Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
140-1-статья. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн,
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 19-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топтун иштерин каржылоо тартибин бузуу (1) Шайлоодо белгилүү максаттарга жетүү максатында, тиешелүү шайлоо фондун кыйгап өтүү менен талапкерге, саясий партияга ири суммадагы акча каражаттарын берүү; же шайлоодо белгилүү максаттарга жетүү максатында шайлоо фонддоруна которулбаган ири суммадагы акча каражаттарын чыгымдоо; же шайлоодо белгилүү максаттарга жетүү максатында, тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен ордун толтуруусуз ири көлөмдөгү материалдык баалуулуктарды талапкерге, саясий партияга берүү; же шайлоо менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана шайлоодо белгилүү натыйжаны алууга багытталган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу; товарларды сатып өткөрүү, тиешелүү шайлоо фондунан акысын төлөөсүз же тиешелүү шайлоо фондунан негизсиз төмөндөтүлгөн акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акысы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү; же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, тиешелүү референдум фондун кыйгап өтүү менен референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топко ири өлчөмдөгү акча каражаттарын берүү; же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, референдумдун фонддоруна которулбаган ири өлчөмдөгү акча каражаттарын чыгымдоо; же референдумда белгилүү максаттарга жетүү максатында, тиешелүү референдум фондунун каражаттарынын эсебинен ордун толтуруусуз ири көлөмдөгү материалдык баалуулуктарды референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топко берүү; же референдум менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана референдум өткөрүү демилгесин көтөрүүгө, референдумда белгилүү натыйжага жетишүүгө багытталган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу, товарларды сатып өткөрүү, тиешелүү референдум фондунан акысын төлөөсүз же тиешелүү референдум фондунан негизсиз төмөндөтүлгөн акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле жалган адамдар аркылуу шайлоо фондуна, референдум фондуна ири өлчөмдөгү кайрымдуулук каражаттарын төгүү - эсептик көрсөткүчтүн беш миң өлчөмүнөн он миң өлчөмүнө чейин айып салуу же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн өткөрүү үчүн талапкер, анын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү шайлоо фондунун финансылык (материалдык) колдоо каражаттарынан тышкары ири өлчөмдөгү каражаттарды пайдалануу, референдум өткөрүү демилгесин көтөрүү, референдумда белгилүү натыйжаны алуу үчүн референдум өткөрүү боюнча демилгелүү топтун финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан референдумдун тиешелүү фондунун каражаттарынан тышкары ири өлчөмдөгү каражаттарды пайдалануу, ошондой эле шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган жана атайын шайлоо эсебине, референдум фондунун атайын эсебине которулган кайрымдуулуктарды ири өлчөмдө чыгымдоо - эсептик көрсөткүчтүн он миң өлчөмүнөн жыйырма миң өлчөмүнө чейин айып салуу, же белгилүү кызмат орундарын ээлөө же белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда ири өлчөм деп ушул статьяда каралган жосундар жасалган учурда, шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген, шайлоо фондунун, тиешелүүлүгүнө жараша талапкердин, саясий партиянын, референдум фондунун бардык каражаттарынын чыгымдарынын чектелүү суммасынын ондон биринен ашкан, бирок беш жүз миң сомдон кем эмести түзгөн акча суммасы, мүлктүн же мүлктүк мүнөздөгү пайдалардын наркы таанылат. (КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-140-1" title="140-1-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>