Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
45-1-статья. Кыргыз банкы тарабынан колдонулуучу эскертүүчү
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
чаралар жана санкциялар
1. Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу ишти жүзөгө ашырган бан-
ктар же финансы-кредиттик мекемелер, алардын кызмат адамдары, олуттуу катышуучулары тарабынан банк мыйзамдарын, "Банктык аманаттарды (депо- зиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Терроризм- ди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализация- лоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый- замын, Кыргыз банкынын ченемдик актыларынын жана көрсөтмөлөрүнүн талап- тарын сактабагандыгы жана аларды бузууга жол бергендиги, банктын анын туруктуулугуна коркунуч туудурган операцияларга тартылышында, ошондой эле маалыматтарды бербегендиги же такталбаган жана/же толук эмес маалы- маттарды берген фактысы аныкталса, болбосо банктар же финансы-кредиттик мекемелер төлөөгө жөндөмсүз абалында калса, Кыргыз банкы ал тарабынан ыйгарым укук берилген орган же кызмат адамы аркылуу банкка, Директорлор кењешинин, Башкарманын мүчөлөрүнө, олуттуу катышуучуларга карата төмөн- дөгүдөй чаралардын жана санкциялардын бирин же айрымдарын колдоно алат:
1) табылган ката кетирүүлөрдү тез арада же белгиленген мөөнөттүн
ичинде оњдолушу жөнүндө милдеттүү түрдө аткарыла турган жазма буйрук- тарды чыгарат;
2) ушул статьянын 2-пунктуна ылайык башка санкцияларды колдонот;
3) лицензияны токтото турат же кайтарып алат;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук процессин
баштайт. Кыргыз банкы Кыргыз банкынан лицензия алышкан банктарга же финан- сы-кредиттик мекемелерге карата чараларды көрүү жана санкциялар менен банк тажрыйбасынын жогорку стандарттарынын сакталышынын зарылдыгын жана Кыргыз Республикасынын финансылык тутумунун турукташтыгын жетекчиликке алууга тийиш. Ал акционерлердин, аффилирленген жактардын кызыкчылыкта- рынын жетектөөсүндө же алардын таасиринде болууга тийиш эмес же Кыргыз банкы кредиторлордун таламдарын коргоо үчүн жана/же республиканын банк жана финансы тутумунун турукташтыгын сактоо максатында көргөн кандайдыр бир иш-аракеттерден улам, алар тартышы мүмкүн болгон чыгымдарды көњүлгө албоого тийиш. Кыргыз банкы ушул Мыйзамда каралган санкцияларды колдонуунун на- тыйжасында келип чыккан кандайдыр бир чыгымдар үчүн жоопкерчиликтүү болбойт.
2. Ката кетирүүлөрдү четтетүү тууралу жазма буйруктар Кыргыз банкы
тарабынан белгиленген мөөнөтүндө аткарылбаган учурунда, ошондой эле Кыргыз банкынан лицензия алышкан банктардын же финансы-кредиттик меке- мелердин ченемдик актыларды аткарбагандыгы же банк мыйзамдарын, "Банк- тык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бузууга жол берген фактылары табылса, Кыргыз банкы төмөндөгү чаралардын бирин же бир нечесин колдонууга укуктуу:
1) жогорку дењгээлде иштелип чыккан экономикалык ченемдерди кирги-
зүүгө;
2) милдеттүү резервдердин өлчөмүн жогорулатууга;
3) ката кетирүүлөрдүн ар бир конкреттүү учурлары үчүн Кыргыз Банк
башкармасы тарабынан белгиленген тартипке ылайык төлөнгөн уставдык ка- питалдын бир пайызынан ашпаган өлчөмдө жазапулду төлөтүүгө;
4) айрым кызмат адамдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары та-
рабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте жазапулду төлөтүүгө;
5) милдеттүү түрдө аткарыла турган талаптар менен кайрылууга:
- кызмат адамдарынын бардыгын же айрымдарын алмаштырууга жана
алардын банктын ишине андан ары катышуусуна тыюу салууга;
- финансылык жактан чыњдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
- рекапитализациялоону, болбосо кайра өзгөртүп түзүүнү жүргүзүүгө;
- текшерилүүчүнүн каражатынын эсебинен пландан тышкаркы аудитти
жүргүзүүгө;
- белгилүү ишти же операцияны чектөөгө, убактылуу токтотуп коюуга
же токтото турууга;
- дивиденддерди төлөп берүүнү же бардык түрдөгү пайдаларды бөлүш-
түрүүнү токтото турууга.
6) активдерди сактап калуу максатында алты айга чейинки мөөнөткө
убактылуу жетекчиликти дайындоого;
7) убактылуу башкаруучуну дайындоо жана лицензия тарабынан карал-
ган бардык же айрым операцияларды чектөө менен лицензиянын иш-аракетин алты айга чейинки мөөнөткө убактылуу токтото турууга.
