49-7-статья. Финансы секторундагы көзөмөл органдарынын ортосундагы
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
өз ара аракеттенүү
Эгерде банктык топтун бөлүгү болуп саналган компания башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлгө же жөнгө салынууга тийиш болсо, Кыргыз банкы жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган банк- тык топтун ишин бардык тараптан жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында кызматташууну жүзөгө ашырууга тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз банкына өзүндө болгон жа- на банктык топко же банктык топтун бардык катышуучусуна тиешелүү төмөнкүдөй маалыматты берүүгө тийиш:
- банктык топтун структурасын, контролдоочу жактарды, кызмат адам-
дарын аныктоого мүмкүндүк берген;
- бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жактырууну же билдирүү
катын талап кылуучу банктык топтун бардык катышуучусунун ээлик кылуу, башкаруу структурасындагы же уюштуруу структурасындагы өзгөрүүлөр туу- ралу;
- банктык топтун же банктык топтун катышуучусунун иши жана
жүргүзгөн саясаты жөнүндө;
- банктык топтун жана анын катышуучуларынын финансылык абалы
жөнүндө (капиталдын шайкештигине, жалпы кызыкчылыктары бар адамдар ме- нен операцияларга, ички топтук тобокелдиктерге жана алынган пайдаларга өзгөчө көњүл бурулууга тийиш);
- банктык топтун же банктык топтун катышуучуларынын ички контрол-
дук, тобокелдиктерди башкаруу тутумдарынын уюштурулушу жөнүндө;
- банктык топтун катышуучуларын башкаруу органынан маалыматтарды
топтоонун жолжобосу жана мындай маалыматтарды текшерүү жөнүндө;
- банктык топтун ички операциялар, бүтүмдөр, жана башка окуялар
банктык топтун ишине олуттуу таасирин тийгизе турган банктык топтун ка- тышуучусу жөнүндөгү маалыматтарды;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан банктык топтун каты-
шуучулурына карата колдонулган санкциялар жана чаралар жөнүндө;
- натыйжалуу банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон
башка маалыматтарды. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамы- нын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-49-7" title="49-7-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>