183-статья. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 22-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 мая 2013 года № 83
(1) Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), башкача айтканда эгерде мүлк кылмыштардан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, жосун үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында мүлк чыккан кылмыштуу булакты жашырып-жабуу же айтпай коюу же кылмыш жасоого катышкан адамга жардам көрсөтүү максаттарында мүлктү кайра түзүү (конвенциялоо) же которуу боюнча кандай болбосун аракеттерди (операцияларды же бүтүмдөрдү) жасоо жолу менен кылмыштуу кирешелерге ээлик кылууга, пайдаланууга же тескөөгө укуктук түр берүү; эгерде мүлк кылмыштардан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, булактын чыныгы мүнөзүн, мүлктүн турган жерин, аны тескөөнүн жана ордун которуунун ыкмасын жашырып-жабуу же айтпай коюу; же болбосо эгерде адамга мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынгандыгы белгилүү болсо, кылмыш жасоого катышпаган адамдын мүлктү жаап-жашыруусу же үзгүлтүксүз кармап туруусу; же болбосо аны алган учурда адамга мүлк кылмыштардан алынган киреше экендиги белгилүү болсо, мүлктү сатып алуу, ага ээлик кылуу же пайдалануу, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен адам тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
2) ири өлчөмдө жасалса; -
мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү.
1) Ушул статьяда кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашуучу сумма ири өлчөм деп таанылат.
2) Ушул статьяда кылмыш жасоонун натыйжасында тикелей же кыйыр түрдө алынган же чыгарылган кандай болбосун экономикалык пайда же мүлк кылмыштуу киреше деп түшүнүлөт.
3) Ушул статьяда кандай болбосун түрдөгү мүлк: материалдык же материалдык эмес (аңдап түшүнүлгөн же аңдап түшүнүлбөгөн), кыймылдуу же кыймылсыз мүлк, ошондой эле банк кредиттерин, жолкире чектерин, банк чектерин, почта которумдарын, баалуу кагаздарды кошуп алганда, ушундай мүлккө же ушул мүлктөгү үлүшкө укукту же кызыкчылыкты күбөлөндүрүүчү юридикалык документтер же кандай болбосун формада (кагаз же электрондук формадагы) актылар мүлк деп түшүнүлөт.
(КР 2013-жылдын 29-майындагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
183-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- КР УО 2010-жылдын 30-апрелинин № 36 "Кылмыштык жооикерчиликтен бошотуу женундв" ДекретиДекрет · 30.04.2010 · № 36
- Концепция противодействия распространению наркомании и незаконному обороту наркотиков в Кыргызской Республике ( Утверждена Указом Президента Кыргызской Республики от 22 декабря…Концепция · 22.12.2004 · № 445
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №372 "«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 02.06.2012 · № 372 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 ноября 2003 года № 700 "О проектах законов Кыргызской Республики "Об органах Кыргызской Республики по контролю наркотиков" и "О внесении…Постановление · 04.11.2003 · № 700 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 14.07.2008 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана…Закон · 02.06.2009 · № 179 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-183" title="183-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>