3. Кыргыз банкы банкты ачууга карата алдын ала уруксатты төмөндөгү
учурларда кайтарып ала алат:
1) түзүлүүчү банкты ачууга карата алдын ала уруксатты алгандан ки-
йинки алты айдын ичинде минималдуу уставдык капитал төлөнбөгөн учурда;
2) банкты ачууга карата алдын ала уруксатты алгандан кийинки алты
айдын ичинде, анын негизинде уруксат берилген маалыматтардын так эмес- тиги табылган учурда;
3) эгерде уюмдаштыруучулардын финансылык абалы начарласа же алар-
дын негизинде лицензия берүүдөн баш тартылгандыгы фактысы белгиленсе;
4) эгерде банктын уюмдаштыруучулары банктын ишин баштабоону чечиш-
се.
4. Иштери Кыргыз банкы тарабынан лицензияланган банктардан же фи-
нансы-кредиттик мекемелерден лицензияларын кайтарып алуу төмөндөгү учурлардын кайсынысында болбосун жүзөгө ашырылат:
1) ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн окуялар болуп калган
учурда же эгерде Кыргыз Банк башкармасы лицензияны кайтарып алуу зарыл- чылыгы менен макул болсо;
2) Кыргыз банкынын милдеттүү жазма буйруктарын дайыма (акыркы он
эки календарлык айдын ичинде эки жана андан көп жолу) аткарбаган учур- да;
3) эгерде банктын суммардык капиталынын адекваттуулук коэффициенти
эки пайызды түзсө же Кыргыз банкынын эсептөөсү боюнча жакынкы учурларда ушул дењгээлден төмөн болсо жана уюмдаштыруучулар алдын ала эс- кертүүлөргө карабастан Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттүн ичинде капиталды толуктабаса жана/же аны ушул дењгээлден жогору толук- тоо боюнча чараларды көрүшпөсө;
4) ушул статьянын 2-пунктуна ылайык, Кыргыз банкы тарабынан колдо-
нулган талаптар жана санкциялар аткарылбаса;
5) Кыргыз банкынын ченемдик актыларын дайыма (акыркы он эки кален-
дардык айдын ичинде эки жана андан көп жолу) талапка ылайык эмес аткар- са же аткарбаса;
6) так эмес маалыматтарды дайыма берүү же лицензияны берген күндөн
тартып бир жылдын ичинде алардын негизинде берилген так эмес маалымат- тар табылган учурда;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынган опе-
рацияларга катышкан учурда, болбосо лицензияда каралбаган иштерди жүр- гүзгөн учурда;
8) төлөөгө жөндөмсүз болгон же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык төлөөгө жөндөмсүз деп таанылган учурда;
9) эгерде банк аны каттоодон өткөргөн жана банктык лицензияны ал-
гандан кийинки бир жылдан ашык убакытка депозиттерди кабыл алуу жана кредиттерди берүү боюнча ишти баштоону башка учурга калтырса;
10) банк тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын талаптары атка-
рылбаса;
11) чет өлкө банкынын филиалынан - каттоодон өткөн өлкөдөгү анын
башкы банкын жоюу же лицензиясын кайтарып алуу учурунда;
12) "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамында каралган учурда.
5. Кыргыз банкынан лицензия алган банктын жана финансы-кредиттик
мекеменин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана башка негиздер боюнча токтотулушу мүмкүн. Кыргыз банкынан лицензия алышкан банк жана финансы-кредиттик меке- ме ал тууралу болжолдуу датасын көрсөтүү менен Кыргыз банкына жазуу жүзүндө билдирип жана Кыргыз банкы ал чечимге макулдугун бергенден ки- йин гана өз ишин токтотот жана лицензияны кайтарып берет. Кыргыз банкы банктын ишин токтотуу тууралу чечимге макулдугун берүүгө чейин аманат- чылардын жана башка кредиторлордун таламдарын канаттандырууну банктан талап кылуусу мүмкүн.
6. Банкты банкрот деп таануу коркунучу келип чыккан шартта (эгерде
банктын капиталынын адекваттуулугунун коэффициенти эки же андан аз па- йызды түзүп калса) Кыргыз банкы аманатчылардын жана кредиторлордун кы- зыкчылыгын коргоо максатында ушул Мыйзамда, ошондой эле "Кыргыз Респуб- ликасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ка- ралган ыйгарым укуктарынан тышкары төмөндөгү чаралардын кайсынысы бол- босун бирин колдонууга укуктуу:
1) банкка белгилүү бир чараларды көрүү, болбосо көрбөө тууралу
жазма-буйрук берүүгө;
2) банкка кошумча капитал жумшоого же өз акцияларын Кыргыз банкы
тарабынан белгиленген нарк боюнча каалоочуларга өткөрүп берүү жөнүндө акционерлерге жазма-буйрук берүүгө;
3) банкроттук процессин козгобостон эле, өтүмдүү каражаттарды алуу
максатында өзүнө тиешелүү мүлкүнүн бардыгын же бир бөлүгүн сатууга банкка буйрук берүүгө;
4) күрөөлүк камсыздоо алдында банкка өзүнө тиешелүү өтүмдүү кара-
жаттарды берүүгө;
5) банкка консервацияланган банктын статусун берүү жана консерва-
торду дайындоого;
6) банкка карата соттук эмес тартипте банкроттук процессин козгоо-
го;
7) банктын, анын акционерлеринин же банктын кредиторлорунун банкка
карата банкроттук ишин козгоо жөнүндө (соттук тартипте же соттук эмес тартипте) өтүнүчүн колдоого.
