Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
54-статья. Жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдайлар
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Төмөндөгүлөр:
1) күнөөсүн мойнуна алып келүү, чын дилинен өкүнүү, кылмышты ачууга жигердүү көмөк көрсөтүү;
2) келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу түрдө толтуруу же четтетүү;
3) жеке, үй-бүлөлүк жана башка оор жагдайлардын чырмалышынан улам кылмыш жасоо;
4) коркутуунун же мажбурлоонун таасиринен же болбосо материалдык, кызматтык же башка жагынан көз карандылыктан улам, ошондой эле мыйзамсыз буйрукту же тескөөнү аткарган учурда кылмыш жасоо;
5) жабырлануучунун зомбулук көрсөтүшүнөн, катуу кордошунан же укукка жат башка аракеттеринен улам келип чыккан ачууга өтө жеңдирүүнүн таасиринен кылмыш жасоо;
6) аргасыз коргонуунун, өтө зарылчылдыктын, кылмыш жасаган адамды кармоонун укукка ылайыктуу шарттарын бузуу менен кылмыш жасоо;
7) жашы жетпегендердин кылмыш жасашы;
8) кош бойлуу аялдын кылмыш жасашы жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдайлар катары табылат.
(2) Жаза белгилөөдө сот ушул статьяда көрсөтүлбөгөн жагдайларды да жеңилдетүүчү жагдайлар деп таанышы мүмкүн. (3) Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясында кылмыштын белгиси катары каралган жеңилдетүүчү жагдай, жаза белгилөөдө кайрадан эске алынышы мүмкүн эмес. (4) Күнөөсүн мойнуна алып келгенде же кылмышты ачууга активдүү көмөктөшкөндө жана оордотуучу жагдайлар жок болгондо же анча чоң коркунуч келтирбеген жана анчейин оор эмес кылмыш жасаганда жазанын өлчөмү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьясында каралган жазанын эң катаал түрүнүн эң чоң мөөнөтүнүн же өлчөмүнүн жарымынан ашпоого, оор кылмыш жасаганда - үчтөн экисинен ашпоого, өзгөчө оор кылмыш жасаганда - төрттөн үч бөлүгүнөн ашпоого тийиш. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-54" title="54-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>