Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
141-статья. Шайлоо документтерин, референдумдун документтерин бурмалоо же добуштарды туура эмес эсептөө
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 19-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2017 года № 26
(1) Шайлоо документтерин, референдумдун документтерин бурмалоо, добуштарды атайылап туура эмес эсептөө же шайлоонун, референдумдун натыйжаларын атайылап туура эмес чыгаруу, эгерде бул жосундар шайлоо комиссиясынын, референдумду өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү, талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, ишенимдүү адамы, ошондой эле саясий партиянын, референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топтун ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жасалса, - эсептик көрсөткүчтүн бир миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Шайлоо комиссиясынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары, катчысы, шайлоо же референдум күнү техникалык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылган ыйгарым укуктуу адам тарабынан, буга тете эле алдын ала сүйлөшүп алуу боюнча жасалган ошол эле аракеттер - эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, же үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын талапкерди, саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин, референдумду өткөрүү демилгесин колдогон кол тамгаларын жасоо же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан жасалган, атайлап жасалган кол тамгаларды (кол коюу барактарын) күбөлөндүрүү, же сатып алуу, мажбурлоо, күч колдонуу же аны колдонуу коркунучу, ошондой эле мүлктү жок кылуу же аны жок кылуу коркунучу менен бириккен, же жарандардын же юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарынын олуттуу бузулушуна алып келген аракеттер - эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, же белгилүү кызмат орундарын ээлөө же белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга, же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Мыйзамсыз даярдоо, ага тете мыйзамсыз даярдалган шайлоо бюллетендерин, референдумда добуш берүү үчүн бюллетендерди, тизмеден чыгаруу күбөлүктөрүн сактоо же ташып жеткирүү, - эсептик көрсөткүчтүн он миңден он беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, же белгилүү кызмат орундарын ээлөө же белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга, же үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10, 2017-жылдын 20-февралындагы № 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 февраля 2017 года № 26 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 марта 2012 года № 10 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- (Русский) Решение от 29 апреля 2009 годаКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 29.04.2009
- КР Конституциялык сотунун 2009-жылдын 29-апрелиндеги (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 45-беренесинин 11-пунктун, 46-беренесинин 7-пунктун, 54-беренесинин…Сот практикасы · Решение · 29.04.2009
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- КР Конституциялык сотунун 2009-жылдын 29-апрелиндеги (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 45-беренесинин 11-пунктун, 46-беренесинин 7-пунктун, 54-беренесинин…Решение · 29.04.2009
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 110 "М.А.Назарматовдун арызын кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 12.08.2011 · № 110
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 6 августа 2015 года № 111 "Об утверждении Положения "О работе с обращениями граждан и других…Постановление · 06.08.2015 · № 111
- (Русский) Решение от 29 апреля 2009 годаРешение Конституционного суда · 29.04.2009
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.07.2023 · № 149
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 декабря 2002 года №849 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской…Постановление · 13.12.2002 · № 849 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 09.08.2011 · № 152 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений в уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 12.03.1998 · № 18 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-141" title="141-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>