Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Нурдин Акенович Абдразаковдун жана Чинар Суюнбекова Кемпирбаеванын өтүнүчтөрүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жобосунун кээ бир ченемдеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча « чечими
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ЧЕЧИМИ жарандар Нурдин Акенович Абдразаковдун жана Чинар Суюнбекова Кемпирбаеванын өтүнүчтөрүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жобосунун кээ бир ченемдеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
2013-жылдын 29-октябры № 6-р Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев, судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева. Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында, сот жыйналышынын катчысы - А.Ж.Таштанованын, кайрылуучу тараптар - Ч.С.Кемпирбаеванын, башка жак - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү С.Абдыбалытегин, Н.Р.Мулкубатова, И.А.Иманходжаевдин катышуулары менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1-, 6-, 7-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелерин жетекчиликке алып, төмөнкү ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот жыйналышында карады.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 токтому менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жобосунун 6.9.3 жана 6.9.4-пунктчалары;
2. Улуттук банктын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/7 токтому менен кабыл алынган "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын жобосунун 16.1-пунктунун 5 б) пунктчасы.
Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья - баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын, тараптардын түшүнүктөрүн жана өкүлдөрдүн сөздөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ТАПТЫ: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 23-апрелинде жаран Н.А.Абдразаковдон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 токтому менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын жобосунун 6.9.3 жана 6.9.4-пун-ктчаларын; Улуттук банктын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/7 токтому менен кабыл алынган "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын жобосунун 16.1-пунктунун 5 б) пунктчасын. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө комитети 2011-жылдын 16-июнунда чыгарган "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунда кызмат ордун ээлеген адамдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын № 12/5 токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү түшкөн. Көрсөтүлгөн иш кагаздардан, Н.А.Абдразаков 2001-жылдын июлунан 2010-жылдын апрелине чейин "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасынын кызматын аткарып келгендиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын Көзөмөлдөө комитети 2011-жылдын 16-июнунда чыгарган "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунда кызмат ордун ээлеген адамдар жөнүндө" № 12/5 токтому боюнча, ал банктык тажрыйбада туура эмес же зыяндуу деп эсептелген иштерге катышкандыгы аныкталган. Ушул токтом "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-1-беренесинин, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен кабыл алынган жобонун 6.9.3 жана 6.9.4-пунктчаларын жана "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/7 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен кабыл алынган жобонун 16.1-пунктунун 5 б) пунктчасына ылайык болуп кабыл алынган. Конституциялык палатага 2012-жылдын 10-октябрында жаран Ч.С.Кемпирбаева окшош өтүнүч менен кайрылган. Ал 2008-жылдын ноябрынан 2010-жылдын апрелине чейин "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунун вице-президентинин кызматын аткарган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын Көзөмөлдөө комитетинин 2011-жылдын 16-июнундагы "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунда кызмат ордун ээлеген адамдар жөнүндө" № 12/5 токтому боюнча, банктык тажрыйбада туура эмес же зыяндуу деп эсептелген иштерге катышкандыгы аныкталган. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын Көзөмөлдөө комитетинин бул акты да жогоруда көрсөтүлгөн укуктук актыларга негизделген.
Н.А.Абдразаков жана Ч.С.Кемпирбаева өзүлөрүнүн арыздарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын Көзөмөлдөө комитети 2011-жылдын 16-июнунда чыгарган "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунда кызмат ордун ээлеген адамдар жөнүндө" № 12/5 токтому, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен кабыл алынган жобонун 6.9.3 жана 6.9.4-пунктчаларын жана "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/7 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен кабыл алынган жобонун 16.1-пунктунун 5 б) пунктчасы эмгек ишине ашырууга ар кандай Кыргыз Республикасынын финансылык-насыя мекемелерде тоскоол болууну жана алардын укуктарына чектөө коюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келгендигин таануу жөнүндө көрсөтүшөт. Алар дагы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, ар ким эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгек шарттарына укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алуу укугуна ээ деп эсептешет. Арыздануучулар адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн болушун белгилейт. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек. Ошону менен, алардын ою боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясы же мыйзамдары эмес, мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кабыл алган мыйзамдан келип чыгуучу нормативдик-укуктук актылар менен укуктар жана эркиндиктер (эмгектенүүгө жана өз жөндөмдөрүн каалагандай эмгекке пайдаланууга эркин) чектелген.
