Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
184-статья. Мыйзамсыз кредит берүү жана алуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 22-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык) (1) Жеке ишкердик кылуучу же уюмдун жетекчиси банкка же башка кредит берүүчүгө ишкердик кылуучунун же уюмдун чарбалык же финансылык абалы жөнүндө атайылап жалган маалыматтарды берүү менен кредит алганда, болбосо кредит берүүнүн жеңилдик берүүчү шарттарына ээ болгондо, эгерде бул жосун чоң зыян келтирсе, - эки жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөр айыбы менен же зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Мамлекеттик максаттуу кредитти мыйзамсыз алуудан улам ири зыян келтирилгенде, - эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн айыбы менен же зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын кызмат адамдары жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик максаттуу кредитти мыйзамсыз бергенде, же болбосо аларга кредит берүүнүн жеңилдетилген шарттарын мыйзамсыз бергенде - эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндөгү айыпка же белгилүү бир кызматты ээлөө, же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан беш жылга чейин ажыратууга, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-февралындагы № 58, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 февраля 2009 года № 58 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.07.2023 · № 149
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 14.07.2008 · № 142 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений в уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 12.03.1998 · № 18 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-184" title="184-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>