7. Банктын кызмат адамдарына жана/же олуттуу катышуучуларына ка-
рата эскертцү чаралары жана санкциялары Кыргыз банкы тарабынан төмөнкүдөй учурларда кабыл алынууга тийиш:
- ошол адамдар ушул Мыйзамдын жана Кыргыз банкынын ченемдик акты-
ларынын талаптарын бузууга жол берсе;
- ошол адамдар банктын финансылык туруктуулугуна жана анын аманат-
чыларынын кызыкчылыктарына коркунуч туудурган абалга алып келсе;
- ошол адамдар кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланышкан
болсо;
- ошол адамдар мыйзамга каршы аракеттерди жүзөгө ашырса;
- эгерде ошол адамдар өз кызмат ордун ээлөө үчүн тиешелүү ишенимге
ээ болбосо. Банктын банктык холдинг компаниясынын кызмат адамдарына жана/же олуттуу катышуучуларына карата эскертүү чараларында жана санкцияларында аларга тиешелүү болгон акциялар боюнча добуш берүүгө укукту токтото ту- рууга Кыргыз банкынын талап кылуу укугу же банктын жана анын аффилир- ленген жактарынын ишине андан ары катышуусуна ушул Мыйзамдын 49-6-статьясынын 3 жана 4-пункттарында каралган тартипте тыюу салуулар камтылат. Эгерде мындай тыюу салуу бул адамга карата Кыргыз банкы тарабынан ушул статьяга ылайык белгиленсе, банктын же анын аффилирленген жакта- рында эч ким кызматта кала албайт же алардын ишине катыша албайт. Банктын же банктык холдингдик компаниянын кызмат адамына карата кылмыш иши козголгон учурда Кыргыз банкы ал адамды мыйзам тарабынан белгиленген тартипте кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө көрсөтмө чы- гарууга, ал эми бул адам кылмышкер катары күнөөлүү деп таанылган учурда
- кызматынан бошотууга тийиш.
Банктык холдингдик компаниянын кызмат адамдарына жана олуттуу ка- тышуучуларына карата чараларды жана санкцияларды колдонууну аныктоо учурунда Кыргыз банкы бул адамдар тарабынан кетирилген катачылыктар ту- унду банктын финансылык абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн экендигин эске алууга тийиш.
8. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн чаралар жана санкциялар банктык хол-
дингдик компаниялардын кызмат адамдарына жана олуттуу катышуучуларына жана ушул мыйзамдын талаптарын бузууга жол берген жана депозиттерди жа- на аларга тењештирилген каражаттарды Кыргыз банкынын тиешелүү лицензия- сыз же анын өзгөчө уруксатысыз тартууну жүзөгө ашырган бардык адамдарга карата да колдонулушу мүмкүн.
9. Кыргыз банкынын чараларына жана санкцияларына даттануу алардын
аткарылышын токтото албайт.
10. Кыргыз Банкы ислам банктарына жана "исламдык терезелери" бар
банктарга карата, эгерде алар банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктын ишмердигин жөнгө салуу жагында нормативдик укуктук актыларды бузса, ушул статьяда карал- ган таасир кылуу чараларын көрөт. (КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 217, 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 243, 2009-жылдын 28-марты № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 29-октябрындагы № 6-ржарандар Нурдин Акенович Абдразаковдун жана Чинар Суюнбекова Кемпирбаеванын өтүнүчтөрүнүн негизинде…Сот практикасы · Решение · 29.10.2013 · № 6-р
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 29-октябрындагы № 6-ржарандар Нурдин Акенович Абдразаковдун жана Чинар Суюнбекова Кемпирбаеванын өтүнүчтөрүнүн негизинде…Решение · 29.10.2013 · № 6-р
- Постановление Правительства КР от 28 ноября 2006 года № 816 "О согласии Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики «О защите банковских вкладов…Постановление · 28.11.2006 · № 816
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын "Банкты тескөө боюнча убактылуу жетекчилик жөнүндө" жобо тууралуу токтомуПостановление · 30.09.2008 · № 36/5 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Национального банка КР от 6 сентября 2006 года №25/4 «О внесении изменений и дополнений в Положение «О мерах воздействия, применяемых к банкам и некоторым…Постановление · 06.09.2006 · № 25/4 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-45-1" title="45-1-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>