Ошондой эле, арыздануучулар "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен кабыл алынган жобонун 6.9.3 жана 6.9.4-пунктчалары, "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/7 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен кабыл алынган жобонун 16.1-пунктунун 5 б) пунктчасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын Көзөмөлдөө комитети 2011-жылдын 16-июнунда чыгарган "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунда кызмат ордун ээлеген адамдар жөнүндө" № 12/5 токтому Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эмес деп таанууну суранат. 2013-жылдын 5-августундагы Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын аныктамасы менен арыздануучулардын кайрылуусу конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган. Жогорудагы көрсөтүлгөн өтүнүчтөр бирдей талаптарды камтыгандыктан жана өз ара байланышы бар болгондуктан судья - баяндамачынын 2013-жылдын 26-августундагы аныктамасы менен алар бир конституциялык сот өндүрүшүнө бириктирилген. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык 2013-жылдын 17-октябрындагы судьянын аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө комитети 2011-жылдын 16-июнунда чыгарган "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунда кызмат ордун ээлеген адамдар жөнүндө" № 12/5 токтому арыздануучулардын талаптары Конституциялык палатасына караштуулугу жок болгондугу, өзүнчө болуп чыгарылды. Сот жыйналышында жаран Ч.С.Кемпирбаева өз талабын колдоп жана аны канааттандырууну суранат. Сот жыйналышынын боло турган дареги жана убактысы тиешелүү түрдө кабар берилген, бирок арыз ээси Н.А.Абдразаков сот жыйналышына келген жок. Келбей коюнун себеби жөнүндө баяндама берген жок. Конституциялык палата ишти болгон материалдардын негизинде, анын катышуусу жок кароого мүмкүн деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү кайрылуучулардын келтирилген далилдери менен макул болбой, аларды канааттандыруусуз калтырууну төмөнкү негизде суранышты: Доомат коюлган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары адамдын эмгектенүүгө болгон укугун чектебейт. Алар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынан келип чыккан коммерциялык банкта белгилүү бир кызмат ордун ээлөөнү макулдашууга каршы болууга канчалык даражада акылуу экендигин көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан аныкталган укук каалаган эле жаранга тиги же бул кызмат ордун ээлөөгө кепилдик берилет дегенди билдирбейт. Мыйзамдар да, эл аралык банк иштерин жүргүзүү дагы, анын ичинде банктардын ишмердүүлүгүн жөндөө боюнча эл аралык келишимдер менен принциптер да, чет элдердин закондору менен Европалык соттун адамдын укугу боюнча тажрыйбасы дагы жогоруда айтылган далилдерди ырастайт. Доомат коюлган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарына туура келет. Конституциялык палата тараптардын далилдерин талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып төмөндөгүдөй тыянактарга келет:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошондой эле, Конституциялык палатасы карап жаткан иш боюнча кароонун предмети болуп 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" (мындан ары - "Банктар жана кээ бир финансы-кредиттик мекемелерге колдонулуучу чаралар жөнүндө" Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен кабыл алынган жобонун 6.9.3 жана 6.9.4-пункт чаларын жана "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/7 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен кабыл алынган жобонун 16.1-пунктунун 5 б) пунктчасын (мындан ары - "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Жобо), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен лицензияланган жана башка финансылык-насыя мекемелерде кызматтарга ишке дайындалууга белгиленген адам банк иштерине зыяндуу деп бошотулгандан кийин эркин эмгек маселеси негиз ченемде чечилет. "Банктар жана кээ бир финансы-кредиттик мекемелерге колдонулуучу чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын жобосунун 6.9.3-пунктуна ылайык Көзөмөлдөө комитети бардык же банктын кээ бир кызматкерлеринин кызмат ордун алмаштыруу тууралуу чечим чыгаруу укугун банктын кызматчысы тарабынан төмөндөгүдөй иш-аракеттер жасалса кабыл алат:
1) укук бузса же банктык тажрыйбада туура эмес деп эсептелген ишке катышса, же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жалган маалымат берсе;
2) банктын финансылык туруктуулугуна жана аманатчылардын каражаттарынын коопсуздугуна шек келтире турган иштерди кылса;
3) алдамчылыгы ачылган болсо же кызмат абалын жаман ишке пайдаланган болсо;
4) калыстык, адилеттик принциптерин бузган болсо;
5) терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жолдор менен алынган кирешелерди мыйзамга ылайыктоого каршылык көрсөтүү боюнча мыйзамдар менен ченемдик укуктук актыларды бузган же ошондой иштерге катышкан болсо.
