менен;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан жасалса, -
бир миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Өзгөчө ири өлчөмдөгү бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө же уюшкан кылмыштуу топтун бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөөсү, - беш миңден он миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ири өлчөмдөгү бажы жыйымдарын төлөбөө, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миң эсе ашса, ири өлчөмдө бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө деп табылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
210-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 14.07.2008 · № 142 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений в уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 12.03.1998 · № 18 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-210" title="210-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>