Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
141-1-статья. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 19-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Эсепке алынбаган бюллетендерди добуш берүүдө пайдаланылган бюллетендердин санына кошуу; же шайлоочулар, референдумдун катышуучулары тууралуу атайлап туура эмес маалыматтарды берүү, же аларга жигердүү шайлоо укугуна, референдумга катышуу укугуна ээ болбогон адамдарды, же ойдон чыгарылган адамдарды киргизүү менен билдирилген шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин атайлап туура эмес түзүү; же шайлоочулардын, шайлоочулардын тизмесиндеги референдумдун катышуучуларынын кол тамгаларын бурмалоо; же шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын белгилери менен жарактуу бюллетендерди алмаштыруу; же шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын эркин билдирүүлөрүн аныктоонун мүмкүн эместигине алып келгендей бюллетендерди бузуу; же бюллетендерди мыйзамсыз жок кылуу, же шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын добуштарын атайлап туура эмес эсептөө; же добуштарды эсептөөгө же добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталганга чейин шайлоо комиссияларынын, референдумду өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго кол коюулары; же добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколду (добуш берүүнүн чыныгы жыйынтыктарына шайкеш келбеген) атайлап туура эмес түзүү; же аны толтургандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизүү; же добуш берүүнүн жыйынтыктарын, шайлоонун, референдумдун натыйжаларын атайлап туура эмес аныктоо, - эсептик көрсөткүчтүн он беш миңден жыйырма беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, же белгилүү кызмат орундарын ээлөө же белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга, же беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-141-1" title="141-1-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>