Жогорудагы Жобонун 6.9.4-пунктуна жараша, бул Жободогу 6.9.1 жана 6.9.3-пункттарда айтылгандар ишке ашкан болсо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү органы жазуу түрүндө ошол кызматчыны банкта ээлеген кызматынан бошотууну талап кылуучу жана/же банктын андан аркы иштерине катышуусуна тыюу салуучу буйрук чыгат. "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Жобонун 16.1-пунктунун 5 б) пунктчасы боюнча, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул Жобонун 13-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кызматтарга ишке дайындалууга белгиленген адам банк иштерине зыяндуу деп эсептелген иштерге катышкандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын актылары, чечимдери (Көзөмөлдөө комитетинин чечими, буйругу жана башка) болсо, аны кызматка алууга макул болбой коюуга акылуулугун аныктайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын 2005-жылдын 19-майындагы токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиялоочу банктар жана кээ бир финансы-кредиттик мекемелерге колдонулуучу чаралар жөнүндө" Жоболор мыйзамдарга жараша тартипте кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналынын 2005-жылдагы № 6 санына жарыяланган. Бул ченемдик укуктук акт алигиче күчүн жоготпой колдонулууда. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын 2006-жылдын 2-мартындагы токтому менен бекитилген "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Жобонун № 5/7 жобосу мыйзамдарга жараша тартипте кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналынын 2006-жылдагы № 4 санына жарыяланган. Бул ченемдик укуктук акт алигиче күчүн жоготпой колдонулууда.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын аянтында тикелей колдонууга кепилдик берет (16-берене).
Жарандар бул конституциялык укуктарын ишке ашыруучу жолдорго өз эрки менен тандап алган кесип же иш боюнча иш берүүчү менен түзүлгөн эмгектик келишимге негизделген жалданма эмгек, жана ошондой эле өз эрки менен тандап алган тармакта өзү жалгыз же башка адамдар менен бирге ишке ашырган өз алдынча экономикалык иш кирет. Ишке ашыруунун тигил же бул жолун тандап алуу менен бирге, жарандар ошол жолдун ишке ашырылышына катышуучулардын мыйзам тарабынан аныкталган укуктук статусу менен, анын ичинде мамлекет берген кепилдер жана жоопкерчиликке коюлган чектердин юридикалык натыйжалары менен да макул болот.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чектелиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын бул ченеминин мааниси боюнча адамдын, жарандын укуктарына жана эркиндиктерине чек салынат. Адамдын укуктары жана эркиндиктери жеке Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде такталат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин экинчи абзацынын 2-бөлүгүндө адамдын, жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдык актыларды кабыл алууга тыюу салынганы эске алынат. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган чектөөлөр мыйзамга баш ийген ченемдик укуктук актылар тарабынан киргизилбейт дегенди билдирет. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган чектөөлөр мыйзамга баш ийген ченемдик укуктук актыларда болушу мүмкүн. Кандай чектөө болсо да, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча маанилүү максаттарды көздөп, Кыргыз Республикасынын Конституциясында баалуу деп эсептелген баалуулуктарды коргоо муктаждыгынан келип чыгып, ошондой эле жеке инсандын кызыкчылыгы менен мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгынын ортосундагы зарыл болгон даражадагы тең салмактуулукту камсыз кылышы керек. Бул түшүнүк киргизилген чектөөлөр жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга ылайыктуу болушуна шарт түзүүгө жардам берет. Коомдун кызыкчылыгын коргоо үчүн адамдын укуктары менен эркиндиктерин эл аралык деңгээлде кабыл алынган укуктук принциптерге жараша чектөөгө жол берилет. Тактап айтканда, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 29-беренесинин 2 б) бөлүгү Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 4-беренеси (Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1406-XII токтому менен кошулган) укуктарын ишке ашырууда ар бир адам башкалардын укук-тары менен эркиндиктерин бузбоо максатында демократиялык коомдогу жалпы жыргалчылыкка багытталган тартиптин жана моралдын адилеттүү талаптарын канааттандыргыдай даражада ал укуктарды сактоону жана сыйлоону мыйзам тарабынан камсыз кылуу үчүн гана коюлган чектөөлөргө дуушар болушу керек.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105-беренесине ылайык Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүгө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын банк системасында көзөмөлдөөнү ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, банктарды лицензиялайт, банктардын ишин жана алардын кызматчыларынын ишин жөнгө салат. Мыйзам чыгаруучу банк көзөмөлдөө милдетин банктардын өзгөчө статусун - акча каражаттарын топтоо, анын ичинде элден да салым катары түшкөн акчаларды чогултуу жана андан кийин салымдарды өз атынан пайдаланып туруу укугуна ээ каржылык мекеме экенин эске алуу менен баса белгилеген. Себеби, так ошол банктарга гана элдин акча каражаттарын банктагы эсебине жарыя келишим механизми аркылуу депозит жана салымдар, аманаттар катары тартып чогултууга уруксат берилгендиктен, банктардын мындай статусу (абалы) алардын ишине өзгөчө көзөмөл жүргүзүүнү талап кылат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл кылуучу орган катары, бардык банктар уруксат берилген гана иштерди аткарып, ал эми аларда иштеген кызматчыларынын абийири, аброю менен бедели кынтыксыз болуп, банк иштерине зарыл атайын билимдерге ээ болушун талап кылууга акылуу, анткени аларга калктын акча каражаттары же мүлкү ишенип тапшырылган. Ошондуктан, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, банкта адам жетекчилик кызмат орундарын ээлөөгө акылуу болушу үчүн коюлган тиешелүү талаптарды аныктоо милдетин койгон. Кызмат орундарын ээлөөчү адамдарды кабыл алууну макулдашуунун сөзсүздүгү жетекчилик кызматтарга ишенимге ээ болгон адамдардын гана өтүшүн көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына камсыздап турат. Эгерде бул адамдар мыйзамдуулуктун чегинен сырткары иштерге барса, банкты банктык тажрыйбада туура эмес же зыяндуу деп эсептелген иштерге катыштырышат жана ошону менен ишенимин жоготушат, анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аларды мыйзамда аныкталган шарттарга ылайык башка кызматчыларга алмаштырууга акылуу. "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө" Мыйзамдагы эмгектин эркиндигине коюлган чектөөлөрдүн маанисин кароодо Конституциялык палата алардагы зарыл маселе улуттук коопсуздукту коргоо деп эсептейт, анткени финансылык коопсуздук анын бир бөлүгү гана. Финансылык коопсуздук дегенде финансы-банк тармактарынын мамлекет алардын иштерине белгилүү бир чектерде мамлекеттик бийлик мекемелери менен рыноктук институттар иштегидей экономикалык шарттардын болушуна кепилдик кыла алган абалын түшүнүш керек. Өлкөнүн финансылык коопсуздугунун маанилүү түзүүчүсү болуп, эң алды менен аманатчылардын кызыкчылыгын коргоону камсыздоого жана ошондой эле финансы-банк системасына болгон ишенимди жоготпой турууга багытталган банк тармактарынын туруктуулугуна таасирдүү көзөмөл жүргүзүү эсептелет. Банктык көзөмөлдөөнүн таасирдүүлүгүнөн банктар менен банк системасынын финансылык коопсуздугу эле эмес, улуттук коопсуздук дагы көз каранды болот. Финансылык коопсуздукка коркунуч туудурбоо максатында, мыйзам чыгаруучу коммерциялык банктардагы белгилүү бир кызматтарга кабыл алына турган талапкерлерге коюлган талаптарды жогорулаткан жана ошол талаптардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын милдеттендирген. "Банктар жана кээ бир финансы-кредиттик мекемелерге колдонулчу чаралар жөнүндө" Жобонун 6.9.3 жана 6.9.4-пунктчалары "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө" Мыйзамдын 45-1-беренесинин 1-, 2-, 7-бөлүктөрүндө каралган. Демек, ушуга жараша, банктагы кээ бир же бардык кызмат орундарын ээлеген адамдарды алмаштыруу жана аларга банктын андан аркы иштерине катышууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгү мыйзам тарабынан каралган. "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын Жобосунун 16.1-пунктунун коммерциялык банктардын кызмат орундарына алына турган талапкерлерди макулдашуу иретин аныктоочу 5-б) бөлүгүнүн талаптары "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын Мыйзамынын 25-1-беренесинде каралган. Ошону менен бирге, Жобонун талаш-тартышты пайда кылган пункту жогоруда айтылган мыйзам тарабынан аныкталган чектеринин маанисин тактап жана ачып берип, ал чектерден ашкан жок. Мындай шарттарда Конституциялык палата кайрылган тараптын "Банктар жана кээ бир финансы-кредиттик мекемелерге колдонулчу чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын жобосунун 6.9.3 жана 6.9.4-пунктчалары менен "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Жобонун 16.1-пунктунун 5 б) бөлүгүн Конституцияга туура келбейт деп моюнга алуу тууралуу коюлган талабын мыйзамга негизделген эмес деп эсептейт. Жогоруда баяндалгандын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42-, 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата, ЧЕЧТИ:
1. Төмөнкү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен кабыл алынган жобонун 6.9.3 жана 6.9.4-пунктчалары жана "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/7 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен кабыл алынган жобонун 16.1-пунктунун 5 б) пунктчасы Кыргыз Республикасынын Конституциясына таандык.
2. Конституциялык палатанын чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Таштемир уулу Эркиндин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 2…Сот практикасы · Решение · 19.02.2021 · № 04-р
Цитата келтиргендер (3)
- Таштемир уулу Эркиндин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 2…Решение · 19.02.2021 · № 04-р
- Положение о мерах воздействия, применяемых к банкам и некоторым другим финансово-кредитным учреждениям, лицензируемым Национальным банком Кыргызской Республики (утверждено…Положение · 19.05.2005 · № 16/2 · Күчүн жоготкон
- Положение о лицензировании деятельности банков (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от 2 марта 2006 года № 5/7)Положение · 02.03.2006 · № 5/7 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (10)
- "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген)Положение · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-1-(НПА)
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года №1406-XII "О присоединении Кыргызской Республики к международным договорам по правам человека"Постановление · 12.01.1994 · № 1406
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Нацбанка КР от 2 марта 2006 года № 5/7 "Об утверждении Положения о лицензировании деятельности банков"Постановление · 02.03.2006 · № 5/7 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Национального банка от 19 мая 2005 года №16/2 "Об утверждении Положения "О мерах воздействия, применяемых к банкам и некоторым другим финансово-кредитным…Постановление · 19.05.2005 · № 16/2 · Күчүн жоготкон
- Положение о мерах воздействия, применяемых к банкам и некоторым другим финансово-кредитным учреждениям, лицензируемым Национальным банком Кыргызской Республики (утверждено…Положение · 19.05.2005 · № 16/2 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Положение о лицензировании деятельности банков (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от 2 марта 2006 года № 5/7)Положение · 02.03.2006 · № 5/7 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.11.2016 · № 189
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон